Шербет Келдибекова: Жашыл күндөр

  • 28.11.2024
  • 858

НОВЕЛЛА

Жапжашыл көрккө бөлөнө күн нурундай тунуктукту тартуулап, магдыраткан жагымдуу бейкуттукту азгыра, тутана албай чартылдап чогулган жаштыктын алоо күчүн белгисиз дүйнөлөргө ээликтирген күндөр...

Жапжашыл көрккө бөлөнө жүрөгүңдү дүпүйткөн оордукту ого бетер салмактантып, удургуган жаштыкты темирдей колдору менен кыса, көңүлдө так өзүндөй жапжашыл, жапжаш санааларды өстүргөн күндөр... Автобустардын шуулдаган жеңил добуштары акырын кыйчылдап токтойт, жаңы күч менен силкине кайрадан уланат, байкалбай ыраактап кетет. Белгисиз максатты унутпай күтүүдөн, шооласыз түпкүрдү талыкпай тиктөөдөн сезимдер алсырайт, сезимдер кыйналат.

Жаштыктар курчуткан каректер дембе-дем урунушуп, секунддар санаган арбашуудан бири жалтанат. А балким жүрөктү тызылдаткан отту каректен учурууга так ушул жайдын жакшынакай күндөрү, тумчуктурчудай коюу тартканы менен жаштыкты алыска күүлөп канат бүткөндөй жеңилдеткен сергектиги себеп болгондур.

Негедир себепсиз дуулаган шайырлыктар, жок жерден жаралган кубанычтар байкабай кайчылаш өткөнсүп издетет, алардын ордуна күтүүлөргө толгон күндөр чочулай элеңдеп, кээде өкүнө баш чайкап өтүп кетишет. А сизди али унуткан жокмун...

Алгачкы көргөндөн баштап эң акыркысына чейин сиз менен байланышкан ар бир майда нерселер да эсимде. Мен сизди өзүм көргөндөн башкача да элестетем: капкара көздөрүңүздөн акылдын нуру жанып, кыйырсыз мейкиндерге каректи жүгүртөсүз. Мындай элестерди өчүрүүгө кудурет жетер эмес. Эсиңиздеби... Биздин биринчи кезигишүү...

Туптуура саат үчтө консультацияга келсек экзаменатор эже аудиторияда бир нерсе жазып отуруптур. Көңүлү алагды болгондуктан уруксат күтүп турган бизди бир азга байкабады, бейкапар эшиктин алдында туруп ар жак, бер жакка көз чаптырдым, капысынан тынчым кете түшкөндөй сезилди, ошол замат бурулуп эженин ары жагынан кадала тиктеп турган сизди көрдүм. Сиз мени көрөр замат эле катуу корунтуп койдунуз. Сугула балбылдаган каректериңиздин узатуусунда буттарым мүдүрүлчүдөй илкип баратты... «Бул ким? Эмне үчүн бул жерде?» Мындай суроолор консультация башталганча тынчымды алды.

Студенттерден эмес экендигиңизди жашыңызга ылайык келбеген салмактуулугуңуз сездирип турат. Акыры консультация башталганда эже сизди тааныштырып, эгерде эртең өзү келбей калса, экзаменди сизге тапшыра тургандыгыбызды айтты. А сиз сүйкүмдүү күлүмсүрөп эртеңки экзаменди качан, кайсы аудиторияда өткөрүүнү макулдаштыңыз. Экзамен. Студенттер эки катарга бөлүнө даярданып, бир жагын сиз, экинчи катарын өзүбүздүн окутуучу сурап жатыптыр. Билеттер сиздин столуңузда. Менин киргенимди байкаган жоксуз. Билетти алып жатканда жалт карап... тааныдыңыз... Негедир селт эте түштүм да, эженин катарына кошулдум.

Даярданып жатам. Башымды көтөрүп сизди карасам, көзүмө жылдыздуу турпатыңыз өзгөчө көркөм көрүнүп кетти. Көркүңүзгө таң кала түшүп ичимден: «Сулуу деп ушуларды айтса керек» деп ойлодум, аңгыча бурулуп карап койдуңуз, көзүңүздөн кечээги оттор жылтылдай түштү. Оңтойсуздана төмөн карадым. Столдон баш көтөрбөй оюмду чогултуп жазууга аракет кылам. Бир убакта эже сизге барып бир нерселерди шыбырай баштады. Анын кеткени жатканын, азыр сиз менен беттешеримди сезип жүрөгүм опкоолжуй түштү. Ойлогондой эле ал буюмдарын жыйнап акырын баса чыгып кетти.

Кез-кезде көз чаптырганыңызды сезип турам. Жооп бергени бара жатып көзүбүз дагы урунуша түштү, негедир жүрөгүм дирт этет. Зачётканы кандайча карап жатканыңызды байкап турдум, көп анча купулуңузга толбой калганы да көз жаздымымда калган жок. Бүдөмүк жазылган атымды окуй албадыңыз, өзүмдөн сурадыңыз.

– «Шоола?!» Жакшынакай ысым экен, – дедиңиз көзүмө тигиле кайталап.

Көздөрүңүз өктөм болгону менен добушуңуз өтө эле жумшак угулду. Кээде сиз деп, кээде сен деп кайрылып жаттыңыз. Атымды атап кайрылган сайын менин ысымым сиздин добушуңузда өзүм эч качан байкабаган кооз, көркөм айтылып жатты. «Шоола!» Ичимден кайталап таң калам.

Өмүрүмдө биринчи жолу үнүмдүн уккулуксуз экендигин сезип онтойсуздандым. Негедир өзүмдү жогото баштадым, бардык аракетим сиздин акылды тумандата жаркыраган көздөрүңүздү байкабоо, апкаарыткан көркөм жүзүңүздү карабоо болду. А сиз ар кандай суроо менен көзүңүздү кароого аргасыз кылып жаттыңыз. Өмүрүмдө биринчи жолу мага түшүнүксүз, чоочун кырдаалга кезиктим, бир гана сезгеним сизде менин чөйрөмдөгү адамдарга таптакыр окшобогон өзгөчөлүк. Чоочун добушунуздагы таң каларлык жай, жумшак толкундар жүрөктү титирете каптап турду. Эмне жөнүндө сүйлөп жатканымды дагы унуткандыгымды сездим, кайрадан жалт карап, жапжакын турган көздөрүңүздөн түпсүз кумар жанып тургандыгын көрдүм, өзүмдү каректериңизден жашыргым келди.

Майда дирилдеген колумдун кыймылын карап, чатышкан ойлорумду сүйлөп жаттым. Дагы суроо берип тиктешүүгө аргасыз кылдыңыз, жүрөгүм зырпылдап көз ирмемге коргоно тиктедим, эч нерсе түшүнбөгөндөй көрүнгүм келди, а сиз... түшүнүүгө аргасыз кылдыңыз. Кайрадан оңтойсуз абал, эмне кылаарымды билбегендиктен, жөн гана саатты карасам сиз шашып кеттиңиз.

– Ушул суроолорду карап чыгып, эртең берки группа менен келесизби?

– Жарайт.

Кайдыгер түр менен кагаздарымды чогултуп жатам. Кетип баратып заматта жер тегерене түшкөндөй сезилди, столдун четине сүйөнүп өзүмдү токтоттум да:

– Жакшы калыңыз, – деш үчүн сыпайы бурулдум.

Өткүр көзүңүздүн кыры менен кылдат байкап туруптурсуз, баш ийкеп үнсүз коштоштуңуз.

Сиз мага адамзаттын бийик, көркөм жан дүйнөсүнөн жашыруун кабар ала келгендей болдуңуз, анын үнсүз керемети мени айрантаң калтырды. Мына, ушул жаңыдан байкалган сырлар тынчы жок ойлорумду ого бетер удургутуп, өзүмдүн кадимки адамдык жолумду дагы эле баштай электигимди, чыныгы адамдардай зор, асыл ой-сезим дүйнөсүнө али ээ боло электигимди ачыгыраак сездирди. Оюмда эчактан бери орноп аткарыла элек кыялдарым көңүлдү өрөпкүтө тизилип көзүмдөн өтүп жатты. Өзүмдөн өтө эле көптү талап кылып жаткан жокмунбу деп ойлодум, бирок аз экендигине көзүм жетти.

