Василий Шукшин: Жердештер

  • 20.11.2024
  • 796

АҢГЕМЕ

Түнкүсүн жамгыр жаады. Алыстан күн күркүрөдү... Таң силкинип тура калды да туманга оронгон күндү айдап тургузду; жаш жалбырактын нымдуу бетинен күмүш тамчылар жерге кулап жатты. Кокту-колоттордо чөгүп жаткан туман аргасыздан ордунан көтөрүлдү.

Өлүм тууралуу ойлонуу – кары адамдын иши. Ушул учурда гана адамга Жашоонун бүткүл купуя сыры, эң укмуштуудай, түбөлүктүү сулуулугу ачылат. Кимдир бирөө адам өмүрүнүн акырында анын кызыгына батышын, ошондон кийин гана кетишин каалайт окшобойбу.

Кетип да жатышат. Чарчаган аттардын жылуу ооздуктарынын жай шылдыраган үнү сыяктуу кетип бараткан адамдын акырын чыккан кадамдарынын дабышы чыгат. Кыйынчылыктар менен жашаса да жашоо кандай кызык. Кеткиң келбейт!

Шүүдүрүм чөптү аралаган ак чач карыя барат, уюна чөп чаап берейин деп. Ал бараткан жер Кучугуры аталчу. Бул тоо этегиндеги адырлуу, аябай чоң өрөөн. Алдыдагы дөбөдөн өрөөн алаканга салгандай көрүнөт. Өрөөндү үч тарабынан калдайган тоолор курчайт. Кенен жашыл аймак. Бул жерде илгертеден эле анын чабындысы бар.

Калың өскөн чөп аттын курсагына жетет, ылдыйда — өзөн, ал жактан салкын, ным жыттанган жел согот. Өзөндүн ортосунда жердин төшүн жарып чыгып, шылдырап агып чыккан мөлтүр кашка тунук булак. Суусунун муздактыгын айт, даамдуусун айт! Ал жерде отура бергиң келет; ойго батасың, эмнегедир кайдан-жайдан келген кайгыны сезесиң, жалгызсырайсың. Албетте, сенин бар же жогуңа кайдигер эмес адамдар бар. Бирок… бул эмне? Өзүң түшүнбөйсүң: бул айтып бүткүс сулуулук эмне үчүн берилген? Ага кандай мамиле кылуу керек?.. Ойлоп көрсөң өкүнүчтүү: шашып жүрүп, эки жагыңды караганга үлгүрбөй кете бересиң. Өзүңдү аяйсың. Таң алдындагы тынч, назик бир нерсе жан дүйнөңө кирип алгандай сезилет; ал сезимге кубанып, аны жоготуп алгың келбейт, бирок болбой эле ар кандай ойлор алаксытат, кубанууну унутасың.

Күн бийиктей баштады. Туман көтөрүлүп, тарап кетти. Жер бууланып, күн нурун жерге тийгизбей өзү менен кошо өйдө алып кеткенсийт. Кайыңдын жалбырактары шүүдүрүмгө жуунуп, жаштыгына мактангандай күн нуруна чагылышып, наздана жаркырайт. Таңдын мемиреген тынчтыгын көзгө урунбаган чымчыктардын сайраганы гана бузат. Барган сайын аба жылыйт. Жылуулук кыр ылдый алигиче шүүдүрүмдөн арыла элек нымдуу өрөөнгө агылат; жерден чыккан кубаттуу жашыл жыт каңылжарды жарчудай буруксуйт.

Карыя ылдамдай басты. Бирок кадамы аяр, күчүн аяп шилтейт. Каруусу кете баштаган, алына жараша кыймылдабаса болбойт. Бул жол менен ал канча өтпөдү дейсиң, өмүр бою ушул жол менен өтүп, ар бир бурулушун, ар бир ой-чуңкурун жатка билет. Минген атын кыйнабай тизгинин кай жерден тартып, кай жерден коё беришти да билчү, а азыр аты жок. Сураган киши болсо өмүрүндө кандай ат мингенин, качан, канча ат мингенин, минген аттарынын ар биринин кыял-жоруктарын санап бералмак, аларды эстегенде жан-дүйнөсү сыздап, жүрөгү кысылат. Айрыкча, акыркы минген атын эстегенде. Аны саткан да жок, айырбаштаган да эмес, цыгандарга да уурдатпаган, ал өз колунда өлгөн.

Бул окуя отуз үчүнчү жылы болду. Карыя (анда күчүнө толуп турган жаш адам –Анисим Квасов эле, аны Анисимка деп чакырышчу) колхоздо корукчу болуп иштеген. Ошол жылы катуу ачарчылык болду. Аккууну жешти, чалкан кайнатышты, эгин бастырылып бүткөн кырмандан шыпырып алган буудайдын чары менен жан багышты. Жаңы түшүмдү күтүп жүрүштү; жайдан аман-эсен чыгуу керек эле. А азырынча бардыгын жан сактатып жаткан уйлар: ошолордун сүтү менен ачкадан шишип-көпкөн балдарды эптеп багып жатышкан.

Бир жолу, анда да ушундай чөп чабыктын убагы, уйларды жайытка айдап жеткиче ачарчылык айынан дарманынан тайып, эптеп басып жүргөн айылдын алы жок, тырбыйган арык уйчусу жыгылып, эс учун жоготуп коёт. Анын канча жатканын бир кудай эле билбесе, ким билсин – өзү айтканына караганда биртоп убакыт жатса керек. Ал антип жатканда уйлар бедеге каптайт... Кечинде уйларды кеч айдап келет, алдынан көрүнгөн адамдарга күчү жетишинче кыйкырыт: “Уйлар бедеге кирди, тез арада чара көрүш керек!”

Анан ызы-чуу башталды! Катындар бакырып-өкүрүп, ыйлап жүрүштү, эрлери колуна тийген камчы, шапалак, союлдар менен уйларды көчө аралатып кубалашты. Капыстан келген кырсыктан айыл онтоп турду. Ичи көпкөн уйлар четинен дардайып жыгылып, кубалап жүргөн адамдар да суй жыгылышты.

Анисимдин аты бар эле (Анисим корукчу болуп дайындалганда колхоз ага мурдакы өзүнүн Мишка деген атын берген); Анан ал болуп жаткан окуяны көргөндө тынч жатмак беле, атына минип түнү бою уйларды кубалап жүрдү. Таңга жуук Мишка коркурап барып тизелеп жыгылды. Анисим канча аракет кылса да Мишка ошол бойдон турган жок. Ошондо ал көздөрү шишигиче ыйлаган... Анан атайын зыян келтирдиң деп күнөөлөшүп, бир жарым ай райондо камакта олтурду. Кудайга шүгүр, кийин бошотушту.

Мына, акыры карыя чабындысына жетти: ал булак агып чыккан өзөн үстүндө, жолдун капталындагы эңкейиш тилкени биртоп жылдан бери ээлейт. Күн алакан бою көтөрүлүп кетиптир: бир аз кечигип калды.

Туздалган бадыраң менен нандан бираз шам-шум этти да, чалгысын кайрап, шарт чаап жөнөдү. Чөп чапкандан ыракаттуу иш барбы. Анын үстүнө карыя жалгыз чапканды жакшы көрчү. Керээлдин кечке эмнени гана ойлобойсуң!

Чалгы катый элек чөптү жапырып жөнөдү; чөп бир силкинип алып, сол-сол кулайт. Үч кадамдай жерден жылан баш көтөрдү... ийкемдүү, адамдын тулку боюн жыйрылткан кара чаар денесин жалтылдатып чөптүн арасына кирип, көз ирмемде караанын суутту.

Кайрадан эсине бир окуяны салды бул: жигит кезинде ат жүрүшү менен келаткан. Капыстан алдында жаткан жыланды байкадыбы же көрдүбү, айтор, ат жалт берип үркүп жолдон чыкты. Мындайды күтпөгөн Анисим аттан учуп түштү. Болгондо да жыландын үстүнө жамбашы менен! Ошондон кийин бир жума бою ичи өтүп жүргөн.

Эс тутуму кайдагы бир алыста калган жашоосунан жүрөккө жакын нерселерди тынч жаткан көлдүн туруп калган киргилт суусунун алдынан кээде тунук булак атырылып чыккандай, четинен сууруп чыга берди. Мына жыланды эле алалычы... Ал кезде айылда Куделька аттуу карыя бар эле. Ал балдарга ар бир өлтүргөн жылан үчүн – кырк күнөөңөр кечирилет. А эгер жыланды отко таштасаңар, боорундагы жайнаган буттарын көрөсүңөр дечү. Аны уккан балдар жөн турабы, күнөөлөрүн тазалаш үчүн шымаланып киришишкен. Чынында эле жыландар отко түшүп секире баштаганда боорунан агарган көп нерсе жылт-жулт этип жок болуп кетер эле. Балдар: “Тигине! Көрдүңөрбү!? — деп кыйкырышчу. Баардыгы жыландын буттарын көрүшчү.

Шүүдүрүм тез эле кургады, чак түшкө чейин карыя токтобой чапты. Акырындап күн куйкалап, тимеле башыңа ысык токоч байлап койгондой.

– Кудайга шүгүр! – кобурап койду карыя сол-сол жайылып жаткан чөпкө көз жүгүртүп: бир топ жерди чаап салган экен. Көңүлү көтөрүлө түштү.

Чалгысын солдун үстүнө таштап, өгүнү чабындысын көргөнү келгенде жасап кеткен чөп алачыкты көздөй басты. Эми шашпай олтуруп, ала келген тамагын жейт. Алачык кургаган чөптүн буруксуган булоо жыты. Төбөдө майда чиркейлер ызылдап, ысыкка кактанып мемиреген тынчтыкты чарчап-чаалыгууну билбей бир калыпта чырылдашкан чегирткелер үнү менен чайыттай ачык көпкөк асманда көзгө көрүнүп-көрүнбөй учкан күмүш канат торгойлордун кубулжуган үндөрү гана бузуп жатты.

“Мына, жыргал! Оо кудайым, кандай гана керемет!..” Адам өзүн ушундай жакшы сезген жакшы учурлар өтө сейрек. Биз көбүнчө жаман абалда калганда: “Кимдир бирөө кайсы бир жерде жыргап жүрөт” – деп ойлойбуз. А өзүбүз жыргап жатсак: “Кимдир бирөөлөргө бул учурда жаман болсо керек” – деп ойлоп да койбойбуз. Өзүбүзгө жакшы болсо болду.

Карыя жерге таза жуулган бир бүктөм дасмалын жайып, баштыгынын оозун чечип, туздалган бадыраң, нан, сууга бышырылган картөшкө койду... Анан булакка барды: жана келгенде сууга салып койгон оозуна чүпүрөк тыгылган бөтөлкөдөгү сүттүн жанына чөгөлөп, бир колу менен булактын тайгак, жумшак жээгине таянып, бир топко башын көтөрбөй мөлтүр кашка суудан кылкылдатып жутту. Суунун дат баскансып саргайган түбүндө кубалашып чимирилип айланган агарган кумдун бүртүкчөлөрүнө көзү түштү.

“Тимеле тирүү сыяктуу” – деп ойлогон карыя ордунан кыйналып араң туруп, бөтөлкөнү алачыгын карай алып жөнөдү.

Ал булакка барып келгиче алачык жанындагы дүмүрдө таягына жөлөнүп, калпак кийген карыя тамеки чегип олтуруп калган экен.

– Саламатсызбы, – деп учурашты калпакчан карыя. – Бул жерде киши жүргөнүн көрүп, эс алайын деп олтура калдым. – Каршылыгың жокпу?

– Неге каршы болоюн? Ичке кирип олтур, кантсе да көлөкө эмеспи.

– Ооба, күн аябай ысыды. – Калпакчан карыя алачыкка кирип көчүк басты.

“Шым-көйнөгү таза – шаардан келгенсийт” – деп ойлоду Анисим.

– Тамакка кара, – деди ал.

– Ыракмат, тамактанып алгам. – Калпакчан карыя Анисимди баштан аяк сыдыра карады сынап. Анисим мындай көз караштан кысылып, бүрүшө түшкөнсүдү.

– Чөп чаап жүрөсүңбү?

– Ооба. А сен бул жердик эмес көрүнөсүң?

– Жок, ушул жердикмин.

Анисим конокту бир карап алып, унчуккан жок.

– Эмне, окшобой жатамбы?

– Эмне үчүн? Адамдар ар кандай эмеспи.

Анисим бадыраңды чайнап отуруп, коноктун көзү кадалып калганын сезе койду: тигил дасмалдагы айылдыктардын жупуну ашына сугу түшкөнсүп карап отурган экен. “Жегиси келсе керек”.

– Кел, жакын олтур, – ал дагы бир жолу дасмалга чакырды.

– Өзүң же. Кечке чейин иштейсиң, сага күч топтош керек.

– Коркпо, бул экөөбүзгө кенен жетет!

Шаардык калпагын алып, четке койду. Чачы түшкөн кашка башын сылап, жакын жылып бадыраң менен бир сындырым нанды колуна алды.

– Гезитиң жокпу? – деп сурады Анисим.

– Аны эмне кыласың? – таңгалды мейман.

Алдыңа салып албасаң шымың көк чөпкө булганат. Жаңы шым тура.

– Аа... аны шайтан алсын. Ах, чиркин... бадыраңдын даамын айт?

– Эмне дейсиң?

– Чайнап эле олтургуң келет!

– Бул жердикмин дедиңби... кайсы айылдан?

– Ушул тегеректеги эле бир айылдан...

Анын бул жердикмин дегенине Анисим ишенген жок, дегеле кебете-кешпири коошпойт.

– Азыр бул жерде жашабайм. Түпкү тегим ушул жактан.

– Меймандап келдиңби?

– Туулуп өскөн жерди көрөйүн дедим... Өлөр мезгил жакын. А өзүң кайсы айылдансың?

— Лебяжье. Бул жол түптүз менин айылыма алып барат…

— Байбичең менен турасыңбы?

— Ооба.

— Балдарың барбы?

— Бар. Үчөө. Дагы экөө согушта каза болду.

— А үч балаң кайда? Шаардабы?

— Бирөө шаарда, Колька. А кыздарым күйөөгө тийишкен… Бири Чебурлакта, күйөөсү колхоздо бригадир, экинчиси — алыста... – Анын эри орус эместигин айткан жок. — Нинка жазында келип кеткен… Балдары чоңоюп калды.

— А Колька кайсы шаарда?

— Ал шаардык болгону менен шаарда жашайт деп да айталбайсың, иши ошондой тынчы жок, дайыма ой-ташты кыдырып темир издеп жүрүшөт.

— А үй-жайы кайсы шаарда?

— Ленинградда. Кат жазып, акча жиберип турат… Турмуш-жай жакшы. Ал дагы келип кеткиси келип, убактысын келтиралбай жүрөт ко. Оңой менен ишинен бошобойт экен. Буюрса, бир күнү келер.

Шаардык карыя сүттөн бир аз ууртап, жүз аарчысын алып оозун сүртүп койду.

— Ыракмат. Тойдум.

— Эч нерсе эмес.

— Кайра чаба баштайсыңбы?

— Бир аз күтөм. Салкын түшсүн.

— Колька кайсы жылкы? — деп сурады конок кайрадан.

— Жыйырманчы.

Анисим «Бул эмне эле кечке такып сурайт?» деп ойлоп, конокту карады. Тигил кандайдыр бир чөгүңкү маанайда эле, кайгылуу жылмайып койду.

— Мына ушундай дечи, жердеш.

«Кызык адам экен, карылыгынан улам ар-кайсыны сүйлөп калган экен» — деп койду Анисим ичинен.

— Ден-соолугуң кандай?

— Кудайга шүгүр… Башымдын эле ооруганы болбосо жакшымын. Биздин айылдыктардын жарымынан көбүнүн башы ооруйт, ал тургай жаштар да башым деп калышат.

— Туугандарың барбы? Ага-инилериң, эже-карындаштарың…

— Жок, жалгыз калганыма көп болду…

— Өлүштү беле?

— Эжелерим өлүшкөн, агам согушка кеткен боюнча дайынсыз.

— Өлүптүрбү?

— Согуштан эмне үчүн келбей калышчу эле?

Шаардык тамекисин күйгүздү. Шакектенип чыккан көк түтүн сыртка чубалып, алачыктын жашгылт көлөкөлүү ичинде даана көрүнсө, сырттагы тунук абага чыгар замат ага сиңип, көзгө илешпей жок болот. Ырп эткен жел жок аба дымып турду. Чегирткелер тынымсыз чырылдап, бадалдарда көлөкөлөгөн канаттуулар чыйпылдашып, көктө үрпөк баштуу чеберлер көөдөнүнөн чыккан бүткүс ырларын жердин жылуу төшүнө төгүп жатышты.

Алачык босогосуна жакын өскөн солкулдак куурайга жабышкан айлангөчөк өжөрлөнүп, эч коркууну билбей улам өйдөлөп жылып барат... Карыялар аны карап калышты. Айлангөчөк куурай башына жетип, канаттарын ачып бир аз күүлөндү да, куурайдын башын билинер-билинбес кыймылдатып учуп кетти.

– Мына ушундай, өмүр да аяктап калды, – деди шаардык үнүн акырын чыгарып.

Анисим селт эте түштү: бул сөз ага аябагандай тааныш угулду. Сөздүн өзү эмес, анын айтылышы... Атасы кээде ойго батканда дал ушинтип бир эсе жашоонун аздыгына өкүнгөндөй, бир эсе анын тез эле өтүп кеткенине таңгалгандай маанайда айтчу эле. Аягында жумшак гана “Ой, энеңди...” деп улап койчу.

– Өткөн өмүрүңө кайгырбайсыңбы, жердеш?

– Кайгырасыңбы, кайгырбайсыңбы – айырмасы кайсы?

– Өмүрдү артка кайрыш үчүн адамга жардам берер бир нерсе барбы?

– Бир жериң ооруйбу?

– Жандүйнөм. Бир аз. Өкүнөм... жашоодон кызыгым тарай элек, алигиче ага тоё элекмин. Мындайча айтканда даяр эмесмин.

– Хэ... Жашоого тоймок белең? Кимдин эле өлгүсү келсин.

– Өзүнө кол салгандар жок дейсиңби...

– Алар оорулуу адамдар. Сыртынан карасаң кадимкидей эле жүрүшкөнсүйт, а ички дүйнөлөрү жансыз. Эчакта эле өлгөн.

– Ойлоп-ойлоп оюмдун аягына чыга албайм... Түшүнөм, бул жашоодо мен кылар иш деле калбагансыйт. – Шаардык бир саамга унчукпай калды. – Бүгүнкүдөй жай олтурган күндөр аз болгону өкүндүрөт, болбогон нерселердин артынан кубалап чуркап жүрдүм. Бирок орун бошотуш керек! Ушундайбы?

– Бошотуш керек. Хэ!.. Бошотуш керек.

– Колумдан келсе эки жүз жыл бою унутуп, тынчымды албай турган жер таап, кетип калмакмын! – Карыя өз сөзүнө маашыр болуп күлүп койду. Анын күлкүсүндө кайрадан кулакка өтө жакын, тааныш бир нерсе угулду.

– Эч нерсе өзгөрүлбөй ушул боюнча калса. Буга кандай дейсиң?

– Тажатып жибермек болуш керек.

– Мен эч качан тажамак эмесмин!

– А сен келе элек ажалыңды ойлоп өзүңдү кыйнаба. А келем десе, акыры келер болгондон кийин келе берсин... Канчага чейин ооруйсуң – ким билет! Кээде бир жумага жетпей өлүп калгандар бар.

– Ошондой дейсиңби?

– Мына сен алды жакты карап жатасың, а мен арт жагымды кылчактап карай берем.

– Өткөндөрдү эстейсиңби?

– Ооба.

– Бул жакшы да.

– Жакшысы жакшы дечи, бирок жандүйнөңө бүлүк түшөт. Анын эмне кереги бар?

– Жок, эскерип турган жакшы. Эмнелерди эстейсиң? Балалыгыңдыбы?

– Ооба, көбүнчө балалык кез эске түшөт. – Агам бар эле, Гринька аябагандай шок эле. Анисим аны эстегенде жылмайып койду. Кайдан-жайдан бир нерселерди ойлоп тапканга маш эле!.. Согушта да адатынча баарынын алдында жүрсө керек...

– Кандай жоруктары бар эле? – деп кызыкты шаардык карыя. – Айтып берчи...

– Хэ!.. – Анисим башын чайкап көпкө чейин унчуккан жок. – Амалкөй болчу... Бир жолу бизди кошунабыз Егор Чалышев огородуна кирген жерибизден кармап алып сабап койду. Албетте, күнөөбүз үчүн: дарбыздар жакшы быша элек эле, биздин жегенибизден жарып салганыбыз көп болду. Түнүчүндө бышкан бышпаганын кантип тандамак элек, жарып жеп көрөбүз, быша элек болсо аны таштап кийикисин жарабыз. Ойда келтире сабады. Ал аз келгенсип атамдан да таяк жедик. Гринька өч алмакчы болду. Эмне ойлоп тапты дебейсиңби, ошол күнү чочко союп жатышкан, анын табарсыгын алып күлгө оонатты... Аны кантип үйлөшөт билесиңби?  

– Билем.

– Табарсыкты кургатып, үйлөдү да, ага түрү суук желмогуздун башын тартты, – Анисим жылмайып койду. – Тигил мындай желмогуздун башын кайдан көрдү дейсиң?.. Кеч киргенче күтүп, алар уктап жатканда аны каалганын үстүнө байлап койдук. Егор эртең менен туруп эшикти ачып маңдайында желмогуз карап турганын көргөндө аз жерден шымын булгап ала жаздаган. Эшикти жаап үйгө кире качты, “Жардамга! Менин кире беришимде шайтан жүрөт!” деп кыйкырганын көрүп боорубуз эзилгиче күлгөн элек.

Шаардык карыя каткырып, көзүнө жаш чыкканча күлдү...

– Жүрөгүн түшүргөн экенсиңер да... Ха-Ха!

– Ошондон кийин Гриньканы “Кире бериштеги Шайтан” деп чакырышчу болгон.

– Дагы бир жолу, биз ал кезде чоңоюп калганбыз. Анда да чөп чабыкта элек… Миколай Рогодин — куу, сугалак киши эле, дайыма башкалардын мүлкүнө көз артып турчу. Кечинде мындай деп калды: «Гринька, бир атка мин, мейли, менин атымды деле мине бер, айылга барып, тоок уурдап кел. Тоок этин жегим келип жатат». Гринька көп ойлонбой атка минип, айылга жөнөдү. Көп өтпөй баштары жулунган беш тоокту алып жетип келди. Баарыбыз кубандык. Дароо бышырдык… Курсак тойгуча жедик. Миколай жеп жатып мактап калды: «Азаматсың, Гринька!» Гринька болсо ага: «Жеңиз, Миколай байке! Өзүңүздүкүндөй эле жей бериңиз».

Эки карыя чын жүрөктөн күлүштү. Шаардык тамекисин күйгүздү.

– Анан Егордун сөгүнгөнүн айтпа!.. Андан башка эмне кыла алат – өзү жиберген.

– Ошондой дечи... Шаардык көзүн аачып, ойлонуп калды.

Ар ким өз ою менен алек болуп бир топко чейин унчукпай калышты, алачык сыртында жашоо барган сайын кызып, өзүнүн күн нуруна бөлөнгөн кол жеткис, өзгөчө сулуулугун арттырып барат.

— Болуптур, баштайын… — деди Анисим. — Бир аз салкындады окшойт.

— Дагы эле ысык ко…

— Эчтеке эмес.

— Сөзсүз уй багыш керекпи?

— Ансыз болобу?

Анисим чалгыны алып кайрады… Чабылган чөпкө көз жүгүрттү, түшкө чейин жакшы эле шыпырып салган экен. А шаардык карыя аны карап турду... Көпкө чейин... Карегинде кайгынын изи бар эле.

– Мейли, кеттим, – деди Анисим кайрадан.

– Жакшы анда, – деди шаардык карыя, – кош бол.

Дагы бир жолу Анисимден көзүн албай карады да, унчукпай колун бекем кысып, тоо тараптагы жолду карай жөнөп кетти. Жолго жетип, артына бурулуп дагы бир жолу карады, бир аз токтоду. Анан бурулушка кирип карааны көрүнбөй калды.

Карыя кеч киргенче чапты. Анан үйүнө жөнөдү.

Үйдө кемпири аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан экен.

– Биздикине бир киши келди.. деди ал, карыя босогодо пайда болор замат. — Узун автонобилде. Сени сурады. Абышкаңыз кайда? – дейт.

Анисим босогого отуруп, түйүнчөгүн жерге таштады...

— Калпакчан бекен? Карып калган кишиби...

—Калпакчан... Кастюм кийген. Мугалимге окшогон.

Карыя көпкө чейин унчукпай жер тиктеп, бут алдын карап турду... Эми гана жанагы таңгалыштуу окшоштук эсине түштү. Ал эми эстеди! Бирок... Мындай болушу мүмкүнбү?!

– Ал Гринка эмеспи? Сен эч нерсе байкаган жоксуңбу?

– Акылыңан айныган жоксуңбу, абышка. Ал эмне аркы дүйнөдөн келди дейсиңби?

Жандүйнөңдөгү ар кандай божомолдор жөнүндө аялың менен сүйлөшпөй эле койгонуң оң. Ал баары бир түшүнбөйт. Ага, акылы жок келесоого жаш кезинде, эң эле келжиреген сөздөрдү уялбай айта бер – ишенет. Карыган кезинде кокусунан келген эң сонун ойлоруңду айтсаң, кайра өзүңдү келесоо кылат.

– Ал кетип калдыбы?

– Кетти. Түшкү тамактан кийин кеткен...

"Чын эле Гринка болушу мүмкүнбү? Чын эле ошолбу?"

Карыя түнү бою уктаган жок. Ары оонап, бери оонап ойлонуп чыкты. Эртең менен жөн эле окшош адам деп чечти. Канчалаган адамдар окшош экенин эч качан билбейсиң! Эгер ал болсо, эмнеге ачык айтпай атын жашырды. Ал жаш кезинде эле кызыктай бала эле...

Бир жумадан кийин чал-кемпирге телеграмма келди:

“Квасов Анисим Степановичке. Сиздин агаңыз Григорий Степанович он экисинде каза болду. Кабар берип койгула деп өтүнгөн. Квасовдордун үй-бүлөсү”

Агасы экен. Гринька.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз