О'Шакир: Абактан сабак

  • 18.02.2024
  • 875

(Акын, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожого арнайм)

Насип буйруп абак тузун татканды,

Насыйкаттан курар болдум дастанды.

 

Ак-караны, жакшы менен жаманды

Ажыратуу жетишинче чамамдын.

 

Каалгам дагы, терезем да темирден,

Канат кагат ойлор сыртка теминген.

 

Жанды кысып, бук кылса да абак бу,

Жалын саптар, жалын ойлор канаттуу.

 

Чалкеш болуп турган кезде заманым,

Чабыт ойлор шилтейт күлүк кадамым.

 

Келип турган кезегинде кемелим,

Кеңейтейин жандүйнөнүн тереңин.

 

Көкөйкести өтүп сыздап жан эттен,

Көз жаш сызыш керек экен каректен.

 

Күйүт тартып көөдөнүмдү өрттөгөн,

Күч, кайратка толдум кайра чөкпөгөн.

 

Жалын саптар өрттөчүдөй баракты,

Жаш төгөм да, алам улуу сабакты.

 

Каканактап көзүм жаштап олтуруп,

Касиреттин көбүн жеңдим өлтүрүп.

 

Жашаш үчүн шаңдуу, шайыр каткырып,

Жанга күйүт керек окшойт арттырып...

                                                     08.01.24

***

Акындар чөйрөсү анык кокуйлардын образдарын идеал туткан реалдуулуктун арасында өстүм. Бөтөлкөнүн түбүн шимиген, тагдырын тайкы жолго өзү салып алган, же үй-бүлөдөн чекеси жылыбай, же туруктуу турмуш туткасын карманбаган акындар көп кезигет кыргыз турмушунда. Көбү кекиртек чертип тооруганга үйрөнгөндөр. Анан калса чөнтөгүнө тыйын түшсө капкайдагы илээшкер жоро- жолдошторуна акчасын чачмайын жаны тынбас канчасын көрдүк алардын. Муну көбү акындардын жүрөгү таза, ичинде кири жок, жандүйнөсү таза болгон үчүн деп сыпатташат. Жок, мындай пикирлерге мен эч кошула албайм. Андай акынчалыштарга кемпай катары, аңкоо катары карайм. Ооба, алардын деле жакшы жазылган ырлары бар. Бирок турмушка болгон жоопкерчилик эмне,  өмүр эмне, өмүр маңызы эмнеде? Буга жооп издебеген акын акынбы?..  Өмүрдү жайдак өткөрөр  катардагы карапайым көрпендеге жарык шам берер, адамды ай жаркын ойго терметер акын жандуулар терек сузүп кулап жатканы, көчөдө темтеңдеп, турмушка урунуп-беринип күлү бир жерге додо болбой жүргөнүнө ким айыптуу?.. Коомдо, элде акынзаадалардын, дегеле жалпы адабияттын зоболосу эмнеге өспөй келатканына  - ириде акын – жазуучу атангандардын өздөрү айыптуу. Алардын көбү адабият менен чайкоочулук кылып, адабиятка жамынып жүргөн эле көрпенделер экенин батынып сөз кылбайбыз. Адабияттын мите куртуна айланган ошондойлор кыргыз коомунда отоо чөптөй арбын. Алар коомго акын деген образды турмушка жөндөмсүз мажүрө, кем акылдуу, жеңил ойлуу, качан болсо кекиртегин чертип, ар кимден арак доолап ичкен бечарадай туюнтуп көнүшкөн. Эң кокую, акындар таарынчаак кишинин образын жаратып алышкан бизде! Өзүнүн акын же жазуучу болуп калганын коомго колкоо кылып жүргөндөрү андан көп.

Дээрлик көпчүлүк акын – жазуучуларыбыздын түшүнүгүндө адабиятка камкордук көрүүгө мамлекетти милдеттүү деп эсептешет. Акыйкатка келсек, мамлекетке жүк артуунун өзү – эл эсебинен жашоону каалоо деп түшүнөм мен. Мамлекеттик казына асмандан жааган жамгырдан эмес, эл эсебинен топтолорун аңдашабы, жокпу, - ал маанилүү эмес мите курттарга.

Совет доорунда мамлекет эсебинен китептери чыгып, олчойгон калем акыга туйтунуу түшүнүгү аксакал жана орто муундагы акын – жазуучулардын эле түшүнүгүндө эмес, кенже муундагы Эгемендүү Кыргызстандын калемгерлеринин түшүнүгүндө кантип калыптанып калганы таңгалдырат. Азыркы жазуучулар союзун сагалап, союзга мүчө болууга эки көзү төрт болуп жүргөн жаш калемгерлерди көргөндө, аргасыз жакамды учтайм.

Эмнеге деген суроо туулар, ага жообум мамындай: чыгармачыл адам үчүн чөйрө күтүү чоң мааниге ээ. Чөйрөгө жараша калыптанасың, акыл чөйчөгүң толот, көрөңгөң артат. Бул маанилүү эмеспи жаштарга?.. Эң башкысы, кошоматчылык кулк – мүнөздөн  оолак болосуң. Табиятында чыгармачыл уюмдарды советтик идеология кошоматчылар коомун калыптоо үчүн түптөгөн, коммунисттик  идеологиянын мүдөсүн элге пропагандалап турсун үчүн мамлекеттик пландын эсебинде китептери казынадан каржыланып, калем акы төлөнгөн бүтүндөй система иштеген. Андан кынык алган бекерпоз акын – жазуучулар эбейгейсиз көбөйгөн. Идеологиялык пропагандага билегин түрүнүп шымалана иштегендерге мамлекеттик сыйлык – наамдар ыйгарылган. Ошон үчүн советтик доордун адабияты чындыктын тилин калыптаган эмес. Өңчөй бир беткей ойлонгон, сынчыл ой жөндөмгө ээ эмес интеллект – мутанттардын чоң армиясы, чоң күчү калыптанган. Ошол системанын түздөн – түз мураскору бойдон калган азыркы Жазуучулар союзунун коомдо кадыр-баркы өспөгөнү, көч түзөлбөй, баягыле бийликтин көзүн караган, алакан сунуп жардам суранган бул чөйрө кимге ориентир болуп бере алат анан?..

***

Улуттун бечелдиги, мажирөлүгү качан калат? Ошол улутка акылы шоола чачар адабияттын, эне тилин, философиясын, психологиясын, деги койчу, улуттун өзөгүн калыптачу алдыңкы катмардагылардын каймагы калыптанганда. Тилекке каршы, бизде ошол элге эркеч болор, элге абийир, ар – намыс болор рухий күчтөр жок үчүн уйкудагы улутпуз. Улуттук аң – сезим, аракетибизди калыптар рухий дөңсөөбүз жок элбиз али!

***

Мен улуттук адабиятыбыздын өкүлдөрүнүн образын кантип көргүм келет? Турмуштун ысык-суугуна көтөрүмдүү жаңы породадагы акын – жазуучулар пайда болсо дейм. Улуттун аң – сезим, эстутум, эс-акыл, жандүйнөсүнө гуманизм үрөнүн себер сөз дыйкандары арбын болгондо, анык улуу эл экенибизди дүйнө элдери таанымак. Улуу “Манас” эпосун жараткан улуттук көрөңгөбүз, ааламга атагы жайылган Чыңгыз Айтматовдун адабий мектеби жалпы адамзатка орток баалуулуктардын тамыр, бутагын жайган кудуретке ээ экенин даңазалай алган бийиктикке тоо бүркүтүндөй шукшурулсак дейм! А бизде бакма тооктой багууга көнгөн калемгерлердин саны канча? Анан калса уюмдашып алышканычы! Же бир ошол жазуучулар уюму улуттук мүдөөнү көздөгөн уютку боло алсачы элге! Ар кимиси жеке керт  башынан артпаган пайданын кулу болуп жүрүшпөйбү. Кайсы бийлик келбесин кол куушурган кошоматчылардын мектеби болуп калганы кейитет.

***

Учур адабиятынын өкүлү Мирлан Самыйкожого жогоруда ыр арнаган себебим, 90 – жылдардан кийинки сүрмө топ акын – жазуучулардын арасынан суурулуп чыгып, чоң саясый майданга аралашкан батылдыгына токтолгум бар. Түз жолунан тайбаса, канаты дагы жетилер, арийне, азырынча адабият өкүлү катары парламент курамындагылардын арасында жаш саясатчы болсо да, тажрыйбалуу саясый фигураларга караганда, кайсы бир саясый курч маселеге келгенде адилетсиз жагдайларга кыр көрсөтүп, эл өкүлү катары аткаруу бийлигине элдин датын жеткирер эрдиктери көзгө көрүнө калып жүрөт. Адатта, чыгармачыл адамдардын көбү мокок келет бизде, саясый темада тиш кагыша алышпайт. Буга келгенде Мирлан тирикарак мүнөзү менен саясый майданда образ жаратты. Демек, адабият, маданият өкүлдөрү саясый майданда да чыгармачылыктан башка коомдук жүктү аркалар кудуретке ээ экенин туюнтса болот экен да. Кезинде Дооронбек Садырбаев маданияттын өкүлү катары өзөктүү маселенин көбүндө зулум бийликке рухий кайраты менен катуу такаат берер көктүгү бар эле. Чыныгы элдик депутат, элдик саясатчы болуп чыга келди тез эле. Бирок ал киши саясый топтогулардын арасындагы жалгыз киши эле мамлекеттин акыйкатсыз саясатына караманча каршы тура алар. Өзүндөй инсандар аз болуп калды тегерегинде...

Учурда М.Самыйкожо да парламенттеги саналуу эл өкүлдөрүнүн бири, катарында өзүндөй кайраттуу күчтөр жука болууда. Биз мамлекеттин жерпайын түптөөдө – өлкө тагдырын саясый тар чөйрөдөгүлөрдүн колуна карматып койдук. Улуттук, мамлекеттик масштабда ой калчар рухий күчтөр саясаттан өздөрүн оолак тутуп алгандын кесепетин көрүп атабыз: коомдо чыныгы адабият, искусство приоритет болуудан калды! Себеби улуттун рухий көрөңгөсүн ташынып жүрчүлөр бийлик чөйрөсүндө өтө саналуу!

***

Сөз башында алсыз мүнөздөгү акындардын образын кеп кылганымдын жөнү да ушунда. Жеке автордук чыгармачылык менен эле чектелбей, өзүңдү акын катары көрсөтүү үчүн тагдырыңда алсыз, таарынчак, назик экениңди көрсөтпөй, тескерисинче, адабият астанасын аттаган киши бийлик төрүндө тайраңдагандар менен теңата саясат жүргүзүп, эртеңибиз эмне болоруна лирикалык чыгармаларыбызда эле кайгырбастан, турмуштук аракеттерибиз менен да реалист болсок!

Эл, жер, мекениңди сүйүү чыгарма жаратып коюу менен эле чектелбестигин түшүнсөк дейм...

                                         08.01.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз