Акын Азамат Омош: ОЛЖОБАЙ ШАКИРГЕ ЭКИНЧИ КАТ

  • 18.01.2024
  • 949

Күзгү жамгыр жаап жатат себелеп,

Күндөн күнгө суук өкүмүн билдирет.

Басам ойлуу, жалбыракты тебелеп,

Бир ай мурда бутакта эле дирилдеп.

 

Анда ушул жалбырактын жанында,

Балким булбул сайрагандыр тил безеп.

Дарак жаңы барик байлайт жазында,

Булбул ырын ырдайт кайра, ким билет,..

 

...андагыдай Күн чубактап чыгыштан,

Күн батышка батып жатат күүгүмдө.

Баса калып кокус бирөө жылмышса,

Баягыдай өтүп жатат бул дүйнө.

 

Бирде өйдө, бирде ылдый дүйнөдө,

Башкача ой жүгүртмөк да азап чын.

Мекен майлуу жилик дешип жүргөндөр,

Курч бычагы эт шылыган касаптын.

 

Кызык үчүн турмуш кыйла чуркапмын,

Кызык болбой Кыргызстандын тагдыры.

...ишке шашам кайгысынан курсактын,

Ичиркентет күздүн муздак жамгыры.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз