О'Шакир: Досума кат

  • 17.02.2024
  • 744

Жүрөгү кнопкасыз бир үзөңгүлөшүм бар адабий сүрмө топто. Ал – акын, журналист, жарандык коомдун өкүлү Марат Токоев. Кезинде Марат, Жыргалбек Касаболотов үчөөбүз учур адабиятынын интернет порталы болсун деп “Кыргыз Маданий борборун” негиздегенбиз. Ошол күндөн бери аталган сайтыбыз өз алынча иш кылып келет. Далай акын-жазуучулардын эмгектери жүктөлгөн...

А кийин өз алдымча адабий аянтча түптөө үчүн “РухЭшти” түптөдүм. Сайттын киндигин кескен да Марат Токоев. Техникалык редактору болуп жүрдү башында, далай техникалык фокустарын үйрөттү. “РухЭш” оозго алынып калган кезде Акбар Рыскулов агабыз сурап калды. “Элдин баары сенин сайтыңды кеп кылат экен, мен да Жазуучулар союзуна (ал кезде ЖСнун төрагасы болчу Акбар байке) кантип сайт ачтырсам болот?” деп калды. Мен да жандилимден кеңешимди айтып, Марат Токоев аларга да адабий сайт ачып берген. Андан бери жарытылуу иштеткендерин да көрбөдүк. Сайтында илинген чыгармалар күлүккө чабылар атты таңаштыра аса байлап койгондой кудум. Аргымак ат ко сутка бою какайып аса байланса, ЖСнын сайтында аса байланган чыгармалар канча айлап байланып турганын көрөсүң. Анан андай сайтка кайсы окурман күнүгө башпагат десең?..

Айтор, Марат досумдун учур адабиятын колдоп-буттап көтөрүүгө жасаган аракеттери көзгө көрүнбөй калып келет...

Жарым жан адабиятыбыздын денесине кан жүгүртөр аракетин токтотпогон М.Токоевдин улуттук адабиятты өнүктүрүүгө болгон аракети азыр да токтоп калбады. Кээде адабий чакан конкурстарды уюштуруу менен алек.

Эң башкысы, адабий чөйрөдө Марат сыяктуу замандашыбыздын жарандык активдүүлугү башка калемдештерге өрнөк болуп, жүрөгүндө кнопкасы жок акын-жазуучулар арбыса дейм...

ДОСУМА КАТ

(Акын, жарандык активист Марат Токовеге арнайм)

Йе досум, жашоом дурус абактагы,

Кеңири, кенен жетер тамак жагы.

 

Аяшың ачка күнгө калтырабы...

Ал менсиз чебелектеп жан тынабы?

 

Уяда балапанга канат жайган

Куш сымал тамак ташыйт абак жайга.

 

Койбодум бу жакта да жиндиликти,

Жаратып жатам далай ийгиликти.

 

Канаттуу саптар сызып калемимден,

Калкагар тоолор учат карегимден.

 

Күн-түнү элес болуп санаадагы –

Туулган жер: таш, кум, адыр, талаалары...

 

Кусалык, бугум батпай жүрөгүмө,

“Кайтчу күн качан?” деймин түнөгүмө.

 

Сагыныч тамырдагы, жүлүндөгү –

Очоктун от, түтүнү үйүмдөгү.

 

Сагынчым – мени күткөн окурмандар,

“РухЭшти” күндө тиктеп отургандар!

 

Сагынчым – сендей достор, санаалаштар,

Мен жокто аяшыңа каралашкан.

 

Сагынчым – санаа чеккен туугандарым,

Жүздөрүн көз жаш менен жуугандарым.

 

Сагынчым – кыз-келиним, балдарымда,

Санаа-муң – Назгүлүмдө, ардагымда!

 

Сагынчым – эки балам... Оңой болбой:

Энеден эрте жетим... Чоңойгондор...

 

Санасам бүтпөс досум, сагынычтар,

Сапырып жан-тенимди алып учкан.

 

Кусалык, убайымдар сезимдеги –

Курулган сепил бийик өзүмдөгү!

 

Ал сепил – муң-зар, кайгы- касиреттен,

Ар жандын жүрөгүнө таасир эткен.

                   18.01.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз