(Жарандык активист, агартуучу Асылбек Жоодонбекке арнайм)
Асыл досум, азыр көптөр туйбаган,
Алешемдүү келип калды буй заман.
Куулук-шумдук амалы көп бийликтин,
Шылтоосу көп мыйзамдын да, буйруктун.
Эл маңыроо, оозун ачып тургандан –
Эл башчылар булганганы булганган.
Оңолмоюн ылаң бийлик түзүмү,
Элдин жаба түкүрүшөт жүзүнө.
Калктын канын кайнатышат деспоттор,
Калк каймагы саналганда эс жоктор.
Топ-топ менен камалууда жарандар,
Томоголуу бүркүт сымал караңгал!
Эмне бизде бийлик корккон адат бар:
Эл массасын дүрбөтөт деп каматкан...
Эл бийликке кылалбаса көзөмөл,
Элдин шору өз жолуна төшөлөр...
21.01.24