Бурулкан Карагулова: Селсаяк

  • 25.02.2026
  • 146

Ушу баланын жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөзү баары мага табышмак боло берди. Ушундай аттын кашкасындай таанымал, белгилүү адамдын баласы көчөдө жашап, көчөдө селсаяктап жүргөнү чыны менен эле кызык болду. Ал менин адабий ийримиме келет. Ийримди өзүм иштеген А.Токомбаев мемориалдык үй-музейинде ачкам.

(Аалы Токомбаев – Кыргыз эл акыны, Эмгектин баатыры...)

*     *     *

Ал бирикмеге анда-санда каттай баштады, ар дайым үстүндөгү эскилиги жеткен, сүзүлгөн боз костюму менен жүрөт. Жүдөө, бирок көздөрү жандуу, жандуу десең муңдуудай. Жашы 28де экен. Менден он жаш кичүү.

Колуна дайым бир алма ала келет. Кээде бир шоколад же пирожное. Жеңиз деп мага сунат. Бир күнү:

– Ай бала, бирикмеге катышсаң, такай келип жүр, болбосо такыр келбе? – дедим. Кружок бир жумада бир өтөт.

Ал калбай келе баштады.

– Кийинкиде паспортуңду ала кел, – десем, паспортун жоготуп алганын айтты.

Дагы бир сабакта:

– Ырды кыргызча жаз. Орусчага менин тишим өтпөйт. Эгер жалаң орусча жазсаң, анда орус кружогуна барсаң болот,– дедим.

Анан эле күндө жумушка келсем эртең менен жолумда күтүп турат. Адегенде сүйлөндүм, жолумда турба экинчи дедим. Макул деп алып эле эртеси иштен чыгып баратсам дарбазада күтүп турган болот. Бара-бара анын тосуп турганына көнүп деле калдым. Ал тургай келатып эле бактын арасын карай берчүмүн, каерде жашынып турат деп.

Ошол күндөрдүн биринде дердеңдеп сүйүнүп бир диплом кармап келип калыптыр, профтех окуу жайын бүткөн диплому экен, каерден тапты билбейм, бир жерге бекитсе керек да.

– Койчу, – дедим көргөн көзүмө ишенбей таң калып, – Сактанов? Сен эмне, ал кишинин никесиз туулган уулусуңбу?

– Жок, – деди көзү жалтанып, – никелүү эле уулумун.

Эгер башка бирөөнү ушинтип айтсам, тикиреңдеп урушуп кетмек.

– А анын балдарын билем го, мурдунун учуна көз айнек илип, “Мерседес” айдап жүрүшөт. Анан алар ак жүздүү, сендей кара тору эмес. Бирок анткен менен окшош экенсиңер, – дедим.

(Көчкөн Сактанов – Кыргыз эл жазуучусу.)

Ал дагы эле мени эрте менен тосуп алып, кечинде келип узатып коюп жүрө берди, ушу күндөр узарып баратты.

Музейдин чогулуш өткөн чоң залында ийримдин катышуучулары келип окушат. Аалы Токомбаевдин кызы директор. Тамара эже:

– Бул бала эмнеге күндө келет сага, сен бир жакка кетсең сыртта күтүп отура берет. Журналистмин деп алдап жүрөт окшойт. Музейдин ичинен бир нерсени согуп кетпесин, көзү жаман неме экен, көп жолотпой эле койчу, – деди бир жолу.

– Коюңузчу эже, кантип ошондой болсун, жоош-момун эле көрүнөт го? – дейм буга боорум ооруп.

Бирок Сактановдун баласы деп адегенде айткан жокмун, себеби, Тамара эже аны менен соттошуп жүргөн. Сактанов китебине Токомбаевди терс каарман кылып жазып салган. Музейге келип, жалдырап кечирим сурап эле жүрчү. Анан актана берчү мен антейин деген эмесмин, мени жолдон чыгарышты деп. Айтор, экөө кырды-бычак болчу. Бир эле Сактановду эмес Казакстан Республикасын да берген сотко. Алар Аалыкенин алгачкы чыккан ырларынын бирин көчүрүп Бухар Жыраунуку деп китептерине киргизип алышыптыр. Аны биздин эргулдар көрүп калып Аалыкени уурдап алган деп гезиттерге чыгарып шыбай башташкан. Ыр биринчи кыргыз гезитине жарыяланганын жана Токомбаевдин мурунку китебине чыкканын далил кылып, аларды республикабыздагы илимдин белгилүү доктору сотко берип, кечирим суратып келген.  

*     *     *

Ошондой күндөрдө Нурбек Сактанов ачылып кетип өзүнүн өмүр баянын айтып берип салды. Мен иштеген жерде чай ичип отурганбыз, жаныбызда Доктуркан деген комузчу да бар болчу.

Анын ушул сырын укпаганымда биз экөөбүз эч качан кол кармашып турмуш жолун чогуу басмак эмеспиз. Ал айта берди, мен кээде кейип же ыйлап, аны аяп угуп отура бердим. Ооба, аябай аядым. Анан өмүр бою аяп келатам.

*     *     *

…Кемпир апам, мамам үчөөбүз чогуу жашачубуз. Ага чейин мени эки кемпир апам баккан. Чоң картаң апам биринчи классымда каза болуп калды. «Картаң апаң өлүп калды, жүр» деп, мени мектептен Болот тайкем жетелеп алып келди. Келсем апамды боз үйгө жаткырып бетин жаап коюшуптур. Элдин көптүгүн көрүп, эсим чыкты. Өлгөн эмне экенин түшүнгөндөн кийин бакырып боздоп ыйладым. “Кой болду, көп ыйлаба” дешти. «Мен эми ким менен жатам?» деп ого бетер шолоктогом.

Уктаганда башымды тескери каратып алып апамдын буттарын кучактап уктачумун. Менин коркконум эле “эми түндө жалгыз кантип уктайм?” деп ойлоп атам. Ал апам мени түндө алып жатканы менен, күндүз жаш кемпир апам бакчу. Картаң апам канчага чыкканын билбейт элем, бирок бою зыңкыйган, түптүз баскан, ак жоолук салынган, маралдай керилген байбиче болчу. Ашыкча сүйлөчү эмес, үнү да катуу чыкчу эмес. Айылдагы келин-кезекти үнсүз жаңсоо менен башкарчу дешет дагы деле кеп кылып.

Ошентип, бир кемпир бир кемпирдин жогун билгизбей, мени майлап-сүттөп, агымы ак, кызылымы кызыл кылып бакканына бат эле көнүшүп, жаш кемпир апамдын койнуна жатып уктачу болдум.

Мамам жол кырсыгына учурап, ооруган колун гипстеп таңып, аябай кыйналып жүрчү. Бир жолу комуз сатып берип, «чертип үйрөн, балам» деди. Аны черткенди да бирөө үйрөтүш керек экен да. Мен көчөгө туруп алып комузду жөн эле калдыратып, мектепке бараткан кыздарды, сууга бараткан эжелерди, кемпир-чалдар өтүп баратса аларды айтып уйкашпаса деле оюма келгенди төгүп-чачып саймедирейм. «Мен сени чоң окууга окутам» дечү байкуш мамам. Кийимдин түрүн кийгизди. Кемпир апам экөө аябай эркелетип, мени эркин өстүрүштү.

Бир күнү ойноп жүрсөм Темир тайкем чуркап келип: «Нурбек жүр, сенин атаң келди» деп үйгө ээрчитип келди. Ага чейин эки үйдүн эркеси болуп жүрүп, менин атам бар экенин унутуп калгам. Ата деген кандай болот экен, көрөйүнчү деп тайкемен мурда чуркап жөнөдүм. Баламын да, болбосо «Кайсы атам, эмнеге келиптир?» деп сурасам болмок, же «Барбайм» деп ошондо качсам болбойт беле?

Үйгө келсем костюм-шым кийген, башында шляпа, колуна папка көтөргөн, кычыраган ак жуумал чоочун киши туруптур. «Ушул сенин атаң болот» дешти. Бул кишинин мурда да көргөм, кичинемде келгенин, мени койнуна алып жатканын эстедим. Ал мага шортик, көйнөк, шапка, конфет, шоколад алып келиптир. Мамамын алименттен баш тартуусун сурап келгенин кийин чоңойгондо уктум. Партияга өтүп атыптыр, алимент төлөгөнү билинип калса, партиянын катарына кабыл албай коёт имиш. Алименттин ордуна мени алып кетип бакмак болуптур. Мамам аябай сулуу, бирок өтө жоош болчу. Сураган кагазын жазып берип, жолго салыптыр. Ал киши мени шаардагы эң атактуу № 5-мектеп-интернатка окутам деп катуу убада берип кетти. Ал мектепке 5-классты бүткөндөрдөн кийин кабыл алчу экен.

Биз сүйүнүп калдык. Себеби, мамам мени № 5ке окутсам дегенде эки көзү төрт эле. «Эми уулум, сен шаардан билим алып, жакшы окуйсуң. Мен сени чоң окууга өткөрөм. Жакшы адам болосуң. Бар күчүмү сага арнайм» дечү, кайран мамам. Мамамдын кээ бир боор ооруткан абалдарын эстесем азыр да ыйлагым келет. «Мен да иштейм, сага шаардын чок ортосунан үй сатып берем» дечү. Атам жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. «Интернатка күндө барып турам, сен үйдү сагынбай, андан көрө бүт күчүңдү окууга жумша, кулунум» деген сөздөрү өмүр бою кулагымда жаңырып турат.

Ошентип, мамам шаарга иштеп кетип эле кабарсыз болуп калды. Шалта айылында жашагандардын көпчүлүгү шаарга барып-келип иштешчү. Кечки автобус айылдын чок ортосуна токтойт, жол тоскон кичине балдар топтолуп калчубуз. Автобус келатканда ураалап кыйкырабыз. Балдар бардыгы ата-энесин, эжесин, байкесин тосуп алып, ээрчишип кетип калышчу.

Мен жалгыз калчумун. Бардыгыныкы келет, менин гана мамам келбейт. Кээ бир энелер боору ооруп, көңүлүмү көтөрүп, кээде гана ала келаткан момпосуюнан берип коюшчу. Караан келатса да күтчүмүн, күүгүм киргиче отурчумун көчөдө. Келген сайын жаңы көйнөк, шым, ручка, дептер алып келип жүргөн мамамдын келүүсү азайгандан азая берди. Мен жүдөй түштүм.

Көрсө мамам Маевка айлына турмушка чыгып кетиптир. 1980-жылдардын ортосунда Маевка айылынан бир автобус жүргүнчүлөрү менен авария болгон, анын ичинде мамам да бар экен. Бул анын экинчи жолу авария болушу эле. Биринчиде колу сынган, эми буту талкаланып кетиптир.

Ушул авария болушунда ооруканада узакка жатты. Сагынганын жазсын дештиби, айтор мени тайта-тайнемдер ооруканага алып барышты. Палатасына кирерим менен «мама» деп жанына чуркап барсам, аябай таң калып мени тиктеп калды. Жайылган кучагымды түшүрүп, колуна колумду койсом, колун чочугандай тартып алды. Таң калыштуу көз караш менен карап, мени тааныбай жатты. Мен өзүмдү ыңгайсыз сезип, ызаланып ыйлаган бойдон ооруканадан чуркап чыгып качып бараттым. Авариядан кийин эсине келип-келбей жатканын билгенден кийин мени алпарбай эле коё турушса болмок экен деп ойлой берем.

Арадан эки ай өткөндө Нурлан тайкем «мамаң келди, биздикинде отурат, азыр силердикине келет» дешти. Мен баягы ооруканадагыны эстеп, кемпир апама «мени мамама жок де, бир жакка кетти деп кой» деп, дагы качып кеттим. Мамамы көргөнгө даабай койдум. Балким эркелигимдендир. Бирок менде кандайдыр бир коркуу сезими пайда болуп туруп алган.

Ал мени үйдө отуруп кечке чейин күттү. Кошуна турган алмалуу бактын ичине кирип бекинип жатып алдым. Кемпир апам «ойноп кетти» деп коюптур. Кечинде келсем «азыр эле кетти» деди.

– Мени жок деп айттыңбы? – десем,

– Ооба, сенин айтканың мен үчүн закүн да,– деди кемпир апам, – сени аябай сагыныптыр, дагы келем деп кетти.

Кайрадан кызык боло баштадым. Алма бакка жөнөдүм, бирок отура алчудай эмесмин. Жүрөгүм опкоолжуп туруп алды. Автобус токтогон акыркы аялдамага чейин келсем, эч ким көрүнбөйт. Кайра чыдабай чоң жолго чуркадым. Трассага жетип келип, элеңдеп карасам эч ким көрүнбөйт. Шалта айылы менен чоң жолдун ортосу бир топ алыс, күйүгүп калыпмын. Өпкөмү басып чоң таштын үстүнө отуруп калдым. Канча отурдум билбейм…

Мурда жолдун жээги жыш тигилген жүзүм болчу. Жүзүмдүн арасынан бирөө келаткандай туюлду. Тура калып карасам мамам экен. Ал да мени көрүп сүйүнүп, кадамын тездетти. Кандай кылып көрүшөрүмү ойлонгонумча жүзүмдүн ичинен чыга келди. Таяк таянып алыптыр, чолоңдоп келатканын көрүп дагы корктум. Көрүшөм деген оюм заматта жоголуп, кайрадан артка качтым. Анымы күтпөгөн мамам кыйкырып жиберди «токто» деп. Бир топ узап барып артымды карасам, кол булгалап чолоңдоп келатат. Мен жеткирбей кетип калдым. Ошондо таякты көрүп коркуп кеткем, буту бир нече жеринен сынганын кийин билдим. Баламын да, азыр ошол таяк менен сабаса да мейли эле…

Убада боюнча 6-класска көчкөнүмдө атам шаарга алып кетти. № 5де берки аялынан эки баласы окугандыктан, мени шаардын четинде жайгашкан № 4-мектеп интернатка берди. Интернаттын директоруна атам мени каратып туруп, «картаң кемпирдин баласы, энеси багалбай калды» деп айтты. Мен таң калып карадым. Эмне себептен антип айтты, билбейм. Фамилиям баары аныкы болуп турса деле директор унчуккан жок. Кичине болсом да, көңүлүм ооруп, жүрөгүм ачышып калды.

Тоо-ташта ээн-эркин жүрүп көнгөн жаным бул жакта клеткага түшүп калган жырткычтай болдум. Ишемби күндөрү атамкына барып турам. Мени эч ким бооруна тарткан жок. Атам жактырбай, үйдөгү иш бөлмөсүнө кирип кеткен бойдон мен кеткиче чыкпайт. Атамдыкына каттаганым күн өткөн сайын азая баштады. Шалтадан эч ким келип мени алып кеткен жок. Өзүм да жеталбай калдым. Автобуска төлөгөнгө тыйыным жок болчу, агай-эжейлер да алыс кеткенге уруксат берчү эмес. «Ай дээр агам жок, кой дээр кожом жок» өзүмдү-өзүм билип калдым. Балдар менен чыгып буфет, ашканалардан булочка уурдайбыз. Кээде милицияга түшөбүз. Интернатта шоктук жагынан досторум Калыгул, Бекмурза, мен үчөөбүз таанымал элек. Мен орусча жакшы билгендиктен Оке деген атка конгом. Бир нерсе жоголсо эле келип, биздин чөнтөгүбүздү аңтарып киришчү.

Үчөөбүз бир күнү жакшы окуган Байыр деген баланын чемоданын аңтарып акчасын уурдап алдык, сегиз сому бар экен. Кайра өзүндөй кылып жаап салдык. Эки-үч күндөн кийин футбол ойноп атсам, Байыр чакырат. «Оке, бери келсең» деп. Азыр деп алаксып ойной бердим. Кайра дагы чакыра бергенинен барсам, “Оке, акчамды бергиле?» дейт. «Кайсы акча?» дедим, чын эле унутуп калыптырмын.

– Үчөөң чемоданыман акчамы уурдап алган турбайсыңарбы? – дегенде эстедим.

– Жөн турчу, сенин сегиз сомуңу уурдап алып эмне кылмак элек? – деп ийиптирмин.

– Уурдабасаңар сегиз сом экенин кайдан билесиң? – деди.

Мен колго ушинтип түшүп калгам.

Жылдар өтө берди. Класстан класска эптеп-септеп көчүп аттым. Уурулук кылсам же шоктук кылсам эле атамды чакырышчу, ал келип мени балдардын көзүнчө сабап кетип, шагымды далай сындырды. Шалтага чейин жөө барып, анда-санда каттап калдым. Барган сайын ыйлап, айланып-тегеренип, жадырап тосуп алган кемпир апамын мүнөзү өзгөрө баштады. Көрсө небереси Сагын эжем “Балаң бандит, ууру болуп кетиптир, жолотпо, үйүңө киргизбе, сени да тоноп кетет” деп мени жамандай берип коркутуп салыптыр. Ал өзү коңшу айылга турмушка чыгып кеткен. Акыркы кездерде «Качан кетесиң?» деп кетиргенче шашчу кемпир апам. Мамамды да такыр келбейт деп айтышты.

Тайне, тайтам, тайкелерим, кемпир апам, мамамдар менен ушинтип билинбей эле алыстап, кол үзүшүп бараттык. Алардын бирөө да мени өз бооруна тарткан жок. Менин бар экеними деле унутуп коюшту.

Сегизинчи классты бүткөндө атам профтехке алпарып киргизип койду. Ал жакка же жетимдерди, же жаман окугандарды, жедеп элди тажаткан бейбаш балдарды алпарып салышчу. Дагы деле жатаканада жашоо уланды. Ал профтехте эмнени окутканын деле азыр эстей албайм.

Бул турмушка да көнө баштадым. Ыр жазганымды билген балдар мени «поэт» деп чакырышчу. Армияга барып келип бир жылдыкта окуган байке бар эле, негедир мени аяп, жакшы көрчү. «Бирөө тийишсе эле мага айт» дечү. Агасы болом деп чогулуштарыма катышып берчү. Апрель айында мен 16га чыкканда ал байке:

– Атаң шаарда тургандан кийин кантип туулган күнүңдү белгилеп бербесин, баргын да айт, досторум менен келем де? Эң жакын эки-үч досуңду алып барып, туулган күнүңдү өткөрүп кел,– деп мени үгүттөп, үйгө жиберди.

Барсам өгөй энем командировкага кетиптир. Атам араң көндү. «3 баладан артык келбесин» деп катуу эскертти. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Окуу жайга учуп жетип сүйүнчүлөп, үч досуму саат алтыга барып калгыла деп, даректи таштап келдим. Үйгө келсем атам картошка аарчытып, «эми кууру» деди. Эптеп эзилтип атып куурудум. «Ушул жетет, жеп алып кетип калгыла» деди.

Аңгыча үч досум да келип калды. Жөн келбей бирге окуган үч кызды ээрчите келишиптир. Атамын итатайы тутулуп, калчылдап иш бөлмөсүнө кирип кетти. Биз тар кухняда араң батышып картөшкө жедик, алар мага белек беришти. Радиодон жеңил музыка берилип калды эле бир досум «Кел, вальска түшөбүз» деп ийди. Үчөөбүз туруп тар ашканада үч кызды бийге тарттык. Өмүрү вальска түшүп көрбөгөн жаным, кыздын белинен кучактаганга жетине албай мадырая түштүм.

Ошол тушта эшик шарт ачылып, атам сурданып «бери кел» деди бозоруп-татарып. Баргандан корктум, бирок кыздардан уялганыман сыр бербей артынан залга бардым.

– Эмне көтүң туруп калдыбы? – деди да «чуу» эткизе жаакка бир салды,– жогол, азыр жоголгула, сени экинчи бул үйдөн көрбөйүн, селсаяк,– деди.

Ошондогу кыздардан уялганым ай, жети өмүрүм жерге кирген. Атам чапкан бир бетим албырып ысып чыкты. Ыйлайын деп кыздардан уялып, ызам ичиме батпай бук болгом. Жер ачылса түшүп кетет элем. Жаш деле эмес элем да, 16га чыгып жаткам. Атам ай, атам... мага эмне үчүн ушунчалык өчүккөн билбейм. Төрөлүп калганым үчүн мен күнөөлүү эмес элем го?

Профтехти бүтүп атканда 18ге чыктым. Армияга чакырылып, эртең кетем деген күнү атама барып айтып, үйүндө түнөп калдым. Эртең менен таң атпай туруп чыкканга даярданып атсам, атам: «кел олтур, орусча бир мүнөт молчание кылабыз» деди. Берки инилерим болуп чогуу “молчание” кылдык. Босогого жеткенимде «жакшы бар» деп үйүндө калып, эшигин жаап алды. Бир тыйын акчам жок эле, атам мени узатмак түгүл, бир сом да карматып койгон жок.

Военкоматка чейин өтө эле узак болчу, жөө жалаңдап эс албай чуркап, күйүгүп жетип келсем, аскерге жөнөй турган балдардын бардыгынын ата-энеси, бир туугандары узатып, кээ бирлери ыйлап жүрүшүптүр. Ушундай таттуу узатып атышат, узатат деген ушундай турбайбы деп ичимден сыздадым. Мен эле жалгызмын. Таптакыр жалгызмын... Эч кимим жок, узаткан бир кишим жок...

Ушу күндөн баштап жалгыздыкка үйрөндүм. Качан эле үйрөнгөм дечи, бирок мурда жанымда өзүм курдуу балдар болуп, алар менен оюнга алаксып жүрүп мынчалык жалгыздыкты сезген эмес экемин. «Поездге түшкүлө» деген буйрук болгондо гана энесинин, атасынын кучагынан бошонушту.

Көңүлкош поездге чыктым, мойнуман бирөө сыйыртмак салып жетелеп бараткандай эле сезилип аттым. Жаңы эле жылып баратканда «Нурбе-ек» деген кыйкырык чыкты. Айнектен мага орун тийчүдөй эмес, баары ээлеп алышкан. Мени ким издемек эле деген ой менен өзүм деле айнекке жутунган жокмун. Үн поездден калбай ээрчип келатат, «Нурбе-ек».

Тайтамын үнүн тааный калдым. Ыргып туруп, балдарды түртүп жиберип, айнектен башымды чыгардым. Тайта, тайнеми эч нерсе деп атачу эмес элем. Эмне дээрими билбей «ата-а» деп кыйкырып жибердим. Тайтам ат чаап келатыптыр. Айнектин тушуна жете келип:

– Ме карма, кулунум, ал, жолдон тамак ичесиң, муну болсо барганда кий, Орусия суук болот. Жакшы барып кел. Мамаң жакшы болуп калды, кыздуу болгон, аты – Толгонай. Кемпир энең, тайнеңдер салам айтышты. Угуп жатасыңбы? Балам, дилгирем салып жибер жеткенде, кат жаз, солдаттан келгенде түз эле үйгө кел, кулунум, айланайын, кечир мени... мени кечи-ир… – тайтамын үнү тээ алыска, алыска-а төгүлүп калып калды.

Аты да өжөр экен, поезд менен тең жарышып чаап келатат. Тайтамын карааны үзүлгүчө колумду булгап, ыйлап кете бердим. Колумдагы кагазды карасам, 25 рубль экен. Анан жылуу өтүк. Өтүктү кучактап алып, шолоктоп ыйладым. Ыйлабайын десем да көзүмүн жашы токтободу. Он бир жыл өткөргөн Шалтадагы балалыгым көзүмө көрүнүп туруп алды. Айыл, суу, жол, чаң, чүкө, балдар, комузум, кыздар, мамам, өлгөн апам, кемпир апам, тайларым, тайкелерим, айылдагы улуулар, аксакалдар, жапыс үйүм, бардыгы көзүмөн жаш болуп куюлуп чыгып жатты.

Аскерде жүргөндө бардыгына кат жаздым, бирок эч ким жооп жазган жок. Жашынып алып ыр жазчумун. Көп жолу бекинип отурган жеримен командирге колго түшүп калдым. Ал мени штрафнойго коюп койчу. Далай жолу картөшкө аарчытты. Ваннанын ичи толгуча аарчыйбыз. Ал жакта дагы орусча жакшы сүйлөгөнүм үчүн баары менен тил табышып кеттим. Орусча ыр жазып жүргөнүмдү көрүп калган командир штрафнойго экинчи койбой калды. Ал тургай дос болуп алдык. Кыргызстандык көп эле балдар болду. Залкар деген бишкектик бала менен достошуп кеттим. Кызматымды эл катары жакшы өтөп, эки жылдан кийин мекениме кайтууга камынып жаттым. Жанымдагы балдар кетип бараткандарына жетине албай сүйүнүп, бири-бирин куттуктап, кучактап, өпкүлөп жатышат. Менчи?…

Эч ким мени издеген жок, кат жазган жок. Кайда жана кимдикине барам деген көйгөй турду алдымда. Армияда жок дегенде уктай турган жерим бар эле, төшөгүм бар эле, тамак иччү элем, көнүшүп калдым эле. Эми кантем?...

Бешенемде не жазуу бар экенине көзүм жетпей жолго чыктым.

*     *     *

Кулакты чарчаткан поезд күшүлдөп чарчап, таң супа салганда борборго жетип келди. Мен атамдын үйүн көздөй жөө баратам. Жеттим. Бирок коңгуроосун баса албадым. Жүрөгүм сыгылып кетти. Үйүнө киргим келген жок. Кайра жөө Ош базарына бардым. Шалтанын автобусуна чымырканып чыктым. Тайтам түз эле үйгө кел дебеди беле? Демек, жок дегенде тайтам жылуу тосуп алар деп ойлодум. Ичинде айылдаштарым олтуруптур. Мени көрүп таң калып карап:

– Аскерден келгендер такси менен барат үйүнө. Жүр, таксиге түшүп баралы, сүйүнчүлөйбүз, – дешти.

Болбой койдум. Мен үчүн бирөөлөрдүн сүйүнчү берээрине көзүм жеткен жок.

Кемпир апам, тайтамдар болуп бир короодо турчубуз. Мени көрүшүп, армиядан эмес, шаардан эле келаткандай кабыл алышты. Тайтам көрүнбөйт. Бир топтон кийин сурасам, сен кетериң менен эле каза болуп калган дешти. Ичим ачышты. Мага ат чаап келатып ыйлабады беле, күтөм дебеди беле? Кайсы жайдан күтөм деди экен, жарыктык киши? Же менин да ичээр суум түгөнүп баратабы?

Кемпир апам экөөбүз жашаган жапыс там менин боюм менен эле тең болуп калгандай сезилди. Бул үй илгери ушул айылда биринчи болуп салынган экен. Чоң тайтамдын бир тууганы бай болгон. Жанагы эки апамдын улуусу байбичеси, берки апам токолу болгон экен. Чалынын көзү өтүп кетсе да экөө эже-сиңдидей болуп, ынтымактуу бир үйдө жашашчу. Байбичеси төрөбөгөндүктөн токол алган экен. Токол болгон кемпир апам бир эле кыз төрөптүр.

Жатарда апам каалганын илгичин илип кой дегенде, илгичке боюм араң жетчү. Аппак болуп акталган үйүбүз айылдагы үйлөрдүн эң мыктысы болчу. Байдын үйү болгондуктан, заңгыраган ак сарай болуп көрүнчү мага. Үйдүн чоңдугунан түндө жатарда картаң апам илгичти илип, анан айры менен түртүп, менин сабак даярдаган үстөлүмдү сүйөп койчу. Коркконунан ушинтсе керек. Тайтамын үйүндө тайкелерим менен кээде түнөп калчумун, бирок алар эшикти кулпташчу эмес, ачык эле турчу. Ал эми биздин үйүбүздө негедир коркунуч бар болчу. Картаң апаларым ушинтип үйдү бекем кулптай беришкенинен, мен да негедир сестенчимин. Картаң апам өлгөндө эми ким менен уктайм деп ыйлаганымын себеби да ошо болчу.

Сабак даярдаган үстөлүм да чоң көрүнчү, аябай кичикий экен азыр көрсөм. Тыпыйган кичине сарайыбыз бар эле. Ичинде чөп-чар, отун, көмүр турчу. Тайтамдын тоогу келип чөптүн үстүнө жумурткалап койчу. Мен жумуртканы койнума бекитип, үйгө апкелчүмүн. Картаң апам эшикти бекитип, кууруп берет. Тамак жасабай калган күнү мен тайтамкынан тоюп келем. Картаң апам «эмне жасашыптыр?» деп сурачу. Тамакты айтсам, «мага деле ала келбейт белең?» дечү. «Беришкен жок» дечүмүн. «Апама да бер деп сурабайсыңбы?» дечү эле байкуш апам.

Аябай сагынган экенмин үйүмдү, ушунун баары көз алдыман чууруп өтүп жатканда:

– Качан кетесиң? – деди кемпир апам баягысындай эле. Ийнени таманыма сайып жибергендей болду. Сагын эжекем менин балалык уурулугуму айта берип таптакыр кемпирдин жүрөк үшүн алып коюптур. Ал күнү кечке жуук чыгып кеттим, жапыс тамымдан. Ошол акыркы көрүшүм болчу…

Эмне кыларымды билбей башым катты. Үстүмдөн аскер кийимин али чече элекмин. Кечинде атамдыкына келип коңгуроосун бассам өгөй энем ачты эшикти. «Кочкон, Нурбек пришел, выходи» деди бейкапар эле атамды чакырып коюп ары басып кетти. Атам бөлмөсүнөн чоң турсачан чыгып, «а, келдиңби?» деди колун сунуп. Каяктан келдим, кантип келдим, качан келдим, эмнеге келдим – аларга кызык эмес болчу.

Паспортумду пропискага тургузуп, атамын шымын кичирейтип кийип бир жумача туруп калдым үйдө. Атам ошол кезде өтө эле семиз болчу багжайып. Ал бечера дагы деле такыр кабагы ачылбай, сүйлөбөй, чогуу отуруп тамак жебей, өз бөлмөсүнөн чыкпай калды. Үйдө мен артыкбаш экенимди сезип, ал жактан да чыгып кеттим.

Келерки жылы Тажикстанга барып, педагогикалык институтка тапшырып өтүп кеттим. 2-курста акчадан да, ачкадан да кыйналдым. Күндүз окуп, кечкурун заводдо ит багып иштечүмүн. Советтер Союзу урап, тиги завод жабылып калганда жашоо оорлой баштады. Аргам жок атама кат жаздым 100 сом сурап. Атамын иши илгерилеп, ити чөп жеп, ташы өйдө кулап, китептери чыгып аты дүңгүрөп турган кези эле. Өзгөчө “Адат азабы” китеби өтө көп тираж менен чыгып, жакшы окулуп турчу. Ал мага жооп жазып ийиптир:

“Институттун ректорунун колу, герби бар печаты коюлган сени окуганы анык деген справка жөнөт, анан салам акчаны”.

Демек, салгысы келген жок. Ректор мага ошентип справка бермек беле?

Даяр бланкага штамп коюп аты-жөнүмү жазып, секретарь колун чийген справканы жаратмак эмес атам. Катуу кыйналып кеттим. Көп күнү ачка калдым суу ичип. Баягы ит бактырып мени иштеткен тажикке барсам, менин арыктаганымды көрүп кучактап ыйлап жиберди. “Кой бала, сен кет өз шаарыңа, сен эмес биз өзүбүз айлабызды таппай калдык. Союз кулагандан бери мен сага жолуңа акча берем” деп, чын эле чогуу барып билет алдык. Колума акча карматты. Экөөбүз ата-баладай кучакташып ажыраштык. Тиги киши ыйлап калды, өз атам ушинтип ыйлаган эмес эле...

Кандай сонун киши эле, чоочун балдарга боору ооруган, аны көпкө чейин унуткан жокмун. Ошентип окуумду таштап келе бердим. Мени менен Бишкектен эч ким ушинтип коштошпогонун, тосуп да албаганын эстеп оор үшкүрүп келаттым поездде.

Кайра эле баягы Ош базарына келдим. Иш караштырып жүрүп, айылдашыма жолугуп калсам, «Ии, Нуке, кече энең өлүп калды» деди.

Үч энем (тайнем, кемпир апам, мамам) болгондуктан «кайсынысы?» деп сурасам, «Мамаң» деди.

Бирөө башка бир чапкандай болдум. Кейип, өңүм бозоруп отуруп калдым. Бирок көзүмдөн жаш чыккан жок. Эмне үчүндүр бардык туугандарыма балалык кыялымда, сезимимдин түпкүрүндө кек калгандай туюлат. Көкүрөгүмдө өчпөс тактын изи тургандай сезилет. Алимент төлөгөндөн коркуп, атам мени алып келип, же окуунун өтөлүнөн чыгарбай, же жашоону үйрөтпөй туруп наристе кезимде жылуу ордуман козгоп, талаага апкелип таштап салганын кантем?! Колуна папка кармап, башына шляпа кийип барган эле «чоочун кишиге» мени кармата салган тайларымды не дейм?! Тишими тишке басып, атамдын үйүнө келдим:

– Ата, мамам каза болуп калыптыр, жүрүңүз, барып келели,– дедим.

– Мен деген энең менен сенин алты айыңда ажырашкам. Кантип бармак элем? Керекпи эне, сен бар? – деп эшигин илип алды.

Өтө катуу тийди бул сөзү. Бирок кайсы арыма таарынам? Кимге даттанам?

Мамам атасы менен жүрөт деп ойлоп санаа тартпай, мени бир да жолу издебей, бейкапар экинчи күйөөсү менен жашап жүрүп, мына эми өмүрү да өчүптүр. Сынган бутунун азабын аябай тартканын анын кийинки күйөөсүнөн төрөлгөн карындашым Толгонай кийин чоңойгондо айтып берсе, угуп отура албадым, көзүмөн жаш мончоктоп. Буту болуп көрбөгөндөй шишип кетип, доктурлардын алы жетпей калганын билген күйөөсү тайтамдардыкына жеткирип салат.

Жанында ушу кичине кызы гана калат, тамагын да түрдөп бере албайт. Тайкелерим эшикте көп жылдан бери иштебей жараксыз жаткан машиненин кузовуна мамамды көтөрүп чыгарып, жаткырып салышыптыр. Кыскасы, көпкө кыйналып жатып жан бериптир. Байкуш мамам а-ай. Сен деле эмне жакшылык көрдүң бул жашоодо? Атам көлдүк бир медсестраны сүйүп калып, сени таштап кеткениби? Сенден башка албуут аял болсо эч тартынбай атамдын үйүн жыра тээп, мага келип акыбалымды сурап турмак. Жооштугуң башкача эле го, мамочкам. Аскерден келгенде тайларыма баргыча неге сени издеп барбадым экен? Сендеги тартынчак мүнөз менде да бар эле да, мама.  

Атамкынан чыгып, Шалтага чейин жөө келдим. Аралык өтө эле алыс. Түз эле айылдагы мүрзөгө бардым. Мамамдын мүрзөсүн жазбай тааныдым. Тайтамын жанына коюшуптур. Шаардан ала келген гүлүмдү коюп, куран окудум. Кайгырып, сыздап-боздоп канча отурганымды билбейм.

Деги мен киммин? Бул дүйнөдө кимим бар? Эмнеге жашап жүрөм? Катуу ой баскандан башым жарылып кете жаздады. Кыйраткан деле балалык доорду сүрбөдүм. Же атамдар, же шалталыктар менен мамиле кура албадым. Мамам эрге тийсе деле мени өзү менен эмнеге ала кеткен жок? Төрөлгөнүмөн баштап чогуу өстүргөн кемпир апам менден эмнеге баш тартты?

Өз энем, кемпир энем, тайэнем, өгөй энем кантип эле бирөө да менин бала экеними билип, аяшкан жок. Он бир жаштагы бала эмнени билет, каякка барат, ким менен жашайт, кантип чоңоёт деген ой эч кимисинин оюна келбедиби? Менин бактыма тайтам өлбөй турса эмне? Апамдын сиңдилери деле мамамдан 2 жаш, 5 жаштан эле кичүү, алар деле мени кантип аяшкан жок? Окуп же окуунун өтөлүнө чыкпадым. Эч ким акыл-насаат айтып, жашоого үйрөткөн жок. Жашоого адашып, ыңгайсыз жаралып каңгып калган бир бечера селсаяк болдум. Окубагандан кийин жумушчу болуп иштеш керек. Бирок каякка? Иш издеп канча жүрдүм селсаяктап, шордуу жаным, шорго жаралып калган экем да.

Акыры Бишкектин чок ортосундагы бир камокко спирт сатып ишке орноштум. Акчаны уучтап таптым. Логвиненко-Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан бир үйдү сатып алмай болдум эле, биртике акча жетпей калды. Атаман сурап көрсөмбү деп да ойлодум, дагы деле үмүтүм үзүлбөй.

– Мейли, болушунча бере бер, – деди үй ээси, – калганын бөлүп-бөлүп төлөйсүң.

Бирок акчаны ишенип бергенге мойнум жар бербеди, «дагы чогултайын» дедим да кетип калдым. Бирок менден акча карызга сураган достор аябай көбөйдү. Жок деп айтканды дагы деле билбейм. Жашоо эрежесин такыр үйрөнө албадым, мага атам эле үйрөтүп койсо болмок, эгер өгөй энемен корксо, андан бөлүп алып, паркка жетелеп барып деле. Үйү деле булвар жээгинде. Чынында үйдү өгөй энем башкарчу, маселенин баарын ошо чеччү.

*     *     *

Ушундай чуулгандуу күндөрдүн биринде Айнура деген эски таанышым учурады. Ал мени көргөнүнө жетине албай, арманын айтып сыздап кирди. Кыздарда бир эле арман болот эмеспи: жигитим таштап кетти деген. Анын да жигити таштап кетиптир.

– Таштап кетсе эмне экен, жигиттен көп неме жок, башкасын таап аласың, - деп көңүлүн жубатсам да болбой боздойт.

– Сен эмнени билесиң?– дейт.

– Билбесем айт да анан, мен барып сүйлөшүп көрөм, ким ал өзү деги?– дедим кыйынсынып.

– Мен анын ким экенин билгеним менен, ал кайсы жерлик же каякта экенин билбейм, билсем сени убара кылбай өзүм издеп тапмакмын. Алданып калдым бир көргөн балага, сен ошону түшүнөсүңбү?– деп дагы сыздады.

– Андай боло берет, эми андан да сонунун табасың, тигиңи унут,– дедим.

– Такыр кепке түшүнбөгөн макоо экенсиң, боюма бүтүп калды деп атам.

Мен селт эттим. Аны аяганыман, сөз таппадым. Ошол жигитти а дүйнөдөн таап кел десе да жок дебейт элем. Кантип көңүл жубатарымы билбей турсам:

– Сенин жардамың керек мага,– деди.

– Мен баарына даярмын,– дедим.

Кандай жардам деп сураган да жокмун.

– Сен бир эркектик кылып кой. Мени мамамдын алдына алпар. Курсагым төрт айлык болоюн деп калды, билип калса мамам өлтүрөт. Биз экөөбүз төрт айдан бери жашап жүрөбүз дейбиз. Анан сен кетип каласың.

Эч нерсе ойлонбой эле макул дедим.

Мунун ою адегенде эптеп эле апасына бетин ачып алуу, а башкалары эмне дешсе ошо дешсин болчу.

Эки күндөн кийин акчама Ош базарынан Айнуранын айтуусу боюнча олчойгон белек-бечкек алып, апасыныкына такси менен баратабыз. Мен аны чоң азаптан куткарып жатканыма өзүмчө курсантмын. Апасы экөөбүздү көрсө сүйүнөт болуш керек деп култуңдап келатам. Үйүнө кирерибиз менен «Ай, тигиниң ким?» деди апасы бозоруп.

– Мама, азыр түшүндүрүп берем, таанышып койгула, бул Нурбек.

– Кайсы Нурбек? – деп чакчаңдады.

– Ну мама, азыр айтып берем дебедимби? Адегенде Нурик алып келген даамдан ооз тий, анан таанышып дегендей, сүйлөшөбүз.

– Эмнени сүйлөшмөк элем, алып кетчи алдагыңы, көзүмө көрсөтпөй.

– Мама, биз үйлөнгөнү атабыз.

– Жинди болбочу? – энесинин көзү мага чачылып кетти акшырайганда.

– Ошондой болуп калды, мама, айтпай жүрө берсек, иш чатагына айланып кетчүдөй…

Энесине эмне деди билбейм, аркы бөлмөгө кирип кетишип, иши кылып ынандырып келгендей болду. Энесинин тиштери кырчылдап, мени аз-аз жерден жутуп жиберейин деп, баарын токтотуп эми сөзгө өттү.

– Та-ак, эми эмне дейсиң, той качан, каерде өтөт? – деди.

Мен тилими жутуп алгандай Айнураны тиктедим. Менин ордума ал жооп берди. Ата-тегими сурады. Астыма качан түшөт деди. Мен дагы тигини тиктедим. Атамын адресин сурады. Үйдүн номерин, телефонду жазып алды.

– Эртең кечке чейин күтөм, келбесеңер ташыңарды талкан кылам, бар кете бер, – деди.

Айнура узатып чыкканда айттым:

– Өтө татаалдашып кетти го, атама барып чатак кылбайбы?  

– Коркпо, мен турам го, анын үстүнө сен жигиттик сөз бердиң, эми аягына чыгып бер?– деди.

– Мен го чыгып берем, бирок атамды кийлигиштирип кереги жок,– деп узап кеттим.

Жаман ишке кириптер болуп алганымы сезип, чийки май жегенсин, кечке көңүлүм суз жүрдүм. Телефонду, адрести айтып жибергениме өкүндүм. Айтпасам деле ал жулкунган аял оңой эле таап келет болчу. Бетими ач деди эле, ачып койдум, эми энесине ыгы келгенде айтып түшүндүрөр деп ишиме мурункудай келип-кетип иштеп жүргөм. Бир жумача өткөндө Айнура келди:

– Мамам сенин атаңын үйүндө отурат, атаң сени чакыртып жиберди, – деп.

Иш өлгөн экен дедим. Барбай койсом деле болмок, бирок Айнураны аядым. Анча болду эми барып, энесинин көзүнчө мойнума алса алып, бетин ачып коёюн, андан эмне болмок эле дедим. Жетер жеткиче Айнура колдоруму кармалап же колтуктай коюп, айтор, жалынган көз караш менен баарын билдирип келатты, ал мени мойнуна албай койбосо экен деп корккону эле.

Кирип келсем, атам:

– Бул эмне деген шермендечилик? Ким булар, тааныйсыңбы?– деп бакырды.

Мен Айнураны тиктедим. Айнура карегин көлгө чөктүрүп алгансып жерди тиктеди. Менин бир гана сөзүм азыр анын тагдырын чечмек. Жок десем кареги чулп этип көлгө чөгүп кетмек.

– Ооба, – дегиче эле беймаалы энеси азыр милиция чакыртам, таш жарган атагыңы ташка чабам, эл караган бетиңи көр каратам, – деп алкынды.

Атам ал аялды көндүрдү. Аны менен алышып атып атам мени чапканга үлгүрбөй калды. Өгөй энем үчөө эптеп бир тилге келишти. Иши кылса эмне кылып кетирди билбейм, тажаал аялды кетиришип, Айнураны алып калышты. Ал экөөбүз ушул үйдө жашап калмак болдук. Ызы-чуу басылып, кеч кирип, баары бөлмөлөрүнө кирип жатып калышты. Биз Айнура экөөбүз кухняда тиктешип отурабыз.

– Эми эмне кыласың?– дедим.

– Жашайм сени менен,– деди.

– Кантип, андай мүмкүн эмес… сен... – андан аркы сөзүмү эптештирип айта албадым.

Күндөр өтө берди. Мен атамкына Айнураны көрүш үчүн же мындан ары анын тагдыры эмне болорун ойлоп, келип коюп жүрдүм. Сеткалап көтөрүнүп келем, жөн келбей. Өгөй энем бизге боору ачыдыбы же баласы үйлөнгөндөр ушинтип бөлүш керек үчүнбү, айтор үйүнүн бир бурчунан кичине орун бөлүп, төшөк салып берди.

– Сен жата бер, мен кухняда эле отура берем,– дедим ага.

– Жок, андай болбойт, үй сеники, сен жатышың керек, мен кухняда эле отура берем,– дейт ал мага.

Ошентип атып экөөбүз тең жатмай болдук.

– Эми эмне кылабыз, мындан ары жагы эмне болот?– дедим.

Себеби, болбогон бир иш үчүн күндө чыртыйган албуут атамын жемесин угуп, кыйналып кеттим. Же бул уялып кетип калбайт.

– Сен сыр бербе эми, сага өзүңө окшош уул төрөп берем. Экөөбүз жашай берели. Атаңкында жүрүш кыйын болуп атат мага, үйгө барсам мамам киргизбейт. Сенден башка эч кимим жок. Жакшы жашайлы, квартира тапсаң, чыгып кетели,– десе эреркеп кетип кучактап жанына жатып алдым.

Келген тааныштардын баарынан квартира билген жериңер барбы деп сураштырам. Келген-кеткендерге тигини аялым деп теңирейем.

– Апей, эмне аялың бар беле?– деген эски тааныштарыма:

– Ооба, боюнда да бар, жакында уул төрөйт,– деп мурдуму барбайтам.

Квартира да таптым. Матрац, төшөнчү сатып алып, Айнураны киргизип койдум. Мурда иштен кийин Ош базарынын бир жеринде жатып калчу болсом, азыр үйгө жанталашып, тамак-аш, керектүү буюмдарды сатып алып барам. Досторума аялымды жууп, кээде майрамдап коём.

Айнура чын эле уул төрөдү. Мен жууп эле жатып калдым. Үй алам деген акчам суюлуп баратат түбүнө түшүп. Баланы менин фамилияма жаздырбады. Себебин сурасам, «бала сеники эмес, бирөөнүн баласын эмне кыласың?» деди. Анын баласына өз атадан артык боор тартып бараттым. Баланы жууп, майрамдап кеч келчү болдум. Сенин балаң эмес дегенде да ыза болуп иччүмүн.

– Сен көп ичип кеттиң, экинчи келбе,– дей баштады.

– Мен келбей койсом сен кыйналасың, жашабай койсок болот эле, эми тынч жашай берели, – дейм.

– Жок, Нурбек, убада боюнча сен менин бетими эле ачып коймоксуң, ачтың болду, эми кете бер. Мен жигитиме таарынып ушуну жасагам. Аны билбейм деп сага калп айтып койгом. Ал балалуу болгонун укса, бир күнү кирип келет, мен аны ар секундда күтөм. Сен жигиттик кылдың, эми аягына чейин эрдик кыл. Мен сенин жакшылыгыңды өмүрү унутпайм,– деди.

Бул сөздөрү кулагымдын сыртынан кетти, себеби, аялдын кыялын, мүнөзүн түшүнүш үчүн аны менен кырк жыл чогуу жашаш керек. Жөн деле жини келгенде айтышы мүмкүн эле. Бирок андай болгон жок. Ажылдак энеси мен иштеген жерге чейин келип айкырып чыр салчу болду, кызыма барчу болсоң өлөсүң деп. Акыры үйүнө көчүрүп кетти. Барсам такыр киргизбей коюшту. Мен болбой эле анда-санда бара бердим, алар болбой эле кууй беришти. Ичип да бардым, соо да бардым, баары бир жолотушкан жок.

Алардын жасаган иштери мага ушу күнгө чейин табышмак, эмне себептен мени антип көргө түртүштү, билбейм.

Атам менен мамилем өмүрү келишкен эмес эле, эми булар да ого бетер ортобузду ыдыратып салышты. Айнура төрөгөн баланы бардыгы меники деп ойлоп калышты. Ал тургай өзүм да боор берип калгам. Ошол ортодон өткөн алты ай – башымды алай-дүлөй кылып таштады.

Катуу уктап калып, узакка чейин көргөн жаман түштөй болуп, ушу окуялар мээмен чыкпай, жабышып, чапталып калгандай кыйнады. Көз жумсам эле Айнура, баласы, энеси үчөөнүн элеси. Ансыз деле турмушум илең-салаң чачылып, бир нукка түшө албай атты эле, эми ого бетер чачырадым. Эне-атасы жок, өмүр бою балдар үйүндө тарбиялангандар деле чоңоюп, жашоосун тартипке келтирет экен, мен тартипке келтире албадым.

Сатып аткан спирттен мына азыр биртике ичем, анан токтотом деген ой менен иче бердим. Бүгүн акыркысы десем, эртеси бир шылтоо табылып турчу. Үй алам деп жыйып-терген акчам түгөндү. Аскерден түшкөн сүрөттөрүм, ала келген чемоданым баш оту менен жок. Качан, каерде калганы белгисиз. Айнура энеси экөө биригип, макулдашып эле мени ушундай абалга түртүп салышкандай болду.

Бара-бара катуу ичип кеттим. Түнөгөнүм дос-тааныштын үйлөрү. Ичкиликтин айынан иштен да кол жуудум. Колумдагы чоң сетканын ичин толтуруп барганымда, жадырап-жайнап тосуп алган досторум эми барсам эшиктерин ачпайт. Же жок дедиртип коюшат. Вокзал, парктарда түнөйм. Суук түшкөндө кечинде кайда түнөйм деп бушайман боло берем. Күндүз тентип жүрүп, кеч киргенде азап болчу.

Бир жолу Ала-Тоо кинотеатрына жетпей, Уркуянын эстелигинин жанындагы чоң арчанын түбүнө түнөдүм. Чыйрыгып жата берип, күн шашке болуп калыптыр. Арчанын астынан чыгып, колуму жайып эснеп, керилип атсам, атам өтүп баратыптыр. «Өлдүм!» дедим ичимде. Сөгүп, урушуп, жүр үйгө деп жетелейт го десем, мени көрө калып, селт этип кетти да, тескери карап, көрмөксөн болуп өтүп кетти.

Туруктуу жашай турган квартирам жок, аябай кыйналдым. Башкалар деле акча төлөп квартираларда жашап жүрүшпөйбү? Мен деле күлүмдү бир жерге додо кылып үйүп, такай жашай турган квартира таап алайын деп ойлоп, кулактандыруу боюнча квартира издеп жүрсөм, 6-микрорайондон бир эже жолугуп, өзү эле сүйлөп, таанышып кирди. Мен да аты-жөнүмү айтып, квартира издеп жүрөм дедим. Тигил окуядан кийин атамдын фамилиясын жан адамга айтпас болуп өзүмө бөлөк ат, бөлөк фамилия коюп алгам.

– Квартира издесең жүр биздикине, мага да сага окшогон жакшы балдар керек, – деп ээрчитип жөнөдү.

Үйүнө жеткиче арыз-арманын айтып келатты. Мен ал эженин мүнөзүнө түшүнүп-түшүнө албай, сөзүнө баш ийкеп коюп келе бердим. Мага квартиранын жарым эле пулун төлө, жарымына иш кылып бересиң деди. Жарым акчасын төлөйм деп жашап калдым. Курсагың ачка эле жүрө берет турбайсыңбы, мынча арыксың, бирдеке жесең боло деп чай, нан берчү. Үйдө өзүнөн башка кызы, баласы бар, дагы жакын туугандары келип-кетип турчу. Эженин аты Батмакан эле. Батмакан эже-сиңдисин жоктоп эки күндүн биринде шолоктоп ыйлайт. Сиңдим тирүү болсо эмгиче кирип келмек дейт.

Ош базарда иш издеп жүрүп, кечинде чарчап, Батмакан эженин үйүнө жетерим менен суй жыгылчумун. Бир күнү эрте келсем, эже чыдамсыз күтүп отурганын айтты.

– Жүр, кеттик дачага, – деди.

Жол тосуп шашылыш түрдө дачасына келдик. Ал ичкериден кетмен, күрөк алып чыгып, “ме күрөктү, мыногу домпойгон жерди каз” деп, адам бою бата тургандай ченеп берди. Каздым. Бир метрдей казып бүтүп чарчадым. Бир нерселерди эле сүйлөнүп огородду кыдырып жүргөн. Мага келип:

– Эч нерсе жок бекен? – деди.

– Эмне болуш керек эле? – дедим.

Ал жооп бергендин ордуна:

– Бери кел, мыногу жер домпоюп турат, ушу жерде болуш керек, каз, – деди.

Дагы казып кирдим. Бир топ казып, чарчаганыман отуруп калдым.

– Жок бекен?– деди дагы.

– Жок экен,– дедим, эмнени казып атканымы түшүнбөсөм деле.

– Анда мына бул жерде, ушу жерди казып көр, бол,– деди.

Казып кирдим, бирок күүгүм кирип кетти, анын үстүнө чарчадым.

– Казбайсыңбы?– деди.

– Чарчадым, – дедим.

– Анда жүр эс ал, тамак же, укта. Эртең менен эрте дагы казабыз. Сиңдимин сөөгүн тапмайынча кетпейм, жакын эле бир жерде жатат. Өлтүргөн киши алыс эмес, ушул эле жерге жашырган, – дейт.

– Эмне деп атасыз? – дедим чочуп, – сиз баятан бери сиңдиңиздин сөөгүн издетип аттыңыз беле?

Денеме суу куюп жибергендей ичиркендим. Мен катып койгон алтынын кайсы жерге көмгөнүн таппай издеп жаткан экен деп ойлогом.

Дачасы шаардан анча алыс эмес болчу. Сөөктү укканымдан кийин каяктагы уйку. Сөөк издеп жер казып жатканым түнү менен түшүмө кирип жөөлүп чыктым. Сиңдиси келип “менин сөөгүмү эмнеге издедиң?” – деп мени муунтчудай боло берди. Шырп эткен дабыш уксам эле кыйкырып жибергенге даяр турдум.

Батмакан эже кечинде колуман күрөк, кетменди алып, эртең эрте туруп мына бу жерди, дагы биерди, анан биерди казасың деп колун сайып көрсөткөн. Сиңдиси дайынсыз жоголгон үчүн эже ушинтип калса керек, же мурда эле ушундайдыр, а балким сиңдиси тирүүдүр. Жөн гана айтпай-дебей бир жакка кеткендир. Эч нерсе ойлонгум келбейт, ойлонсом эле бир окуя болуп кетчүдөй. Таң атпай турдум да, шаарды көздөй жөө келе бердим. Кайра кайрылып, Батмакан эженин үйүнө барган жокмун.

Дагы көчөлөп калдым. Турбазада иштеген тааныш баланыкына барып, ал-абалым жөнүндө түшүндүрдүм.

– Квартира да кеп бекен?– деди, – кааласаң келиндердин үстүнө киргизип коём. Аялдарды үстүңө көмүп коём дос, эч кам жебе? – деди.

Чындап эле Турбазадан мага ылайык жай таап берди, ишке да киргизди. Оңуп калдым. Сат дегенин саттым, тарт дегенин тарттым, ишин ойдогудай аткарып жүрдүм. Бир күнүбүз аялсыз өткөн жок, өзү айткандай: аялдардын уясы экен. Деги жалгыз келчү эмес. Бир эжени алып келип тааныштырды, мурда балерине экен. Арак ичип шарактап отуруп жатып калдык. Эртеси да, анын эртеси да. Ал эже эмнегедир кетем деп айтпайт же мен кет дебейм. Бир жумадан кийин гана кетейин эми дейт. Мени кошо жүр деди. Үйүнө алып кетиштин түркүн амалын кылды. Артыңыздан барам деп кетирип жиберип, барбай койдум. Аны кетиргенден кийин кайра деле бир эже келди, ал да кетпей калып калды. Дайыма эле кулагымын учу жара боло берчү, ошону көрүп, “мен доктурмун, жараңды айыктырып берем” – деп жүрүп алды же жарам айыксачы? Биртке иштеп тапканым арактан ашпай калды.

Катуу ичип кеттимби, айтор, билбейм, көзүм жакшы көрбөй калды. Селсаяктык күндөрүмдүн бир күнүндө ооруканага жатып калдым. «Эми ичсең сокур болуп каласың» деди дарыгер. Мен көпкө чейин ичпей калдым.

Адамга окшоп калган кезимде раматылык Бакытка жолуктум. Бакыт кадимки төкмө акын Токтосун Тыныбековдун баласы эле. Үстүмө үй берип, астыма аш коюп, мени адам кылып койгондо сага жолуктум.

*     *     *

Былтыр күздө чай-чамасын жасап берип, Шалтадагы үйүнө жөнөткөм.

– Сен кимсиң? – деп сураптыр кемпир апасы.

– Мен Нурбек.

– А менин Нурбегим кичине болчу. Балдар уруп койбосун деп артынан жүрчүмүн. Колум бошобогондо балдарга момпосуй, токоч берип, баламды урбагыла деп жалдырачумун. Сонун эле жашап атканбыз, өзүнүн төрөгөн энеси да талашчу эмес, анан эле кайдан-жайдан атасы пайда болуп, баламы алып кетип калбадыбы? Ошол сенсиңби, канчага чыктың? – деп колун кармап ыйлаптыр. Кичине карый түшсө керек, болбосо үйүнө келген сайын качан кетесиң дей бергенин эстейт эле да.

– Аял алдыңбы?

– Алдым.

– Анда азыр алып келбе, бул жак суук, үшүп калат, күн жылыганда алып кел, – дептир.

Күн жылыганда барсак, апасы тың экен. Жаш кезде аябай сулуу болгону билинип турат. Көптөн бери көрө элек адамын тааныбай сен кимсиң? – дей берет экен.

Берки чоң үйдө тайнесиникинде отурганбыз.

– Жүргүлө, баламдын чоңойгон үйүн көрсөтөйүн, – деп бүкчүңдөп, биз эки жагынан жөлөп, жапыз ак тамына ээрчитип келди. Бай тайтасы салган үй ушул экен.

– Булар болсо балам сийип чоңойгон төшөктөр, кичинекейиндеги күрмө-шымдарын сөгүп жасагам. Мына үстөлү, китеп баштыгы, чүкөлөрү, сабакта жазган дептери, оюнчуктары. Чоң баштык апкелип баарын салып кеткиле, көзүмдүн тирүүсүндө, – деди.

– Бул үйдөн үшүп каласың, апа, жүр чоң үйгө? – деп Нурбек галошун кийгизип атып бутун кучактап, колдору менен сыйпалап: – Апа, бутуң муздап калыптыр, үшүп атасыңбы? – деди.

– Ооба үшүй эле берем, быйыл кышта жылуу маасы-кепич сатып келип берчи, макулбу? – деген эле.

Бирок кемпир апа кышка жетпеди. Аябай эле тың болчу. Оокаттан же багуудан кыйналды окшойт.

*     *     *

Кемпир апам тээ илгери мен колунан чыгып кеткенде эле ушундай картаң көрүнчү, көрсө анда жаш турбайбы? – деди Нурбек.

Бир курдаш кемпири улам эле үйгө келе берчү, кечке сүйлөп отура берет эле. Мен апама “тигиңи кетир” дечүмүн. “Кой антпе, келген кишини кет дебейт” деп койчу.

Дагы бир күнү келгенде угузуп айттым, “алдагы кара кемпирди кетир” деп.

– Ой чечек, мен сага имине кылдым, ыя? – деп тим болду.

Мен ойноп бүтүп келсем деле отурат. Апам аны менен кобурашып отура берип, мага анча көңүл бурбаганына ыза болдумбу же апамы ашыкча жүктөн бошотоюн дедимби, айтор, эмне себептен билбейм, тиги курдашынын галошунун ичин толтуруп салдым.

Кеч киргенде гана “Ой эми кетейин, балаң да сени кызганып, чырылдап атат” деп чыгып баратып кепичин кие койду эле, буту суу болуп калды.

– Иий чечек, бул чечектин эле колунан келди, – деп кепичтин суусун төгүп атып, – оой үйүңө буудай толгур, сийип салган турбайбы? – деди апама көрсөтүп.

Мен “ырас болду, экинчи келбейсиң” деп кампайып, качканга оңой деп короонун четинде шылдыңдап күлүп турам.

Ушул күнүм кайрылып келсе, кемпир апамын колунан атам эмес, мамам апкетем десе да кетпейт элем...

Атам кичинемде бир келгенде мамам экөөбүздү ээрчитип мүрзөгө алпарган. Кичинекей мүрзөнү кучактап мамам аябай ыйлаган. Кечке мүрзөдө отура беришип, шаарга кете албай калган атам кайра бизди ээрчип үйгө келген. Мамам атаң менен жатасың деп чогуу төшөк салып берип, өзү тайтамын үйүнө кетип калды. Атам мени өпкүлөй берди. Анын атыр жыты мага жаккан жок. Картаң апамын тер жыттанган төшүнө көнүп калыптырмын. Уктай албай туйлай бердим. Анын үстүнө о бая мамамды ыйлатып койду, эмнеге ыйлаганын сурашым керек болду апаман. Атамын муздак койнунан суурулуп чыгып, аркы бөлмөдө жаткан кемпир апамын жылуу төшөгүнө кирип кеттим.

– Мамам мүрзөдө эмнеге ыйлады, кемпир апа? – дедим, ал мени кучагына алганда.

– Билбейм кулунум, жөн эле ыйласа керек.

Эртеси дагы сурадым. Жооп жок. Улам эсиме түшкөн сайын сурай бердим.

– Сен чоңойгондо айтайын деп жүрдүм эле, эми айтса айтайын. Ошо дүпүйгөн кичине мүрзөнүн астында сенин Чыңгыз деген бир тууганың жатат. Сенден улуу болчу. Тили чыгып, буту басканда чарчап калган. Мамаң унута албай кыйналып жүрөт.

– Аны апкелсек болбойбу?

– Аа-а кагылайын, өлгөндөр кайра келсе, анда мен да барып ата-энемди апкелип албайт белем? – деп көзүнүн жашын сүрттү.

– Анда мине, өлүп калды беле?

Кичинекей элем да, жакшы түшүнө албадым, балким алып келсе болор бекен деген ой менен сурап аттым. Ошол бир тууганым эле тирүү болуп калсачы, аттиң деп азыр да кейий берем.

*     *     *

Селсаяк болуп жүргөндө ушул мүрзөгө да келип түнөп жүрдүм, бирок кемпир апама учурашканы келчү эмесмин. Өзүмдү такыр жок болуп сууга чөгүп кеткен кемедей сезчүмүн.

Байтиктин мүрзөсүнө да көп жолу түнөдүм. Бир жолку барышымда күмбөздүн ичи өзгөрүп калыптыр, бирөөлөр шам жагыптыр. Бирок эч ким жок, тынч. Ичине кирип куран окуп бүтөрүм менен бирөө сүйлөдү. Карасам, артымда узун кара киши турат.

– Туура кыласың, бул жерде Байтик баатыр жатат. Ары оозунда эл басып кирген тепкичтин астында жети баласы бар. Жакын туугандары мында жатат,– деп эле тааныштырып кетти.

Күмбөздөн чыктым да, ал кишини ээрчидим.

– А бул жерде аябай бай Өзбек көпөс жатат. Ушул чукурга пул ыргытсаң, бай болосуң. Бүгүн да булардын саны бир кишиге көбөйөт. Бул жерде паланча, тиги жерде түкүнчө...- деп эле катары менен тааныштыра берди.

Байтиктин күмбөзүнөн узап баратабыз. Бир маалда башымды көтөрүп ылдый карасам, айыл тараптан табыт көтөрүп эл чубап келатат.

Мен коркуп кеттим. Бул киши бүгүн да бирөө өлөт дегендей кылбадыбы, тегин киши эмес окшойт деп артымды карабай кете бердим. Бир нерсе болсо эле чуркап качайын деп баратам. Бир аз узап барып, кылчайсам тиги узун кара киши жок. Алды-артымды карабай учтум. Ошондон кийин күмбөзгө барбас болдум. Ал узун кара киши көп эле нерселерди айткан, анча көңүл бөлбөй коюптурмун да.

*     *     *

Бозоканага барып ырларымды окуп берсем, эл чогулуп калчу, кол чабышчу. Дагы деп суранышчу. Бозо алып беришчү. Мен кызып калып кайра-кайра окучумун. Ошондо бозо ичип отурган токтолуп калган эле киши:

– Балам, талантыңы кордобой, андан көрө редакцияларга барып иштесеңчи? – деди. Дагы бир аял:

– Мыкты ырларың бар экен, кайран талант сага кор болгон, – деген.

Анан ырларымды көтөрүп алып редакцияларга салпактадым. Кээ бири жарык көрдү. Калганын аракка алмаштырып жибердим. Азыр ошол ырларымы бирөөлөрдөн көрсөм, сөзсүз тааныйм.

Бара турган жерим калбады. Бакыттын “стоянкасында” (министрликте иштегендер машиналарын токтотуучу жай) айылдаш байкем Картаңбай аялы Айнаш эже экөө иштечү. Алардын ордуна түнкү күзөттө туруп берчүмүн. Алар менин курсагымды тойгузушчу. Арак ичип жүрүп көзүм көрбөй калганда, Айнаш эжем мени молдого алпарды. Молдонун атын Миша дешчү. Ала-Тоо конушунда жашайт эле. Барсак ал бир кара тоок сатып кел деди.

Кийинки барганда кара тоок сатып барсам, мага кучактатып отургузуп, азыр аялым дуба окуйт деди. Аялы келип дуба окуп бүтөйүн дегенде, тоок титирей баштады. Дубасын бүткөндө тоок титиреп жатып жан берди.

– Сенин жамандыгыңды бүт чыгардым, эми арак ичпейсиң, оңолосуң, тоокту алыс алпарып көмүп кел, – деди аялы.

Ошондон кийин чындап эле арак иче албай калдым. Кээде болбой эле ичип койсом, бир рюмкага эле кеңгирей түшөм.

Кара тооктун өлүмүнөн кийин намаз окуганды үйрөндүм. Туңгучка кеткен жолдогу Автоучкомбинатты Бакыт Тыныбеков сатып алган. Ошол жерди карап, ошол жерде жашап калдым. Имарат чоң, ээн. Ичине кирип бош кабинетте намаз окуп атсам, баягы узун кара киши маңдайыма келип туруп алды. Эмне кыларымды билбей, намазды узакка окуп отуруп алдым. Акыры аяктап, бата кылып күбүрөп отуруп алсам, узун киши жок болуп кетти. Ии ушинтип бата кылсам жок болуп кетет экен деп намаз окуй берчү болдум. Дагы бир канча күндөн кийин намаз бүтүп тура калсам, жанымда куран китеп жатыптыр.

Дагы бир жолкусунда 7 сом туруптур. Саунадагы Бакыттын эс алуу бөлмөсүнө кирсем, дал ушундай дагы 7 сом жатыптыр. Жети сомдун эртеси Бакыт кырсыкка кабылбадыбы? Ошондон кийин намаз окуганды таштадым. (Бакыт белгилүү төкмө акын Токтосун Тыныбековдун уулу болчу.)

*     *     *

Биз Бакытты эскердик. Аябай жакшы жигит эле. Нурбекке жакшы иш берип, ал тургай аялыңын дипломун алып кел, башка ишке орноштурам деген. Ал Сактановго аябай таң калчу, өз баласын кантип көчөгө таштай же элден бир жериң кем эмес, сүйлөгөн сөзүң туруктуу, калп айтпайсың, ишти берилип иштейсиң. Кыскасы, атаң ата деле эмес экен деген.

Ала-Тоодогу молдого да барып келдик. Аны молдо деш мүмкүн эмес. Жынсы кийген, кычыраган жаш жигит экен. Мени карап:

– Тукумуңузда ырчы барбы? – деп сурады.

– Билбейм, жок го, – дедим.

– Сизде бир акындык касиет турат. Нурбек кийин-кийин ичпей калат. Силер кечигип эркек балалуу болосуңар,– деди.

Ал сөзүнө ишенген деле жокпуз.

Мишанын жайын уккан бир курдашым да машинасына кара тоок сала барган. Ары-бери ырымын кылып, эмки келгениңизде тоок ала келиңиз дегенде, ал “ала келгем” деди. Машинадагы тоогун алып келди эле, маңдайына отургузуп дубасын өзү окуп баштады. Анын дубасы тоокту өлтүрө албай койду. Өзү мурда тоокко окубаптыр, көрсө аялынан кызганып, анын күчтүү дубасын тартып алууну көздөгөн экен, болбой калды. Акыры аялын чакырууга мажбур болду. Ал оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, жер карама аял экен. Жерди тиктеп келди да, отура калып, түшүнүксүз тилде бир нерсени сүйлөнүп, “сү-ү” дегенде тоок титиреп, чалкасынан мүрт кетти. Байкуш тоок. Тоокто эмне күнөө эле?

Жолдо келатканда Нурбек:

– Сен эмнеге Мишага тукумуңда ырчы жок деп калп айттың? – деди.

– Анан эмне, апам кошокчу болгон деп айтайынбы? – дедим.

– Токтогул Сатылгановдун урпагымын дебейсиңби?

– Аа, ошентиш керек беле?– дедим.

Анан Нурбек музейге биринчи келгенде Токтогулдун кызы деп издеп келгенин ойлоп, ичимен улуу акындын урпагынан экениме кубанып жылмайып койдум.

Баягы Нурбек таап алган эски куранды казакстандык Акмарал деген көзү ачык чыгып атпады беле дүңгүрөп, анын аяндарын бир депутат “Арбактар сүйлөйт” деген ат менен гезитке, андай кийин китеп чыгарып жүргөн, ошол аялга алпарып сатып ийгенбиз. Ал Селекцияда бизге жакын көчүп келген экен. Аны деле билбейт болчубуз. Нурбектин Баатыр деген досу келген, ошо аялга алпарып кел деп. Биз аны билбейбиз дедик. Бирок таап берели деп Селекциядагы тааныштарга барсак, кошунасы экен, жүргүлө, чогуу кирип, сынап көрөлү, чын бекен, калп бекен, биз деле угуп-билип атабыз, эл көп келет, көбүнчө чоңдор келет, келгендердин баары күндө кой союшат, ичегелерин ыргытышат сасытып деп айтып бүткүчө жетип калдык.

Оштук күйөөгө тийген экен, ал сыртта жүрүптүр, таанышып калдык. Аны да өзү дарылап, мен сага тийишим керек деп тийип алган имиш. Күйөөсү азыр сеанс өтөт деп үйүнө алып кирди. Баш багып аялына карап, бу жигиттин буту ооруйт экен деди. Бир аял менен бир кемпир, анан күйөөсүнүн энеси бар экен көзү ачыктын. Баарыбыз топурап кирип барсак, мына эл толду, сеанс өтө берейин деп, бизди жакын-жакын бут сундуруп отургузду. Адегенде Нурбектин бутуна отуруп, бир нерсе деп сүйлөндү, Нурбек унчуккан жок, анан тура калып басты, секирди, “бутуң таза экен, оорубайт экен” деди.

– Жо-ок, меники эмес, бул досумдуку ооруйт,– десе “анан айтпайт белең?” деп ачууланды.

Досунун жанына барып, Нурбекке секиргендей секирди эле, Баатыр айкырып-бакырып жатып калды. Орусча сүйлөгөн шаардык неме эле, сөгүнүп баштады. Экөө орусча чокуша кетти. Шагы сынган көзү ачык кайненесинин бутуна отуруп алды, кемпир боздоп атат же турбайт, анан да ырсайып күлүп коёт кайненесин табалагансып.

– Мен ыраазымын айланайын, түш, түш дейм келин, аа-ай балам, мени кетир Өзгөнгө, чыдабай калдым мунуңарга, – деп ыйлап кирди.

– Ай, кандай немесиң, түшпөйсүңбү, сексендеги карыя сени кантип көтөрмөк эле? – деп болуша баштадым.

Жер карап күңк-мыңк этип келип, менин бутума отуруп алды. Мен да кыңк эткен жокмун. Бизди ээрчитип барган аялдын да бутуна өп этип отуруп алды, ал да кыйкырып баштады. Анан ойлоп койдум, бул жакка жалаң буту ооругандар келеби деп. Ар кимдин бутуна секирген сайын жыртайып күлүп атты.

– Экөөң эмнеге келдиңер эле? – деди ачуулуу карап.

– Башка иш менен келгенбиз,– дедик.

– Анда чыгып тургула.

Биз чыгып баратсак, Баатыр да бизди ээрчитип барган аял да ээрчип жөнөдү.

– Силер каякка?

– Кеттик, ыракмат айланайын, адашып келип алыппыз, – деди аял.

Сырттан күйөөсү, “Болдубу?” деп карап калды. “Болду” дедик. Ал узатып басты. Ошондо курандын окуясын айттык күйөөсүнө. Ал апкелгилечи көрөлү деди. Эртеси апкелмек болуп кетип калдык.

Ошол күндөн кийин Баатыр досу келип бир жакка бармай болуп троллейбуска чыктык. Ушу досу гана ичпейт, акылы да ордунда, шаарда төрөлүп өскөнү менен өтө жөнөкөй бала, болгону кыргызча сүйлөгөндө бир аз кыйналат. Троллейбуска жаңы эле отурганбыз. Ошол тушта бир чыйылдаган аял билет текшерип, жүргүнчүлөрдүн кактабай канын алып атат кыйкырып. Азыр алганы атабыз дешсе деле болбойт, чаңкылдап.

- Тиги жинди кондуктор го?- десем Нурбек “кайсы?” деп мойнун созуп алды жакты карап эле, өңү бузулду.

– Эмне болду? - десем,

– Мен айткан аял ушу, - деди.

– Кайсы сен айткан?

– Айнуранын апасы.

– Анда артыма жашын, - деп тиги аялды аябай карап атам. Бою өтө эле кыска, ак жуумал, бирок шкафтай семиз экен.

– Эмнеге жашынмак элем, ал жашынсын менден, тагдырымды топтой тээп ойногону үчүн, - деп кебелген жок.

Кондуктор ызылдап билет айрып жатып бизге да жетти. Мен билетимди сундум. Нурбек көрмөксөн болуп айнекти карап отуруп алды. Мен ага билетиңди көрсөт дегиче эле жанагы кондуктор Нурбекке жакын келгенде, чок баскандай чочуп, жин ургандай эле артка качты да, шоопурга бирдеке деп токтоттуруп, жерге түшүп кетти. Мен таң калып, Нурбек күлүп атат:

– Көрдүңбү, кылмышын билет, булар менин алсыз бечера экенимди билип эле атайлап өмүрүмө балта чабышкан да,- деди.

Чынын айтсам, аябай таң калдым. Кийин дагы бир эки жолу көрдүм, андан кийин такыр көрүнбөй калды ал кондуктор.

*     *     *

Арадан эки-үч күн өткөндө тамак жасайын десем, эт калбаптыр. Картөшкө, пияз да аз. Айлык тийе элек. Ошо кезде жашоо аябай оор эле. Анан көзү ачыкты эстедик. Куран китепти сатабыз дебедик беле, бар алпарып кел десем, Нурбек жок чогуу барабыз дейт. Барсак, дагы күйөөсү тосуп алды сырттан. Ал дайым сыртта жүрөт экен, аялы жок. Мен силерди келет деп айткам, Акмарал күтүп атты эле, үйүңөрдү да сурап калбаппыз деди. Отура тургула, келип калат деп сыртка орундук берди.

Өзү эле сатып ала бербейби деп күбүрөшүп атабыз. Анан сурайылдай суйкайып аппак кийинген аялы короого кирип эле “Чо нового?” деди, күйөөсү кыргызча бирдекелерди айтып, анан бизди көрсөттү, куранды апкелишти деп. Үйгө киргиз деп өзү кирип кетти. Күйөөсү бизди үйгө киргиле деди, ал секретардын ролун аткаргандай сезилди мага, бечера күйөө.

Киргизип, арзан баага соодалашты. Биз көнбөдүк. Анда башка жакка көрсөтүп келели дедик. Чыккан жылын көрсөтүп:

– Байыркы китеп, көрдүңбү? – дедим.

Биз сураган акчаны мурчуюп берди да, куранды сандыктын үстүнө ыргытып койду. Куранды ыргыта турган болгон соң, анда эмнесине кызыгып алды деп ойлонуп калдым.

*     *     *

Мен журналисттик ишим менен филармонияга бир атактуу ырчы эжени гезитке жазганы барып калгам. Жолдон балетте окуган кызымды кошо алып алгам. Ал ширинсиз чай ичпегендиктен жолдон бир кило шекер сатып алганбыз. Кирип баратсак, Нурбектин атасы чыгып келатыптыр. Мени көрүп эле токтоп калды. Баш ийкемиш болуп жер карасам:

– Бурулка, кандай? – деди.

– Жакшы, – дедим.

– Сен менен сүйлөшөйүн дедим эле, жүргүлө, үстүнө чыгалы, мен экинчи кабатта иштейм, – деди.

– Мени Айша эже күтүп атты эле, – деп туруп калдым.

– Аа, анда Айша келгиче сүйлөшүп алайын. Нурбек экөөңдү гезиттен окудум. Куттуктайм. Ал жаман бала эмес, силер сөзсүз бактылуу болосуңар. Мен батамды берип коёюн дегем.

– Сиз аны эмнеге таштап салдыңыз эле? - деп ийдим шашып.

– Мен аны таштаган эмесмин. Аны бир кемпир баккан. Ага энеси берип салган. Нурбек ошол энесин бакпай, көчөлөп кеткен. Канча айттым энеңди бак деп. Керек болсо мамасын да таштап кеткен. Арактан башы чыкпай калган.

– Ой коюңчу, ал анда 5-классты эле бүтсө, кантип багат энесин? Сиз алып кетип калгансыз да? Албай койсоңуз, анын тагдыры талкаланбайт эле го?

– Сага баарын айтып салдыбы?

– Эмне үчүн айтпайт?

– Мен чынында батамды эле берип коёюн дегем. Мына күн карап турат. Бери кел,– деп чыгышты көрсөттү да, кызымды “кел, кызым, жүрө гой”, – деп колунан тартса, колундагы кармап турган шекери түшүп кетип, полго жайылып төгүлдү. Сактанов:

– Ии, ка-ап, – деп кейип калды.

– Шыпыргы каякта бар, тазалап коёюн, – десем, “жөн кой, азыр жыйнатып коём” деп, чыгышты карап алакан жайып батасын берди.

Башка ата болсо башкача сүйлөйт беле, “Кой айланайын, балама туура эмес мамиле кылып алыптырмын, эми кечиришели, Нурбекти темселетпей үйгө апкел, өзүң да кел, энеңер сага жоолук салсын!” деп.

Мен деле жоолук салынбай калдым деп айтпайм. Айылдаш Картаңбай акесинин аялы Айнаш эже үйүнө алпарып жоолук салып, “Нурбек кечке эле иштеген жериңи сагалап жүрө бербесин, түтүн булатып алгыла, бир аз ичкени болбосо, жакшы эле бала. Бекем кармасаң, ичпей калат. Атасы да таш боор экен, талаага таштап салган, убалы атасы менен өгөй энесине жетсин, “Чөптү кордосо көзгө зыян”, зыяны өздөрүнө тийсин” деген эле. Тобо кылдым, эженин оозунда барбы, билбейм...

Болгондо да чыгармачылык кечемден кийин салып кеткен үйүнө. Шаардын чок ортосунда турушчу эле. Үч күндөн кийин эже кой сойдуруп, тамак жасап, мен иштеген музейге үстөл даярдатып, эл чакырып, той өткөрүп берди. Ошондо А.Токомбаевдин кызы Айнаш эжеге аябай таң калган, өрт аял экен деп. А Картаңбай аке бир тууган тайкеси болом деген. Мен да көпкө чейин ишенип жүрдүм. Көрсө бир уруунун эле балдары экен.

Ушинтип той өткөрдүк деп Нурбек атасына барса, өгөй энеси “Ии биз дагы той өткөрүп, кайненеңди чакырабыз үйгө, бирок жазда. Адегенде үйдү бир сыйра ремонттоп алалы, анан сен аркылуу чакыртып алам” дептир.

Анын айтканын Нурбек апамдын көзүнчө айтып салды дардаңдап. Апам “Үйүн качан ремонттойт экен?” деп 10 жыл күттү. Ошентип үйү такыр ремонт болгон жок. Чоң адамдар деле калп айтса боло берерин биринчи жолу ошо Сактановдордон уктум.

Атасыныкына көп деле бара берчү эмес, анда-санда инилери чалганда гана барчу. Өгөй энеси каттодон автоматтуу түрдө чыгарып салганын угуп аябай кейип келди.

Анысы аз келгенсип атасы гезитке интервью берип, Нурбек жөнүндө эч нерсе айтпаптыр да, эки уул, бир кызым бар дептир актангансып. Ал гезитти бир эжеси алып келди үйгө. Ай атам а-ай... деп анда да катуу кейиди.

Дагы бир барганда Арашандагы дачаны өгөй энем сатып жибериптир деп ачууланып келди.

“Саттырбай эмне кыласың, жөн кой, сата берсин” десем, “ошону иним экөөбүз салдык эле да. Мага берип коёр деле жөнү бар болчу” дейт. Жээнине бир келгенде ушуну айтсам, “Ал жеңем сенден коркту, дачаны талашат деп, ошон үчүн шашып, 20 миң сомго жетпеген эле акчага сатып жиберди” деди.

Мен ошондо дагы бир таң калдым Сактановдорго.

Деги мунун өгөй энесине эле эмес, өз энелерине деле түшүнбөдүм. Дегеле бардык туугандарына түшүнбөйм. Балдар эмнеге көчөлөйт, кантип көчөгө чыгып кетишет, кандайча талаалап кетет деп ойлочумун. Көрсө, ушундай да ата-энелер, тууган-уруктар, тайлар болгон үчүн дейдип кетишет турбайбы? Апасынын бир туугандары көп. Ошолордун бирөө да Нурбекке кайрылбаптыр. Баары билишчү экен. Анын үстүнө Бишкектеги интернат менен Шалтанын ортосу машина менен жүрсө, андай деле алыс эмес.

Иш табууга билими же диплому болбогон адамга жашоо өтө оор экен. Эгер колунан кара жумуш келсе да мейли, тырмышып иштеп үй курап кетет. Ал да келбесе жандын шору экен.

*     *     *

Адегенде мотореллор “Муравей” сатып алып иштеп жүрдү. Иши жакшы жүрүп атты. Акча таап. Акчасы көбөйгөн сайын иче турган болуп калган, кээде араң айдап келет. Анан шаардык чоң складга кароолчу болуп кирди, үч күндө бир барат, калган күндөрү мотоцикли менен иштейт. Мунун адамкерчилигин байкаган Плодобазанын ээси базага ишке алат. Бир ай өтпөй эле склад башчысы кылып орноштурду. Ичинде “шабашка” өтө көп болгондуктан күндө ичип келет. Бир күндө он миң сомго чейин акча таап койчу, бирок кароолдо турган достору менен бөлүшөт, анан мурда калган биртике акчасын да алдап ичип коюшат. Ошол күндөрү катуу урушуп баштадык. Ичпейм деп карганат, кайра эле ичип келет.

Мунун тайлары менен катташып калсак, алар Нурбекти кызганышып, мени жеришет. Же мага чейин эле Нурбекке тийип алышпайт же муну үйлөнтүп коюшпайт. Мунун колунан акча чыгып калганда баары катташып башташты. Бирок алардын мүнөздөрүнө дагы деле түшүнгөн жокмун. Кабактары ачылбай, кандайдыр ызырынып мамиле кылышат.

Мунум акча таап, ичип жүргөн күндүн биринде бир жума келбей калды. Биринчи күнү унчукпадым. Экинчи күн болгондо мас болуп, көчөдө тоңуп өлгөн бир досунун тагдырын кийип калбады бекен деген ойдон селт этип кеттим. Иштеген жеринен сотка берип, кыйын болуп сотка көтөрүп калган. Анан карасам саат түнкү ондон өтүптүр. Чалып кабар алып коёюнчу, “ит жоголсо деле издейт” деп чалсам, көптө барып алды, бирок унчуккан жок, кандектин чыйылдап үргөнү эле угулуп атты. Эки үч жолу “Ало” десем гана бир аял жооп берди. Адашып чалып алдымбы деп өчүрө салып, номерди карасам, туура эле экен. Кайра чалсам, дагы эле ошо аял алды. “Мага Нурбек керек эле?” дедим. “Сен кимсиң?” деди. “Аялымын”...

– Эми сен аялы эмессиң, сен мындан улуу турбайсыңбы, чынбы, эми башын бошотуп кой, биз үйлөнүп алдык,– десе эмне дээримди билбей калдым.

Андайды күткөн эмес элем да, кайра “ии, эмне унчукпайсың?” деп кекетти.

– Аа мейли, ошондой эле болсун, мен талашпайм, бирок аман-эсен тирүү барбы, берчи өзүнө, үнүн угуп коёюн,– дедим.

Кандеги жан алы калбай үрүп жатты. Азыр деле ошо кандегинин үнүн эстей берем. Бир топтон кийин маалкатып бул алды. “Ии эмне болду?” деп кекирейип. “Эч нерсе болгон жок, айтып койбойт белең, тирүү бекен деп эле чалдым. Каласыңбы ошо аялда?” дедим. “Ооба калам, эмне болду?” деди дагы.

Ии байкушум, боорум ооруп кетти бечерага. Кимге гана жабышпады, бирөөнөн жылуу очок таба албады. Өзүнөн 20 жаш улуу эжелери менен да жашап жүргөнүн, бири бийчи, бири доктур экенин азыр деле айта берет. Ошол эжелер эмнеге бапестеп багып алышпады экен бул шордууну.

Үстүмөн бир тонна жүктү алып салгандай жеңилдей түштүм. Арадан бир жума өткөндө базар күнү эрте менен уктап жатсак, эшик такылдайт. Бул байкушту унутуп деле калгам, дагы бирөөдүр да деп жата бердим. Анан терезени тыкылдата баштады. “Ким?” дедим катуу. “Мен” деп коёт уялбай.

– Мен деген ким?”

– Нурбекмин.

– Кийимиңе келдиңби?

– Жок. Ачсаң?

– Ачпайм, айта бер, кечке эле мышык-чычкан ойното бербей. Эмне келдиң? Азыр милиция чакырам.

– Эй... ал... кууп жиберди.

– Эмнеге?

– Алкаш экенсиң деп.

– Алкаштын кимге кереги бар, мага керек бекен же?

– Мен эми ичсем ит болоюн, эч кимге батпайт экенмин сенден башка. Ичсем өлүп калайын.

Андан кийин да далай ичти, бирок өлгөн жок.

Ишин алдырып ийип, кароолчу болуп иштеп жаткан. Ичпей жакшы жүрсө, эмнеге алып салмак эле иштен?

Кароолчу балдар чалат бир күнү, “эже келип кетесизби?” – деп.

– Эмнеге барам, тынччылыкпы?

– Байке ичип алды эле.

– Ичмектен доңуз копсун, айтып койгула,– деп басып салсам, кайра чалышат.

– Дагы эмне болду?

– Эже, байке эч нерсени сезбей атат, келбесеңиз болбойт. Тез жардам чакырсак, карабай койду.

Коркуп кеттим. Аралык бир топ алыс. Лакылдап баратам. Базанын сыртындагы камокто бозо саткан аял мени көрүп, “ии Нурбекке келатасыңбы, ал жаман болуп атат” деп коёт. Аны өлүп калган турбайбы деп ойлоп ийдим.

Кирсем эле жүрүңүз бул жакка деди. Кароолдун төркү уктай турган жагына жаткызып коюшуптур. Жулкулдаттым. Чапкыладым. Тепкиледим. Нөл. Эч нерсе сезбейт. Суу чачсам да сезбейт.

– Тез жардам эмне деди?

– Мас экен деди.

– Ушунча да ичиресиңерби?

– Биз ичирген жокпуз, эже. Мөөнөттү эми өткөрүп алдык. Мурунку өзүнүн мөөнөттөштөрү менен ичиптир. Соолуга албай атат.

– Сыртка алып чыккыла, – десем, чоңдор көрүп коёт дешти.

– Өлүп калгандан көрө көрүп калганы жакшы,– дедим да сыртка сүйрөдүм.

Ныпым эчтеке сезбейт. Каароолканын ар жагына алпарып муздак жерге жаткырдым. Дем алганы эле болбосо, адамга окшобойт. Отура бермек белем жанында. «Бир нерсе болсо телефонунан карап тууган-уруктарына айткыла, мага айтпай койсоңор деле болот” деп кетип калдым.

Түн бир убак болсо да уктай албадым. Баягыдай эле жалдырап эшик чертип келип калат десем, келген жок. Чын эле бир нерсе болуп калды окшойт, эмгиче ойгонот эле да. Ал жөө-жалаңдап келе берет болчу түн болсо да. Жаман жери – түндө көзү көрбөйт, көзү “куриная слепота”, бир жактарга барып калганда, далай жолу жетеледим. Мурунку смендегилер ичип алып үйлөрүнө кетип калышыптыр, а мунун акыбалы ошончолук эле да.

Таң атты. Тиги жок. Баягы бир жума жашаган аялы бир нерсе кылып салбады бекен деген ой кылт этти мээме. Ал муну “ичкич экенсиң, бар айланайын, кетип калчы” деп кууп жибергенин кийин дагы бир айтып берди ырсаңдап күлүп. Кайсы аялга барса эле бир жумадан ашык жашай албайт.

Дагы бир жолу Ошко китебим боюнча кече өткөрүп, бир жумача жүрүп калдым. Үйдү сурайын деп кечинде чалсам, телефонду мунун ордун өткөрүп алган склад башчысы көтөрүп калды.

– Нурбекке берип койчу?

– Ал жок эже.

– Апей, телефонун сага таштап үйгө кетип калдыбы?

– Ооба... кечирип коюңуз эже, айтпайын дедим эле... бирок...

– Өлүп калдыбы?

– Ой жок... бүгүн тою болуп атты эле.

– Эмне той?

– Нурбек байке үйлөнүп атты эле.

– Болсун, кимге үйлөнүп атат?

– Билбейм эже.

– А мага эмне айткан жок? – деп күлдүм.

Үч күндөн кийин үйгө келдим. Түн бир убакта жетсем эшиктер ачык турат. Кирсем, тигиним өлө мас. Дагы эле эч нерсе сезбейт. Чыла жыттанып кетиптир. Алымдын жетишинче сүйрөдүм. Мурда итирейип арык эле да, алым жетчү. Күндөн күнгө өгүздөй болуп семирип бараткан. Араңдан зорго алып чыктым сыртка. Колонканын жанына муздак жерге жаткызып койдум. Муздакта гана соолугат. Үйдүн жыты укмуш эми. “Оо кудай, мен күйөө сураган же тилеген деле жок элем го?” деп зыркырап, үнүм асманга жетип турду. Мунун ичкич экенин билгем да, кечинде көзү көрбөй калганын да билгем, анан эмнеге буга боор ооруп баш кошуп алдым экен?

Ортончу үкөм келип чыр салды эле, муну жоготуң, башыңызга балээни үйбөй деп. “Сенин ишиң эмне?” деп урушуп кеткенбиз. Ошо менен бет карашпай калдык. Бирок ызы-чуубузду келинден угуп калса буга чалат экен, “тим жүрүң жезде, акеңизди таанытып коём” деп. Ушул үкөмдөн гана коркот, а чоң үкөм барпалаңдап өтө эле ак көңүл, аны тоготпойт.

Эртеси туруп алып аябай кусуптур. Мени ойготту, болбой калдым деп, ырас болуптур деп ичимден сүйүнүп атам. Ичкичтерге бир себеп болуп калып эле токтотпосо, токтотпой турганын биле баштадым.

Кудай жалгап бутум деп бутун кучактап отуруп да калчу болду ошондон кийин.

Эс алып калганда сурадым:

– Үч күн мурун той өткөрсөң, анан эмнеге келе бердиң, барбайсыңбы? –десем...

– Ой ал жеткен акмак экен, – дейт.

– Эмнеге?

– Акчаң жок болсо эмне керегиң бар деп кууп салды.

– Сенин эч кимге керегиң жок экенин билдиңби эми? Тайларың жолотпойт. Атаң, туугандарың катташпайт. Эми ушинтип көзүң ачылбай жүрүп өтүп кетесиңби? Же бир дурусурак тууганың жок, алпарып колдоруна тапшырып келейин десем. Сени эмне кылышым керек, сенден кантип кутулам? Айтчы?

– Эми ичсем ит болоюн.

– Сен күндө эле ит болуп атасың го? Итти деле кет десең кетип калат, сен итче да болбой атпайсыңбы?

Муну кайра аяп, койчу бечера, эми каякка бармак эле, жүрө берсинчи, мага деле бир “кочегар” керек да деп тим болуп калам.

Соолукканда мындан жакшы адам жок. Кечиримди тынбай сурайт. Карганат. Экинчи кайталасам ит болоюн дейт.

Ошол жылдары алайлык акелери издеп келишти. Бирөөсү Алайдан көчүп келиптир. Аныкына барып катташып калдык. Алар да келишти боорсок, чай-чамасин көтөрүп. Бир жолу мас кезинде акесине арызданыптыр. Эмне деп арызданганын билбейм. Экөө ээрчишип келип калышты. Мен арам оюм жок эле «келиңиз аке» деп, чай даярдап кирдим. Оюмда арызданайын, үкөсүнө тарбия берсин деп ойлоп атам. Сыртта турушат экөө сүйлөшүп. Аке киргиле десем, “жок кирбейм, алып чык Нурбектин кийимдерин” дейт.

– Кайсы кийимдерин? – дедим таң калып.

– Кайсы болмок эле өзүнүн кийимдерин да?

Мен түшүнбөй Нурбекти карадым.

– Ай, апкетем үками, уруша берет турбайсыңбы сен?– десе далдырап калдым.

Анын же колго илинер кийими болсочу. Арактан башы чыкпаган адамда кайдагы кийим? Аны акеси билип коюппу? Дурус кийим аперсем эле бирөөгө кармата салып, анын эскилерин кийип келет. Жакшынакай спорт сумкам бар эле, аны эптеп бөрсөйтүп ишпалдасы чыккан айрык шымдарын кошуп, тиш щёткасынан бери салып карматтым.

– Бас кеттик, экинчи келбе бул жакка, Алайга барасың, үйлөнөсүң, – деп машинасына ээрчитип баратса, бул байкуш артына кылчактап жалдырап ыйлай тургандай болуп мени карап баратат.

– Отур, – деди Белек аке машинасын ачып.

Айдап кетти. Ойлонуп отуруп калдым. Эгер эстүү киши болсо, муну какыс-кукус кылып, кайсы жыргаганыңа ичип жүрөсүң, эгер катыным улуу деп ардансаң, анда Алайга жөнөтөйүн да, айылдык жаш кыз таап үйлөнтүп салайын деп эле ороңдобой кепке келип, мунусун көндүрүп анан алып кетсе деле болмок.

Дегеле булар мурда каякта жүрүшкөнүн билбейм да, анан сын тагышса ооздорунан түтүн буркурайт. Баарынын эле сырты бүтүн, ичтери түтүн. Ушу алкаш тууганына ким чыдап жашайт, мага окшогон эле бир боорукер бечера чыкпаса, адам чыдайбы ушуга?

Ошентип кетип калышты. Ичим бир аз ачыша түштү. Канча дартын көтөрдүм. Өтө эле борпоң. Шаарда оокат кылалбаган неме Алайда оокат кылып кетер бекен деп отурсам, кызым окуудан келип калды. Ага чай даярдап, колу-бетин жуундургуча жарым сааттай өттү. Кеч кирип калган. Эшикти кулптап чай ичип атсак, эшик тыкылдап калды. Кызымды унчукпа дедим. Нурбекти акеси салып кетип баратканын көргөн бирөө-жарым жаман ой менен келип жүрбөсүн дедим. Дагы тарсылдады каалга. Акырын парданы ачып карасак, Нурбек турат. Терезени ачып:

– Эмнени унутуп калыпсың? – дедим.

– Эч нерсени, – дейт.

– Анан эмне келдиң?

– Жөн эле, ачпайсыңбы?

– Апей көрүнгөнгө эле эшик ача бермек белем, акең кана, унуткан нерсең болсо айт, алып берем?

– Эч нерсени унуткан жокмун, кечирип койчу, иттик менден кетти, экинчи кайталанбайт.

Анын арак иче бергенинен кызым да тажап кеткен. Интернатта жашагандыктан көп келчү эмес. Хореографияда окуйт. Кызым дароо түшүндү кырылышып атканыбызды. Барып эшикти ачып салды да:

– Сиз кичине бала эмессиз да, ушинтип жүргөндөй,– деп орусча сүйлөндү.

Дасторконду жыйнап салдым. Көзү ашканадан өтүп атат.

– Кишини кыжаалат кылбай айтчы, эмне келдиң, акең кана дейм, ал эркекпи же катынбы, алып кеткенден кийин кайра эмнеге алып келди? – калчылдай баштадым адатымча.

– Эй... акем апкелген жок... ылдыйкы бурулушка баргандан кийин, эми каякка барасың, барар жериң, аялдарың барбы деп сурады. Мен эмне дээримди билбедим. Ал үйдөн кийимиме чейин чогултуп алып кетип аткандан кийин бир жакка же үйүнө алпарат ко дегем. Үйүнө алпарса деле качып келмекмин. Бирок алып кеткенден кийин бир күн үйүнө батырса болмок да, арак сасыйт экенсиң, тааныштарыңкына бар, сага кайра барба деди. Мен тайкем ушул жерде жашайт деп, Темирдин үйүнүн жанынан түшүп калдым да жөө келдим,– дейт.

Ачуум аябай келди. Ушу Белек акесин дурус ко деп ойлогон элем.  

*     *     *

Ошондой ызы-чуунун бир күнүндө балалуу болуп калдык. Молдо Миша айткан сөзү эстен чыгып кеткен, такыр унутуп койгом. Атын Кудайберген койдук. Балам ара төрөлүп, үч ай айнек вакуумда жатты. Дегеле торолбой койду. Ошондо Кука деген курбум “Айнектен чыгарып алып кел” деди.

– Кантип? Кокус...

– Эгер буйругу жок болсо анда кокус... Эгер буйруктуу бала болсо ара экенине карабайт.

Кука баламды токтогулдуктардын ырымы деп ырым жасады. Өзүм Токтогулдан болгонум менен мындай ырымды укпаптырмын. Супураны жайып, тактайга ун сээп, баланы жылаңач жаткырып үбөлүктөйт экен. Астынан, артынан үбөлүк тийгизип, бир бутунунун астынан өткөрүп, азыр ыргытам, тосуп алсаңар бала аман калат, тосо албасаңар өз арманыңар өз ичиңерде десе, эсибиз чыгып Нурбек экөөбүз воротадан топ тоскондой даярданып турдук. Ал ырымын сүйлөп, бутунун астынан ыргытканда жанталашып тособуз деп Нурбек экөөбүз сүзүшүп отуруп калдык. Көрсө, ыргытпайт экен, сугалактатат экен. Эсибиздин чыкканын айтпа. Кайра аркы бутунан өткөрүп, дагы айтты жанагы сөзүн, дагы ишенип алып тосконго катуу даярданып аттык. Акыркы жолкусунда эми колуман эле алгыла, түшүрүп албагыла деп бир колуна кармап, бутунун астынан өткөрдү эле, шап ала койдум. Улпакка көөлөнгөн баламды аарчыбай эле ороп алдым. Үч ай айнекте жатканы менен өтө эле кичине. Бирок ошо күнү тынч уктады. Курдашым балам торолгуча биздикинде болду.

Тигиним бир аз күн ичпей калды. Балам беш айлык болсо да салмагы жетпей, бардык аракетти жасадым. Кечке чарчап, кечинде суй жыгылам.

*     *     *

Менин “Селсаяк” деген китебимдин биринчи бөлүгү чыгып, колдон колго өтүп окулуп жаткан кез. Ал китеп Уркалый аяш атасы аркылуу Сактановго да жетиптир. Аяш ата анын үйүнө барган сайын Сактанов бир тонна салам дубасын айтып жиберет мени жамандаган. Ал киши үй телефонубузга чалып, кайра мага айтат, атаңар ушинтти деп.

Нурбек да дүңүнөн гезит сатып, чогуу “Ордо” гезитинде иштеп калдык. Бир санына эле бир нече макала жазчумун. Бирөөнө өзүмүн аты-жөнүм, экинчисине псевдонимим, дагы бирөөсүнө башка атым, кээде Б.Сактанова деп. Эки гезитте иштегендиктен “Ордого” кечирек келсем, журналист кыз айтат:

– Эже, Көчкөн Сактанов чалды, сизди сурады? – деп.

– Эмне керек экен? – десем:

– Сизди экинчи менин фамилиям менен жазбасын деди макаланы, – дейт.

– Анын фамилиясы менен жазып атканымды ага эмнеге жеткиресиң? – дедим дароо.

– Ой жок эже, мен жеткирген жокмун.

– Сен жеткирбесең, ким жеткирди? Ошентип чалганда сен кыйын болсоң айтпайт белең, ал өзүнүн күйөөсүнүн фамилиясы менен жазып жатат деп?

Сөз ошо менен бүттү. “Ордо” гезитинин нускасын бир топ эле өстүрдүм. Курч материалдарды алып чыктым. Сойку кыздарды жазып кел деп жөнөткөндө, алар турган кесилишке барып, аралашып кетип, билмексен болуп билгизбей суроо берип атсам, бирөөсү “ии эже, сиз Бурулкан эжесиз го? – деп таанып койду. Көрсө, гезитибизди окуп турушат экен. “Сойкулар мени таанып койду” деп жазган макалам да кызыгууну туудурду.

Куудул артист Бердибековдун өлүмүн иликтеген материалым үчүн тирүү куудулдар келип мушташ чыгарып кетишти. Бирок сандан-санга чыккан гезитти эл талашып окуп жатты. Улам жаңы тема табам. Баары окумдуу болуп элге жетти. Бир күнү:

– БОМЖдорду жазам, эки-үч күн келбейм ишке,– дедим редакцияда.

– Кантип жазасыз? – дешти.

– Кошо жашап келем...

Ошентип начар кийинип алып Нурбек экөөбүз “бомж” болуп кетип, Казакстанга чейин бардык. Аларды жазыш деле оңойго турган жок. Тамагым жийиркенчек болгондуктан алардын кебетелеринен жипкирип калдым. Бир бет материалымды бүтүп, уландысы бар деп жазып, Нурбектен берип ийип, калганын жаза бердим. Ошо жазгандарым сандан-санга кетип атканда бизди апам чакырып калды Токтогулга. Үкөм үйлөнмөк болчу. Бардык.

Туугандар толтура экен үйдө. Баары эле бизди аңырайып карашат. Апам болсо ызырынып алган мени кагып-силкип. Урушайын деп атат, бирок элдин, куда-сөөктүн көптүгүнөн унчуга албайт.

Тажеңем апамды Ыкы дечү, ал айтат:

– Ыкы, койчу эй, капа боло бербей, кебетелери жакшы эле болуп турат го, кызың баягысындай эле сулуу, Нурбек деле татынакай турат, жөн эле ушактыр да?– дейт.

– Анан, эл кетсин, – деп коёт апам.

– О кокуй, дагы эмне деген ушак уктуңар?– дедим күлүп.

Анда апамын сиңдиси Ырыскан эжем:

– Сен кара жерге кир, итирейген кебетең менен, өлбөгүр, соо жүрбөйсүңбү, сага эмне жетишпейт, акчабы, тамакпы, бизден сурабайсыңбы? – деп жекирди мени.

– Апей, айтып алып анан урушпайсыңбы, сага эмне кылдым?– десем, ары жактан тажеңем:

– Буку кагылайын, кой, эстүү кызсың, экинчи антпей жүр, сени биз акын деп билебиз, Кара-Суудагылар деле сурап калышат, акын кыз кандай жүрөт дешип, анан мактап эле жатып калабыз, дилбизордон чыкты деп. Жамандардан адаш, жакшыларга жанаш, кагылайын, – деп эле ыйлаганы атат.

– Ай, тынччылыкпы, силерге эмне болгон? – деп таң калып атам.

– Сен сүйлөбөй отурчу, анан эл кеткенде сазайыңды берем,– дейт апам томсоруп.

Ушунун баарын көрүп отурган тайкем:

– Оо, үйүңө буудай толгурлар. Маалкатпай алдагы койнуңа каткан далилди алып чыкпайсыңбы, кайнатамдын кызы? – деп кемпирине кол жаңсады.

Тажеңем шашпай, тужуркесинин түймөлүгүн ачып, койнунан бүктөлгөн гезит сууруп чыкса эле “Ордо” экен.

– Аа биздин гезит го? Силер да окуп атасыңарбы?– деп жыргап күлдүм.

– Ой элүүңдө көрөйүн айбан, уялбай күлүп коёсуң да? – деди Ырыскан эжем.

– Анан ыйлайынбы, менин макаламды окуп атканыңарга жетине албай атам да,– дегиче эле, гезитти ачкан таажеңем, “мыногу имине?”- деп гезитке колун сайып, Нурбек экөөбүздүн сүрөтүбүздү көрсөттү.

– Бул биз да,– деп эңкейсем, гезитте:

“Бурулкан Карагулова күйөөсү экөө бомж болуп кетти!” деп чоң кылып терилген рубрика турат.

Гезитти сандан санга чыгарып атып, темасына көңүл бурбаптырмын. Чынында кызык болуп кеттим, бирок билдирбешке аракет кылдым да, күлүп:

– Антип тема койбосо эч ким окубайт да,– дегеним менен редакторго ачуум келди.

Нурбек да күлүп түшүндүргөнгө аракет кылды. Эртең менен туруп барып эле почтодон башкы редактор Сабыровго чалып сүйлөндүм, “Ал эмне кылганың ыя?”

Мени көрдү деп ойлоптур. Катасын текшерип атып да ошо теманы көрбөгөнүмө редактор таң калды. “Көрбөйм деген киши төөнү деле көрбөйт” деген ушу менмин да.

Туугандарымы такыр ишендире албадым. Ошол кезде “Селсаяк” гезиттердин бетин бербей чыгып атса, Нурбек селсаяк болсо, муну да бузган турбайбы деп ойлоп калышты.

*     *     *

Биз К.Сактанов экөөбүз коллега болгондуктан, кечелерде дайым көрүшүп калчубуз. Акыркы кезде ал мени жеп жиберчүдөй эле болуп калган. Анан ал киши көпкө чейин көрүнбөй, Жазуучулар Союзунда өткөн иш-чараларга барбай калды. Мен чогулушка барган сайын Нурбек “атам бардыбы?” деп сурайт. Келбегенин айтсам, ал аяш атасынан сураптыр, “атамды көрүп атасызбы?”- деп.

– Атаң инсульт болуп калды, – дептир аяш ата.

“Селсаяк” чыккандан кийин Нурбек атасыныкына барбай калган да.

Арадан бир нече убак өткөндөн кийин Нурбектин паспортун алмаштырганы Москва көчөсүндөгү паспорт бөлүмгө барганбыз. Түштөнүү маалы болуп калгандыгына байланыштуу сыртта күтүп турсак, атасы келатат, таяк таянып калыптыр. Экөөбүз тең карап калдык. Баягы шыпылдаган атасы такыр өзгөрүптүр.

“Бас бери” деп мени Нурбек ары жетелеп кетти. Дарактын түбүнө барып отуруп алдык. “Учурашпайсыңбы?” десем, “эй жок эй, “Селсаяк” чыккандан кийин барганымда менин жетчү жериме жеткирип, аябай сөккөн, сен айтып бербесең, ал катын каяктан билмек эле, ушакчы, мен эми сени каргап жүрүп өтөм деген”- деп эми айтып атпайбы?

Атасы босогого барып кирейин десе, бирөө: “байке, обед экен, 15 мүнөттөн кийин ачат деди. Ал бери жылды да түз эле бизди көздөй чолоңдоп жай келатканда, Нурбек туруп кетти. Бир нерсе деп күлүп жаныма келатат, тура калып орун берсем, мени тааныды да кайра шарт артка бурулду. Таягын таяндыбы жокпу – билбейм, тимеле шамалдай учуп баратат үйүн көздөй.

Ошондон көп өтпөй эле Жазуучулар Союзу бир майрамды чоң ресторанда белгилеп калды. Сактанов таяк таянганы менен кыймылы жандуу. Мени көрбөй эле аксаңдап келип, жанымдагы Р. эжени вальска чакырып калды. Ал эже аны таң калып карап, “апей, сиз бийлей аласызбы?” деп таягын тиктеди.

– Бийлебегендечи?

Бир колу менен эженин белинен сыга кучактап, бир колу менен таягын таянып, чолоңдоп акырын кыймылга өттү. Жаныма жеткенде эженин жамбашын сыйпалап, “көптөн бери бербей калдың ээ мага?” десе болобу?

Эже кызарып-татарып:

– Ой эмне деп атасыз, жарыктык, мен сизге качан бердим эле, ай Бурул, кайнатаң эмне дейт, ыя кокуй, эми муну келиниңиз китепке жазат,– деди.

Ал менин атымды укканда деле унчуккан жок, көрсө, кызып калыптыр. Болбосо атымды укканда итатайы тутулуп кетчү го.

Кече аяктап, эл тарап атат, а тиги кайната жалгызсырап отуруп калды. Агайлардан бир-экөөн токтотуп “тигиңерди ала кетпейсиңерби?” десем, “жолубуз башка да, ал сенин кайнатаң, сен жеткир” дешти.

Жанына барып, “Мирад балаңыз келеби, сизди алып кеткени?” десем, “Ал Алматыда да, мени алып чыгып таксиге отургузуп кой” деди. Нурбекке чалып дарегин тактап сурап, такси чакырдым. Такси келгенде тургузсам, туралбайт. Колтуктап алып чыгып баратсам, жаштар келип кармашып, таксиге отургузганга жардам беришти. Бул окуя кийин да көп жолу кайталанды. 

*     *     *

Козу алып багып, кайра сатып, бизнес кылып жаткан акчабызга “Шиньон” машинасын сатып келдик айылдан. Права да алды. Кечинде көзү көрбөгөндүктөн, кечке калса жүрөгүм дүкүлдөп отурам, аман-эсен келсе деп. Жаман машинасы бар экенин уккандан кийин атасы Нурбекти кайра чакырып алды. Экөө ошондо кантип табышып алганын азыр да эстей албайм. Ал машинанын кабинасында бир эле орун бар. Ошол бир орунга атасын салып, ооруканага ташып, тойлорго алпарып, далай иштерин бүткөрүп жүрдү. Себеби, берки балдары Алматы шаарында иштешет. Балдарыныкындай кычыраган машина болбосо да атасын ташыганга жарады. Өңү жашыл, таза машина. Нурбек керек болгондо оңой эле таап, оңой эле пайдаланып калды. А Нурбекке атасы керек болгон учурда, кол сунгандын ордуна тагдырына балта чаап, көчөгө чыгарып салган...

Бир күнү:

– Акем чалды, үйүнө Алайдан атамдын карындашы келиптир, учурашып кеткиле деп атат, – деди иштен келери менен.

А биз балам экөөбүз бир курдашымын туулган күнүнө камынып, атасын күтүп отурганбыз. Экөөбүз эки жакка бөлүнүп баралы десек, кейип тура берди, адегенде акемкине баралычы деп. Көңүлүн кыйбай мейли деп акесиникине барсак, балдары менен кой союп, эжесин коноктогону жатыптыр. Жеңеси бизди үйгө киргизип, бир чүрүшкөн кара кемпир менен тааныштырды. Жакшы эле учурашып, ал-жай сураштык. Чүңүрөйгөн кемпир экен, чүйрүйүп отурду жактырбай. Нурбек бир чыны чайын түгөтпөй эле, сыртка чыгып кетти, балдарга барам деп. Ал чыгары менен тиги кемпир баштады жомогун:

– У-уй келин, сен имеге Нурбектин башыны айлантип алип, кетирбей жүрүң, онунам өзүнүн баласы бар, аяли бар. Коё бер да енди, бирөөвүнүн семиясыны бузбай,– дейт.

Канча жылдан бери ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ичкенине чыдап эр кылып жүрсөм, анан башка аялы бар деген сөз кимге болбосун катуу тийет да.

– Коюңчу, жарыктык, үкаңиз керек десеңиз алып кете бериң, мага акаарат келтирбей. Ал эми ал аял жөнүндө так маалыматыңыз жок экен. Ал жөнүндө өзүнүн айтып берүүсү боюнча китеп жазгам, окуп көрүңүз.

– Онтип менам эле китеп жаза берем, жалганди ишкыртып, Нурбек келгиче чечишип алали, азыр сен кете бер, ол менен жалгыздап сүйлөшөм. Жетишет ушунча эр кылдың, ишиңди бүтүрттүң, буям үй-бүлө күтсүн. Тур да кетип калгын а, майлиби? – дегенде жеңеси кепке аралашты:

– Ой эже, киришпей эле коюң, бизам Нурбекти үйүдөн апкеткен күндөрүбүз болгон, енди жөн койдук. Сизам жөн коюң, – деди чыны сүртүмүш болуп.

Ал жеңенин кандай мааниде айтканына түшүнбөдүм. Ошо тушта акеси намаз окуганы кирип кеткен, бирок ага үнүбүз угулуп турду. Себеби, кемпир албууттанып сүйлөп аткан. Чыгып кет деп атса отура бермек белем, баятан бери туугандарым менен таанышам деп ойлоп келип, таң калып отурган баламды колдон жетеледим да, «жүр» деп сыртка чыктык. Жеңеси:

– Кой енди, теңелбе, айтса айтти да, кетпей эле кой, – демиш болуп кошо чыкты.

Келгенибизден кетмегибиз бат болуп, күү менен чыгып баратканыбызды көргөн Нурбек менен акенин балдары карап калышты. Алар тамак асылган кемегеде от тегеректеп отурушкан экен.

– Каякка? – деди Нурбек тура калып.

– Сен калат экенсиң, кемпир эжең сени менен сүйлөшөм дейт,– басып кеттим.

– Эмне болду жеңе?– биз менен кошо келаткан жеңесине суроолуу тиктеди.

– Ой эжем да, сенин башыңды бошотуп кой деп, келинге катуу тийип алды.

– Э койгулачы ошондоюңарды?– деп жеңесине колун шилтеди да, баланы так көтөрүп, мени колдон тартып, чоң жолдун аркы бетинде токтоп турган жашыл машинасын көздөй жетеледи.

Мен көпкө чейин өзүмө келе албадым. Акеси менен жеңеси атайлап даярданып, эжесин ортого салганын билдим. Мынчалык тез айтып жиберет дебесе керек акеси, тамак үстүндө жайбаракат айтып-деп, ынтымак менен чечишип, Нурбекти Алайга апкетели дешсе керек деп ойлоп калдым. Анткени, айылда чоң энесинин үйү ээн калган имиш. Кыскасы, Алай районуна алпарып алып тиги мастан кемпир малай кылып жумшайм деп ойлосо керек, менин чапдестигимен ою ишке ашпай калды.

Ошондон кийин акесин да, жеңесин да жыйыштырдым. Эми тынчып келаткан бүлөгө бомба ыргытышат да турушат. Түштөн кийин кызганып коюшканын кантесиң. Мен болбосом бул алкашты каяктан таанышмак эле алайлыктар.

Бизди үйлөндү деп гезиттер үстөккө-босток жаза бергениненби же мени теледен көрүшкөн үчүнбү, баары таанып калышкан сыртыман. Бир күнү телевизордон кечем болуп атканбы же ыр окуп жатканмынбы, айтор, тайнеси балдарына айтыптыр, Нурбек ушу келинге үйлөнүптүр, Ак-Өргөдө жашайт имиш, Ак-Өргө айылы мына бул эле жерде го, бирөөң издеп барып таап үйгө алып келгиле дептир. Анан ана-мына дегиче он күндөй убакыт өтөт. Чаламандын чак түшүндө тайнеси сопсоо отуруп эле кан басымы көтөрүлүп, отурган жеринде жыгылып, үзүлүп кетиптир. Нурбекти издеп таап эч кимиси кабар берген жок.

Күндөр уча берди. Акча чогултуп “Мазда” машинасын алдык. Шиньонго салыштырмалуу бул машина самолеттой эле болчу. Атасы күндө чалат, тигил жакка жеткирип кел деп. Жеткирип келет. Бекер түшүп жүргөнү үчүнбү, же бензинге деппи, айтор, бир жолу сураптыр:

– Акча берейинби?– деп.

– Жок ата, азыр акчам бар, ошол акчаңызды мурда берип койгондо, мен Душанбеден окуумду ийгиликтүү бүтүп, бир кызматка туруп, азыр сизди төбөмө кондурмакмын. Сизди багалбай жатканыма өкүнөм. Качандыр бир китептериңизди чыгарып бергенге жарайм деп ойлойм,– дейт.

Атасы эмне деп жооп кайтарар экен десе, эч нерсе деп жооп бербейт. Караса, ыйлап атыптыр. Ортодо пауза.

– Ата, мени кечирип коюңуз. Балалык кылып, ката кетирип алдым. Сизди карабай, бакпай койдум. Күндө чалып, акыбалыңызды сурай албадым...

Бир топтон кийин атасы ыйын токтотуп:

– Жо-ок, Нурчик, кечиримди сен эмес, мен сурашым керек. Мен чоң ката кетиргем. Мунумду эми кудай кечирбейт. Сени көчө тарбиялады, көчөнүн баласы болгонуң менен эстүү чоңоюпсуң. Менин бир эле балам бар экен көрсө, үч балам бар деп жаңылып жүрүпмүн. Кудай астында ушунчалык көп ката кетиргенимди кезинде байкабагам,- деп колунан өөптүр.

Ошентип чогуу жүргөндө кеч болсо да көп акыл-насааттарын бежирептир. “Уулума кат” деген китебин сага жазгам деген экен. Аны айтып келсе, кыжаалат болом, “Ошону мурда эмне айткан жок?” деп. Анда атасына болуша кетет, “Эми баары кеч, атам карып калды, ансыз да өкүнүп атат” деп.

Атам балаңы алып кел эле дей берет деп, баламды салып, бир нече жолу алпарып келди. Барган сайын баламын колуна миң сом карматат. “Акчасын албай эле койбойсуңарбы, ушул акчаны сен көчөдө жатканда бербейт беле?” деп ачуулансам, “Мага көрсөтпөй баланын чөнтөгүнө салып коёт, алба деп айтыш кыйын экен да” дейт.

Атасы экөө эми минтип ата-бала болуп айрылышпай калды. Нурбек жөө жүргөндө атасы эстечү деле эмес, ортодо машина да роль ойноп кетти. Бизге жакын бай жашаган бир уруулаш тууганыныкына келим-кетим кылып катташып турчу. Биздин үйдү карап өтчү экен машина менен баратып. Ал кезде үйүбүз кичинекей времянка, короо ачык, тосулган эмес, болгону бак-шактуу болчу. Бактын көптүгүнөн үйүбүз көрүнчү эмес. Анан эле бир күнү кызымын кымбат машинасы туруп калды. Андан кийин эки кабаттуу үй салынып, короо тосулуп, дарбаза салынып, Нурбек “Маздадан” кийин жаңы маркадагы “Соната” айдады. Ушул дагы атасынын мамилесине жол ачты.

Ооруканага жаткан сайын күнүнө эки жолу каттайт. Өгөй энеси тынбай чалат, “Где ты?” деп. Кийины атасынын эң улуу үкөсү дагы Алайдан шаарга көчүп келип калган.

Акыркы жолу ооруканага жатканда ошол акеси экөө мөөнөттөшүп каттап калышты. Анан эле бир күнү “Атамды энем ооруканадан чыгарып кетти” деп өңү бопбоз болуп келди. “Атам толук айыгып чыксынчы” десе, болбой чыгарып кетиптир, “эми айыкпайт, бул жерден доктурлар өлтүрүп салышат” дептир энеси. Дагы деле тынч алалбай чоң акесине чалат, ал дагы “эмне кылайын эми, жеңем бизди укпаса, келчи, экөөбүз жолугуп сүйлөшөлү?” дейт.

Экөө сүйлөшүп атасынын үйүнө барып, дагы айтышат “Акемди доктурга эле калтырбадыңыз да, ал жерден жок дегенде үкөл алып турат” деп. Жеңеси моюн сунбайт.

Нурбек атасы жаткан ооруканага барып доктурга жолугуп, атасынын диагнозун сурап, дарыланса айыгабы деп сураптыр. Дарыланса көп убакытта айыгат, бирок чыгарып кетип калбадыңарбы дейт доктур.

Өгөй энеси күн алыс атаңды жуунтуп же киринтип кет деп коңгуроо кагат. Кайра эле агасы экөө барып киринтип келишет. Бир барганында атаңды аркы жерге жаткызып, төшөктөрүн сыйры дептир. Сыйрыса, бүктөп капка сал дептир. Капка салса, эми Аламүдүн-1 кичи районунда бир даректи берип, химчисткага алпарып тазалатып кел, атаң булгап салды дептир. Үйдөн эле жууп бербейин десе, жүрөгүм айланат дептир. Аламединге алпарып тапшырып, кайра үч күндөн кийин алып келип берди. “Аны тазалатпай эле таштандыга ыргытып ийбейт белең?– деп дагы зиркилдедим.

Атасы күндөн күнгө алдан тайып баратты. Аялың менен балаңды алып кел балам, бир бата берип калайын дегенинен улуу акеси болуп чогуу үйүнө бардык. Баланы алган жокпуз. Төшөктө экен, кычыратып спорт костюм кийгизип коюптур, үстүндө жуурканы жок ачык жатыптыр. Бизди келатат десе, өгөй ушинтип жаткызып койсо керек. Мени көрүп эле Сактанов отура калды:

– Ой кел, сен да келет экенсиң э?

– Чакырсаңыз келем да, жакшы болуп калдыңызбы?

– Кудайга шүгүр, жакшы элемин.

– Оорубаңыз эми, бүтпөй калган китептериңизди бүтүрүңүз.

– Оо кайда-ан, китеп жазбай эле кирип-чыгып турсам болду эле.

Китеп жыйылган шкафын карасам, Нурбектин кичинекейиндеги портрети турат. Көрө калып кызык болуп кеттим, бул эмне турат деп. Сөзүбүз токтоп эле сүрөткө өттүк.

– Нурбектин портрети го? – дедим таң калганымы жашыра албай.

– Ооба, менин балам. Көрсө менин бир эле балам бар экен, мен чоң жаңылыш кетиргенимди кеч түшүндүм. Мени эми бул балам кечирбейт, – деп ыйлап кирди.

Ошо тушта эшик тарс этти. Көрсө, артыбызда турган өгөй эне чыгып кетиптир аркы үйгө.

– Ата, ар нерсени эле ойлой бересизби, азыр сиз эс алышыңыз керек.

– Ооба, ака, Нурбек туура айтат, сизге капаланганга болбойт, – деди акем да.

– Мен Нурбектин апасы менен ажырашып кеткенде балам кичине болчу. Кийин барганда чоңоюп калыптыр, шаарга энеси экөөнү алып келип сүрөткө түшүргөм. Алты жашта болсо керек эле. Кеч калып кемпир апасынын үйүндө түнөп келгем, Нурбекти кучактап жатып. Ошо жыты өмүр бою эсимен чыкпады. Менин ушул эле Нурбегим болсо болду эле азыр. Сен Нурбекти жакшы кара э? – деди мага.

– Макул, – дедим күлүп.

– Нурбек балама ыраазымын, өлсөм сөөгүм ыраазы. Бир жаңылдым да өмүрдө.

– Ай силер кетесиңерби? – деди өгөй эне ошо тушта арт жактан.

– Чай бербейсиңби? – деди атасы жалдырагансып.

– Заварки нету.

– Нан ооз тийгизиң жеңе келинге,– деди бечера акем, уялып кетти жеңесинин кылыгына.

– А хлеба тоже нету, надо покупать, но мне некогда.

– Эне, азыр мен чуркап барып чай, нан апкеле коём,– деди Нурбек эпилдеп. Алар акем, атасы үчөөлөп мени ошол үйдөн даам сыздыра албай атышканын эстесем, азыр да ыйлагым келет.

– Нет, не надо. Өзүңөр апкелген дарбызды чыгып сойгула, ошону жеп кеткиле.

Акем дарбыз сойгону чыгып кеткенде, Нурбек:

– Ата, доктурга алпарып жаткызайынчы сизди, энеме айтыңызчы?- деди.

– Ой укпайт ал, болбосо мага деле доктур жакшы эле. Күндөн күнгө алдан тайып баратам. Сен эле кечирсең болду, мен калган жашоомо деле ыраазымын, бактылуу жашагыла, мен силерге ишенем,– портретти кайра ордуна коюп атып, – ии баса, кийин ушу сүрөтүңү алып кет э? – деди.

Ал сүрөттү бермек беле өгөй эне.

Акем кухняга киргизип, биз апкелген дарбызды ооз тийгизди. Энеси ары жакта Сактановго кыйкырып атты, оозуңду жаап жатчы деп. Кайра бизге кирип, “эмнеле доктурга бар деп атасыңар, доктурдан өлтүрүп коюшат, мен өзүмчө дарылап атам, жок дегенде узагырак жашашын каалайм. Доктур жөнүндө ооз ачпагыла” деди.

Биз ооз ачалбай аны тиктеп турабыз. Менин оюмда “Бул өзү деле сестра болуп иштеген да, андан кийин башкы сестра болуп иштечү, ошондо бул өзүн айтып жатабы өлтүрүп коюшат деп, деги канча кишини өлтүрдү экен” деген жаман ой келип кетти.

Баса, бул аялдын эки уул, бир кызы бар, Сактановдон. Мурда шаардык телефондон сүйлөшүп калчубуз кичүү кызы менен. Анан мектепти жакшы бүтүптүр. Жогорку окуу жайды да жакшы окуп жатат дешкен. Кийин эле жок болуп кетти, Нурбек барса эшигин илип алат экен. Жээн кайнеженин айтуусу боюнча ал эмнегедир эле өзгөрүп, киши тааныбай калыптыр. Эмне менен ооруп калганын билбейм дегенде ичим ачышып калды. Биз келгенде дагы эшигин илип алган.

– “Чөптү кордосо көзгө зыян” деген сөз бар да,– деген эле жээни.

Бирок балдарда эмне күнөө эле, оо, жараткан?

Нурбектен атасынын абалын сурасам:

– Абалы жакшы эле, бирок ооруканага жаткырбаса атаман айрылып калам деп корком,– деп коёт байкушум, акыркы 7, 8 жылдын аралыгында атасына көнө түшкөнүн кара.

Эртең менен атасын көргөнү кеткен Нурбек бозоруп кайра тез эле келди. “Атамды Ысык-Көлгө алып кетип калыптыр өгөй энем” деп.

– Эмнеге?

– Ошол жактын абасы жакшы имиш дейт.

– Атаңа чалсаң ошентип айттыбы?

– Атам телефонун албай атат. Энем айтты.

Күндө чалышып турду. Атасы “Каерде экенимди деле билбейм, үйдө эле жатам да” дейт. Көлдөн келгенде деле абалы өзгөрбөптүр.

  •  

2018-жылы жаз чыгары менен мен Америкага кеттим. Көп жүрдүм. Ал жакта түн болгондо Кыргызстанда күндүз болот.

20-май күнү кечинде эми уктаганы жатсак, Нурбек чалды.

– Биз жатып алдык, тынчсыңарбы?– десем, энтигип бир нерсе эле деп атат.

– Эй сага эмне болду, тынчпы? – коркуп кеттим.

– Жок дейм, атам каза болуп калыптыр, энем чалып атат... тез келип элге кабар бер деп, мен эмне кылышым керек?

Денем дүр-р этип кетти. Нурбек атасыныкына жеткиче эле мен интернеттен сүрөтүн жарыялап, кабар берип ийдим. Ал жактан Жазуучулар Союзуна жетти, айтор, тааныгандардын баары укту.

Эң чоң баласы катары эки күн башынан аягына чейин тейлеп жүрдү. Сөөктү 22си күнү эртең менен 10.00до Кыргыз драма театрынан чыгармак болушуптур. Ал жерден коштошуу сыйнатынын аягында элге ыраазычылык айтып сүйлөйсүң дешиптир. Кантип сүйлөш керектигин талкууладык. Америкада түн. Эртеси радиодон уктум: коштошуу сыйнатынын жүрүшүн жана Нурбектин сүйлөгөнүн.

Атасы менен мамиле курганга чейин эле Нурбек ичпей калган. Өзүнөн өзү эле бир күнү таштап салды, Миша молдо айткандай эле. Тамекини да таштаган. Анча-мынча үй-бүлөлүк чырыбызды-сырыбызды угуп-билип калган сырттагы кишилер, мейли туугандарым же курдаштарым болсун, дароо эле мени күнөөлөшөт, сенден кетти дешип. Бул болсо тааныштарга, туугандарга ушундай укмуш мамиле кылат, атасына окшоп сыпайы тим эле.

Сыпайы демекчи, акын-жазуучулар бүт баары Сактановду өтө эле сыпайы киши деп билишет. Сырттагыларга өтө сыпайы, жумшак мамиле жасачу эле. Ошо мамилесин 5-классты бүтүп келген өзүнүн кичине баласына жасаса кандай сонун болор эле...

Жашоо уланып жатат.

(Автордун “СЕЛСАЯК” аттуу китебинен кыскартылды).

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз