
Эртең менен турганда өзүңдү сергек сезип, ишке шымаланып киришүү үчүн атактуулардын акыл сөздөрүн унутпа!
- Ар бир аткан таң – керемет, уйкуң канбай калганы үчүн ал күнөөлүү эмес.
(Александра Черчень) - Кечкиге караганда адамга эртең менен туура ойлор келет.
(Сергей Лукьяненко) - Мага эртең менен туруп, каалаганыңды кайрадан баштоо мүмкүнчүлүгү жагат.
(Кристин Армстронг) - Эгерде ар бир таңда жакшы нерсе болот деген маанай менен ойгонсоң, ал сөзсүз аткарылат!
(Нина Добрев) - Аткан таң көйгөйлөр менен башталганы жакшы: алар менен күрөшүүгө бүтүндөй күн бар.
(Евгений Водолазкин) - Ар бир таң – жашоону кайра баштоо убактысы.
(Пауло Коэльо) - Эртең менен ойгонгондо, кайрадан жашоо мүмкүнчүлүгүн алгандыгыңды ойлон — дем алуу, ой жүгүртүү, ыракат алуу жана сүйүү.
(Марк Аврелий)
Бул сөздөрдү эртең менен өзүңүз үчүн кайталаңыз, сизди шыктандырып, бүтүндөй күнгө күч-кубат берет..
Жашоого шыктандырар санаттар
Эксперттердин пикиринде: ар бир адам жашоо тууралуу шыктандыруучу сөздөрдү эске алып, колдонушу керек.
- Эч качан өзүң каалаган адам болууга кеч эмес.
(Жорж Элиот) - Бүт дүйнө сага каршы туюлса, учак шамалга каршы учарын унутпа.
(Генри Форд) - Жашооң канчалык караңгы болбосун, көзүңдү ачып, мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө аракет кыл. Алар ар дайым бар экенин көрөсүң.
(Ник Вуйчич) - Канча жай жүрсөң да, токтобой жүргөнүң маанилүү.
(Конфуций) - Катачылыктар — бул жашоонун тыныш белгилери, аларсыз текст сыяктуу эле, жашоонун да мааниси болбойт.
(Харуки Мураками) - Эгер өзүңдө бар нерсеге көңүл бурсаң, ар дайым көбүрөк аласың. Эгер өзүңдө жок нерсени ойлосоң, сага эч качан жетпейт.
(Опра Уинфри) - Жашоо бир жолу берилет, берилген мүмкүнчүлүктү толук пайдалан.
(Ричард Брэнсон)
- Жашоо маанисин издегенче, андан өзүң табар пайданы ойлон.
(Фаина Раневская) - Жашоону карма, бирок муунтпа. Кээде эс ал, анын өз агымы менен өтүшүнө мүмкүнчүлүк берип, кээде андан алдыга чык.
(Рэй Брэдбери) - Жашоо — жагдайлардын эмес, өз чечимдериңдин натыйжасы.
(Стивен Кови)
Аялзатын шыктандырар санаттар
Эксперттердин пикиринде: аялзат үчүн төмөнкү атактуу адамдардын сөздөрү пайдалуу:
- Аялзат өзүнүн чыныгы маңызын табуу үчүн жалгыздык керек.
(Энн Морроу Линдберг) - Үй-бүлөнү кантип башкарууну түшүнгөн ар бир аял, өлкөнү кантип башкарууну түшүнүүгө эң жакын.
(Маргарет Тэтчер) - Аялзат сулуулугу кийимде, келбетте же чачында эмес. Моймолжуган көздөрүндө. Көз — жүрөктүн дарбазасы, ал жерде сүйүү жашайт.
(Одри Хепберн) - Коркуудан арылса, аялдар кесиптик ийгиликке, жеке жашоодо бакытка жетет, бирин же экинчисин, же экөөнү тең тандоо эркиндигине ээ.
(Шерил Сэндберг) - Максат – кемчиликсиз болууда эмес, бүтүндүктө.
(Жейн Фонда) - Эмоция көрсөткөнүң үчүн эч качан кечирим сураба. Бул сенин боорукерлигиң жана аны көрсөтүүдөн коркпостугуңдун белгиси болсун.
(Бриджит Николь) - Эгер өзүңдү сүйбөсөң, сени эч ким сүйбөйт.
(Алла Пугачева) - Башкалардын мактоосун издебеген аял — дүйнөдөгү эң коркунучтуу адам.
(Махадева Нажуми)
Команда үчүн шыктандырар санаттар
Эксперттердин пикиринде: кызматкерлерди ишке шыктандыруу үчүн Жюльетт Биноштун сөздөрү абдан ылайыктуу: «Кесипкөйлүктүн күчү жана кадыр-баркы — бул айланаңда сага эч ким ишенбей калганда да, өзүңө ишенүүнү улантуу».
Команда үчүн төмөнкү атактуулардын айткандары дем-шыгыңды арттырат:
- Жалгыздан аракеттенсек, ийгилик аз; көптүккө салсак, тоо томкоробуз.
(Хелен Адамс Келлер) - Чыгармачыл энергия эч түгөнбөйт. Аны канчалык колдонсоң, ошончолук арбыйт.
(Майя Анжелу) - Өз-өзүнчө – тамчыбыз. Бирге болсок – океанбыз.
(Рюноске Саторо) - Акылың же стратегияң канчалык гениалдуу болбосун, эгер жалгыз ойносоң, команда менен ойногондорго ар дайым уттурасың.
(Рид Хоффман) - Биригүү — бул башталыш, бирге болуу — прогресс, бирге иштөө — ийгилик.
(Генри Форд) - Эгер өзүңдү шыктандырар иш менен алектенсең, сага түрткү керек эмес. Миссия сени жетектейт.
(Стив Жобс) - Мыкты командалык иш — бул карьерабызды аныктаган чоң жетишкендикти жаратуунун жалгыз жолу.
(Пэт Райли) - Талант – оюндарды утат, командалык иш жана интеллект – чемпионаттарды утат.
(Майкл Жордан) - Ийгиликтин баасы — тынымсыз эмгек, ишке берилгендик, чечкиндүүлүк, биз утсак да, уттурсак да, коюлган максатты аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.
(Винс Ломбарди) - Эгер өзүң аракет кылбасаң, ийгиликке жетпейсиң, көңүлүң чөгөт. Бирок аракет кылбасаң, сен сөзсүз ийгиликке жетпейсиң.
(Беверли Силлс)
Булак: https://www.nur.kz/leisure/books/1780181-vdohnovlausie-citaty-na-kazdyj-den/
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.