Шербет Келдибекова өзү жөнүндө

  • 29.01.2021
  • 4709

Пушкин, Лермонтовду да эрте окугам. Л.Н.Толстойду окудум. Феттин, Блоктун ырлары суктантты. А.Ахматовадан прозаны ырга айлантканды үйрөндүм. Алымдын жарыяланган ырлары да өзгөчөлүгү менен мага жаккан. Менин чыккан ырларым да Алымга жаккан экен. Китеп жандуулугубуз да бизди жакындатты.

Биз үй-бүлө курууну чечтик. Алымдын агасы, белгилүү режиссёр Жалил Абдыкадыров биздин айылга, ата-энемдин астына куда башы болуп келип, той өткөрүштү.

Кийин Жалил байкенин үйүнө салт боюнча отко кирдим. Алымдын сүрөтүн чоңойттуруп, урматтуу орунга илип коюшуптур. Жалил байке бизге түшүндүрдү: “Бул Алым эмес, Абдыкадыр. Мен да таң калам тукумубуздан Алым гана окшоп калганына” деп.

Абдыкадыр ата Алымды өтө жакшы көрчү экен. Жаш кезинде сөздүктү жазып берген экен. Көп окуган, китепкөй адам экен. “Көл менен Жумгал кайдан бир тууган болосуңар?” дедим.

Абдыкадырдан төрт балалуу болгондон кийин жубайы көз жумат. Жалгыз кызынын күйүтүн тарткан энеси тун уулун алып калат. Токтомуш Бөлөкбаев Кочкор-Жумгалды бириктирип кармаган экен. Абдыкадыр комсомолду жетектеп Жумгалга келип, Токтомуштун кызына үйлөнүптүр. Токтомуштун жубайы Батыш апа (мен ал кишини көрүп калдым) Ильичтин тун уулун (Алымды) дагы өзүнчө багып, китепти көп окуган, ойлонгон адам кылууга аракетин аябаптыр. Ал киши колхоздун аттуу-баштуу кызматтарында иштеп, сельсоветтиктен пенсияга чыккан адам. Биз акылдашып-сүйлөшкөн көп иштердин аягына жетпей өтүп кетти. Анан Жалил байке, Ильич атабыз чогулуп, кеңешип Батыш апанын керээзин аткарышат. Батыш апа Алымды өтө жакшы көргөн адам эле. Мага ак дилинен батасын берип калды.

(“Кыргызстан маданияты”, 4-март 1993-жыл)

Жарык көрө элек ырлары

Балама
(операция алдында кызына арнаган ыры)

Жашоонун жүзү күн-түндөй
Биле албайм неси кезигет.
Айрылыш жолдо чырагым
Азабың тарттым беш ирет.

Жарыктан кетүү келчү иш
“Жашында кантип калтырдым?”
Деп ойлоп тартып убайым
Унуттум балам, дартымды.

Караят дартым “калды” деп
Каргадай жалгыз баламды
“Калды,- деп, - ойноо, секелек”
Капкара чачым агарды.

Түн-күндөй жүзү дартымдын
Биле албайм неси кезигет.
Айрылыш жолдо кесилди
Көкүрөк сөөгүм беш ирет.

Карааның тиктейм айнектен
Каралдым, жалгыз баламды.
“Калды,- деп, - баёо, эселек”
Чачтарым түгөл агарды...

Бермет эжеме

Желбиреди, кайгы жиби мына эми
Өтүп кеттиң, билбей калдым не дээрим.
Билбептирмин, сен кайрылбай кетээр күн
Кан жуткуруп ылдам эле келээрин. .

Көз жаш көлдөйт, сезбей турам эч нерсе
А нервиңдин назик, сергек кылдары
Жешилиптир, кан уюган ал жараат
Зил дарт болуп, сени абдан кыйнады.

Мыжылат дил учурунда негедир
Сезбей калдым, узаарыңды каралдым.
Кайра эстеп, ээрчишкен күндөрдү
Каңгырадым, дүйнө күүгүм, караңгы...

Асыл адам өттү, кетти дүйнөдөн
Шыңгыр доошу жаркыраткан көңүлдү.
Ата-энеден ашкан камкор,сезимтал
Сейрек туулган жан экениң көрүндү.

Асылым ай бардыгына чачылдың
Камын көрдүң бир талыкпай дарттуунун.
Жан экенсиң аяр, камкор, бир келген
Баалабадык башкача зор наркыңды.

Алтыным ай, неге үнсүз нес кыла
Бул жалгандан капыс, шаша узадың?
Тынчып калды асыл, таза жүрөгүң
Калдык мында, тартып аза кусалуу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз