Шербет Келдибекова: Карт жүрөктүн күүсү

  • 24.10.2024
  • 924

АҢГЕМЕ

Дармансыз манжаларын илээлеп чубурган күңүрт мончоктор көз жаштай мөлтүлдөп тизилген сайын каалгып тегеренген теспе калчылдаган колдорду ээрчий дирилдеп, парданын жылчыгынан баш баккан күүгүм шоолаларга чагылыша көгүлжүм нур чачып жылтылдайт. Кут учкандай жаман жөрөлгөлүү жымжырттык бойду ичиркенте, кыйырсыз өкүм сүрчүдөй уюп турат.

Теспенин эрксиз мончоктору эненин салмактуу ойлорунун жетегинде... жай, ылдам, кээде токтой калат. Жылдызы өчүп томсоргон, бырыштуу, карт көздөрдүн анда-санда кирпиги ирмелгени болбосо, жансыз тунжурайт. Так ушул бекем орногон жымжырттыкка эненин сезимдеринде күңгүрөө жаңырып, аздан бери жашоонун белгиси сыяктанып жүрөгүнө сиңген күйүт, карт тамырларын зырылдата, калган анча-мынча өмүрүнө асылып, кемирип жатты. Уулу өлдү...

Согуштан илеше келген өпкөдөгү осколка аны көпкө кыйнады. Негедир акыркы күндөрүндө энесин кыртышы сүйүңкүрөбөдү. Негедир акыркы күндөрүндө энеден алыстагысы келди. Акыркы саатына чейин чындыкты жашыргысы келди. Алиги ызы-чуу, күүлдөгөн каран түн түшөөрдө... эненин курчу жок көздөрүнө ошондо баары дапдаана көрүнгөн: ыраңы азгын, катаал жүзү чымыркана мезгили менен диртилдеп, тереңдеп угулгандай күңүрт добуш «Апа, мен...» – кубатсыз тигилген кейиштүү көздөр энени коркутуп, ишенгисин келтирбей жүрөгүн көптөн бери мүлжүгөн кутулууга жолсуз кайгыны ачык түшүндүрдү. Ошондо гана... Дал ошол кайгылуу тартиптерге, бийик каадаларга толтура дүмөктүү күн түшөөрдө...

Ал катуу кейип өлдү. Аны оорудан да, өлүмдөн да көбүрөк кыйнаган өзү экенин эне сезген эле.

... Эти качкан шадылуу колдору, анын кислород баштыкчасын түртүүгө аракеттенгени, оң жагына кыйшая түшкөн кара сакалдуу жүзү, жашоону токтотуп жансыз денеге айланган суук көздөрү кайрадан элестейт. Жымжырттык. Эненин муундары сыздап ооруйт. Алда кайда калган өмүрлөрү негедир жакында эле болгондой эсине түшөт. Баягы жүктүн бурч жагына жөлөнгөн сайма иштелчү кергичтин жанында өткөргөн эсепсиз күндөрү. А балким азыр муундары сайгылаша ооруп жатканы ошондондур. Атагын алыстан угуп, атайын издеп келип алып кетишчү учкаяк жапжаш кыялдардын гүлүнөн жаралган татаал оймо-чиймелери азыр кайда болду экен?!

Алар да карыды го, көз талдырчу көркү өткөндүр. Эсепсиз эргүүлөрдөн, жан кейиткен мээнет менен кылдат сезимден жаралган эмгектери ага канчалык ыракатты, канчалык кыйналууну алып келбеди. Бир жолу кергичтеги бири-бирине куюлуша жаркыраган кызыл-көк түргө кокусунан сайылган ак түс көркүн ого бетер ачып абдан жарашып калды эле. Энеге ар кыл түстө кулпурган ошол чиймелери кадимкидей көрүнө баштады. Анан... заматта кергич керебетке айланып чубалжыган аппак түрлөрдүн арасынан кара сакалчан купкуу жүз калкып чыга келди. Балбылдаган оттуу көздөрү жарк этип, энени кыя албай бир азга токтоло калды.

Негедир... Аппак кепинине ороло түшүп, кепиндер кысып жаткандай өңү бузула түшүп... түптүз караңгылыкка куланат. Эне дирт этти. Теспелер күтүүсүз силкинди. Ал дагы эле жүрөт. Ал эненин жүрөгүндө, санаасында, сезиминде, көздөрүндө. Мына ал: «Апа, үйгө барчы». Анын өтүнүчүн ошол жолу аткарган жок. Бул түнү анын жанында болорун билдирди.

Эненин көңүлүн кыжаалат ойлор өйүп, эмне үчүн уулу дайыма кетирүүгө аракет кыларын түшүнгүсү келди. Узак өмүрүндө айныбас жолдош болгон түнү ага өзгөчө жакын эле. Кийинки балдары көпкө чейин ушул уулу бой тартканча токтободу. Анан дагы эки уул, бир кыздуу болгондо күйөөсү каза болду. Илгерки балалык кези эмне болуп өткөнү, өзүнүн ата-энеси эсине бүдөмүк түшөт. Чоочун эл, чоочун жерге келин болуп келгенде жаш кыз эле. Андан кийин жашоонун ойдологон жолун эне-бала бирге басышкан. Тагдыр аларды бири-бирине тирек болууга, турмуштун бардык жүктөрүн бирге көтөрүүгө аргасыз кылган.

Алар сыртынан курбалдаш көрүнчү. Эненин ак халат жамынып стулда отурган турпаты уулуна кызык көрүнөт. Жылмаюу ойногон каректери апасына мээримдүү тигилет. Эненин көңүлүн оордоткон ойлорду учуруп ар кайсыны айтып чечиле сүйлөйт, апасы жанында турганга дүйнөсү түгөлдөй кубанат. Ал көптөн бери мындай ачылып сүйлөй элек эле. «Атам өлгөндө улгайып калгандай көрүндү эле. Көрсө жигит эле бойдон турбайбы. Мен анын жашынан 21 жаш өтүптүрмүн». Бул жүрөктү туюк жаралап турган өзүнүн абалынын оордугу жөнүндө четин чыгарышы эле. Жүрөгү тызылдай түшкөн эне сөздү башкага бурду. Өткөн окуялардын кызык, көңүлдүү жактарын эске түшүрүштү.

Капыстан катуу жөтөл уулунун тамашалуу сөздөрүн токтотту. Азгын өңүндө жагымсыз суук кыйналуунун белгилери пайда болуп, жөтөл улам күчөп, кыйнап, муундуруп, көгөртө баштады. Жанталаша башын көтөрүүгө аракет кылып окшуй баштаганда, келини турууга жардамдашты, ал эңкейе бергенде оозу-мурдунан кызыл кан көрүндү. Ала чакмактана кыйналган көз энени күнөөсү ачылгандай жалт карап алды. Бүткөн бою дирилдей түшкөн эне бутунан төбөсүнө чейин муздап баратканын сезди. Бул биринчи жолу эмес. Келиндин жүзүнөн таң калуунун же боор оорунун белгиси сезилбеди, кадимкидей кабыл алып жатат. Ал өзүнүн көнүмүштөй кыймылдары менен энеге канчалык таасир этип жатканын эч качан сезбейт. Ачуулуу...

Эненин шордоп турганын билип турду, аны карагысы келген жок, көздөрүн жумду. Эне-бала үнсүз сыздап турушту. Алар бирин-бири түшүнүп, бирине-биринин зээни кейип, бирин-бири кыя албай, аяп, ичтеринен күйүп турушту. Эненин карт көздөрүнөн так эле колундагы теспелерге окшогон жаштар азыр да мөлтүлдөп куланып жатты. Ал аппак бет аарчысы менен бырыштуу жүзүн сүртүп, андан кийин эмне болгондугун кайра эсине түшүрдү.

... Анан уулунун кыйналган жүзүнө жарыктын шооласы ойноп, дем тартканы билинбей көзү илинди. Эне ичинен жалынып, жалбарып анын кубарган өңүнө тигилет. Өзөгүн өрттөгөн ачуу кайгы акылын караңгылатып, колунан эч жардам келбеси айласын түгөтөт. Аңгыча уулу тез-тез кыймылдап «Апа, апа!» – деп оодарыла көзүн ачты. «Көзү илинсе эле апалап ойгоно берет».

Келин акырын күбүрөдү. «Апаң сенден садага болсун... Апаң сага садага чабылсын...» – эне өзүн кармана албай ошондо да дал азыркыдай солкулдай ыйлап мүңкүрөгөн эле. Карт сезимдер кыйналуудан чарчады. Бардыгы ызы-чуудай жадатып, элестер туманга аралашты. Уйку-соонун арасында отургансыган эне үргүлөй түшүп, эчаккы өткөн дүйнөдөн кылт эткен бир закым өңдүү түшкө жетеленди:

... Үртүк жабылган аттын көкүлү көзүндө селкилдеп, жумшак жүрүш менен ойдолойт. Ээгин байлабай салынган кара жоолуктан мурда кийип жүрчү койкойгон кептүү ак элечеги башында. Кылтылдаган жоргонун жүрүшү менен жашыл жашыл адырлардын улам бири артта калса да, кайра бири алдынан чыгып, түгөнбөчүдөй чубалжыйт. Аңгыча сандаган жылдар бою көрүнбөй качкан кайнагасы кадимки Адигине тынч адырларды дүңгүрөтө бет алдынан чыкты. Кудум жаш кезиндегидей жүрөгү ойноп, ал кайда жашынарын билбей акылдан шашкан сайын, кайнагасынын турпаты аалам чөлкөмүндөй занкайып бүт жолдорду беките жакындап келе жатат. «Качпай жүр, балам», – качанкы айтылган ушул сөз, кайрадан жаңырык сымал күүлдөдү. «Эне!» – Тааныш үн ушул күңгүрөөлөргө аралаш угулду. «Эне, уктап кеттиң беле», – курчу жок көздөргө кичинекей кыз урунду. «Тигил бөлмөгө барып биз менен отурсаңыз». Алардын өзүнчө иштери бар. Энеге түшүнүксүз иштер... Эне эми жалгыз.

Эми эч ким өргөөнүн эшигин жогору серпкен келини – «Ии, жок болсо эмне кылат элең», – деп тийише жооп бербейт. «Анда түшпөйм» деп, ат байлап жаткан уулун эне ичинен кубана күлүңдөп күтпөйт. Эх, сагынткан дүйнө... Жылт эте бир тартылып өттүңбү. Учурунда бааланбаган, учурунда арзыбаган дүйнө... Кужураган балдар энени көрүп тынчый түшүштү. Демейде эркелеп тегерегинен кетпеген неберелери элеңдей карап жанына келүүгө батына албайт. «Кичинекей бала дагы ыйлап чыкты, – келини түйшүктүү сүйлөндү, – врачка алып барыш керек». «Тумчулап ороп коюптурсуң, салкыныраак ал», – эне сөзгө аралашты.

Кичүү уул-кыздары да энеге кымбат, жакын. Алардын ар-биринин үйүндө эне өз кишисиндей эсептелип, бардык тиричиликтери эненин көз алдында өтүп келе жатат. Ар кимисинин кубаныч, кайгыларын кошо тартышкан. Балдарынын бардык иштерин жакшы билем го деп ойлочу. А эми...

Энеге мурда булардын тиричилиги көлөкөдө өтүп жүргөндөй сезилди. Чынар терек кулады, анын көлөкөсүндөгү турмуш жарыкка чыкты. «Быйыл боз үй көтөрсөкпү дедик эле», – кичүү келиндин бул сөзү энеге таң каларлык угулду. «Бүгүн мүрзөгө бара элекпиз. Кимиң барасың мени менен?» – Эненин келинге кайтарган жообу ушул болду. Жолдо баратып эне келиндин: «Үй көтөрөм» дегенин кайрадан эсине түшүрдү. Аны эне киришпесе ким бүтүрөт. Ал жакында өлөт. А ансыз үйдү кантип жасашмак эле. Алар көрүстөнгө бара жатышат. Эне уул-кыздары менен. «Анын сакал-муруту түшүп калгандыр». Эне ичинен ойлонот: – «Сакал, муруту капкара бойдон эле, чачы агарып кеткен».

Эне таягына салмактуурак сүйөнүп, оор кадамдарын күйүгө шилтейт. Бул жак энеге жакын. Тигинде эли-журтун жоодон коргойм деп барып, жарадар болуп кайтып келип, акыры ошол жараттан көз жумган анын уулу жатпайбы...

«Учкун» альманахы, 1975-жыл.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Сүрөт булагы: https://medinaschool.org/library/creed/namaz/tasbih-posle-namaza

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз