О'Шакир: Чычаламай жок

  • 16.02.2024
  • 960

(Таланттуу элеттик акын Шабдан Сулаймановго арнайм)

Ак калпак кийген киши көп,

А бирок аттиң, башы жок.

Кыргыздын кылар иши деп

Айталбайм желкем кашылап.

 

Калпактын күнүн белгилеп,

Калк болдук кандай мактанган.

Башыбыз көңдөй кеңгиреп,

Паспортто КЫРГЫЗ катталган.

 

Затыбыз кыргыз болсочу,

Зак кеткен кандай улутпуз?..

Бөксөбүз наркка толсочу,

Бөлүнбөйт элек: куруп биз.

 

Арттабыз илим – билимден,

Аңдабас жакшы, жаманды.

Кааданы издеп кийимден –

Калпактын алды караңгы!

 

“Илимпоз” толо кокуйбай,

Интеллект – өзүн мактанган...

Казылбай чети, окулбай

Казына жатат сакталган.

 

Тааныбас элбиз өздүгүн,

Тазбаймат баары – билерман.

“Манастын” ачпас сөздүгүн,

Манаска баары күйөрман.

 

Маңкуртпуз... туйбай жүрөбүз,

Мактанчак мүнөз, оомабыз.

Мекенге жалган күйөбүз,

Менсинген элбиз ооба, биз!

 

...арттабыз илим –билимден,

Аңдабас жакшы, жаманды.

Кааданы издеп кийимден –

Калпактын алды караңгы!

                            17.01.24

Бул ырга мүмкүн чычалар көбү. Турган иш ал. Кур намысчыл жармач кыргыз көп эмеспи. Ал эми элеттик акын Шабдан Сулаймановго арнаганымдын жөнү мында: борбор калаада чычайган акындар толо. Китеби чыкса чыйт түкүрүп, бой көтөрүп жүрүшөт. А элетте жаткан орошон таланттардын бири Шабдан Сулаймановду таназар албай келебиз. Ыр китеби чыкты бекен, жокпу – колума алып көрөлекмин. Бирок фейсбукта жарыялаган Шабдандын көркөм поэзиясын окуганда, көөдөнүң толо түшөт. Кусалыкка толгон акындык дараметине үшкүрүнөсүң...

Нукура талант, жөнөкөйлүк, элеттик илепти туясың. Поэзиясынан тышкары да Шабдандын жарандык позициясы мага дем-күч берет кээде. Адабий журтчулукта жүргөндүн көбү бурчтан шыкаалап, саксынып көнүшкөн коомдогу түрдүү процесстерге. Буга келгенде элеттик акын Шабдан ар дайым сергек. Адилетчил сезимин туюнтуп, бийликтин алешемдиктерин ачык ашкерелеп, ачык жазган көкжалдыгы бар.

Дегеним, чыгармачыл коомчулукта Шабдандай бийликтен тайманбас таланттар өтө саналуу! Көп эле үзөңгүлөштөрдү көрдүм; адилетсиздикти алар деле көрүп-туюп турат, аттиң бирок алардын тили тар чөйрөдө гана күрмөөгө келет. Бийликтин каарынан жалтаңдашат. Жандары ширин. Үй-бүлөлөрүн айайт, үй-булөлүк турмушу менен коркок көбү. А эл, жер тагдыры алар үчүн коркунуч эмес, аярлуу эмес....

***

Акындардын мажүрөлүгүн буга чейин да кеп кылдык. Тек бунубуз, адабият өкүлдөрү чыйрак, чечкиндүү болсок деген тилектен улам айтылган кеп. Улуттук адабиятыбыздын кулк-мүнөзүн калыптаган Шабдандай калемдештер арбый берсин дейли...

                                               17.01.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз