
АҢГЕМЕ
- Ах, Анечка, чүрөксүң!
Арбап алган жүрөктү! – деп ырдады ал, отуздагы чырайлуу аялга, болгондо да күйөөсү менен ажырашып, эки баласын эптеп багып жүргөн кайнежесине.
Ырдады, ырдаганы менен ырынын маанисине деле көңүл бөлгөн жок. Ырдабаганда кантет эле, төрт тарабы төп болуп турса... Жай десең, жай айы, көл жээгинде көйкөлүп дачасы турат, отпуска десең отпуска, эң негизгиси, өзү турмуштун туш-тарабынан жол айткан жаштардан, жоодураган келинчеги бар, ал Анечка менен бир тууган, кызы да сулуулардын буруусу болуп чыкты, быйыл көркөм өнөр мектебине тапшырып жатат, талант деген ошентип талпынтат да! Кыскасы, баардыгы төп десең төп, эп десең эп, анан ырдайт да...
– Ах, Анечка чүрөксүң!
Арбап алган жүрөктү!
Ырдады, ырдаган менен ыры Анечканын жалгызсыраган, тагыраак айтканда, эри менен ажырашкандан бери аңгырап ээн калгансыган жүрөгүн тымызын тызылдатып жатканын ойлоп да койгон жок. А Анечка анысына бирде күлкүсү келсе, бирде күдүктөнө карачу: «Ойноп атканыбы, чындап атканыбы?». Албетте, аны менен жакын болуп кетүү үч уктаса түшүнө кирбей калсын: бир тууган сиңдиси турса эки көзүн жалдыратып...
А бирок бул эмне эле ары-бери өтүп кыңылдайт... Июлдун жагымдуу кечи, ар тараптан жаңы ачылган тамекинин жыты аңкып, узундуу күнү кечке жылыган көл суусунун илеби урат, а күн болсо батайын, батпайын деп турган маал. Ал дагы жадырап-жайнап жанына келди да:
– Эх, Анечка чүрөксүң!
Ээлеп алган жүрөктү! – деп ырдап койду.
Бак тарапта алардан бөлөк жан жок. Баары далисте. Чай ичип отурушат. Ал далисти да шумдук салдырган: батышың да, чыгышың да көрүнүп турат, кең-кесири. Күн батаарда анда олтуруп чай ичкенден ашкан ыракат жок. Баары ошондо, экөө гана биякта. Анечка алда неге көңүлү чөгө түшүп, бак жакка чыккан, азыр алма багынын жанында турат.
Көл тараптан таза сууга чайынып, чаңк-чуңк эткен балдардын таптаза үндөрү угулат. Аны бул жер деле жеңилдетип жиберген жок, антсе да жалгыздык жанга азыраак баткандай боло түштү. Ошентип турганда кайдан-жайдандыр Николай келе калды да, оозунан түшпөгөн баягы обонун кайрадан баштады. Ал Анечканы карагандай болсо тим эле маңдайы жарыла жадырап карайт.
– Ии, анан, – деди Анечка, батаар күндүн алдында чын эле эбегейсиз сулуу көрүнүп турганын этибарга албай.
– Анан... чай ичели, – деп жооп берди ал.
Чынында эле анын жадырап караганында, кыңылдап ырдаганында кымындай да кир жок эле. Ал кайрадан «Эх, Анечка...» деп баштап баратып, токтоп калды да:
– Болуптур, кеттик эми, – деп негедир зирпилдей түшүп, артын бир карабай кетип калды.
А Анечка ордунан жылган жок. Кандайдыр бир белгисиз ойлор же кандайдыр бир эскерүүлөр анын жанын жай таптырбай, көл жакка басты. Жээк бойлой олтуруп, эмне үчүн бирөөлөргө бүт баарынан айтат да, бирөөлөргө эч нерседен айтпайт, деп ойлоно баштады.
Экөө бир үй, бир ата, бир энеден чыгышкан, ал эми турмуштары асман менен жердей. Биринде – күйөө да, сүйүү да, дача да, жетиштүү оокат да бар; а бири тирүүлөй жетимдерди жетелеп анын ирегесинде, дагы ыракмат аларra, эки бала менен батырып атышат. Николайга да ыракмат, башка бирөө аны балдары менен босогосуна жолотобу. Болгону «Эх, Анечкасына...» түшүнбөй койду. Эмне ойлоп, эмне көздөгөнү бар? Айтор, билбейт, билгиси да келбейт. Антейин десең, кызык, эмне эле ошенте берет?
... Бир жолу туруп эле балыкка чыгалы деп калды. Чыгалы деди да, «арам оюң бар экен деп шек caнап жүрбө» деген кыязда көзүнө жалтанбай, тике карады. А балким антип да ойлогон эместир, барып келели дегендир, болгону ошолдур.
– Барса баралы, – деди ал суз гана.
А дагы андай-мындай ойлонуп, башын оорутуп отурган жок. Николайдын эки гана киши бата турган кайыгы бар болчу. Анысы Суванта-ярви деген чоң көлдүн кичинекей, жылуу-жумшак булуңунда турчу. Бирок алар балыкты бул булуңдан эмес, күүлдөгөн шар агым Вуокстун системасы боюнча куйма менен жиберилип, түбүнө балыктар үчүн жемди мол агызып келе турган темир жол көпүрөсү жактан ууламак болушту. Андагы көк иримдерде ирдүү балыктар көп. Николай ал жакка мурда да барып, олжолуу кайткан.
– Ой, сонун болду да, – деп сүйүндү ал. – Эки киши деген эки киши да, эки эсе көп балык кармалат.
Анечка барбай койсо деле болмок, арийне бирөөнүн үйү, аргасыз көз карандылык: балыкка баргысы келбейт, алып келсе балакеттей жейт дешеби дегендей... Эми антишпейт деле дечи, ошентсе да... Адегенде көлдүн камыштуу жээгин бойлой сүзүштү. Николай кайыктын калактарын кере-кере шилтеп бара жатат. Анечка кайыктын арткы четинде андан көз албай олтурат. Сымбаттуу жигит экен. Сымбаттуулугунда сөз жок. А бирок эмне ойлоп жатты экен? Көңүлүндө эмне бар? Сырын сыртынан билмек кайда? Ал тургай көз кырын да салбайт. А аялы менен ушинтип тымпыйып отурмак беле. Албетте ыңгай такыр да... А балким келиндин көңүлүндө жүргөндөр анын үч уктаса түшүнө да кирбестир... Ооба, бирөөнүн ичин бирөө билбейт. Сыртынан тон бычуу кыйын. Чогуу келаткан менен ой-дилдери бөлөк...
Мелжеген жерге бат эле жетишти. Темир жол көпүрөсү атырылган айлампанын үстүнө асылган. Көпүрөгө жеткени калышкан, суунун шары кандайдыр бир ийриле агып, анын катуу толкуну кичинекей кайыкты ар жак, бер жакка калчай баштады. Кайыкты булуңга буруп кетүүгө Николай бүт күчүн жумшап кирди. Аңгыча бир күүлдөгөн ташкын келди, анын шары кайыкты айлампага багыттады. Николайдын куту учуп калды, кара терге түшүп жанталашса да, күүлдөгөн толкун кайыкты чарк айланган айлампанын дал өзүнө сүрө берди. Николайда өң-алет жок, көзү чанагынан чыккан. Кайык көбүктүү иримге баратат. Эбегейсиз айлампа он чакты кадамдай жерде чарк айланып, бүткүл сууну оп тартып алып, кайра чар тарапка бүркүп турду. Кенедей кайык ага кеппи. Оп тартат да, бир айлантып анан капкайда бүркүп салмак. Анечка экөөнү да ошентмек, ошентсе кантип тирүү калышсын, өлүктөрүн ыргытат да.
– Анечка, сактануу керек! – деди Николай буулган үн менен, анан өтүгүн тиштене чече баштады.
Сууга сүзүүгө даярданып жаткан эле, ал сууда жакшы сүзчү. Анечка эчтеме дебеди, тек гана кайыктын кырына карыша жабышып, ошондон бир опоо күткөнсүдү. Ал сууда начар сүзчү. Николай желеткесин, шымын, көйнөгүн чечип ыргытып трусычан калды.
– Ушинткен түзүк, – деди ырсайымыш этип.
Ал кайыктан секиргени, секиргенде да айлампадан алыс түшкүдөй секиргени калган эле, аңгыча кудай жалгаган кандайдыр бир тескери агым келди да аларды тыптынч мелтиреген сууга алып чыгып кетти. Николай маңдайы жарыла кубанып, кийине баштады. «Эч нерсе деле болгон жок, баса, ал мени ойлоп да койгон жок, – деп – күйүнө күлүмсүрөдү Анечка, – демек жанагы келжирек ырын тим гана ырда жүргөн экен да».
Ошондо булар килейген үч балык кармап алып, үйгө жарыкта эле келип калышты. Баары тең чуулдап, олжого аябай сүйүнүштү. Балыкты кууруп да, шорпо жасап да алышып далистеги чоң столдо отурушту. Эч ким Николай менен Анечкадан арам санаган жок, андай шек ойлоруна да келбейт эле. Чынында эч нерсе болгон жок да.
Эртеси таңда Николай көнүмүш көнүгүүлөрүн жасап атты. Анечка кудуктан суу алып келаткан. Николай аны көрөөр менен жадырай түшүп, кыңылдап калды:
– Ах, Анечка чүрөксүң,
Арбап алган жүрөктү!
Келин аны жалт карай салып, кечээги «сактануу керек» деп зирпилдеп чечингенин эсине түшүрдү да, мыскылдуу күлүмсүрөп, унчукпай жанынан өтө берди.
Которгон Шербет Келдибекова
«Кыргызстан маданияты», 1989-жыл.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.