О'Шакир: Устатым Эмил Үмөткө

  • 22.03.2024
  • 472

Боштондукта көп адамдар адатта

колдон келбейт чоң ийгилик жараткан.

Алп ойлорду аргымактай тизгиндеп,

а мен жеттим ийгиликке абактан!

 

Эркиндиктин жетпей асыл баркына,

эмгек анча өтөбөпмүн калкыма.

Тентек жаным жаратманга айланды

темир тордун камалган соң артына.

 

Зор турмушка анча терең сүзбөдүм,

азгырыктан колум, жолум үзбөдүм.

Азоо жаным агымдарга калкыбай,

абак жайдан нак өзүмдү издедим...

 

Азаттыкта жүргөнүмдө билбепмин,

далайларды түркөй санап тилдепмин.

Жаңылуулар өзүмдө да көп экен-

жандүйнөмө анча терең кирбепмин.

 

Устат мени тыйса болбой...Дайрадай

ташкындадым. Аккым келбей жайма-жай:

тоо суусундай оюн салып мөнкүдүм:

(...тыным билбей,жандүйнөмдө кайнагам).

 

Турмушумда келиптирмин ташкындап,

дарыяда аңтарылган таш, кум көп...

Азыр тунук платина суусундай

тыным алдым. Абак жайда шаштым жок.

 

Туш-тушунан суу кошулуп дайыма,

тынбай агып окторулган дарыя-

кандай көпкөк тереңдикти жаратат-

камалган соң платина жайына...

 

Буркан-шаркан тыным билбес дайрадай

бук жандүйнөм...(Арашандай кайнаган).

Жаным жай таап,тунган сымал токтолуп:

жараткансыйм мен өзүмдү кайрадан... 11.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз