О'ШАКИР: МЕН АБАККА КЕЧ КЕЛДИМ

  • 11.10.2023
  • 1150

МЕН АБАККА КЕЧ КЕЛДИМ

1. Ооба, ошондой... Бала кезди эскердим.

    Чындыгында мен абакка кеч келдим.

2. Совет доордун рамкасына сыйбаган,

     Эмне гана калганы жок тыйбаган...

3. Ичип көрдүм шампан менен, винону

    Балдар үчүн тыйуу салган кинону

4. Сүрөттөрчү. Жыпжылаңач порнолор...

    Көрөр элек өткөрүшүп колмо-кол.

5. Китептерди таап окуп жашыруун,

   Каратэден көрсөтпөстөн машыгуум...

6. Муштумдарды дубалдарга койгулап,

    Машыкчубуз кол, буттарды чойгулап.

7. Көп какшатып апам менен атамды,

    Көгөргөн мен оңдободум катамды.

8. Агаларым урду, сокту... Жададым...

    Кол көтөрүп, мен да аларды сабадым.

9. Атам чачкан болсо дагы эрендик,

     Эмес дедим: атаңды тарт дегендик.

10. Келечекте турду ача – кош жолум:

        Келген эмес өз атама окшогум...

11.  Өжөрлөнүп өзүмдүкүн бербеген,

       Өз ысымым тапкым келди “МЕН” деген!

12. Башым чыкпай бала күндөр мушташтан,

       Уй өлтүрдүм. Доо – арыз жаап туш жактан.

13. Абак жайга кетер болду чуу жаным...

      Атам байкуш алып калды куурагыр.

14. Ызырынып мугалимдер сабарда,

      Мен да калбай кол көтөрдүм аларга.

15. Абак жайда о кеч келип олтурган,

       Мен планды бала кезде толтургам!

 

   

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз