О'Шакир: Жаштык оодасы

  • 31.03.2024
  • 872

(Жарандык коомдун өкүлү, коомдук ишмер Булут Имар уулуна арнайм)

Союз тарап: бүгүн жок, кечээ көргөн,

тиришумдук кезикчү көчөлөрдөн.

 

Эл дүрбөгөн замана кыстаганда,

башаламан шаарыбыз кыштак анда.

 

Жайма базар каптаган шаарыбызды,

жакырчылык жакалап баарыбызды.

 

Ал өткөн доор алмашып адеп,уят...

Арзан болчу, ит бекер адабият.

 

Китеп саткан базардан калбайт элем,

бош убактым китепке арнайт элем.

 

Коммунистер окутпай тыйып келген,

канча тарых тамырын кыйып келген...

 

Тыйуу салган китептер табылганда-

сүйүнчүмүн чындыкка кабылганда.

 

Калк чочулап, калк башын ийип келген,

калп тарыхты жок кылып,чийип көнгөм.

 

Комсомолдук ишеним,сезимдерди

кош деп айтар ошондо кезим келди.

 

Көп суроолор жаралган күмөнсүнгөн,

көктөп жаңы тамырлар үрөн сымал.

 

Букинистен раритет издечүмүн,

кыйшыгымды китептен түздөчүмүн.

 

Өз тобумда келишпей көз караштар,

өзөгүмдү өрттөгөн көп талаштар.

 

Талашыбыз Азамат Алтай эле,

тарыхыбыз о анда тай-тай эле.

 

Душман санап көптөрү Азаматты,

ду-ду кептер көп эле жаманатты.

 

Эңсеп келген улуттун азаттыгын

АКШда өткөргөн азап күнүн...

 

...мекендештин тарыхын билбегендер

мени туш-туш өтүшчү тилдегенге.

 

Пикир үчүн далили бекем деген

сезим жеңип достуктан кечем деген...

 

Кызыл чеке талашка жетер элек,

кызаңдашып урушуп кетер элек.

 

Арта берип тымызын кастыгыбыз,

көбү менен үзүлдү достугубуз.

 

Кабылганда баалуулук талашына,

жаштык дымак жол тосту жарашууга.

 

Жалпы баарын китептен билгенсиген

жаш,курч элем текебер,менменсинген.

 

Биз ошентип ак-кара тааныганбыз,

тааным үчүн жан-дилди таарыганбыз...

                                    О'Шакирдин ( "Жаштык түрмөктөр" аттуу поэмасынан үзүндү) 27.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз