"Горы плывут по воде"
Сон Чол Сыним, корей буддисттеринин патриархы.
(Экс-Генпрокурор,коом агартуудагы тилектешим Аида Саляновага арнайм)
"Тоолор тоо,суулар суу"дедиң,
асыл ой кандай туюнсак,
ак калпак элге бул кебиң.
Суулары мөңкүп туптунук,
суу ичкен элден а менин
супсунум сууду. Буктугуп...
Жери-чөл. Сууга жетпеген
сансыз эл канча дүйнөдө:
не азап гана чекпеген?..
Болсо да жери саз-мекен,
өмүрү шар суу көрбөгөн,
өнүккөн элдер аз бекен?..
Булактын көзүн көрбөгөн
жанкечти канча улут бар,
жашоосун мыкты жөндөгөн.
А бизчи? Элбиз куруган:
агын суу жетпей аңызга
дыйкандар ыйлап - улуган!
Сугат суу бурбай дайрадан,
сурамчы элбиз, тилемчи -
карызга батып сайраган!
Тизгиндеп түркүн дайраны
ГЭС курган болсок тээ качан,
көрмөкпүз канча пайданы!
Ысырап суулар талаада,
ысыкта гүлдөр, бак - шактар
соолууда канча калаада!
Дайра көп ашып-ташыган,
дайынсыз аккан сай-сайда
кыргыздай кудум башы маң!
Тоо суусун ичип туйлаган -
Тоо мүнөз болор жерде элек,
Тоолук көп муну туйбаган.
Тоо мүнөз күтпөй пас болдук,
Томук сөөк баштар ойлонбос
Майда кум, майда таш болдук.
Тоолордон алчу кубатты -
ичи кир,баткак эл болдук
ичсек да тунук булакты...
Апапак кайран мөңгүлөр,
аттиң-ай, аттиң ак калпак
аңкоо бир элди көрдүңөр!
Тоолор да, суулар-арманым..
Тоолук эл жетпей баркыңа -
арманым толо дайрамын...
Суусу мол элим эсирди,
суулары соолуп көз жаштай,
салбасын башка кесирди!
"Тоолор тоо, суулар суу" дедиң,
"Тоо калкыйт суунун бетинде".
О Сон Чол, улуу бул кебиң...
09.02.24
1- Сон Чол Сынимдин дзэн концепциясынан.