Акын Азамат Омош: ОЛЖОБАЙ ШАКИРГЕ ҮЧҮНЧҮ КАТ

  • 21.01.2024
  • 1016

Салам, ага!

Бекемби ден соолугуң ?

Сезип турам турмуш кандай түрмөдө.

Кыш Бишкекте жасап жаздын жоругун,

Жылуу дешет Кыргызстанда күн дале.

 

"Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону,

Жакшы", - деген чыгар мүмкүн эл билип.

Жазда жамгыр көз ачырбай, оңбогур,

Коркуп турам кетпесе деп сел жүрүп.

 

Баягыдай эле биздин жай турмуш,

"Байдын ашын байкуш аяйт"... жабырын...

Баса, бир сөз,.. бир сөз ошол айтылгыс,

Бүтүп барат окшойт көптүн сабыры.

 

Башка эмне ?..

Башка жоктой жаңылык,

Баары ошол бойдон турат сыртынан.

Бир калыпта жашоо өткөндөй агылып,

Жаткан менен келаткандай бир кыян.

 

Ошол кыян,.. жакшысы жок кыяндын,

Канча жандар селге агып кан жуткан.

Кимге жаксын бузулганы уяңдын,

Алмустактан хандын башын хан жуткан.

 

Бизде ушундай,.. мактубумдун соңу бул,

Бардам болуң, башка түшсө, көз көрөт.

Бир күн келет, биздин барчу жолубуз,

Биз эңсеген кыялдардай өзгөрөт...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз