АБАКТАН КАТ: ТЕҢШЕРИГИМЕ

  • 06.10.2023
  • 1412

О’ШАКИР

ТЕҢШЕРИГИМЕ

Назым, жароокерим, сарамжалым, акылманым, асыл жарым, сабырдуум, жантуйгум, жаншеригим, ишенимим, досум!

Кандайсың, жан биргем? Менден камсанаа болбо эч. Мен чоң күрөшкө аттанган кишимин! Ошон үчүн кайышпайм, майышпайм... Бул сөздөр мүмкүн мааниси жок туюлар бүгүн. Жок, ар биринин мааниси бар. Максаты бар. Менин ар бир кадамым аң-сезимден, жүрөктүн толтосунан чыккан үчүн күч-кубатым, кайратым бек. Сен мага бул күндөрү чоң таяныч, урагыс сепил, солк этпес тоосуң.

Үй-бүлөмдүн алтын казыгы сенсиң, очогу сенсиң! Менин үй- бүлөм  бул сыноого бекем турарына терең ишенимдемин. Эгерде менде бул ишеним болбогондо, мен да башка  пенделердей  эле артыма кылчактап турмакмын. Сен да, балдарым да бул сыноону майышпай көтөрөрүнө бөркүмдөй ишенем. Себеби, ар бириңдин адамдык, инсандык сапатыңар эбак бышып жетилген. Андыктан баарына туруштук берүүгө ар бирибиздин кудуретибиз бар. Бул күндөрү бизге санаалаш досторго, тилектештерге, пикирлештерге менден терең алкыш жеткирер сенсиң.

“РухЭштин” окурмандарына да менден дубай салам жолдо. Сайттын агартуучулук ишин токтотпой келаткан калемдеш досторума терең ыраазычылык менден! Туруктуу авторлору менен, туруктуу окурмандарына алкыш!

1-октябрь – “РухЭш” сайтынын туулган күнү экенин эстен чыгарбайлы. 8 жыл мурда коом агартуу багытын көздөгөн сен экөөбүздүн аракет текке кетпегенин сезип атасың. Көрсө, сен экөөбүз чоң аянтча түзүп, коюппуз өзүбүз сезбеген. Мага абак жайда камалып отурган окурмандарыбыз да салам жолдоп, алар да “РухЭштин” коомдогу ордун баалаганын угуп, мен да териме сыйбай кубандым!

Башында сени, балдарымды кыйноого салган ишим элдин сүймөнчүгүнө айланганын эркиндикте жүргөндөгүгө караганда бул жактан туйдум. Сайтыбыздын дайымкы өнөктөштөрүнүн  колдоосу бул күндөрү сен экөөбүздү жалгыз таштаган жок. Улам жаңы долбоорубузду ишке ашырууга көмөк кылар достор табылды. Алардын бири Айбек Сарыгул досум демилгесин да, демөөрчүлүгүн да өз мойнуна алып, “Куйма кулак” долбоорубуздун ишин алга жылдырып атканына терең алкыш!

Айкут Конушбай экөөнүн бул иши улуттук адабиятыбыздын чоң казынасы, чоң мурасы болот буюрса. Тексттерди Адилет Бакытбек уулу менен Роза Рысбекке окуткула! Кыргыз адабияты менен гана чектелбей, дүйнө адабиятынын тунук берметтерин түп нускадан которгон “Нуска” тобундагы досторубуз эми мен абакта жатсам да “РухЭш” агартуу аянтчасынын окурмандарын кубанта беришсин!

Эгер сот адилеттиги менен бошонуп калар болсом, буюрса 12- декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүн белгилеп, “Куйма кулактын” бет ачарына катышып калармын. Кокус боштондукка чыгарышпаса, ал да мага трагедия эмес. Кылбаганды кыла берем бул жакта. Командабыздагы агартуучулардын уюштуруучулук жөндөмү жетет. Ушунун баарын эске алып, ишти улай бергиле! Окурмандар журтуна да кулак кагыш кыла бергиле алдын ала! Болбосо 12-декабрда өтөр “Куйма кулак” долбоорунун бет ачар аземинде залда өзүңөр эле соксоюп отуруп калбагыла...

Мен жинди го бир жумуртка тууп коюп, бүтүндөй бир планетаны тууп койгон тооктон бетер какылыктап, калкка катуу жар салат элем. Эми сен какылыктап тур тоокко окшоп. Бошонуп баргандан кийин өзүм какылыктайм. Жинди деген жинди да!

03.10.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз