Сенека Луций Анней: Байлык жана абийирсиздик

  • 19.02.2025
  • 1389

ЭПИГРАММАЛАР

Биз айланабыздан көрүп турган нерсенин бардыгын соргок убакыт соруп жок кылат. Бардыгы чаңга айланат, жашоо кыска. Аккан суулар соолуйт, жээктери тартылып деңиздер тайыздайт, аскалалар урап, тоо чокулары жешилет. Майда нерселерди айтканда эмне? Асмандан түшкөн кооз көлөкөнү, дүрт этип жанган асмандын өз оту күйгүзүп жок кылат. Ажал баарын жалмайт, анткени өлүм – жаза эмес, ал мыйзам. Мөөнөтү келгенде – бул дүйнө түбөлүккө жок болот.

ЭҢ МЫКТЫ ДОСУМА

Крисп, сен менин күч-кубатымсың жана түпсүз туңгуюктан сактоочумсуң, Крисп сен чоң аянттын көркүсүң, сен Крисп, бийлигиңди адамга жардам кылуу үчүн гана көрсөтөсүң, сен чөгүп баратканымда бут коёр жээгимсиң. Сен менин көрөр көзүм, коркунучтарда таянар таянычымсың, кайгыга баткан жанымды сооротор жалгыз өзүңсүң. Крисп, сен эң жакшы ишенимимсиң жана сүйкүмдүү, жалындаган кайратымсың. Жүрөгүң дайыма Креоптун балына толгон. Кызыл тилдүү чоң атага, атага даңк! Ким болбосун сенден кол үзсө, куугунтукта жүргөн кишинин кебетесин киет: Ырайымсыз жердин коюнунда аскага жапшыра бастырылып жатсам да, жүрөгүм менин сени менен жана аны андан сууруп сала албайсың.

ЖУПУНУ ЖАШОО ЖӨНҮНДӨ

“Падышанын достугунан кач”, – сен кыска сөзүңдө ушинтип үйрөтүпсүң. Арийне, бул чоң бактысыздык ушу менен эле бүтпөйт. Өзүнүн бүтүндөй шаңдуулугу менен айырмаланган улуу достуктан качкандан тышкары, көбүртүп-жабыртып макталган шаан-шөкөттөн четте бол! Сен уу-дуу болуп катуу макталган кубаттуу өкүмдарлардан эле эмес, түп тамырынан бери атак-даңктын үстүндө келе жаткан белгилүү үй-бүлөлөрдөн да кач. Аларды алыстан сыйлап, жел кайыгыңды кооптуу жайдан башка багытка бур. Ийгилик талаасында өз теңиңди тап. Ар дайым эсиңе түйүп жүр: көчкү бийик жерден ылдый жүрөт! Майда неменин жанында улуу нерсенин болушу кооптуу: тынч турса үстүңдөн басат, куласа өзү менен туңгуюкка ала кетет.

АТА МЕКЕНГЕ ӨЗҮМ ЖӨНҮНДӨ

Кордуба, бүгүн чачтарыңды жазып коё бер, аза көйнөгүңдү кий, салтты сыйлап, боздоп ыйла, арбагымды ыраазы кыл. Алыскы Кордуба, өз ырчыңды бүгүн жокто, башка күндө эмес, дүйнөдөгү эки жоо жолугушуп, согуштун каары тийген кезде эмес, бүгүн катуу кайгыр. Сен кош кайгынын азабын тарттың, экөө тең сени кыйноого салды, сага экөө бирдей, Цезарь дагы, Помпей дагы душмандарың эле. Ошондо үч жүз өлүм тартуулаган бир түн эмес, башка бир түн, сенин акыркы түнүңдө; сенин дубалдарыңды жалданама өлтүргүч бузган лузитан түнү эмес, сенин дарбазаңа душмандын кылычы тийгенде, сенин даңкыңды чыгаруучу каарман атуулуң көп азаптын кучагында калды. Бүгүн, Кордуба, чачыңды жазып коё бер! Бирок мен сага ыраазымын, жаратылыш сени алыска, океанга жакын жайгаштырыптыр, – алыста азыраак кыйноо тартасың.

ЖУПУНУ ЖАШООНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Көп эмес жер аянтым, бир аз болсо да таза кирешем бар, бирок ошол эле мага чексиз түйшүк алып келет. Менин эрким коркууну билбей, бейпилчиликти гана жактырат. Ал бекерчиликти ээрчиген жаман жоруктардан коркпойт. Мейли, башкалар өздөрүн курулай жыргалчылыктарын согуш менен калың креслодон таба беришсин. Мен кошоматчылыктан чыккан сый-урмат издебейм. Эл арасында өмүрүм өткөнчө өз күнүмдү өзүм көрүп жүрө берем.

БАЙЛЫК ЖАНА АБИЙИРСИЗДИК ЖӨНҮНДӨ

Жок, сиз бакыт деп жаңылыш эсептеген ушуга окшогон жашоодо бактысыздык бирөө эле: ал манжаларыңды жаркылдаган асыл таштарга суктанганың же жаткан керебетиңди таш баканын кебетеси менен кооздотуп алганың, көчүгүңө жумшак мамык салып, кызыл менен капталган диванда жамбаштап жатып, алтын аяктан шарап шимиргениң, падышаныкындай үстөл бетине чогултса бир кампага батпаган Ливия талаасынан алдырып келген түркүн тамак-аш, мөмөлөр менен толтуруп койдуруп алганың. Бирок эл оозунда такай болуп, алдыңан жолуккан кыйынчылыктардан коркпогонуң, мылтыгыңды ийинден алып каарданбаганың – бакыт. Ушундай адамга гана ийгилик жылмаят.

СҮЙҮҮНҮН БАШТАЛЫШЫ ЖАНА БҮТҮШҮ ЖӨНҮНДӨ

Кимдин аракети менен назик сезимдер үзүлүп жатат билбейм. Бул чоң күнөөнү мойнума ала албайм. Кайгы каптап кирип, тызылдаткан ийнесин матырып күч-кубатымды кетирди, тагдырым ушундайбы же кудайдын буйругубу? Кудайга бекер акаарат кылган болбостур? Чындыкты билгиң келеби, Делия? Мени сага сүйүү тартуулады, сен үчүн мени сүйүү өч кучагына тартып алды.

ДОСУМДУН ӨЛҮМҮ ЖӨНҮНДӨ

Крисп досумдан түбөлүккө ажырадым. Эгер аны алып калыш үчүн бералсам, керек десе мага бөлүнгөн астыдагы өмүрүмдүн эң жакшы жылдары менен бөлүшмөкмүн. Крисп, менин таянар таянычым, жөлөнөр таягым, бакытымдын конор жайы эле. Мындан ары мени кубанта алар эч ким болбойт. Алдымда кунарсыз күндөр калды: өзүмдүн жарымымдан түбөлүккө айрылдым!

ГРЕЦИЯ УРАНДЫЛАРЫНДА

Греция, сен көп жылдык согуштун кесепетинен талкаландың, эми өйдө көтөрүлгөнгө ал-күчүң жок. Даңкың калды, бактың өлдү, күлүң сапырылды, бирок сенин көрүстөнүң да биз үчүн ыйык. Улуу держава жок болду. Бечара, сенин атың гана калды!

КУЛАКТЫН ЧУУЛДООСУ ЖӨНҮНДӨ

Кулагым, эмне мынча чуулдайсың? Мени азыр ким эстеп жатканынан кабарың бар экенин билбейм? “Сен ким деп сурап жатасыңбы? Кулагың түнү менен чуулдап, кабар берүүдө: сени менен ушинтип Делия сүйлөшүп жатат”. Делия чынында мени менен сүйлөшүп жаткансыды. Делия өзүнүн акырын чыккан назик үнү менен кээде ушинтип сырдуу түндүн тынчтыгын бузганды жакшы көрчү. Эки колу менен мойнуман ороло кучактап, купуя сырын көнүп калган тааныш кулакка шыбырачу. Мен тааный албай турдум: кулагымдын чуулдагынын арасынан анын таттуу үнү угулгансыйт. Тынбай сызылып агылган назик үн токтобосо экен деп тилейм. Жалынып тиленем, аттиң арман... ал басылып калды. Түбөлүккө...

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз