О’Шакир: Ричард Бахты окуп...

  • 18.02.2024
  • 843

(Уулум, досум, устатым Аликке арнайм)

Уулум, мага устат болдуң, дос болдуң,

учтуң бийик Жонатандай эркиңче,

жарып чыктың сен да түрдүү тоскоолду.

 

Сен бөлүнүп  өз муунуңдан,  тобуңдан

тоскоолдукка  камалбадың элдеги,

нуска болдуң канчаларга корунган...

 

Жонатандай кенен жайып канатың,

Жонатандай өз жолуңду издедиң -

жеңдин элдин түшүнүгүн, адатын.

 

Өмүрүмдө сууду обол шаабайым:

ачтың  мага шок балалык кезиңден

адамзаттын чексиз, сырдуу ааламын.

 

Жандүйнөңдө жандүйнөңдү алмаштың...

Өлөрман жан Жонатандай өжөрүм,

өздүгүңдү эрте таанып... кармаштың...

 

‘’Эл эмне дейт?’’ – түшүнүккө курчалбай,

өз чыйрыңды табыш үчүн асмандан:

шукшурулдуң эркиндикке шумкардай.

 

Капас экен - туйдуң жашоо жердеги,

капас дедиң калкка көндүм турмушту,

канатыңды анан көккө сермедиң.

 

Көңүлүң шат көтөрүлдүң жогору,

көрөсөнүм, батыл жокко чыгардың

көрпенделер бузалбаган жобону.

 

Мерез, таш боор адамдардын шылдыңын

жеңип чыктың рух айбатың чыңалып...

түшүнүктү - эскилиги миң кылым.

 

Бала күндөн туюп сергек жүрөгүң:

мейкиндикте көрдүң чек жок экенин.

(...а бул өмүр - кумдай чууруп түгөгүр...)

 

Жетмегиң бар: сен эмнени көздөсөң,

устат мага уулсуң, доссуң, Алигим!

Бунтар мүнөз батыл жигит, өзгөчөм!

 

Сыймыгым зор - ӨЗДҮГҮҢӨ чечкиндүү!

Анык кыргыз урпагысың тайманбас,

кудай санап, кулдук урбас эч кимге.

 

Ыраазымын! Ричард Бахты окудум.

Белегиңе белек болсун чыгармам,

бул саптарды жүрөгүмдөн токудум...

15.02.24.

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз