Лев Толстой: Окуу ийрими. Афоризмдер жана нускамалар

  • 10.06.2024
  • 252

(Үзүндү)

Кириш сөз

Бул жерде чогултулган ойлорду мен абдан көп сандагы жазуулардан жана ой жыйнактарынан алдым.

Кол тамгасы жок же авторлору такталбаган айрым ойлор да ар кандай жыйнактардан алынган, же мага таандык.

Кээ бир учурларда авторлор кол коюшкан, бирок тилекке каршы, аларды жазып жатканда кайсы чыгармадан алынганын так көрсөтпөй калган учурларым болду.

Көбүнчө мен авторлордун ойлорун түп нускадан эмес, башка тилдерге которулган котормолордон которчумун, ошондуктан менин котормолорум түп нускага толук дал келбеши мүмкүн.

Бул ойлор түп нускага толук дал келбей калышынын дагы бир себеби, көп учурда узак талаш-тартыштан чыккан жеке ойлорду тандап алып, таасирдин ачыктыгы жана бүтүндүгү үчүн кээ бир сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү калтырып, кээде кээ бир сөздөрдү алмаштырып коюуга туура келди.

Анткени менин китебимдин максаты жазуучулардын так оозеки котормолорун берүү эмес, ар кандай жазуучулардын улуу, жемиштүү ойлорунан пайдаланып, ошондой эле ойду толугу менен өз сөзүм менен билдирүү, окурмандардын чоң катмарына сезимдерди козгогон жеткиликтүү мыкты ойлорду жеткирүү.

Окурмандар бул китепти окуп жатканда, мен аны чогултуп, аны күн сайын окуп жатканда да, анын экинчи басылышын өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатканда дагы башымдан өткөргөн пайдалуу, дем берүүчү сезимди баштарынан өткөрүшүн каалайт элем.

Лев Толстой. 1908-жылдын марты Ясная Поляна.

Көптөгөн ортозаар жана керексиз нерселерге караганда, бир аз болсо да чыныгы жакшы жана керектүү нерселерди билген жакшы.

1- Январь

1.

Чакан, тандалган китептер сакталган китепканада кандай гана чоң байлык болушу мүмкүн. Миңдеген жылдар бою дүйнөнүн бардык цивилизациялуу өлкөлөрүнүн ичинен тандалып алынган эң акылман жана эң татыктуу адамдардан турган коом бул жерде бизге өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана алардын акылмандыгын эң сонун түрдө тартуулайт. Адамдардын өзүлөрү көмүскөдө жана кол жеткис, балким алардын өздөрүнө кайрылсак, алардын жалгыздыгын бузуп, ишин үзгүлтүккө учуратмакпыз, алар бизди жактырбай, балким чыдабай уруша кетишмек, балким алар менен пикир алышууга мүмкүн болбой калмак. Алар эң жакын досторуна да ачык айтпаган ойлорун, биз үчүн, башка доордогу чоочундар адамдар үчүн ачык-айкын жазып калтырышкан. Ооба, биз жашообуздагы алган эң маанилүү руханий байлыктар үчүн жакшы китептерге милдеттүүбүз. Эмерсон

2.

Биз кепшөөчү малдардын тукумунанбыз, көп китепти окуганыбыз аздык кылат: биз жуткан нерсенин баарын чайнап, жакшылап сиңирип албасак, китептер бизге күч да, азык да бербейт. Локк

3.

Көптөгөн жазуучуларды жана ар кандай китептерди окуу башыңызда баш аламандыкты жана белгисиздикти жаратышынан сак болуңуз. Эгер сиз кандайдыр бир пайдалуу нерсеге ээ болгуңуз келсе, акылыңызды ишенимдүү жазуучулардын чыгармалары менен гана азыктандырыңыз. Өтө көп китептер адамдын көңүлүн алакты кылат. Ошондуктан, талашсыз жакшы деп табылган китептерди гана окугула. Сенека

Адегенде эң мыкты китептерди окугула, болбосо аларды окуганга такыр убактың жетишпей калат. Торо

5.

 Сиз өз оюңуздун булагы соолуп калганда гана окушуңуз керек, мындай абал эң акылдуу адамдын башына да келе берчү нерсе. Бирок китеп окуйм деп жатып өзүңүздүн назик оюңузду үркүтүп жиберүү – рухка каршы жасалган кылмыш кылуу дегенди билдирет. Шопенгауэр

Адабиятта турмуштагыдай эле болгон нерселер кайталанат. Кайда гана карабаңыз, адамзаттын айыкпас жарасына туш болосуз – алардын аты – бирикмелер, союздар – кайда барба жайкы чымындай ызылдашып,барган жерлерин  чычып-сийип булгап жүрүшөт. Мына ушундан улам сапаты жок жаман китептер көбөйүп, адабий топондун укмуштуудай түшүмү жакшы данды жок кылып жатат. Мындай китептер коомчулуктун акчасын жана көңүлүн тоноп, тандалган чыгармаларга гана коротулушу керек убактысын уурдап жатат.

Жаман китептер пайдасыз гана эмес,  зыяндуу дагы. Анткени, азыркы адабияттын ондон тогуз бөлүгү ишенчээк коомчулуктун чөнтөгүнөн бир-эки ашыкча сомун сууруп алуу үчүн гана чыгарылат; Ушул эле себеп менен авторлор, басмаканалар атайылап китептерди калың чыгарууга аракет кылышат. Андан да зыяндуу, текебер жана абийирсиз алдамчылыкты жазмакей сөрөйлөр жасашат: ар бир сабына акча алыш үчүн, бүгүнкү күндө алар окурмандын табитин бузуп, чыныгы агартуучулукту жок кылып жатышат. Бул кыйроого каршы туруу үчүн китепти ылгабай окуу адатынан арылуу керек, башкача айтканда, коомчулуктун көңүлүн бурган, ызы-чуу салган китептерди такыр окубаш керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, басылып чыккан биринчи жылы анын акыркы жылы боло турган бардык басылмаларды окуудан баш тартуу керек.

Бирок акылсыздар үчүн жазган адам окурмандардын кеңири чөйрөсүн таппай калбайт деп эскертип коюушубуз абзел; Ошол эле учурда адамзат өзүнүн кыска жана аз ченелүү өмүрлөрүн бардык кылымдардын жана элдердин биринчи даражадагы чеберлери, көптөгөн жаман жазуучулардын үстүнөн мунаралардай көтөрүлгөн бай таланттуу жаратуучулар менен таанышуу үчүн колдонушу керектигин айта кетели. Ошондой жазуучулар гана адамзатты тарбиялоого жана окутууга жөндөмдүү.

Эч качан жаман китептерди өтө аз окуй албайсың жана эч качан жакшы китептерди өтө көп окуганга чамаң жетпейт. Жаман китептер акыл-эсти алсыраткан моралдык уу.

Калың эл баардык убактагы эң мыкты китептерди эмес, заманбап адабияттын акыркы чыгармаларын гана өжөрлүк менен окушкандыктан, азыркы жазуучулар кайталанган ойлордун айланасынан кете албай айланышып, баары бир эле нерсени кайталап, биздин заман өзү жараткан баткагынан суурулуп чыга албай жатат. Шопенгауэр

Материалдык жана психикалык уулардын айырмасы, материалдык уулардын көбүнүн даамы ачуу, бирок гезит жана жаман китептер түрүндөгү психикалык уулар, тилекке каршы, көп учурда жагымдуу болот.

2-январь

Ишеним

Эң одоно ишенимдердин бири – бул биздин замандын илимпоздору деп аталгандардын көбүнүн адам ыймансыз жашай алат деген ишеними.

1.

Ар дайым жана бардык доорлордо адамдар өздөрүнүн жердеги жашоосунун башталышы же акыркы максаты жөнүндө билүүнү, же жок дегенде кандайдыр бир түшүнүккө ээ болууну эңсеп келишкен жана дин бул талапты канааттандыруу жана келип чыгышынын жалпы булагы, жашоодогу жалпы милдети жана жалпы акыркы максаты бир бардык адамдарды бир тууган катары бириктирген байланышты көрсөтүп берүү үчүн пайда болгон. Джозеф Маззини

2.

Чыныгы дин – бул айланасындагы чексиз жашоого, анын жашоосун ушул чексиздик менен байланыштырган жана анын иш-аракеттерине багыт берген  адамзаттын мамилеси.

3.

Ар бир диндин маңызы мен эмне үчүн жашап жатам жана мени курчап турган чексиз дүйнө менен мамилем кандай деген суроого жоопто гана жатат. Адамдын аны курчап турган дүйнө менен болгон мамилесин орнотууга негизделбеген бир дагы дин жок.

4.

Дин адамды тарбиялоодогу эң жогорку жана эң асыл нерсе, агартуунун эң күчтүү каражаты, ал эми ишенимдин сырткы көрүнүштөрү жана саясий жеке кызыкчылыкты көздөгөн ишмердүүлүк адамзаттын алдыга умтулуусундагы негизги тоскоолдук болуп саналат. Дин кызматкерлеринин дагы, мамлекеттин дагы ишмердүүлүгү динге каршы келет.

Түбөлүктүү жана кудайдан келген диндин түпкү маңызы адамдын жүрөгүн ал кайсы жерде жүрсө да, кайда соксо да бирдей толтурат. Биздин бардык изилдөөлөрүбүз бизди бардык улуу диндердин негизи бирдиктүү экендигин, адам баласынын жашоосунун башталышынан тартып бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келе жаткан бирдиктүү окуу экендигин көрсөтөт.

Бардык ишенимдердин түпкүрүндө бир түбөлүктүү чындыктын агымы агат.

Парсылар таовиддерин, еврейлер филактерияларын, христиандар кресттерин, мусулмандардын жарым айларын кастарлашат, бирок булар сырткы гана белгилер экенин эстен чыгарбасын, бардык диндердин негизги маңызы – жакынына болгон сүйүү, бул Ману, Зороастра, Будда, Муса, Сократ, Гиллел, Иса, Павел, Мухаммед, Морис Флюгел тарабынан бирдей талап кылынат.

5.

Ар бир диндин маңызын белгилүү окуулардын кудайдан келген аяндар катары изилдөөлөрдүн мазмуну эмес (анткени бул теология деп аталат), а Кудайдын осуяттары катары жалпысынан биздин бардык милдеттерибиздин мазмуну түзөт.

Кант боюнча

Ыймансыз жашаган адамдын жашоосу – айбандын жашоосу.

3-январь

Жашоо түзүлүшү

"Менин азыгым — мени Жибергендин эркин аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү", — дептир Иса пайгамбар. Бул ар бирибиз үчүн Анын иши. Биз Кудайдын биз аркылуу кылган бардык ишинин эмнеден турарын биле албайбыз, бирок ага катышуубуз кандай болушу керек экенин билбей коё албайбыз.

1.

Эгер күйүп, жарык чачканга күчүң жетпесе, жок дегенде өчүрбө.

2.

Акыл-эстин эрежелерин билген адам ал эрежелерди сүйгөн адамдан төмөн. Аларды сүйгөн адам аларды аткаргандан төмөн.

Кытай акылмандыгы

3.

Жашообуздун негизги суроосу – бул бизге берилген кыска өмүрдө, бизди жашоого жиберген Жараткан бизден эмнени кааласа, ошону аткарып жатабызбы? Туура жолдо баратабызбы?

4.

Кыйынчылык башыма түшкөндө Кудайдан жардам сурайм. Бирок менин ишим Кудайга кызмат кылуу, Ал мага кызмат кылбайт да. Муну эстегенде түйшүгүм жеңилдейт түшөт.

5.

Жер менен асмандын ортосунда эч кандай туңгуюк жок, Кудай бизге берген мекен түбөлүккө жамандыктын, жеке кызыкчылыктын жана зулумдуктун кучагында болушу керек деп ойлосок ага акаарат кылган болобуз. Жер күнөөдөн тазаланчу жай эмес, ал биздин үйүбүз, ошондуктан ар бирибиздин жан-дүйнөбүздө катылган каалоого – чындыкка жана адилеттикке жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек. Мадзини

6.

Акыры периште болобузбу же качандыр бир кезде топуракка айланарыбызга ишенебизби, биз өзүбүзгө тапшырылган ишти чынчыл жана кынтыксыз аткарышыбыз керек. Джон Рускин

Элестет, жашоонун максаты – сенин бакытың – ал эми жашоо таш боор жана тантык. Адамзаттын акылмандыгы, өзүңдүн акылың жана жүрөгүң сага эмнени айтып жатканын түшүн: сага бул дүйнөдө жашоо жаратканга кызмат кылуу үчүн берилген, ошондо гана жашоо сен үчүн дайыма кубанычка айланат.

4 - январь

Биримдик

Биз муну каалабасак да, адамдардын бүткүл дүйнөсү менен болгон байланышыбызды сезбей коё албайбыз: бизди өндүрүш, соода, искусство, билим, эң башкысы — позициябыздын жалпылыгы, дүйнөгө мамилебиздин биримдиги байланыштырып турат.

1.

Жакшы адамдар эч нерседен шектенбестен бири-бирине жардам беришет, ал эми жаман адамдар бири-бирине атайылап каршы чыгышат. Кытай макалы

2.

 Ар кимдин өз түйшүгү, кемчилиги болот: башкалардын жардамысыз эч ким эч нерсе кыла албайт: ошондуктан биз бири-бирибизди колдоп, кеңешип, камкордук менен бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл. "Такыба ойлордон"

Биздин дүйнөбүздүн түзүлүшү ушундай: миң адам чогулуп иштесе, өз алдынча  иштеген бир миң адамдан бир нече эсе көп өндүрө алат. Бирок бул тогуз жүз токсон тогуз адамдын бир адамдын кулу болушунун зарылдыгын далилдей албайт. Генри Джордж

3.

 Жакшы адам – жамандын окутуучусу, жаман адам – жакшы адам жаман адамды жакшыга үйрөтүүгө тийиш болгон адам. Мугалимди сыйлабаган, анын кылганын сүйбөгөн адам өтө акылдуу болсо да жаңылат. Лао Цзе

4.

 Адам атанын бардык балдары бир дененин мүчөлөрү. Бир мүчө кыйналса, башкалардын

баары жабыркайт. Башкалардын азабына кайдыгер карасаң, адам деген атка татыктуу эмессиң. Саади

Жеке адамдын жашоосу адамзаттын жалпы жашоосу менен тыгыз айкалышуусу керек, анткени бардык жаратуулар гармония жана биримдик менен ширетилген. Сырткы табиятта да, рухий чөйрөдө да жашоонун бардык кубулуштары бири-бири менен тыгыз байланышта. Маркус Аврелиус

Адамзаттын бүткүл тарыхы, биз билгенден бери, адамзаттын барган сайын бекемирээк биримдикке карай кыймылы болду. Бул биримдик ар кандай каражаттардын жардамы менен жетишилет жана ага колдогондор гана эмес, ага каршы чыккандар да кызмат кылат.

5 - январь

Сөз

Адамдарга толгон имаратта бир адам: "Биз күйүп жатабыз!" – деп кыйкырса эл тополоңго түшүп, ондогон, жүздөгөн адамдар тебеленип өлөт.

Сөздүн зыяны ушундай. Бирок биздин сөзүбүздөн жапа чеккен адамдарды көрбөгөн учурда да бул зыян мындан аз эмес.

1.

Мылтыктан алган жара айыгат, бирок тилден алган жараат эч качан айыкпайт. Перс макалы

Сөзүнөн жаңылбаган адам – бүт денесин тизгиндей алган жеткилең адам. Биз аттарга жүгөн катып, аларды баш ийдирип, бүт денесин көзөмөлдөйбүз; кемелер канчалык чоң болсо да, шамал канчалык катуу болсо да, рулчу каалаган жерге кичинекей руль менен жетет; тил да ошондой: кичинекей мүчө, бирок көп нерсени кылат. Карачы, кичинекей от канча затты күйгүзөт; Тил дагы от, -- жалгандын жардамчысы.

Акыркы Яков, ч. 3, ст. 2–6

3.

Адамдардын башка адамдардын бузукулуктары жөнүндө айтып жатканын укканда, алардын ырахатын бөлүшпө. Адамдардын жаман иштерин укканда аягына чейин укпай, укканыңды унутууга аракет кыл. Адамдардын жакшы сапаттары жөнүндө маектерди ук, аларды эстеп, башкаларга айтып бер. Ушундай кыл, жакында көнүп каласың, адамдардын жамандыгын укканда өзүңдү жамандагандай азап тартасың, кошунаң жөнүндө жаман сөз оозуңдан чыгып кетсе, өзүңдү өзүң ургандай сезесиң. Чыгыштын акылман ойлорунан

4.

Талаш-тартыштарды угуңуз, бирок талаш-тартыштарга кийлигишпеңиз. Кичине болсо да сабырсыздыктан, кызуу кандуулуктан Кудай сактасын. Ачуулануу бардык жерде, эң негизгиси, адилеттүүлүк маселесинде орунсуз, анткени ал аны жаап-жашырат жана ылайлайт. Гоголь

5.

  Мен: «Мен өз жолумда сак болом, тилим менен күнөө кылбашым үчүн, жаман адам менин алдымда турганда, тилимди ооздуктайм», – дедим.

Забур. XXXVIII, 2

Сөз менен адамдардын бири-бирине карата жагымсыз сезимдерин ойготуп, элдин биримдигин бузуучу болуудан корккула.

6-январь

Аракет

 Жакшылык кылуу үчүн аракет керек, бирок жамандыктан алыс болуу үчүн ал андан бетер зарыл.

1.

 Ыйыктыкка жетүү үчүн сабырдуулуктан маанилүү эч нерсе жок. Сабырдуулукту жаш кезден адатка айлантуу абзел. Эгер аны эрте адатка айлантса, анда изгилик орнойт. Ыймандуу адам үчүн жеңе албаган эч нерсе жок. Лао Цзе

2.

 Адамдар ушунчалык суктанган нерселердин баары, аларды түйшүккө, убарага салган нерселердин баары аларга кымындай да бакыт алып келбейт. Адамдар иш менен алек болуп бир нерсеге умтулуп жатышканда ошого жетсек эле жыргайбыз деп ойлошот. Бирок алар каалаган нерсесине жерээри менен кайра эле тынчсыздана башташат, өзүндө жок нерселери бар адамдарга көз атып, көрө албастыгы ойгонот. Көңүлдүн бейпилдиги бош каалоолорду канааттандыруу менен эмес, тескерисинче, мындай каалоолордон арылуу аркылуу жетишилет. Эгер сиз мунун чын экенине ынангыңыз келсе, анда өзүңүздү бош каалоолоруңуздан бошотуу үчүн алардын аткарылышы үчүн буга чейин сарптаганыңыздын кеминде жарымына азыраак күч-аракет жумшаңыз. Ошондо мындай кылуу менен, мурдагыдан бир топ көп тынчтык жана бакыт алганыңызга ынанасыз. Эпиктет

3. 

Азгырыкка алдырбаган адамга даңк. Кудай ар бир адамды сынайт: бирин байлык менен, бирин кедейлик менен; бай – кедейге колун ачабы, кедей – азап-кайгысын нааразы болбой, момундук менен көтөрөбү. Талмуд

4.

Күлүк кошулган арабадай сызып-учуп бара жаткан ачуусун токто алган адамды мен чыныгы арабакечке салыштырам, ал эми башкалары жөн гана божуну кармап бара жаткан алсыз адамдар сыяктуу.

[Дхаммапада] Буддисттердин акылмандыгы

5.

Эгерде сизди жагымсыз иштер тооруп, ачуулануу же кыжырдануу сезимин сезип жатсаңыз, анда өзүңүздү кармоого шашылыңыз жана токтоолукту жоготпоңуз. Жан дүйнөбүздүн тынч абалына кайтуу үчүн эрк күчүн канчалык көп колдонсок, жан дүйнөбүздүн тынчтыгын сактоо жөндөмүбүз ошончолук жогорулайт. Маркус Аврелиус

Кумарларыңыздын үстүнөн жеңишке жете албай канча жолу жыгылсаңыз да, көңүлүңүздү чөгөрбөңүз. Күрөштүн ар бир аракети кумардын күчүн азайтып, аны жеңүүнү жеңилдетет.

7-январь

Боорукердик

Адамдар менен болгон мамиледе боорукердик сөзсүз керек. Эгерде сиз адамга боорукерлик кылбасаңыз, анда сиз өзүңүздүн негизги милдетиңизди аткарбай жатасыз.

1.

 Канчалык аянычтуу, кандай бечара болсо да ар бир адамды сыйлашыбыз керек. Ар бир адамда биздегидей эле рух жашай турганын унутпашыбыз абзел. Адамдын жаны да, денеси да жийиркеничтүү болсо да: “Ооба, дүйнөдө ушундай желмогуздар да болушу керек, аларга чыдаш керек” деп ойлонуш керек. Андайларга жийиркеничибизди көрсөтсөк, биринчиден биз адилетсиздик кылган болобуз, экинчиден андайлардын ар-намысына шек келтирип, өмүрү өткүчө душман кылып алабыз. Ал кандай болсо да, өзүн кайра жарата албайт, андай болгон соң биз менен өлбөс душман катары согушкандан башка эмне кыла алат? Чындыгында, ал учурдагы абалын өзгөртсө гана ага боорукердик кылгыбыз келет. Бирок ал муну кыла албайт. Ошондуктан ар бир адам кандай болсо ошондой кабыл алып, ага боорукерлик кылып, анын башка адам болушун каалап, андан колунан келбеген нерсени талап кылбоо керек. Шопенгауэр

Азгырыктарга кабылгандарга таш боор болбо, тескерисинче, аны өзүңдү сооротууну каалагандай сооротууга аракет кыл. "Такыба ойлордон"

3.

1) Бүгүн кыла турган ишти эртеңкиге калтырба.

2) Өзүң кыла ала турган ишти башкаларга мажбурлаба.

3) Текеберлик—тамак-аш, суусундук, баш калкалоочу жай, кийим-кечеге керектүү нерселердин баарын кошкондон кымбатка турат.

4) Боло элек бирок болушу мүмкүн болгон нерселер үчүн канча түйшүк тартабыз.

5) Ачууң келсе, бир нерсе жасаардан же айтуудан мурун, онго чейин сана. Ачууң тарабаса жүзгө чейин сана, анда да болбосо миңге чейин сана.

Джефферсондун айтымында

4.

Эч кимди кемсинтпе, жүрөгүңдөгү жакыныңа карата жаман ойлоруңду, шек саноолоруңду бас, ар дайым башкалардын иш-аракеттерин жана сөздөрүн эң жакшы мааниде түшүнүүгө аракет кыл. "Такыба ойлордон"

5.

Олуяда таш боор жүрөк болбойт. Ал жүрөгүн бардык адамдардын жүрөгүнө ылайыкташтырат. Ыймандуу адамды изги, жаман кишини жакшылыкка жөндөмдүү адам катары карайт. Чыгыш акылмандыгы

6.

Адам канчалык акылдуу, боорукер болсо, адамдардан ошончолук жакшылыкты табат.

Боорукердик бардык карама-каршылыктарды чечип, жашоону көрктөндүрөт, чаташканды ачык, кыйынды - жеңил, караңгыны - кубанычтуу кылат.

Апталык окуу

Уурунун уулу

Бир шаарда сотко эл ичинен шайланып келген арачылар тобу(суд присяженных) чогулушту. Арачылар тобуна дыйкандар, ак сөөктөр жана соодагерлер кирчү. Арачылар тобунун башчысы кадыр-барктуу соодагер Иван Акимович Белов боло турган. Бардык жашоочулар бул соодагерди жакшы жүрүш-турушу, туура жашоосу үчүн сыйлашчу: ал ишмердүүлүгүн так жана таза жүргүзчү, эч кимди алдаган эмес, калп айтпай турган, адамдарга дайыма жардамга келчү. Ал жашы 70 ке келип калган карыя эле.

Бир жолу арачылар тобу чогулуп, ант беришкен соң, сотко бир адамдын атын уурдаганы үчүн айыпталган жылкы уурусун алып келишти. Сот ишин баштай турган болгондо, Иван Акимович ордунан туруп, сотко:

— Мени кечирип коюңуз, сот мырза, мен бул адамды соттоого катыша албайм, — деп кайрылды.

Сот таң кала түштү:

— Кантип, эмне үчүн?

— Катыша албайм. Мени кое бериңиз.

Капысынан Иван Акимовичтин үнү титиреп, ыйлап жиберди. Токтоно албай көпкө ыйлады, ал тургай сүйлөй албай калды. Анан сооронуп, сотко мындай деди:

— Мен сотко катыша албайм, сот мырза, анткени мен жана менин атам бул уурудан алда канча жаманбыз, өзүмө окшогондорду кантип соттойм? Мен муну кыла албайм, мени коё бериңиз, суранам.

Сот Иван Акимовичти бошотуп, анан аны кечинде өзүнө чакырып:

— Эмнеге сот процессинен баш тарттыңыз? — деп иштин чоо-жайын сурамжылай баштады.

— Анын себеби мындай, - деди да Иван Акимович сотко өзү жөнүндөгү төмөнкү окуяны айтып берди.

— Силер мени соодагердин уулу, ушул шаарда төрөлгөн деп ойлойсуңар. Бул андай эмес. Мен дыйкандын уулумун, атам дыйкан, райондун биринчи уурусу болчу, түрмөдө каза болгон. Боорукер адам эле, бирок мас болгон сайын апамды сабап, ызы-чуу салып, ар кандай жаман иштерди жасап, анан соолукканда өкүнүп калчу. Бир жолу ал мени ээрчитип алып уурулукка алып барды. Мына ушул жолу менин бакытым ачылды.

Ал окуя мындай болгон. Атам тавернада уурулар менен чогуу ичип олтурушуп, акчаны кайдан табабыз деп кеңеше башташат. Ошондо атам аларга: «Билесиңерби балдар, дарбазасы көчө тарапка ачылган көпөс Беловдун кампасы бар. Бул кампада эмнелер гана жок. Алибетте, ал жакка кирүү кыйын. Бул кампанын терезеси бийик жана тар болгондуктан чоң киши өтө албайт. Ошондуктан, мен мындай ойлодум. Менин кичинекей уулум бар, ал акылдуу бала, — бул мен жөнүндө, — анда уккула,  аны өзүбүз менен алып барабыз, аркан менен белинен байлап, терезеден кампага түшүрөбүз, колуна дагы бир аркандын учун карматабыз. Ал кампадагы оокаттарды арканга байлап, бизге белги бергенде тартып алабыз. Алышыбызча алабыз да баламды кайра тартып алабыз — дейт.

Уурулар бул ойду жактырып: Анда бар да уулуңду алып кел – дешет.

Атам үйгө келип апама мени чакырып кел деп буйруйт.

–  Аны чакырып алып эмне кыласың? – дейт апам. 

– Керек үчүн чакырып жатам да, бар ээрчитип кел – дейт атам. Мас кезинде аны менен сүйлөшө албасын апам жакшы билет, анткени каяша кылса баса калып сабап салчу. Ал ойноп жаткан жериме келип мени чакырды. Ошондо атам мага:

– Ванька! Сен бийик жерге чыга аласыңбы? – деди.

– Каалаган жериңе чыгам.

– Жакшы, мени менен жүр.

Апам каршы боло баштады эле, колун көтөрүп шилтемекчи болгондо ал унчукпай калды.

Ал мени ээрчитип алып досторуна алып келди, кант менен чай беришти, тамактанып кечке чейин отурдук. Караңгы киргенде баарыбыз жөнөдүк – алар үчөө болчу.

Биз дал ушул соодагер Беловдун үйүнө келдик. Алар мени дароо аркан менен белимден байлап, экинчи аркандын учун колума карматышып, өйдө көтөрүштү.

 – Коркпойсуңбу?  – дешет. 

– Эмнеден коркмок элем, мен эч нерседен коркпойм.

– Терезеден түш да, жакшылап кара, колуңа урунган жакшы буюмдарды арканга байлап, бизге белги бер. Тартып алабыз. Түшүндүңбү?

 – Түшүндүм – дедим.

Ошентип, алар мени терезеге көтөрүп чыгарып коюшту, мен тар терезеден сойлоп кирдим, алар мени акырындап аркан менен түшүрө башташты. Бутум жерге тиер замат дароо эле  кичинекей колдорум менен сыйпалай баштадым. Мен эч нерсе көргөн жокмун – караңгыда  жөн гана сезип жаттым. Түктүү бир нерселерди кармап, аны аркандын аягына эмес, ортосуна байлап коём, алар тартып кетишет. Кайра арканды тартып алып, кайра байлайм. Бул үч жолу кайталанды, алар арканды учунан тартып, жетишет деген белги беришти. Мени кайра өйдө тарта башташкан эле. Ортолоп калган кезде чарт этип аркан үзүлүп кулап түштүм, дагы жакшы  жыйылган жаздыктардын үстүнө түшүптүрмүн, эч жерим жабыркаган жок.

Кийинчерээк билсем дал ошол маалда кароолчу аларды көрүп, коңгуроо кага баштаганда алар уурдалган буюмдарды алып качып кетүүгө үлгүрүшкөн экен.

Ошентип алар качып кетишти, а мен кампада калдым. Караңгыда жалгыз жатам, корконумду айтпа, апалап ыйлап жатам, кыйкырып жатам. Ыйлай берип ушунчалык чарчаптырмын, ошол жаздыктардын үстүндө жаткан боюнча кантип уктап калганымды да билбей калдым. Бир маалда ойгонуп кетсем, маңдайымда чырак кармап көпөс Белов менен милиционер турушкан экен. Милиционер кимдер менен келгенимди сурай баштады.

– Атамдар менен.

 – Сенин атаң ким?

Мен кайра ыйлай баштадым. Ал эми Белов карыя милиционерге мындай деди:

–  Аны жөн кой. Бала Кудайдын сүйгөн пендеси. Баланын атасын сатканы жакшы эмес, жоголгон нерсе жоголоду, баштан садага.

Маркум жакшы адам эле, Кудайым ага бейишин берсин. Ал эми кемпири андан бетер боорукер болчу. Алар мени үстүнкү бөлмөгө ээрчитип барды, колума таттуу нанын карматты, мен сооронуп ыйлабай калдым: баламын да, өзүңүз билесиз, баланы кенедей эле жакшы нерсе менен кубантса болот эмеспи. Эртеси эртең менен үй ээси менден:

–Үйүңө кеткиң келеби? – деп сурады. Эмне дээримди билбейм.

– Ооба. – дедим башымды ийкеп.

– А бул жерде калышты каалайсыңбы?

– Каалайм.

 – Мейли, анда кал  – деди ал.

Ошентип мен калдым. Алар менен бирге жашадым. Алар менин үстүмдөгү кийим-кечемди оңдоп-түзөп, документтеримди тууралап багып алышты. Башында майда-барат иштерди аткарып жүрдүм, кийин чоңойгондо мени сатуучу кылып коюшту, дүкөндү башкардым. Мен жакшы иштесем керек. Алар мени аябай жакшы көрүшчү, жада калса кызын мага алып беришкен, аябай боорукер адамдар эле. Мени өз уулундай көрүшчү. Анан абышка каза болду – мүлктүн баары мага өттү.

Мына ушундай. Уурунун баласы болсом, өзүм ууру болсом башкаларды кантип соттойм? Бул христиандардын иши эмес, мырза сот. Биз бардык адамдарды кечирип, сүйүшүбүз керек, эгер ал ката кетирсе, анда аны өлүм жазасына тартпай, ага боор оорушубуз керек. Иса пайгамдын осуятын эстечи — деди Иван Акимович.

Сот суроолорун токтотуп, христиан мыйзамы боюнча адамдарды соттосо болобу деп ойлоно баштады. Лесковдун чыгармасынан

8-январь

Ишеним

Христиан окуусу ушунчалык айкын болгондуктан, наристелер аны чыныгы маанисинде түшүнүшөт. Ыйсанын жолдоочулары деп аталгысы келген жана болгусу келген адамдар, бирок чындыгында андай боло албагандар гана аны түшүнө алышпайт.

1.

Будда айткан: жан дүйнөсү үчүн жашай баштаган адам караңгы үйгө жарык жандырган адамга окшош. Караңгылык дароо тарайт. Жөн гана ушундай жашоого умтулуңуз, ошондо сиздин жан дүйнөңүз тазаруунун үстүндө болот..

2.

Биз эки зыяндуу ишенимден сак болушубуз керек: дин кызматчыларынын «Кудайдын маңызын сөз менен түшүндүрүүгө болот» деген ишеними жана кудайлык күчтү илимий изилдөөлөр менен түшүндүрүүгө болот деп ишенген илимпоздордун ишеними. Джон Рускин

3.

 Иса пайгамбардын акыркы осуяты анын бүт окуусун маңызын ачат: «Мен силерди сүйгөндөй, бири-бириңерди сүйгүлө, бири-бириңерди сүйсөңөр, силер Менин шакирттерим экениңерди билишет». Ал «Эгер тигиге же буга ишенсеңер» деген жок, «сүйсөң» деп жатат. Ыйман көз караштардын жана билимдердин тынымсыз өзгөрүшү менен бирге өзгөрөт; ал убакыт менен байланыштуу жана убакыт менен өзгөрөт. Сүйүү убактылуу эмес, ал өзгөрбөйт жана түбөлүктүү.

4.

Менин диним бардык жандыктарга болгон сүйүү. Ибрагим Кардовский

Христиандыкты түшүнүү үчүн анын бузулган жерлерин жок кылуу керек.

9-январь

Билим

Билим эс-тутум аркылуу эмес, адамдын ой-аракети менен алынганда гана билим.

1.

Качан биз үйрөнгөнүбүздү толугу менен унутканыбызда гана биз чындап биле баштайбыз. Мен бир нерсеге болгон мамилемди илимдүү адам түздү деп ойлоп алсам, аны аныктоого бир тал да жакындабайм. Бир нерсени билүү үчүн мен ага таптакыр жат нерсе катары мамиле кылышым керек. Торо

2.

Башка адамдардын ойлорунун тынымсыз агылып келиши, бул табигый эмес агымга каршы туруу үчүн жогорку ийкемдүүлүк даражасына ээ болбосо, ойдун күчүн кечиктирип, өзүнүн оюн чөктүрөт, ал тургай узак убакыт бою ойдун күчүн толугу менен алсыратат.

Ошондуктан тынымсыз окуу жана изилдөө башты айлантат, ошондой эле биздин ой жүгүртүүбүздүн жана билимдерибиздин системасы, эгер биз такыр жат ойлордун агымына орун бошотуш үчүн көп учурда өзүм билемдик менен үзгүлтүккө учурасак, өзүнүн бүтүндүгүн жана үзгүлтүксүз байланышын жоготот. Китептердеги ойлорго орун бошотуш үчүн өзүңдүн ойлоруңду жокко чыгаруу , менин оюмча, башка жерлерди көрүү үчүн өз жериңди сатып жиберген сыяктуу, бул үчүн Шекспир өз убагындагы туристтерге кине койгон.

Өзүң ойлонбой туруп бир тема жөнүндө окуу да зыяндуу. Анткени, жаңы материал менен бирге ага башка бирөөнүн көз карашы, ага карата башка бирөөнүн мамилеси башына сиңет, анткени адамдар жалкоолуктан жана кайдыгерликтен улам, даяр ойлорду алууга аракеттениши табигый нерсе. Анан бул адат тамыр жайып, ойлор арыктарга бурулган агын суулар сыяктуу бир нукка түшөт: андан кийин өзүңдүн жаңы ойлоруңду табуу эки эсе кыйын. Мына ошондуктан, илимпоздордун арасында көз карандысыз ой жүгүртүү сейрек учурайт. Шопенгауэр

3.

Билим жүгүртүүдөгү тыйын сыяктуу. Эгерде ал алтынды казууга казууга өзү катышып, аракет кылып андан тыйын жасаган болсо, же жок дегенде ак эмгек кылып сатып алса, ага ээ болгонуна жарым-жартылай сыймыктанууга укугу бар. Бирок ал эч нерсе кылбай, аны бетине ыргытып жиберген бирөөдөн алса, анда ага сыймыктанууга эмне себеп бар? Джон Рускин

4. 

  Адамдын акыл-эсине өтө эрте жана өтө көп үйрөнгөндөн көрө, такыр үйрөнбөй коюунун зыяны азыраак.

5.

Эң улуу ойчулдардын сиңирген эмгеги, алар өздөрүнө чейинки китептерге жана уламыштарга байланып калбастан, мурда жашагандар да, алардын айланасындагы адамдар да ойлогондой эмес, өздөрү эмнени ойлосо, ошону айтканында.

Анын сыңарындай, ар бирибиз аң-сезимибизде учкундай тутанып, жылт этип жаркырай түшүп жок болуп кетчү ойлорду кармап калышыбыз керек. Ар бирибиз үчүн акындардын, даанышмандардын бүтүндөй бир топ жылдызы жөнүндө ой жүгүртүп, изилдөөгө караганда мындай агартуучу көз ирмемдер алда канча маанилүү.

Эмерсон

6.

  Ой адамдын өз акылы менен алынганда же жан-дүйнөсүндө пайда болгон суроого жооп бергенде гана жашоону кыймылга келтирет. Акыл жана эс тутум менен кабыл алынган жат ой жашоого таасир этпейт жана ага карама-каршы келген аракеттер менен тил табышат.

Аз оку, көп ойлон. Мугалимдерден жана китептерден керектүү жана билгиң келген нерселерди гана үйрөн.

10-январь

Тарбия

Тарбиянын негизи – бардык нерсенин башталышына болгон мамилени калыптандыруу жана андан келип чыккан жүрүм-турумга жетекчилик кылуу мамилеси.

1.

Ким Мага ишенген алсыздардын бирин мүдүрүлтсө, анын мойнуна тегирмендин ташын байлап, деңизге чөгөрүп жиберсе жакшы болмок.

Азгырыктардан дүйнөгө кайгы гана алып келет;  Ал эми азгырыкка кабылган адамдын шору.

Мф, ч. 18, ст. 6–7

2.

Балдарды тарбиялоодо биз аларды азыркы жашоо үчүн эмес, келечекте адамзаттын жакшы абалына, башкача айтканда, башка, жакшы жашоо шарттарында жашоо үчүн тарбиялап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Адатта, ата-энелер балдарын бузулган болсо да азыркы жашап жаткан дүйнөгө ылайыктап тарбиялайт. Балдарды келечек үчүн тарбиялоо менен, биз дүйнөнүн келечектеги түзүлүшүн жакшыртабыз.

Кант боюнча

3.

Келечекке жарамдуу инсанды тарбиялоо үчүн аны толук жеткилең Адам болгудай тарбиялоо керек – ошондо гана тарбиялануучу өзү жашашы керек болгон муундун татыктуу мүчөсү болот.

4.

 Баланы өзүндөгү кудайлык табияттын аң-сезимине жеткирүү ата-эненин, тарбиячылардын негизги милдети окшойт.

Channing

5.

Чыныгы тарбиянын максаты – адамдарды жакшы иштерди кылууга гана эмес, алардан кубаныч табууга; таза болууга гана эмес, тазалыкты сүйүүгө; адилеттүү болуу үчүн гана эмес, ошондой эле адилеттикти эңсеп, суусаган адамды тарбиялоо. Джон Рускин

Диний окуу билим берүүнүн негизи болуп саналат, бирок биздин христиан дүйнөсүндө алар эч ким ишенбеген нерселерди үйрөтүшөт. Балдар баамчыл жана муну көрүп, алар үйрөткөн нерсеге эле эмес, аларга үйрөткөндөргө да ишенишпейт.

11-январь

Момундук

Момун болбосоң, өспөйсүң. "Ансыз деле жакшы болсом, эмне үчүн өсүшүм керек?"

1.

Канчалык бийик болсоң, ошончолук жөнөкөй бол. Көп адамдар өздөрүн бийик сезет жана атак-даңктын тузагында жашашат, бирок сырлар жөнөкөй момун адамдарга гана ачылат. Өтө оор же күчүң жетпеген нерселерге асылба. Маңдайыңа жазылган тагдырга ыраазы бол. Керексиз нерселерге кызыкпаңыз. Сага түшүнө алган нерселерден да көп нерселер берилген. Көптөр өздөрү тууралуу бийик пикирлерине алданышат, ошондуктан өзүңөрдө жок билим менен мактанбагыла. Насаатчы (апокрифтик)

2.

Кордук көрүп, кордук чыдап, жооп кайтарбаган сабырдуу адам турмуш маселесинде чоң жеңишке жетишкен адам. Женевио-Лаке

3.

Кээ бир досторуң сени күнөөлөйт, кээ бири сени мактайт; айыптагандарга жакындагыла жана мактагандардан алыстагыла. Талмуд

4.

Өзүңүз татыктуу болгон орундан төмөн орун алыңыз. Алар сага: ылдый түш дегенге караганда жогору чык дешкени жакшы.

Ким өзүн бийик эсептесе, Кудай аны кор кылат, ким өзүн басынтса, Кудай аны көтөрөт. Талмуд

5.

Бийликке болгон каалоону дайыма жок кылууга аракет кылыңыз, атак-даңк жана мактоого умтулбаңыз - мунун баары сиздин жан дүйнөңүздү кыйратышы мүмкүн. Башкаларда жок жакшы сапаттар менде гана бар деп ойлобоңуз. "Такыба ойлордон"

6.

Даанышман өзүнө катуу болсо да, башкалардан эч нерсе талап кылбайт. Ал өз кызматына канааттанат жана эч качан жаратканга нааразы болбойт, тагдырына башкаларды күнөөлөбөйт - ошондуктан, ал кыйынчылыктарга чыдап, тагдырга баш ийет. Акылсыз адам жердеги жыргалчылыктарды  издеп, коркунучка туш болот.

Жебе бутага жетпей калганда, аткыч башканы эмес, өзүн күнөөлөйт. Акылдуу адам ушундай кылат. Конфуций

Жасаган жамандыктарыңдын баарын эсте. Бул сизге жаман иш кылбоого жардам берет. Жасаган жакшылыктарыңды эстесең, жакшылык кылуудан тосот.

12-январь

Жалган окуу

Башкалар үчүн Кудайга жана дүйнөгө болгон мамилесин аныктоо укугун өздөрүнө алган адамдар бар, ал эми элдин басымдуу көпчүлүгү бул укукту башкаларга берип, алардын айткандарына сокур  ишенген адамдар. Экөө тең бирдей кылмышкерлер.

1.

Диний маселелердин баары чечилип, бардык дин мыйзамдары бекитилгенин билер замат, ал чечимдин жана аны кабыл алган адамдардын тарабына өтүп кеткен адамдар бар.

Эмне үчүн алар башкалардын негизги иши деп эсептеген нерселерге баштарын оорутуусу керек? Алар үчүн жашоосун ырахатка, көңүл ачууга толгон жагымдуу убакыт өткөрүү жана ошону менен бир нече жыл бою жагымдуу түштөрдү көрүп, жыргап жүрүү гана калат.

Мындай каяшасыз канааттануунун жемиши – элдин ичинде аларга таңууланып жаткан нерсеге баа берүүгө каалоонун жоктугу.

Сокур ишенимден жаралган темир моюнтуруктун кулдук изи биздин мойнубузда көпкө сакталып калабы деп корком. Милтон

2.

  Адам өзүнүн моралдык көз карандылыгынан баш тарткан учурдан тартып, адам өзүнүн жоопкерчилигин ички үнүнө карап эмес, белгилүү бир таптын же партиянын көз карашына карап аныктай баштаган учурдан тартып, өзүн миллиондогон адамдардын бири гана деп эсептеп, өзүнүн жеке жоопкерчилигин унуткан учурдан тартып – моралдык күчүн жоготуп, адамдардан бир гана Кудай жасай ала турган нерселерди күтөт, ал Кудайлык күчтүн ордуна адам акылынын одоно көрсөтмөлөрүнө үмүт артат. Чаннинг

3.

Биз адегенде чоң энелерибиздин, андан кийин мугалимдердин, чоңойгон сайын жолубуздан жолуккан белгилүү инсандардын төгүндөлгүс чындыктарын кайталап айткан жаш балдар сыяктуубуз. Биз алардан уккан сөздөрдү чын дилибиз менен аткарууга кандай эмгек менен аракет кылабыз! Биз акыры өзүбүз насаатчыларыбыздын деңгээлине жеткенибизде жана алардын сөздөрүнүн маанисин түшүнгөндө, ушунчалык көңүлүбүз калгандыктык, алардан укканыбыздын баарын тез эле унутутуп койгубуз келет. Эмерсон

4. 

Жалган пайгамбарлардан сак болгула, алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок чындыгында алар ач карышкырлар, аларды кылган ишинен тааныйсыңар. Тикенектүү бадалдар жүзүм береби же коко тикен анжир байлайбы? Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, ал эми жаман дарак жаман жемиш берет: жакшы дарак жаман жемиш бере албайт, жаман дарак жакшы жемиш бере албайт. Ошентип, сен аларды жемиштеринен тааныйсың. Матай, ч. 7, ст. 15–20

5.

Адам өткөндөгү даанышман, ыйык адамдардан калган казынадан колдонсо болот, бирок ага келип жеткен нерсени өзү акылы менен текшерип, керектүүсүн алып, керексизин ыргытып ылгап кабыл алышы керек.

Ар бир адам дүйнө жана Кудай менен өзүнүн мамилесин түзүшү керек.

13-январь

Ишеним

   Ыйман – бул жашоонун маанисин түшүнүү жана бул түшүнүүдөн келип чыккан жоопкерчиликти моюнга алуу.

1.

Кайрымдуу адам ким? - Ыймандуу адам гана кайрымдуу адам болот. – Бирок ыйман деген эмне? – Бул абийир менен, ааламдык акыл менен эрктин макулдугу.

Кытай буддизми

2.

Ыймандын мааниси бир гана адамды жакшы кылууда эмес. Жакшы адамдын ыйманы аны ушунчалык бийиктикке көтөрүп, ага бардык нерсе ага оңой жана кубанычтуу болот. Лессинг боюнча

3.

Бир нерсе гана керек – Кудайга моюн сунуу. Өзүңүзгө кам көрүңүз. Дүйнөнүн жана анын тагдырынын сырын ачууну Кудайга калтырыңыз. Мейли, жок болуу же өлбөстүк болсун. Боло турган нерсе баары бир болот. Болгондун баарын жакшылыкка жору. Жашоо жолун бүтүрүү үчүн адамга жакшылыкка ишенимден башка эч нерсенин кереги жок. Амиел

Уландысы бар...

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз