Азис Несин: Тагдырыңа ыраазы бол

  • 15.11.2024
  • 2535

Анын батир издеп жүргөнүнө бир жарым айдын жүзү болду... Үй ээси:

– Жүз отуз лирага эки бөлмөдө жашагыңыз келеби? Кереметтүү каалоо! Болгондо да менин үйүмдө! Чатыры марсель плиткасы, ваннанын полу мрамор, эшиги майлуу боёк менен сырдалган. Люкс!.. Ушундай үйдөн бир бөлмө жүз отуз лирага берилсе, керек болбосо да өзүм ижарага алмакмын деп ойлойм...

– Бирок мен бул бөлмөдө жыйырма жылдан бери жашап келе жатпаймынбы, – деп жооп берди Шүкрү-бей өз сөзүнөн уялгансып. – Өз үйүмдөй эле карап келатам. Өзүмдүкүнөн да жакшы десем болот. Жакында гана дубалдарды оңдоп, тепкичтерди жасап, бардык тосмолорун алмаштырдым.

Бирок кожоюн анын сөзүн кулак сыртынан кетирип, өз оюнда калды. Шүкрү-бей кожоюн ижара акысын көтөрүү үчүн аларды кууп чыккысы келгенин түшүндү. Бирок Шүкрү-бей эң көп дегенде дагы жыйырма лира ашык төлөй алмак.

– Айына жүз элүү лира берип турайын, — деп сунуштады ал.

– Аның тамекиме да жетпейт, – деп күлдү үй ээси. – Бул сумма жадакалса баламдын чөнтөк чыгымдарын жаппайт.

Шүкрү-бей ичинен санай баштады. Тамекини таштаса, айына дагы он беш лира үнөмдөйт экен.

– Сиз туура айтасыз, – деди ал кожоюнга, – биздин бөлмө албетте, жүз элүү лирадан кымбат. Менде деле уят бар. Мейли, жүз алтымыш беш лира. Болсо андан деле көп бермекмин, ишенип коюңуз андан көп акчам жок...

– Төлөй албайсыңбы – жакшы үйгө жолобо. Жылкыңа карап ышкыр, алыңа карап иш кыл, – деп кожоюн өз оюнан кайткан жок. – Бөлмөнү бошот.

Шүкрү-бей кайрадан ойлонуп көрдү: эгер жумушуна жөө барып келсе дагы жыйырма лираны үнөмдөсө болот.

– Болуптур, жүз сексен беш лира болсун, – деди ал үй ээсине.

– Сен эмне мени шылдыңдап жатасыңбы? – мыйыгынан күлдү тиги. – Биздин кошунанын үйүн билесиңби? Бөлмөлөрү кичинекей, залы тар, ошого канча төлөйт билесиңби? Үч жүз элүү лира! Үч жүздөн бир лира да кемите албайм. Андан көрө бош турганы жакшы. Жок дегенде эч ким мээңди жебейт.

Айына үч жүз лираны Шүкрү-бей төлөй алмак эмес: андан башка чыгымдарга болгону айлыгынан сексен лира гана калмак. Ал акчага төрт оозду кантип тоюндурасың. Кожоюн сотко арыз берди. Ал бөлмөдө өзү жашагысы келгенин айтып, ишти утуп алды.

Мына эми, аргасы түгөнгөн Шүкрү-бей эртеден кечке кар, балчык кечип, батир табалбай бир айдан бери темселеп жүрөт. Кыш да жакындап калды. Күн сайын кыдырып, ылайыктуу батир табылбай таманы тешилди. А ортомчуларга берип канча акча кортотконун айтпай эле кой!

Бир жолу кечке маал ал таманынан өткөн суук мээсине жетип, үшүп-тоңуп, сууланган кийими этине жабышып көчөдө келаткан. Кар аралаш жамгыр жаап турду. Бут кийиминдеги суу баскан сайын шалпылдайт...

“Эх, – деп үшкүрүндү өзүнөн-өзү, – арыз-муңуң менен бөлүшөр бир адам жок! Ичимдеги арманымды айтып алсам, жок дегенде угуп, боор оорушса, жеңилдей түшөр белем”.

Аңгыча күтүлбөгөн жерден Шүкрү-бей эски досу Зекяй-бей келатканын көрө койду. Алар бири-бирин эзелтен билет. Көрүшпөгөндөрүнө көп болгон. Балким, ал батир табууга жардам бергиси бардыр? Жардамы тийбесе, жок дегенде арманын айтып, бугун чыгарып алат...

– О-о! Салам алейкум, Шүкрү-бей.

– Алейкум салам, кымбаттуу Зекяи. Кандайсың?

– Сурабай эле койгонуң жакшы. А өзүң кандай?

– Баары жакшы, – деди Шүкрү-бей кыйналганы сездирбей. Кебетесине караганда Шүкрү-бейдин досу деле жыргап кеткендей эмес. Зекяи-бей суроо узатты:

– Эмне кылып жүрөсүң, каякка баратасың?

Шүкрү-бей көптөн бери чогулган бугун чыгара баштады:

– Эх, бир тууганым, азаптуу күнгө туш болдум! Мына, бир айдан бери батир издеп табалбай куурап бүттүм. Мурдакы кожоюнум үйдөн чык деп жатат. Бүгүн да эч нерсе табалбадым. Шаарда барбаган үйүм, кыдырбаган көчөм калбады. Бүткөн боюм суу болду. Үшүгөнүмдү айт. Кудайдын кудурети менен гана жыгылбай турам...

Башына түшкөн азапты айта баштаганда Шүкрү-бей токтоно албай ичине толгон муңун төгүп жибергиси келип жарыла баштаган эле. Бирок Зекяи анын сөзүн бөлдү:

– Тагдырыңа ыраазы бол, Шүкрү-бей. Сен менин ордумда болгондо кантмексиң? А сен ушул заманда үй салуу деген эмне экенин билесиңби? Чыныгы бактысыздык мына ушул. Ылайыктуу жер таап, аны сатып алуу – азаптын азабы. Кыйналсак да керектүү жер участогун таптык. Аны сатып алганга эле токсон миң лира кетти...

Шүкрү бей:

– Уксаң, кымбаттуу Зекяи, кожоюн бизди үйүнөн кууп чыгып атат. Сот да анын пайдасына чечти...

Зекяи-бей:

– Жер сатып алгандан кийин кайдан-жайдан бир шүмшүк келип жериңди сат, жүз элүү миң, жок, эки жүз миң лира берем деп жабышса болобу? Сатпайм деп ачык эле айтсам да жабышкандарын сураба. Мына ушундай азап жашоо Шүкрү-бей, ылайым эле мындайды Кудайым бербесин! Сен жер алып, үй салбаганыңа шүгүр кыл.

– Мына ушундай, тууганым! Үйдүн кожоюнуна үстүнө кошуп, көбүрөк төлөйүн десем да болбоду... баччагар!…

– Эх, көйгөйүм сеникиндей болгондо эмне! Сен үлүшүңө тийген тагдырыңа миң мертебе ыраазы бол. Мына меникин айт, үйдү эки кабат салмай болдук. Ушул заманда архитекторлор, усталар менен иштешүү кандай азап, билесиңби?! Муну башынан өткөзкөн гана адам түшүнөт: кандай убара тартканымды бир сөз менен айталбайм. Мен ар бир кабатта үч бөлмө анан зал болсо дегем. Ушундай бир чакан, керемет үй... Кандай гана азапты көрбөдүм, Шүкрү-бей, азабым али бүтө элек!

– Кымбаттуу Закяи, абалыңды түшүндүм, айла канча, сабыр кыл… Мен бул батирге көп каражат короттум. Жакында туалеттин дубалы кулап калып, аны оңдогом. Андан мурда уктоочу бөлмөнү оңдоп, ага он беш лира жумшагам. Эми тиги уяты жок көчөгө кубалап...

– Кууп чыкса, кууп чыккандыр, баары бир Аллага шүгүр де. Кандай күн болгондо да баары бир меникинен жакшы... Энем мындай деди: үй салам деп чыгынып, ушунча акча короткон соң, биротоло үч кабат сал үйдү, көзгө көрүнөрлүк... Долбоорду өзгөрткөнгө дагы кырк миң лира кетти. Шүкрү-бей. Сен аны түшүнбөйсүң! Ач кадырын ток билбейт.

– Түшүнүп жатам сени, Зекяи-бей.... Менин абалымды уксаң, ушунчалык үшүдүм, демим кысылып, калчылдай баштадым.

– Мунун баары тыйынга татыбайт, бүгүн үшүсөң, эртең жылынасың... Эң жаманы көмүскө базарды айланып өтө албайсың. Кудай бар го, терезе айнегин алыш үчүн эле эки миң лира кетти. Ал аз келгенсип каалгаларды айнектеш керек. Бөлмөлөрдүн ортолорун да айнек менен бөлдүрдүм. Эми түшүндүңбү, мага караганда сенин көйгөйүң түккө татыбасын. Кудайга ыраазы болуп жашай бер. Үй салам десең, ошондо чыныгы бактысыздык эмне экенин билесиң. Капыстан аялым ушунча болду, ар бир кабатка дагы экиден бөлмө кошпойсуңбу, квартирант киргизип турабыз деген сунушун айтып калды. Ойлоп көрсөм, аныкы да туура. Эмне үчүн болбосун? Кайрадан долбоорду оңдой баштадык... Азап! Азыр сага айтсам, өзү эле бүтө калгансып жатпайбы.

– Кантип түшүнбөй коёюн! Көп азап тартыпсыңар! А мен Аксарай жактан бир батир тапкам. Бири чоң, экинчиси кичирек эки бөлмө. Бирок жумушка барып келгенге алыс болуп калчудай. Айла канча, мейли деп жашай бермекмин! Эртерек чыксам ишиме жетишмекмин. Акчасы да анча кымбат эмес. Бирок иттики, алты айдыкын дароо төлөп бер деп жатышпайбы... Шорум арылбаган жан экенмин.

– Эх, Шүкрү-бей, ошону сен бактысыздык дейсиңби? Жанатан бери сага түшүндүрө албадым. Темир издесең темир табылбай, цемент издесең цемент жок, чайкоочулар торуна илинсең, чыныгы бактысыздыкты түшүнмөксүң... Кандай азаптарды баштан өткөзбөдүм! Сен баары бир түшүнбөйсүң, үй салып көргөн жоксуң да...

– Билбейм, кымбаттуум, билбейм... Бирок Зекяи-бей, ушундай кырчылдаган кышта үй-бүлөм менен көчөдө калуу мага оңой дейсиңби...

– Тагдырыңа ыраазы бол, тууганым.

– Кожоюн эки күндөн кийин бизди кууп чыгат...

– Баары бир сен бактылуусуң, наалыбай Аллага шүгүр де! Мени аягына чейин уксаң: үч кабат үйдүн дубалын көтөрүп бүтүп, чатырын жабайын десем кайын энем мындай деп калды: “Болор иш болду, Зекяи, биротоло дагы эки кабат кош. Балдарың чоңоюп келатат, алар эмгегиңди кылымдар бою эскерип турушат”. Анан баары кайрадан башталды: усталар менен сүйлөшүүлөр, муниципалитет менен документтерди тууралоо... Сенде мындай көйгөйдүн бири да жок да, чынбы?..

– Бул айтканың чын, Зекяи-бей, менде андай көйгөй жок.

– Кудайга шүгүр де!

– Шүгүр кылып эле жатам, бирок мындан ары не кылышты билбейм... Анча-мынча оокаттар бар… ошолор болбосо мейманканада жашасак деле болмок…

– Чынын айтсам, үй салгыча мейманкананын тар бөлмөсүндө жашаган түзүк. Кудай кесир сүйлөсөм кечире көр...

– Туура айтасың…

– Тагдырыңа ыраазы бол!

– Мен ыраазымын, Кудайга шүгүр! Балким чындап эле ашык оокаттарды сатсамбы? Бирок керек болгон учурда… Кийин ала албай калбаймынбы?! Анын үстүнө аябай арзан кетет...

– Сатып жибер!

– Сатса сатам. Сатам…

– Ошентип беш кабат үй бүтө жаздап калган... Кандай кыйналганымды бир Кудай өзү билет... Бир күнү бир тууган агам келип калды. Дагы бир кабат кош, азыр элдин баары ушундай кылып жатат. Ашык бөлмөлөрүн батирге берип, акчасын санап жата бер деген кеңеш айтты. Бирок муну ишке ашырыш оңой болгон жок. Биздин убакта бир кабат үй салыштын өзү эле азаптын азабы! Тигини алып кел... муну таап кел деп, туптуура он миң лира учуп кетти. Сен бактылуусуң, сенин бул тууралуу оюң да жок. Анан да болбогон нерсеге кайгырасың. Эгер мен сенин ордуңда болгондо күнү-түнү Аллага ыраазычылыгымды айтмакмын.

– Айтканыңда кажет жок, Зекяи. Бирок Балдарымды кышында кантип көчөдө калтырам? Мага алты айга төлөп бергидей акча карыз берип тур, же баш калкалачу бир бурч болсо да таап бер. Кудай акы, жакшылык кыл!

– Ой кудайы ай! Болуп кыйналгача ач-жылаңач болгон артык! Үй салуу деген эмне! Тозоктун тозогу! Эч нерсе менен ишиң жок жыргап жүрүп эле күндөрдүн биринде балээнин баарын өзүң башыңа үйүп аласың. Жер алгандан тышкары үй салганга алты жүз миңден ашык кетти. Көргөн азабымды айтпай эле кой!

– Ой, ой... ой…

– Ишенип кой, сен кудайга тобо кылсаң болот.

– Кудайга шүгүр!.. Мен эч бир капа болбойм дечи. Болгону балдарым менен кышында көчөдө жашай турган болдум көрүнөт.

– Оо Кудайым, кудайдын каарына калба. Андан көрө айткандарымды угуп, эсиңе түй. Мына эми бүттүк деп жатканыбызда жаныбызды койбой үйүңдү сат дегендер көбөйдү. “Ой айланайындар, сатайын деген оюм жок, жайыма койгулачы!” дегенимди уккулары да жок. “Миллион беребиз” дешти. “Эки миллион берсеңер да сатпайм” дедим. Мындай турмушту душмандарма да каалабайм...

– Туугандарымдыкына кирип алганым да болбойт. Азыр үйүңө бирөөнү киргизип алчу заман эмес. Эмнесин айтайын, жинди болоюн деп калдым.

– Эй, досум, жинди болгон жакшыраак. Жок дегенде үй ээси көргөн азаптын бирин да көрбөйсүң. Сен айткан нерсенин баары бокко татыйбайт. Сен күнүгө беш маал дуба кылып, Аллага шүгүр кылышың керек. А менде эми дагы бир жаңы көйгөй кошулду – ижарачыларды табыш керек. Биздин убакта бул да оңой жумуш эмес.

– Сен менден да бактысыз экенсиң, кымбаттуу Зекяи...

– Сен эмне бактысызмын деп жүрдүң беле, бир тууганым? Жок андай эмес, тагдырыңа ыраазы бол!

– Аллага шүгүр! Миң мертебе. Өзүңдү да кудай колдосун, Зекяи-бей… Жакшы кал.

– Жакшы кал, Шүкрү-бей… Башыңа иш түшкөндө менин тагдырымды эстеп, Кудайга ыраазы бол, тобо кыл.

Шүкрү-бей үшкүрүнүп жолуна түштү. Үйдөн эти ысып, табы кете баштаганын сезди.

– Батир таптыңбы? – деп сурады аялы.

– Ах, Жараткан кудайым! Жаным, биз тагдырыбызга ыраазы болушубуз керек. Бизден да жаман тагдырга туш болгон адамдар бар экен. Үй салгандан кудай сактасын! Биздин заманда үй салуу кандай кыйын, сен билбейсиң. Биз баш калкалаар жерибиз жок болсо да, ошондой азапка салбаган тагдырыбызга миң алкыш айтып, Кудайга шүгүр кылалы...

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер“РухЭш”сайтынынишмердигитоктопкалбашынкааласаңыз,биздиколдооүчүнтөмөнкүбанктыкэсебибизгеөзкаалооңузгажарашаакчакотороаласыз...Мбанк+996700532585жанаОптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз