Адамдарды сүйүү башкарса не болот?

  • 10.06.2025
  • 2436

Мугалим шакирттеринен сурады:

– Эмне үчүн адамдар урушканда үндөрүн катуу чыгарат?

– Алар өздөрүн жоготуп коюшса керек, – дешти шакирттери.

– Бирок адам жаныңда турса, эмнеге үнүңдү көтөрөсүң? – деди мугалим.

Шакирттери таңгалып, ийиндерин куушурушту. Бул алардын оюна да келген эмес. Ошондо мугалим:

– Адамдар урушуп, ортодогу нааразычылык күчөгөндө жүрөктөрү алыстайт. Жана алар менен бирге алардын рухтары да алыстайт. Бири-бирин угуш үчүн үндөрүн көтөрүш керек болот. Алардын таарынычы, ачуусу канчалык күчтүү болсо, ошончолук катуу кыйкырышат. Ал эми адамдар сүйүп калганда эмне болот? Үндөрүн чыгарбай, абдан акырын сүйлөшөт. Алардын жүрөктөрү абдан жакын, алардын ортосундагы аралык дээрлик жок. А адамдарды сүйүү башкарганда эмне болот? – деген мугалим жооп күтпөстөн насыйкатын улады: – Шыбырап сүйлөшүшөт. Кээде сөздүн да кереги жок, көздөрү баарын айтып турат. Унутпагыла, уруш-талаштар силерди бири-бириңерден алыстатат, ал эми бийик үн менен айтылган сөздөр бул аралыкты эселеп көбөйтөт. Ушуга кыянаттык кылбагыла, анткени араңардагы аралык ушунчалык чоңоюп, кайра артка жол таппай калар күн келет.

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз