
Жакшы адамдар эрте өлөт дешет. А башкача айтса болобу: жаш өлгөндөр гана жаманатка кабылбайт.
Жонатан Тригелл
Жаштыкты убагында кур кетирбей пайдалан. Тажатма таржымакалдарды угууга алтындай убактыңды коротпо. Оңдолгус ишти оңдоого аракет кылба. Замандын жалган идея, жалган чакырыктарын ээрчибей, өз өмүрүңдү наадан, түркөйлүккө түрткөн арзыбас адамдарга коротпо! Ичиңде катылган керемет жашоо менен жаша. Эч нерсени өткөрүп жибербестен, ар дайым жаңы сезимдердин толкунун изде! Эч нерседен коркпо!
♦ ♦ ♦
Жаштык – жападан жалгыз аярлачу байлык... Ким аны кастарлай алса, өмүрдүн паашасы.
♦ ♦ ♦
Анын себепсиз жылмаяр жөнү бар, анткени жаштыктын өзү турган турпаты менен шайыр-шатман мүнөздүү.
Оскар Уайльд
Жаштардын дээрлик ар биринин кетирген катасы окшош – «жүрөк» аттуу балекетке өтө эле көп көңүл бурушат. Жеткен адилетсиздик ушунда. А боор байкуш денебиздин эң жөнөкөй, олуттуу, мээнетчил кызматкери, бирок боорго жаштар кайдан кулак салсын?! А боор байкуш "пивону шыңгытып иче бербе, иче бербе!" деп какшанса да, ага көңүл бурбайсыңар. А жүрөк саал солк этип койсо эле бүттү; кыз-жигит жетелешип жөнөгөнгө даяр.
Марта Кетро
Жаштык өзү менен өзү алек, айланага анча үңүлбөйт. Керсейген, менменсинген курагы кайсы – 17-20 жаш. Жашоону да, өзүн да аңдай элек кези. Өмүр, өлүм, пендечилик эмне – түшүнбөйт. Ошондо да баарын кынтыксыз көрүп-билип тургандай, атүгүл анча-мынчадан көңүлү сууган кербези.
Зинаида Гиппиус
Окуганды токтоткон адам 20 жаштабы, 80 жаштабы – картая берет, окууну улаган адам гана жаштыгын сактайт. Жашоонун эң маанилүүсү – мээни жаш бойдон сактоо.
Генри Форд
Жыйырма жашыңа жакын кезде дайыма жагымдуу көрүнгөн акмакчылыктар көңүл көтөрөт.
Макс Олин
Бакыт – карылыкты тоотпойт. Сулуулукту көрө билген адам карыбайт. (Жаштык гана бактылуу, анткени ал сулуулукту көрө алат. Бул жөндөм жоголгон сайын – бөкчөйгөн үмүтсүз карылык моюнга минген бактысыздык башталат.)
Франц Кафка
Аттиң-ай, жашоо дайым ушундай: жаштыктын дайымкы маңбаш оорусу – "ким болгум келет?" Жашоодо өздөрү эч нерсе билелек он сегиз жашта ушуга чалынышат!
Дуглас Коупленд
Жаштардын сүйүүсү көөдөндө эмес, көздө.
Уильям Шекспир
Жаштыктын рецепти – ар бир кичинекей нерседен ыракат ал, ар бир акмакка нерв коротпо...
Автору белгисиз
Кырктын кырынан ашкан соң жаш эмессиң, бирок кайсы куракка келбейли, сын-сыпаттан тайбайлы.
Коко Шанель
Эх, шайтан алгырдыкы, жаштык-мастыктагы келесоолуктарыбызга ишенбей да кетем. Өлүп калбаганыбызга таңгалам.
Город Хищниц
Кайран, жаштар! Алгач балмуздак, кийин оокат-мүлк бөлүшмөй.
Касл (Castle)
– Мына ушундай, – деди ал кыз, – жашым он жетиде, соо эмесмин. Агатайымдын ырастоосунда, жаштыкты жиндилик коштоп жүрөт экен. Ал айтат: жашың канчада дешсе, он жетидемин дей бер, соо эмессиң дешет.
Рэй Брэдбери
Жаш кезде жашоо эми башталчудай көрүнөт, кийинки жума, кийинки ай, келерки жыл, каникулдан кийинки бир күнгө пландалган сыяктанып. Бир күнү карасаң эле баягы пландын бири жок ишке ашкан; күтүлбөгөн жерден жаштык эбак зуу койгонун түшүнөсүң!
Дуглас Коупленд
Солкулдаган жаш кезде кийин сен үчүн жашоодо сабак болуп калар оюңа келген сыноолордун баарын кыла бергениң оң. Жаш кезде желиңди чыгар, жиниңди как, антпесең кийин үй-бүлө күтөсүң, балдарың өсөт. А жаш кезде акылсыздыгыңдын баарын шаңдуу кече, ичкилик, ойлонбогон жүрүм-турум менен кагып жок кылбасаң, карганда кайдан балдарыңа сабырдуу, эстүү үлгү болосуң?
Стейс Крамер
Карылар жаштарды сүйүү жөнүндө эч нерсе билбейт деп ойлойт, а жаштар ойлойт: карылар баарын унуткан деп. Аныгын тиги да, бу да билбейт.
Айзек Азимов
Жаштардын күнөө кылган шашмалыгы – табигый.
Уильям Шекспир
Жаштардын бактысы эмнеде – келечек алдыда.
Николай Гоголь
Жаштар карылык эмне экенин билбеши мүмкүн. Бирок жаштык эмне экенин унутуп койгон улгайган адамдарды жек көрөм.
Жоан Роулинг
Кыргызчалаган О`Шакир
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.