Бул поэманы мыкты котормочу, кесипкөй адис Салия Ибраимовага арнайм.
Ноябрь.Кеч күз болучу.
Бозтери. Аппак тоо учу.
Улуттук майрам : ат оюн,
кыз куумай жигит тооручу.
Салбуурун салып мүнүшкөр,
карышкыр, бүркүт урушкан.
Жаңырып " Манас жомогу,
төкмөлөр айтыш курушкан.
Оболоп шаң - күү асманда,
айтылып элдик дастандар...
Элмирбек, Рысбай, Азамат,
Шайырбек... далай жаштар бар.
Тизгинин чайнап күлүктөр,
бүйүрлөр кызып дүбүрттөн:
кызыды майрам талаада,
кыз куумай болдук жигиттер.
Туристтер жүргөн жер кесип, "...
улуттук оюн, кел ! " - дешип:
француз, немис, жапону...
кыз куумай болдук мелдешип.
Аттанды кыздар, келиндер.
Жигиттер чыктык теминген.
Оюндун шартын аткарчу
кыз - жигит жуп - жуп бөлүнгөн.
Күлүктү минсе куш жандуу,
оюнга далай түшкөнбү...
а мага сүйкүм ажары
француз келин туш келди.
Аргымак чайнап ооздугун,
ашырды айым кооздугун.
Көз кысты жалжал " кеттик " деп,
күүлөдүм мен да : "Озгунуң!"
Алдыда сызып өнөгүм,
айымдан калбай жөнөдүм.
Чобурун мага мингизген
чоочун ат ээсин сөгөмүн...
Артынан куудум. Жетпедим.
Артылып бетин өппөдүм!
Конокту белден тарталбай,
"кош эми жаштык, эх! " дедим.
Күлүктөр турса топтошкон,
кашаң ат таапмын окшошкон.
Жарышта ошол кыз кууган -
жаштыгым менен коштошком...
P.S. " Жаштык түрмөктөр " поэмасынан үзүндү