О’ШАКИР: ТӨКМӨЛӨР ТӨРГӨ ТАТЫЙБЫ?

  • 04.10.2023
  • 1711

ТӨКМӨЛӨР ТӨРГӨ ТАТЫЙБЫ?

Карап турсаң төкмөлөрүн “Айтыштын”,

Катып тилдер, кейпин кийген байкуштун.

Айланбастан бүжүрөйгөн пендеге,

Акыйкатты ырдап чыгар жерделе.

Жер тагдыры үчүн жалгыз жайкалбай,

Көкжал Болот Назар төктү тайманбай.

Чечилерде Кемпир-Абад тагдыры,

Чеченденип бирөө комуз чалдыбы?

Жер тагдыры кыл учунда турганда,

Бет чыдады кантип көздү жумганга?

Акындары тайып турса наркынан,

Акыйкатты кайдан издейт калкыңар?

“Айтыш” фонду кошоматчы уюмбу,

Акүй жактан күткөн сөөк, жугунду?

Бийликтин да бийик учуп өрдөгү,

Кокус кетсе пансионат Көлдөгү –

Анда дагы буулбай кызыл тилиңер,

Айбаты курч ырдап чыкчу кимиңер?

Ысык-Көлдө чабак уруп чөмүнүп,

Ысык кумга эс алсаңар көмүнүп:

Уялбастан арсыз мурдуң барбайып,

Кантип жатар экенсиңер дардайып?

Заман келсе тилдер тишке катылган,

Не силерден күтсө болот акындар?

Ашыралы, Тууганбайдан көрөңгү,

Ашпай калган өнөр дагы өнөрбү?

Элмирбектей ээрчип жүрүп залкарды,

Сугундуңар экен кантип талканды?

Какшансаңар калк жүрөгү тилинер,

Катты кантип буудай курган тилиңер?

О’Шакирге   не болот деп соттогу,

О акындар келбесе да топ-тобу:

Абийри бар бир Азамат Болгонбай,

Келди жалгыз коркпой-үркпөй, толгонбой.

Анын башын эч ким жулуп алган жок,

Айта берсе акындарды – арман көп...

Кептин баары Шерниязов Садыкта

Ал кызматта. А калганы анык да.

Кал кызматта. А калганы анык да!..

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз