Абийрбек Абыкаев: Бир тал чачың буйругу жок коробойт

  • 27.11.2024
  • 330

*     *     *

Отурганда күн чубактап дөңсөөдө,
Көп жыл жашап, ак чач болгон карыя,
Жолоочулар салтты сактап, нарк сактап,
Салам айтып түшүп калды жанына.

– Күүлүү-күчтүү турасызбы, аксакал,
Мал-жан аман, балдар эсен турабы?
Ар жагында токсон жаштын эмне бар,
Айтып отур, биз да кабар угалы.

– Ээ, балдарым, карылыгың курусун,
Жер тарыды, жол кыскарды, азайды эл.
Жаш кезиңде талбай иштеп, эл таанып.
Жер кыдырып, арманы жок жашай бер.

– Аксакал ай, чечмелечи кебиңди,
Эмнегедир калдык окшойт түшүнбөй.
– Аа, балдарым, өмүр октой тез учат,
Балалыгым кечээ көргөн түшүмдөй.

Жер тарыды, жол кыскарды дегеним,
Үйдөн чыкпайм, алыс барбайм, алым жок.
Кыймылдабай ушул жерде отурам,
Курсант болуп болгонуна карын ток.

Тактап айтсам эл азайды дегеним,
Тели-теңтуш бирге жүрчү суюлуп.
Сыйлашаарга, сырдашаарга курбу жок,
Бук боломун, ой-санаага куюгуп.

Ээ, балдарым, кары көрсөң кайрылып,
Салам берип, ал жай сурап өткүлө.
Эртең эле аман болсоң, карылык,
Буттан тушап, аркандаарын сезгиле.

  *     *     *

Тарытпасын пейилди байлык, мансап,
Оо, жараткан көр кылба көзүбүздү.
Колубузда ашыкча талкан болсо,
Кожоюндай сезебиз өзүбүздү.

Байлык деген байкатпай байлап алып,
Акыл-эсти азгырып алмайы бар.
Байкабасаң бир паста кулга айлантып,
Ач көз жанга айлантып салмайы бар.

Досуңду жарты нанды бөлүп жеген,
Көргөзүп көчөдөгү кайырчыдай.
Байлыгың бүт эркиңди ээлеп алат,
Сулуудай толукшуган аппак чырай.

Оо кудай ошондуктан байлык берсең,
Байлыкты башкарууга акыл бергин.
Пейилиң тарый берсе байлык өсүп,
Бүт Кумтөрдү ээлесең да жакыр дегин.

 *     *     *

Кылдымбы деп жакшы иш бүгүн мен,
деп сурасаң күндө өзүңдөн.
Жооп таппай калсаң тайсалдап,
Күнүң ошол, бекер кетирген.

Жасабасаң дагы жакшы ишти,
Жаман иштен алыс болгонуң.
Жакшы ишиңдин балким биридир,
Жаман ишке бөгөт койгонуң.

  *     *     *

Жылыткычтар иштеп сайылган,
Коюу түтүн чыкпайт айылдан.
Калдыркандай тоңгон шейшептер,
Жума мурун жуулуп жайылган.

Кайдадыр бир кеткен өмүрдөй,
Чана тепкен балдар көрүнбөй.
Баштагыдай эмес кары-жаш,
Баштагыдай күлкү төгүлбөй.

*     *     *

Беш манжаңды салба ашына бирөөнүн,
Жетет балам, жалап койсоң бармагың.
Көргөн жокмун, ажал башка келгенде,
Жыйган дүйнөң арачылап калганын.

Ыйман деген бай жашаган айылда,
Төрт түлүгү тетир карай жайылган.
Бал тартуулап бирөө келсе бир чанач,
“Чымын богун жебеймин” деп кайырган.

Малын алып, өзүн тартып кулакка,
Совет чыгып, бүт тагдыры өзгөргөн.
Балды чанып манчыркаган ал байдын
Суур этин жеп жан бакканын көп көргөм.

Алтын башың аман болсо көрөрсүң,
Турмуш чиркин миң бир түскө кубулат.
Барда, жокто бирдей бол деп атамдын
Айткан сөзү кулагыма угулат.

*     *     *

Байлык, мансап, узак жашоо тилеген,
Көп сөз угам ага-тууган, досумдан.
Байкап көрсөм ажыратат бул үчөө,
Бирге жүргөн тели-теңтуш, досуңдан.

Байлыкты ээрчип жүзүн бурду нечен дос,
Мансапты ээрчип нечен досум кол үздү.
Узак жашоо улам бирден азайтып,
Ажыратат досторуңдан көрүшчү.

*     *     *

Жаңы үйлөнүп, эзилишкен эки жаш,
Мындай чечим кабыл алып алышты:
«Бир ай бою киргизбейли эч кимди,
Мейли жакын, мейли бизге алыспы».

Биринчи күн, эшик түрс-түрс кагылат,
Ата-энеси келишиптир жигиттин.
Сүйгөнүнө келин эшик ачтырбайт:
«Сөзгө турбас эмне деген жигитсиң».

Экинчи күн, бүгүн эшик алдында,
Ата-энеси, кыздын келген кезеги.
Ыйлап жатып ачтырыптыр эшикти,
Кыз кааласа, жигити алыс кетеби...

Жылдар өтөт, жети уулу төрөлөт,
Жетиден соң, кызды кудай берди деп,
Атакеси сүйүнгөндөн төгөт жаш,
Эшик ачаар кызым бүгүн келди деп.

Икаянын мааниси ушул аңдасаң;
Кыз кайрымдуу, кыз боорукер, күйүмдүү.
Уулуң жанда кол-бут болуп жүрсө да,
Кызыңа көп арнайсың мээр-сүйүүңдү.

*     *     *

Ыгы болот ар нерсенин байкасаң,
Ыгын тапсаң оңой бүтөт жумушуң.
Ыгын билбей кыйнабагын өзүңдү,
Ыгын алсаң жеңил болот турмушуң.

Атам айтчу бул акылын кайталап,
Аттиң арман таназарга илбепмин.
Аз жашоодо ыксыз ишти көп жасап,
Арбын ката кетиргеним билбепмин.

*     *     *

Кудай таала жаратканын карачы,
Кокус эгер ооруп калса баласы,
Энекеси сууруп бермек жүрөгүн,
Болсо ошондо оорусунун дабасы.

Айыкпаган оору келип жандаса,
Ажал келип кимди алам деп тандаса,
Атакеси салып бермек ойлонбой,
Арачалап алганга жол калбаса.

Бала деген уландысы өмүрдүн,
Атаң-энең – күйгөн күлү көмүрдүн.
Алга дайым жылышы үчүн жашоонун
Мыйзамы ушул жараткандын, Теңирдин. 

Барбы, жокпу, кичинеби айлыгы,
Балдар экен ата-эненин байлыгы.
Бар өмүрүн арнайт экен ата-эне,
Балдар билбей жашаса деп кайгыны.

Жолун тапса, теңин тапса балдарың,
Жолдуу болуп, жоктур ичте арманың.
Кепке келтик, сөзгө сөлтүк болбостон,
Көп ичинде артык болор салмагың.

*     *     *

Отурсаң, турсаң кокуйлап,
Муундар ооруп шалдырап,
Жей албай сүйгөн тамакты,
Бооруңдан коркуп жалдырап.

Баштагыдай көрө албай,
Көздөрүң турса тунарып.
Каңырыш укса кулагың,
Кайра айтчы деп суранып.

Өргө бассаң күйүксөң,
Долонго чыккан немедей.
Акылың айтсаң балдарга,
Угулуп калса жемедей.

Барган жерде төргө өтсөң,
Жамбаш болсо алганың.
Баягы кайран жаштык жок,
Калжайып карып калганың.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз