Адамзаттын байыркы суроосу: тынчтык кайдан башталат? Адам баласы миңдеген жылдардан бери бир суроонун айланасында жашайт: "Мен киммин? Жашоомдун маңызы эмнеде? Тынчтыкты кайдан табам?"
Бул суроого эки ири руханий багыт ар түрдүү жооп берип келген: Дин — жогорку күчкө ишенүү аркылуу. Медитация — аң-сезимди түздөн-түз байкоо аркылуу жооп берет.
Экөө тең адамдын ички боштугун толтуруучу сапатка ээ. Бирок ыкмалары, таянычтары жана жоопкерчилик борбору эки башка.
Медитация деген эмне?
Медитация – бул догма эмес, ишеним системасы да эмес. Ал — аң-сезимди байкоо ыкмасы. Тарыхта медитациянын практикалык системалары көбүнчө Сиддхартха Гаутама тарабынан системалашкан, бирок анын тамыры андан да терең.
Медитациянын негизги принциптери: ойду байкоо, бирок ага кошулбоо. Эмоцияны таануу, бирок ага кул болбоо. Өзүн өзү аңдоо. Ички жоопкерчиликти толук моюнга алуу.
Медитация адамды реактивдүү абалдан аң-сезимдүү абалга өткөрөт; коркуудан байкоого алып келет; агрессияны түшүнүү жолуна салат.
Медитация кылган адам коомго кандай зыян келтириши мүмкүн? Чыныгы медитациянын практикасы – зомбулукка үндөбөйт; башка ишенимди четке какпайт; бийликке умтулбайт; идеология жаратпайт.
Ал ички тынчтыкка багытталган. Ички тынчтык коомго кооптуу боло албайт. Анткени медитациянын өзөгү — аң-сезимдүү болуу.
Диндин табияты
Дин – бул ишеним системасы. Ал – жогорку күчкө таянат; ыйык тексттерге негизделет; моралдык эрежелерди сунуштайт; жамааттык идентификация түзөт.
Диндин күчтүү жагы – коомду уюштурат; моралдык алкак берет; жалгыздыкты азайтат; үмүт жаратат, бирок адамдагы чектөөлөрдү жаратат?
Дин ички аңдоого эмес, ишенимге негизделгенде жана текстти сокур кабыл алганда; башка ишенимди душман катары көргөндө; өзүн “акыйкаттын ээси” деп эсептегенде; анын ичинде фанатизм пайда болот.
А фанатизм — бул аң-сезимдин жоктугу. Аныгында, коомго дин эмес, аң-сезимсиз ишеним кооптуу.
Эмне үчүн дин жолундагылар арасында кылмышка аралашуулар көп кездешет? Бул жерде абдан этият талдоо керек. Диний ишеним – адамды жакшы жолго да сала алат, адамды куралга да айланта алат. Себеби дин — жамааттык түзүм. Ал эми медитация — процесс. Жамааттык түзүм – идеологияга айланышы мүмкүн, а процесс — ар дайым жеке жоопкерчилик.
Кылмыш динден эмес, төмөнкү факторлордон чыгат: бийликке умтулуу, манипуляция, билимсиздик, ички коркуу. Эгер адам медитация кылбаса, өзүнүн караңгы тарабын байкабаса, ал кайсы ишенимде болбосун — агрессия жаратышы мүмкүн.
Медитация менен диндин терең айырмасы
Медитация – тажрыйбага негизделген ички байкоо. Догмасыз жеке жоопкерчилик. Өзүн таануу. А дин – ишенимге негизделген жамааттык система. Догмага ыктаган Кудайды таануу.
Бирок дин да, медитация да бирине бири карама-каршы эмес. Чынында эң гармониялуу адам: динди карманса да, медитация кылса да, ал ар дайым аң-сезимге ээ. Тек гана дин бул — багыт. Медитация — аңдоо.
Коом үчүн медитациянын практикалык пайдасы
Агрессия азаят. Үй-бүлөлүк конфликттер кыскарат. Жоопкерчилик жогорулайт. Эмоционалдык сабырдуулук өсөт. Коркуу азаят.
Жан дүйнөсү тынч адам: коомго коркунуч туудурбайт, башка адамды басынтпайт, зомбулукка муктаж болбойт.
Медитация — бул коомдук реформа эмес, жеке инсандык революция.
Эгер биз балдарды медитацияга үйрөтсөк, мектептерде аң-сезим сабагын киргизсек, агрессияны басуу эмес, түшүнүү ыкмасын берсек, балким кылмыштуулукту тизгиндейт элек...
Диний таалим менен кошо аң-сезим практикасы кошулса, адамзат балким башкача болмоктур.
Дин — сырткы тартипти түзөсө, медитация — ички тартипти түзөйт. Арийне, сырткы тартип узакка сакталбайт. А ички тынчтык – сырткы тынчтыкты өзү жаратат. Эгер коом чындап тынчтыкты кааласа, анда ал адамдын жан дүйнөсүнөн башталууга тийиш. Медитация — дал ошол ички башат.
Даярдаган Бек Тамырлан
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR