О’ШАКИР: ДУБАЛ МЕНЕН КИШИ (пьеса)

  • 07.10.2023
  • 1420

О’ШАКИР: ДУБАЛ МЕНЕН КИШИ

         (пьеса)

Киши: Эх, дубалдар... Силерде тил гана жок. Тилиңер болгондобу, эмнени гана айтмаксыңар.

Дубал: жок, бизде кулак бар.

Киши: Билем, кулагыңар барын. Атайы кызматтын дубалдарында кулак бар: ар кимди тыңшаган.

Дубал: Бизде кулак эле эмес, башкасы да бар.

Киши: Жучокпу?

Дубал: Жучоктор дубалдарга коюлбайт. Башка кычыктарга, керебеттердин алдына, матрастардын ичине, тумбочканын кырларына, муздаткычтын артындагы көңдөйчөлөргө коюлат.

Киши: А мен издеп таппадым.

Дубал: Жаныңда жаткан жигиттин керебетин карадыңбы?

Киши: Карап чыкканбыз баарын.

Дубал: Чала карабадың бекен?

Киши: Мүмкүн.

Дубал: Адамдар ишти дайыма чала кыласыңар. Сенде да чалалык бар.

Киши: Моюнга алам. Азыр сен айтсаң, ойлонуп баштадым. Камерадагы ар бир буюмдун кычыктарын тинтип чыгышым керек экен.

Дубал: Жаныңдагы жигиттен да сак бол.

Киши: Аны мен келгенимде эле ойлонуп койгомун. Босогону аттаганда шектүү көрүнгөн... Себеби атайы кызматтын иши ошол.

Дубал: Куулугуң башыңан ашкан митайым көрүнөсүң?..

Киши: Антпеске аргам жок. НКВД, КГБнын өз бакан ооздору болгон. УКМКнын да өз баканооздору, шалпаң кулактары мага окшогондордун оозун тыңшаарын билем. Буга чейин телефонумду да тыңшап келишкен.

Дубал: Изиңе түшкөн оперлер да болгондур?..

Киши: Билем. Алар үйүмө чейин келип, сыртымдан акмалап жүрүштү акыркы эки жылда.

Дубал: Ошентет алар. Сен эмес кумурсканын да дабышын тыңшашат.

Киши: Бул органды түп орду менен жоймоюн ошол.

Дубал: Бирок өлкө коопсуздугу үчүн бул орган да керек.

Киши: Керектигин билем. Бирок ал милдет өлкөнүн жалпы коопсуздугуна иштеши керек. Өлкөнүн сырткы коопсуздугу менен чегара коопсуздугу көңүл чордонунда болушу керек булардын.

Дубал: Сен бул жактын жертөлөсүндө болдуңбу?

Киши: Болдум. Биринчи күнү алып келишкенде мен ошол жертөлөдө жалгыз түнөдүм.

Дубал: Кандай экен?

Киши: Дубалдарынан адамдардын муңу, ыйы угулгансыды таң атканча. Камерада миңдеген адамдар шыкалып жаткансып, онтогон үндөр, Кудайга жалынган үндөр угулду.

Дубал: Мамлекет коопсуздугу үчүн абактар, түрмөлөр, колониялар да керек.

Киши: Келжиребе эй! Сен да таш боор болуп бүткөн дубал окшойсуң, наадан.

Дубал: Мен эмес наадан. Адамдар өзүңөр наадан болгон үчүн өз колуңар менен жасагансыңар баарын. Мени да адамдар өз колдору менен тургузган.

Киши: Мунуң акыйкат кеп. Талашпайм.

Дубал: Мамлекет коопсузду бекем болуш үчүн курулат түрмөлөр.

Киши: жок. Жаңыласың. Мамлекет элди коркутуп, баш ийдирип, өзүнө кызмат кылдыруу үчүн түрмөлөрдү курат.

Дубал: Антпесе мамлекеттин ыйыктыгы сакталбайт.

Киши: Мамлекетти ыйык түшүнүккө айланткан болбойт. Өлкө гана ыйык болууга тийиш.

Дубал: Анда мамлекеттин мамлекеттиги кайсы? Мамлекет элди бакубат, тынч жашоо менен камсыздаш үчүн түрмөлөр керек.

Киши: Туура эмес дейм. Эл өзүнө-өзү бакубат жашоо курарын кытайдын улуу ойчулу Конфуций айткан эбак.

Дубал: Эмне деп айтты эле ал?

Киши: Мамлекет өз элинин бакубат, бактылуу жашоосун эки гана тартип менен камсыздайт деген.

Дубал: Кайсылар?

Киши: Мамлкеттин ички жана тышкы коопсуздугу тартипке салынган өлкөдө ар дайым туруктуулук орноп, кубаттуулугу артат деген.

Дубал: Эми ошол коопсуздукту камсыздаган кайсы эки тартип бар?

Киши: Биринчиси, өлкөнүн тышкы коопсуздугун  камсыздоо зарыл. Демек ал, бүгүнкү биздин тил менен айтканда, УКМКнын башкы милдети деген сөз. Чегаралардын бекемдигин, ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөө. Экинчиси, мамлекеттин ички коопсуздугун камсыздаган тартип. Албетте бул, милийсалардын ички коопсуздугун, тартибин гана жөнгө салышы керек.

Дубал: Мунуң бир жомок да...

Киши: Ооба, жомок. Жомоктогудан да жакшы жашоо бул. Мамлекет ушул эки тартипти гана орнотуп, ошол кепилдикти коргоп бере алса, эл жомоктогудай жашоону өзү курат деген Конфуций!

Дубал: Конфуцийди окуган эмесмин. Окугум да жок. Менин милдетим – тыңшоо.

Киши: Сен эмес эл башкаргандар китеп окубагандар. Алар да сага окшоп муздак дубалга айланган сөлөкөттөр. Эгер алар Конфуцийди окушканда, мамлекетибиз эбак гуманизм жолунда башкарылмак.

Дубал: Сен айткан гуманизмди орнотуу үчүн эл эмне кылыш керек?

Киши: Эл өзү мамлекеттин, бийликтин ээси экенин билиши керек. Ошондо гана эркин, гумандуу мамлекет түптөлөт.

Дубал: Гуманизм орноткон Батыш мамлекеттериби? Билебиз. Аларда качан болсо демонстрация, митингдер токтобойт.

Киши: Кеп ошондо! Батышта бийлик ээси – эл. Алар мамлекеттик адилетсиздикке каршы демонстрацияларга чыгып, өз ойлорун ачык айта алат. Мамлекеттин саясатын эл өзү көзөмөлдөп, өзү жайгарган укукка ээ. Алардын түрмөлөрүндө кылмышкерлер гана камалат. Алардын түрмөдөгү дубалдарында сеникиндей кулак жок.

Дубал: Биздин элге анын кереги жок.

Киши: Ооба, азырынча... Бийликке кул, малай болуп көнгөн – үн катпайт. Тынч, баш ийип берген жашоону сүйөт.

Дубал: Дал ошо тынч жашаганы жакшы.

Киши: Элди тынчытып жашоо үчүн бийликтин сүрү – түрмөлөр. Тынч жашабасаң камап коём деген коркунучту жаратуу. Сендей муздак дубалдар тургузулганы ошол.

Дубал:Түрмө дубалдары бизде эле тургузулган эмес. Сен мактаган Батыш өлкөлөрүндө түрмөлөр жок дейсиңби? Атамзамандан бери бар.

Киши: Ооба, бирок аларда гуманисттер көп үчүн Батышта адам укугу, эркиндиги коргоого алынат. Ал тургай түрмөлөрдө да.

Дубал: Алардын түрмөлөрүндө да кыйноолор болуп келген нечен.

Киши: Билем. Жан Поль Сартрдын “Дубал” аттуу чыгармасында аларда да түрмөдөгү аёосуз кыйноолор болуп келгени туюнтулган. Аны Мээрим Сайдилканга кыргызча котортконмун. Эл аны “РухЭштен” таап окуса болот.

Дубал: Сен бул жакка эмне үчүн келдиң эле?

Киши: Сени менен сүйлөшүүгө. “Миң уккандан бир көргөн артык” деп, мен да түрмөдөгү кандай кыйноолор болорун өз жонтеримден сезүү үчүн бийликти тынымсыз айыптап, аларды акыры мени камоого аргасыз кылдым.

Дубал: Ха-ха-ха!

Киши: Күлбө сен, арсыз дубал.

Дубал: Сен акылыңдан ажыраган үчүн келгенсиң  бул жакка.

Киши: Жок! Мен бул жакка өлкөнүн келечеги үчүн келдим!

Дубал: Ха-ха-ха! Күлкүнү келтирбечи.

Киши: Күлө бер мага. Эркиндикте жүргөндөр да күлүшсүн. Көбү күлөт мага. Алар мени табалап жатышканын да билем.

Дубал: Аны ким айтты сага?

Киши: Аны мага эч ким айтпаса да билем.

Дубал: Кайдан билесиң?

Киши: Анткени мен массанын психологиясы жөнүндө илимий китепти окуган кишимин.

Дубал: Ал китептин аталышы кандай?

Киши: Аны эч айтпайм! Сага да, адамдарга да айтпайм!

Дубал: Эмнеге?

Киши: Ал китепти окуган киши бийликке келип калар болсо, массаны кулга, маңкуртка айлантат. Массанын психологиясын билип алгандын өзү – деспоттор үчүн эң коркунучтуу курал.

Ортодо пауза.

Дубал: Эмнеге үндөбөй калдың?

Киши: Уктайын эми.

Дубал: Мени менен сүйлөшкөнү келдим дегениң кайсы?

Киши: Сени менен далай сүйлөшөм дагы. Мен бул жактан чыкканча сен экөөбүз көп мерте сүйлөшөбүз!

                                                        20.09.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз