
(Табылды Мукановдун «Жан дүйнө» китебине)
Биз коомдук өнүгүштүн жаңы баскычында, эң бир кызык мезгилинде жашап жатабыз. Алыс менен жуукта аткарган жана аткара турган иштерибиз так таразага салынып, анын айкын жолу белгиленип жатат.
Кайра куруу, жаңыча ой жүгүртүү өңдүү улуу түшүнүктөр турмушубузга өктөм аралашып, алгачкы түшүмүн бере баштады. Мен анын бир кичинекей мисалы катары Табылды Мукановдун «Жан дүйнө» аттуу ыр жыйнагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлүшүн айтар элем. Анткени биз, белгилүү сынчы К.Даутов китепке жазган баш сөзүндө таамай белгилегендей, мындан беш-алты жыл мурда эле «кыргыз поэзиясына кандай акын, кай жол менен, кантип кирип келатканын көрүп туруп, жакшылап көралбай, түшүнүп туруп, жакшылап түшүнө албай» калган учурубуз өтө эле көп болгон жана андан азыр деле арылып кете элекпиз.
Ошол адабий коомчулук тарабынан «окулбай» калган акындардын бири маркум Табылды Муканов эле. Бирок ал чыныгы художниктерче жашап өттү, «мени көрбөй атат, укпай атат» деген сыяктуу док урунуулардан оолак болду. Ырдын убайын көрүш үчүн бирөөлөрдүн колтугуна кирип, шымаланган шылуундук кылбады. Болгону өзүнө өзү ыраазы болбой, тытынып изденип, аздыр-көптүр бирдеме таап, эртеңкилерге сунуш кылып кетүү аракетинде болду. Көзү өткөндөн кийин жарык көргөн «Жан дүйнө жыйнагы мунун айкын далили. Туура сөз, Т.Муканов «бергенинен бере элеги көп, бүгүнкүсүнөн келечеги чоң» (К.Даутов) акын болчу. «Жан дүйнө» да ошону айттырат. «Жан дүйнөнүн» жаштар үчүн ошондой сабагы бар!
Мына карайлы, акын кайрылган темалар ар кыл, албан түс. Көркөм каражаттарга, күтүүсүз салыштырууларга, таамай образдарга бай. Анын «заңгыраган имараттай» кенен жүрөгүнөн бирде
«Өмүр үчүн,
Күн үчүн, кирпик какпай күнү-түн,
жүрөгүнө калкан кылып үмүтүн» чекте турган жоокерлер жаңырык тапса, бирде «кирген буурадай буртулдатып шилекейин» күжүлдөгөн толкундар, а бирде «мотураңдап жолдордо, ойноп жүргөн мөндүрлөр», а бирде «кырман толо арпалар, кырман толо буудайлар» жаңырык табат. А тургай ошол акындык жүрөк уюктары бузулуп, ар кай жерде тентиреп жүргөн кумурскаларга да: «Мен уюкмун, келчи» деп, сыздап турат. Ооба, акындын Делбиреген сезимтал, сергек жан дүйнөсүнөн бу жарыктагы бир дагы кубулуш кур калбагандай: жамгыр да, шамал да, толкун да...
Эң негизгиси алардан алда канча зор күч менен буркан-шаркан түшкөн адамдын жан-дүйнөсү, кубанычы, кайгысы. Кайгы демекчи, ал Т.Мукановдун калеминен кандай гана жеңил өтөт. А тескеринче, кубаныч ушунчалык терең, кудум түбөлүккө заңгырап орноп калчудай болот. Акындын издегени да, тапканы да ошол, бул дүйнөнүн күлкүсү менен күйүтүнөн адамдарга ийненин көзүндөй болсо да кубаныч тартуулоо. А бул адабияттын, искусствонун эле эмес, аз жашап, көптү калтырып кеткен жана кете турган адамзааданын да озуйпасы го?!
Жыйнактагы «Сүйүү метафоралары», «Ыр түшүмү жөнүндө», «Табигат, турмуш обончум», «Мүнөздөмө». «Бир шактагы алмалар», «Сагыныч кайрыктары», «Эрдиктер» ж. б. у. с. көптөгөн дараметтүү ырлар, менимче эстетикалык табити сергек, дүйнөлүк көркөм адабият менен тааныш, талабы күч окурмандардын бирин да кайдыгер калтырбайт ко деп ойлойм.
Оорубай жүрүү эрдик,
Оорудан айыгуу эрдик!
Өлөрдү күн мурунтан туюп жүрүп,
Өлбөстөй жашап жүрүү... каруу-эрдик...
Акынды ар дайым башкалардан аттын кашкасындай айырмалап турган касиет, изденгичтик, жаңычылдык, уйкаштыктардан баштап, айтайын дегендерине чейин башкача айтуу, болгондо да эч кыйналып-кысылбай көкүрөктөгүсүн төгүп берүү, чачып берүү.
Мурдагы ыр жыйнактарына салыштырмалуу бул китебинде элден өзгөчөлөнгөн сөз издөө кумарынан бошонуп, окурманды кадыресе ойго сала турган салмактуу ыр жаратууга белсенип киришкендиги байкалып турат. Ооба, акын жамгырдай төгө турган баралга келип, чыгармачылык күч-кубатын андан албан максаттарга жумшай турган кезинде дүйнө менен кош-мур айтышты. Арийне, асыл эли айта жүрө турган, ырдай жүрө турган бирин-экин ырлары калды. Мунун өзү эле билгенге чоң иш.
Менин бекем ишенимимде, акындын бизге калтырган «Жан дүйнө» ыр жыйнагы кийинки жылдардагы жаштар поэзиясында эки табылга болсо бирөө, бирөө болсо жалгыз. А адабиятта табылга деген чачылып жатпайт, аны көрүнгөн эле калем ээси таап бере албайт.
«Кыргызстан маданияты» гезити, 1987-жыл.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.