Негедир көңүлүм тынчсызданат... так азыркы борошодой уйгу-туйгу сезимдерим менен үндөш музыка угууну энсейм. Так азыркы жалын ургандай тызылдаган жүрөгүм менен сырдаш ыр окууну эңсейм. Кимдир бирөө, «бой жетип адам болдум» деген менсинүүмдү шылдыңдап, «сен балалыктын гана четин бойлоп жүрөсүң, турмуштун оор толкундары менен беттеше элексиң, али жашсың» дегенсийт. Ким бул?.. Бурулуп айланамды карайм, жаштыктын оттору жаркыраткан көздөрүңүз бүл-бүл көрүнөт. Адатымча элейип ойлорго алаксыптырмын, капыстан күзгүдөн көздөрүм урунушат. Таң калып селт бурулам, жок!..

Азыр эле күзгүдөгү көзүмдөн көрүнгөн оор санаа жылт коюп жок болду. Мүмкүн көңүлсүздөй сезилгендирмин, кечээгидей сүйлөгүм келбеди, сиздин оюңузга үн катпай багынып, суроолоруңузга өтө кыска жооп кайтардым. Сиз дагы энөө турганымды сездиңиз көрүнөт, жөн салды гана кайсы жерде, кимдер менен турарымды билдиңиз, анан сүйкүмдүү күлүңдөп кылдат тамашаларыңыз менен жылмаюуга мажбур кылдыңыз. Кечээгидей эле ашыкча сөздөр, жөнөкөй эле айтылгандыктан анча деле өөн сезилбеди. Негедир зачёткамы таппайм, китептердин арасынан карап жатам, көрүнбөйт дептерлерди карайм. Капыстан эмне үчүн жоктугун эстей койдум. Кечээ сиз ачып карагандай, мен дагы барактап карап отурдум эле. Зачётка үйдөгү столдун бурчунда калганы элестеп, жок экенине көзүм жетери менен акылым чачыла түштү. Өнөкөт болгон унутчаактыкка кыжырым келет. Эмне десем?

– Унутуп калыптырсызбы?

Башымды ийкеп сизди карасам, унчукпай муңайым тиктедиңиз, анан иштеген жериңизди айтып:

– Унутпайсызбы? – дедиңиз жароокер күлүмсүрөп.

– Жок, унутпайм...

Ишеничтүү эмес акырын унчугам.

– Шоола!.. Келесиң го деп ишенем...

Заматта жылмаюу жоголуп олуттуу, серт боло түшкөн жүз менен, кадимки токтоолуктан ажырап тез-тез айтылган ушул сөздөр эске түшкөн сайын, таң калтырып жана жүрөктү тызылдата көңүлдө сакталып калды.

...Кошо иштешкен адамдарыңыз бир сааттан кийин келет дешкенинен үйгө келе жаттым. Жолдон курбуларым Чынар менен Мария жолугуп калды. Менин эмне жумуш менен көптөн бери көрүшө элек курбум Чынар адаттагы сөздөрдөн баштады:

– Оо, ал абдан сулуу жигит бекен. Сени убара кылгандыгына таң калууга болбойт. Канткен менен үйлөнө элек да. Тааныш кыздары деле аз эмес болуш керек эле. Жеткилең тарбия алган жана акылы бар жигит болгондуктан өзүндөгү бардык мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланат. Үйлөнүүгө шашылбастан, кыздарды байкаштырып жүрсө керек. Бирок анын өтө узун тизмесине кокустан сенин да түшүп калганың абдан кызык болор эле. Бүгүн сен бошсуң го деп издеп келдим, Мария экзаменге даярданып жатыптыр. Сен «сүйүү» менен илээшип жүргөн жоксуңбу?

– Жок, – деп тез жооп берип, Марияга бурулдум,– менин зачёткамды сен алып калчы, силерге эртең анын экзамени болот. Жакшылап даярдан, киногобу?... Кеттик!

Зачётканы берип жатканда оордуктан кутулгандай сезгим келсе да, жүрөгүм тызылдап ачышып турду.

... Кайрадан үйдө жалгызмын. Күзгүдөн өзүмдү тиктейм. Чарчаган көздөр жансыз кадалат. Жанагы жылт деп жоголгон оор санаа эми даана көрүнүп, көздөрдүн тереңинде уюп турат. Тез эле күзгүлөр, көздөр, нерселер унутулуп, чубалжыган ойлордун тизмеги мени өзүнө сиңирип алат. Мен кыялдарда күтүп, өмүрүмө бурулуш жасайт деген күндөр байкалбай жакындап келип аз-аздан аралаша жашай баштаганын сабырдуулук менен байкайм. Буга чейинки күндөрүмдү, кичине кезимден берки жолдошторумду биринен сала бирин эске түшүрөм. Жолдошторумдун чыныгы жүрөктөн жасаган жакын, кылдат мамилелери кайрадан жүрөгүмдү жумшартат.

Курбуларымды чогултуп, алар мага өздөрү сезгенден алда канча кымбат экендиктерин айткым келет. Кантсе да... Сизди унута албайт көрүнөм. Канчалык алаксысам да айланып сизге такалам. Дагы бир жолу, жок дегенде бир гана жолу көрүп эле койгум келет. Эртең сиз экзаменден чыкканда бактардын далдаасынан карап турсамбы. Барган жокмун... Күндөр өтүп жатат. Унуткан да жокмун... Скверди аралап келе жатам. Ар дайым көңүлдөн кетпеген бир элес кайрадан көз алдымда... Кызмат бүтөр убакта ушуларга окшогон бактардын арасында турдум. Адамдар өтүп жатат. Көрүнбөйсүз. Күтүп турам... Адамдар сээлдей баштады. А сиз, келбей калгансыз го. Бактардын ичинен чыгып жол менен илкийм.

– Шоола!

Бүткүл оюмдун бырын-чырыны чыгып, заматка жансыз боло калып, анан жана бурула сизди чын эле көрүп турганыма ишене албайм. Кудурет!.. Жүзүңүздөн кубанычтын нурлары жанып, көзүңүз таалайга бата балбылдайт.

“Бакыт деген эмне?” – деген суроого жооп таба албай далай баш катырчумун. Мына...

Бакыттын ташкыны капыстан оргуштап, айлананы курчай баштады. Байкоосуз таалайдын селине тумчуга баштадык. Биринчи... Экинчи... Үчүнчү... Бакыттын кадамдары... Дирилдеп учуп келип ийниме жабышкан жалгыз жалбырак таттуу кыялдан селт ойготот. Башымды көтөрүп бир-бирине уланышкан сансыз көп жалбырактарды карайм. Салмактуу ыргалган жалбырактар негедир жыбыраган толкундарды элестетет.

Көзүмдө – жалбырак деңизи. Түрмөктөлгөн толкундарында менин туптунук, жапжашыл максаттарым. Сыртынан бейкут көрүнгөнү менен эңсөөлөргө, күтүүлөргө, күрөштөргө жык-жыйма толгон тынчы жок күндөрүм. Алардын ичинен капкара чачыңызды уюлгутуп, жаштыктын кумары ташыган көзүңүздөн жалын чача, жашоону дагы бийигирээк баалоого, турмушту дагы күчтүүрөк сүйүүгө чакырып сиз өтүп кеттиңиз.

Алардын ичинде жалбырттаган өрт жаштыкты кубана курмандык чала турган адамдык улуу карызым, адамдык ыйык милдетим, бүткүл өмүрдү сиңире турган эбегейсиз зор максаттар, бийик эңсөөлөр жаркырайт.

... Жапжашыл көрккө бөлөнө, күн нурундай тунуктукту тартуулап, сезимине жомоктогудай кооз кыялдарды бөпөлөп өстүргөн күндөр... Жүрөктү болоттой курчутуп, жаштыкты тулпардай таптап, турмуштун дүмөктүү бороондорун, каардуу ызгаарларын күттүргөн күндөр…

«Учкун» альманахы, 1977-жыл.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз