Күтүүсүз маанай
1-муң
Мээримиң заарга айланды.
Катыңды кантсем?.. Айрамбы?!
Денемди көргөн пендеден
дем күтүп келдим эмне мен?..
Мээримиң, заарың аралаш-
мен жалгыз белем кара баш?!
Жан-теним майда таарылды...
Жаптырмак белең жаагымды?!. 16.03.24.
2-муң
Соңку катың салып мага кайгы-муң,
мурункудан берки баарын айрыдым.
Эми менден эч кабар-кат күтпөгүн-
көңүл кирим тазаланып бүтмөйүн.
Заар сөздөрүң көкүрөктө зилдеген
мага мынча оор тиерин билбегем... 17.03.24.
3-муң
Ушунча да жан кайгы оромокпу?
Ушаланган кат мени тоголотту...
Мүңкүрөттү кат мени ушаланган...
Эмне эңсеп?.. Эмнеге кусалангам?
Ачуу сөздөр-курч миздүү кат-кат тура,
айбалтадай жаткыра чапмак тура!!!
Жаратымды таңайын. Дарылайын!
Жан ууктурган терс ойдон арылайын. 18.03.24.
Регистр: Өмүрлүк жарга
"Дайыма жакшы нерсе ойлоо керек,
аялы арестанттын" (Назым Хихмет)
Ачуу, заар сөз неге жаздың-туямын.
Жанга баары баткан үчүн бу дагын...
Зор азапты кайыл болуп тартканым-
ишенимдин баарын сага арткамын.
Сынба,жаным! Көрсөт элге өрнөгүң!
Сыноолорду менсиз, жалгыз жөндөгүн!
Билем:менсиз жаның сыздап кайыштың.
...рухий жолго биз таштаган арыш бул.
Ыйлабагын, эсте: жалгыз эмессиң,
тилектештер берет акыл-кеңешти.
Рухий күрөш жолун издеп күндө мен,
жолум таптым- ырайымсыз түрмөдөн.
Тунган азыр,мөлтүрөгөн булакмын.
Жайбы,тынчпы- абалымды сурап бил...
Жандүйнөмдү чаңдатса да башкалар,
жантуйгум бол,аяп көздөн жаш чаяр.
Бул оор күндөр башым өйдө таячу,
жалгыз сенсиң мен майышсам аячу.
Суранбагын: "Болду, жаагың жапкын! деп.
Суу жүрөктөй, дудук болуп жаткым жок.
Жанын таарып жүрсө заман акыны,
"жаагыңды жап" деген болбос катыны.
Эч унутпа,эркем, мени тыйганың-
эркиндикке кыянаттык кылганың!!!
Эң башкы бир түшүнүп ал себепти:
элге дагы, бийликке да керекмин.
Жаншеригим, жароокерим,унутпа!
Жар- түгөйлөр көп акынды куруткан!
Кошоматчы, дудук кылган эрлерин!
Корстон болуп чалар сурнай, кернейин.
"Куйма-кулак","РухЭш" ишин токтотпо!
Окурманга О'Шакирди жоктотпо!
Курмандыксыз эч улуу иш бүтпөгөн.
Курмандыктар- рух айбатты күчтөгөн.
Жароокерим, билем жаның кыйналат.
Зор күч,кайрат дал ошентип жыйналат.
Кара жанын ар бир пенде багалат.
Экөөбүздүн мурас- рухий аманат.
Оңой эмес коом агартуу көздөгөн.
...эл да сөздөн ишке өтөр кез келер.
О ошондо бул көз жаштын баарысы
оор болсо да- өткөөл доордун тарыхы.
Жыгылсам да тоскоолдукка жолугуп,
турам өйдө. Жолум улайм. Жол- улук.
Унутпагын, мен баш ийбейм тыйууга!
Тирүү жанды барбайм антип кыйууга!
Тирүүлүк бул,тирүүлүк бул,тирүүлүк!
Коом агартам, билегимди түрүнүп.
Катарыма башкаларды чакырам!
Калк караңгы-кыйын үчүн акыбал!
Эч унутпа, өзгөрүүгө себепмин!
Элге дагы,бийликке да керекмин!
Майыштырар коркунуч жок жолумда,
сынар тагдыр сенин гана колуңда...
Сен экөөбүз айлансак кош канатка-
мен жиндини Кудай албайт абакта! 18.03.24.