(ПОВЕСТЬ)
«Энелер! Силер түбөлүктүүлүктөн да түбөлүктүүсүңөр».
(Автор)
Аскар Медетовго
1
Бул кабинетте бешөөбүз отурчубуз. Төртөөбүз – редакторбуз, басмага келип түшкөн кол жазмаларды редакторлойбуз. Редактордун иши белгилүү эмеспи, эртеден кечке кагаз тиктегенибиз тиктеген, Бөлөкбай айткандай, бит карап отурмай. Бешинчибиз – кенже редактор, ал иш кагаздары менен алектенет, эртеден кечке анын деле башы жерден көтөрүлбөйт. Мен булардын ичинен экөөсү жөнүндө гана кеп кылайын деп отурам, калгандары тууралуу кийинчерээк айтып берермин. Баса, кабинетке жан киргизип, бизди козутуп, жан дүйнөбүзгө дүрбөлөң түшүргөн дагы бирөө да бар. Ал – менин алты жашар уулум Жоодар.
2
Эртең менен ишке келгенимде, үчөө эле отуруптур. Келдиңби дегенсип, баштарын көтөрүп коюшту да (бул учурашып жаткандары), кайрадан кагаздарына үңүлүштү.
– Эмне, тентек бүгүн келбей калдыбы? – деди Аниса эже көп өтпөй башын көтөрүп.
– Келаткан. Биринчи кабаттан Самсак болбой жатып алып калды. Анын үстүнө өзү да Самсакты көрсө эле…
– Эми аның дагы бирдин үстүнөн чыгарып жетелеп келбесе экен, – деди Мактым эже тынчсызданып.
– Бирдин үстүнөн чыгарып!.. – Аниса эженин үнү жактыра бербегендей өктөм чыкты. – Бирдин үстүнөн чыгаргандай ошол чычкандай болгон бала…
Мактым эже мурчуюп үндөбөй калды.
– Кой, силер бит карап отура бергиле, – деп аңгыча Бөлөкбай ордунан турду. – Мен бир чатак авторго кеттим.
– Ай, айланайын Бөлөкбай, – деди Мактым эже адатынча чыйпычыктап. – Сен ошондон ары жоголуп кете көрбө…
– Сайгактап кетишим да мүмкүн… – Бөлөкбай мулуң этип койду.
– Сайгактасаң сайгакта!.. – Аниса эженин үнү кайрадан өктөм чыкты. – Бирок алыңа, анан арыңа карап ичсең…
Бөлөкбай угар-укмаксан болуп чыгып кетти. Мактым эже Аниса эжени жактыра бербегендей бир карап алды. Аниса эже өзүнчө кыжынып койду:
– Кыйратып салгансып!..
«Бөлөкбайды айтып жатат окшойт»,– деп ойлоп койдум.
Үчөөбүз дымып калдык. Бул эки эженин (Бөлөкбайча эки кемпирдин) кандары – менин Жоодарым. Эми ал келмейинче, бул кабинетке жан кирмейи кыйын. Самсак аны жетелеп алып, ар кайсы кабинетке кирип, ар кайсыны быдылдатып сүйлөтүп, өзү боору эзилгенче каткырып жүрсө керек…
3
Жоодар экөөбүз үйдөн дайыма шашылып чыгабыз. Бүгүн да шашылыш чыктык. Мен дикилдеп алдыда баратам. Беш мүнөт кечиксең эле бакчага албай коёт. Муну ойлогондо, титиреп кетем. Артымда быдылдап сүйлөп Жоодар келатат. Эмнени сүйлөмөк эле, айылда калган апасы, досу Обол, ити, апасы экөө кучакташып бирге жатканы, далысын апасы кантип тырмап берери… Анын быдылдагын угуп келатканда, мен айылымды аралап келаткандай боло берем, а түгүл шаар көчөлөрү да кадимкидей айыл жыттанып кетет. Кере-кере дем алам да, шашып келатканыбыз эсимден чыгып, кадимкидей эс ала түшөм. Бирок көп өтпөй эле… Ушинтип айыл аралап келатып, аялдамага да жетип келген экенбиз да.
– Тырылейбуз. Биздики. Биринчи…
Чын эле, номур биринчи троллейбус экен.
– Кана, түшкүнүң. Бол!.. – дедим биресе таңдана, биресе сүйүнө.
Эл көп экен, жыкжыйма. Артында туруп калдык. Сумка асынган бир бала биз менен чогуу туруп калды.
– Сен окуйсуңбу? – деди Жоодар шыдыр эле.
Жоодардын бир нерсени баштаарын сездим да, ага карап:
– Канчанчы классың?
– Биринчи.
– Биринчи болсоң, айтчы, – деди Жоодар эдиреңдей. – Миңден бирди алса канча калат?..
Тиги бала оозун ачып эле, элейип туруп калды. Тегерек-четиндегилер Жоодардын күтүүсүз суроосуна ыраазы болушкандай баштарын ийкешип күлүп калышты. Жоодар тиги балага бирдеме дегиче болбой, троллейбус токтоду.
– Жоодар, жүрү түштүк… – Мен аны колунан жетелеп түшүп кеттим.
Жоодар түшүп келатып да, тигиге бирдеме дейин дегендей жүткүндү. Эшик жабылып, үлгүрбөй калды.
– Тү-үү ата!.. – деди башын чайкай, жүрүп бараткан троллейбусту узата карап.
– Жүр! Бас!.. Кечигип калабыз!..
Мен буйра сүйлөп, жөнөп калдым. Өзүнчө бирдемелерди сүйлөп, Жоодар келатат. Менин эс-дартым эле «кечигип калбасак экен…» А Жоодар баягы эле айылы менен алек, ал кайда, эмнеге келатканын ойлоп да койбойт. Дайыма ушундай. Аңгыча бала бакчага жете келдик. Мен алактап саатымды карадым. Беш мүнөт калыптыр, сүйүнүп кеттим. Мына, короого кирерде Жоодар тык токтоду да:
– Чычкым келип атат…
Үстүмдөн муздак суу куюп жибергендей болдум:
– Чычкым!.. – дедим титирей. – Ой, жанатан бери эмне кылып жаттың!..
– Анда келген эмес. Эми эле…
– Бар эми, тиги бактарды көрдүңбү, ошонун түбүнө… Эч ким көрбөйт.
Зуу коюп жүгүрүп кетти. Анын күлүктүгүнө ыраазы болгондой аргасыздан жылмайдым. Эмне экенин билбейм, заматта эле кайра жетип келди.
– Жүр эми, кечигебиз…
Мени ээрчий басты да, жуп кире берерде тартынчыктай кетти:
– Тишинка урат…
Жүрөгүм зырп эте түштү. Жоодардын үнү жалооруй чыккансыды. Аяп кеттим.
– Урса, жүрү кеттик… Жумушка…
– Жумушкабы… Ура-аа!
– Мени менен барасың да, тыптынч отурасың. Кагаз, карандаш берем, былк этпей отуруп сүрөт тартасың…
Макул дегендей, мулуң этип күлүп койду.
– Бирдеме болсо эле Тишинка урат, Тишинка урат…– дедим көп өтпөй. – Ал урса, сен деле урбайсыңбы!..
– Ал орус да, орусча иттей кыйын билет. А мен эчтеке билбейм…
Эмне дээримди билбей үндөбөдүм. Ээрчишип келаттык. Мен – алдыда, ал – быдылдап артта. Тишинка дегени – узун бойлуу орус бала. Муну урабы, же урбайбы билбейм. Анын Жоодарга жакын жологонун да көрө элекмин. «Урмак турсун жанына бир да жолу жакын келбесе керек» – деп ойлоп койдум.
– Тишинкаң эчтеке эмес, – деди аңгыча Жоодар, менин эмнени ойлоп келатканымды сезгендей. – Наташа дегени бар. Ал да орус...
– Эмне?! Ал да урабы?..
– Жок. Мени жүдөтө берет.
– Жүдөтө?..
– Ооба, жаныма келет да, бетимден сылагылап: «У тебя лицо не лицо, а помидор…» – дей берет.
– Орусча билбейм дейсиң, кыйын эле сүйлөйт турбайсыңбы.
– Мен сүйлөгөнүм жок да, Наташа сүйлөп жатпайбы…
Ичим жылый жылмайып алдым да:
– Болуптур анда Наташа сүйлөсө. Жумушка барганда былк этпей тынч отур, эч кимге тоскоол болбо. Жаман көрөт. Көрдүң го бая күнү сен чаңдатып жатканда, чоң редактор кирип келип: «Бул кимдин баласы!» – деп баарыбызды жаман көзү менен карады. Эми ошентсең, мени жумуштан айдап чыгат да…
– Сен эмне, – деди Жоодар селт эте. –Андан коркосуңбу?
Мен ачуулана бурк эттим:
– Мен эч кимден коркпойм!
– Кудайдан дагыбы?
Дендароо болуп, эмне дээримди билбей калдым. Анан:
– Кудайдан да!.. – дедим өз сөзүмдөн өзүм корккондой дирилдей.
Жоодар ишенбегендей мени карап калды.
Мен үндөбөй алдыга түштүм. Артымда Жоодар адатынча сүйлөнүп келатты: «Обол Камчыдан сурады да: «Сен Жоодардан коркосуңбу, же Кудайданбы?» «Мен Кудайдан корком» – деди ал. «Кудайдан эле корксоң, Жоодарды бир муштачы». – Кыткылыктай кетти. – Атасынын башына муштай алабы, муштап эле көрсүнчү…
Жүрөгүм жылый түштү. Кичинекей чакта биз да ушинтип ойноп, тытышып эле жатып калар элек. «Азыр деле ушинтип ойношот тура…» – деп ойлоп койдум. Аңгыча жаныбызга бир жеңил машина келип токтоп калды.
– Ишке баратасыңарбы? – деди терезеден бирөө башын чыгарып. – Мен да баратам, жүргүлө, ала кетели.
Мени менен чогуу иштеген Нургүл эже экен. Ал Жоодарды жакшы таанычу, эки күндүн биринде барып жатып, ал басмадагылардын баарына таанылып бүткөн. Машинага тез эле отурдук. Нургүл эже күйөөсү экөө экен. Күйөөсү айдап баратыптыр. Биз артына отуруп калдык. Бир кезде Жоодар алдыга мойнун созду да, шоопурду бир карап алып:
– Шоопуруң ырас кыргыз тура… – деди Нургүлгө бурулуп.
Баарыбыз каткырып күлүп калдык. Ишке тез эле жеттик.
– Шоопур байкеңе ыракмат деп айтпайсыңбы, – дедим түшүп жатып.
– Ыракмат! – деди Жоодар түшүнүп-түшүнбөй эдиреңдеп. – Кыргыз болгону ырас болбодубу…
Кайрадан күлкүгө бөлөндүк. Нургүл эже Жоодарды башынан сылагылай: «Сенин тилиң ай, тилиң ай, тим элеби…» – деп суктанып алды. Кирип келатканыбызда, күтүп тургандай Самсак алдыбыздан чыга калды.
– Оо, сен бүгүн да келатасыңбы. Жүрү, атасынын көрү, бир экскурсия жасатып келейин…
Ошентип, Самсак менен биринчи кабатта калган. Азыр экөө ээрчишип жүрсө керек…
4
Жоодардын шаарга келгенине бир жарым жылдай эле болду. Апамдын колунда эле. Келгенден бери эле эңсегени – айыл. Кеби да түгөнбөйт. Үйдө болобу, тышта болобу, кимдерге жолукпасын, шыдыр эле апасын, күчүктөрүн, досторун айтып кирет. Шаарды аралатып канча жерлерин көрсөтпөсүн, баары бир айылы эле көзүнөн учуп туруп алды.
Жүгүрүп жүрүп, бала бакчага орноштурдук. «Бакчага барасың, өзүң теңдүү балдар менен түрдүү оюндарды ойнойсуң. Окуганды үйрөнөсүң, орусча сүйлөй баштайсың…» – десем, а дегенде эдиреңдеп сүйүнүп жүргөн. Көп өтпөй эле негедир, деми сууп калды. Бизди кубандырганы – эртең менен кыйналбай эрте турганы. Ойготтуңбу – ордунан шак турат. Сыягы, айылдан көнүп калса керек. Эртең менен шайдоот жөнөйт. Анан бакчага кире берерде эле, кетенчиктей баштайт: «Бүт эле орустар экен, Тишинка ура берет, Наташа бетимден сылагылай берет…» Мени жалооруй карайт.
Түтпөй көбүнчө жумушума ала кетем. А дегенде эмне дегенине карабай, бакчасына калтырып кала берер элем. Бирок бир окуядан кийин негедир, менин да жүрөгүм түтпөй кетчү болду. Бир күнү кечинде бакчадан алганы барып калдым. Эмне кылып жатты экен деп акырын карасам, тамак ичип отурушуптур. Башы тасырайган, беттери кыпкызыл. Балдардын бирине да окшобойт. Үч чакырым жерден да дапдаана бөлүнүп, көзгө көрүнүп тургандай. Жанындагы балдардын баары ага жутулуп кеткендей. Ичим жылыды. Анан тамак да ичилип бүттү. Апыр-тапыр. Мен мурда бакчага барып көрбөптүрмүн. Табак, чыны-кашыктарын балдар өздөрү жыйнашат турбайбы. Жоодар да табак-таштарын көтөрүп алып, түшүрүп албайын дегенсип бүжүрөп басып баратат. Тим эле колго түшүп калгандай. Жүрөгүм зырп этти. Кечээ эле эчтеке менен иши жок, айыл аралата даң салып жүргөн неме бүгүн колго түшкөнсүп бүжүрөп…
– Ой, силер табагыңарды өзүңөр жыйнайт бекенсиңер?.. – дегем эшикке чыгарыбыз менен.
– Билбейм… – деди шаабайы сууңку. – Бул жерде ушундай экен…
Мага Жоодардын балалыгын колунан сууруп кетип жаткандай туюлуп, жан дүйнөм сыздап кеткен…
Ушул көрүнүш карегиме орноп калыптыр, бүгүн да кадимкидей көз алдыма тартыла берет. Жоодар бакчага кирбейм деп кичине тарткынчыктаса эле, анын табак көтөрүп келатканы эсиме шык дей түшөт да, өзүм менен кошо алып жөнөп калам.
Жумушума алып баратканда дайыма какшаганым какшаган: тынч отур, көп сүйлөбө, тоскоол болбо, бирөө болбосо бирөө жаман көрөт… Башын ийкегилейт. Анан келери менен баягы убадасынын бири жок, элирип кетет. Эч кимден чочуркабайт, тартынбайт. Биринчи күнү эле көбүнчө үңкүйүп кагаз тиктеп отурган бизге жан киргизген. Демейде дымып турган бөлмөбүз бака-шака түшүп базарга айланып кеткендей болгон. Андан соң, кичине көнө баштаганда, шыдыр эле апаларына ат коюудан баштады. Аниса эжеге «Бетинде меңи бар апа», Мактым эжеге «Бети кызыл апа», – деп кайрылды. Аниса эженин бетинде меңи бар экенин, Мактым эженин бети кызыл экенин биз күн сайын көрүп жүрсөк да, эч бир элес албаптырбыз. Жоодар эжелерге тигинтип кайрылган сайын, таңдана башыбызды бир чайкап алып, бүлкүлдөп күлө баштайбыз. Биринчи укканда Мактым эже кадимкидей чычалаган:
– Ай, бала, сен кандай баласың. Бети кызыл апа деп… Же эмне, менин бетимдин кызыл экенин сен эле көрө калдыңбы? Мактым апа дебейсиңби.
Жоодар сестенгендей үрпөйө карап калды.
– Ай!..– деди Аниса эже адатынча өкүм үнү менен Мактым эжеге. – Бетиң кызыл болсо, бети кызыл дейт да. Андан эмне, бир жериң кемип калып жатабы? Баланы кагып… томсортуп…
– Кемип деле калбайт дечи. Ошентсе да… – Мактым эже күнөөлүүдөй тык токтоду.
Мени ээрчип келген сайын, экөөнүн айласын алты кетирет. Алар кантип чыдашат, билбейм. Калгандарыбыз менен таптакыр иши жоктой. Экөөнө жабышканы жабышкан. Баягы эле айыл, айылдагы ити, аны кайдан алганы, көздөрү кантип ачылганы; Обол досу, аны менен урушканы, анан аны менен чыпалак алышып элдешкени…
– Сен бизге бүт айылыңды көчүрүп келгендей болдуң го… – деп коёт Мактым эже бир маалда эскертүү бергендей.
– Жоодар!.. – дейм, сүйлөбөгүн дегендей. Жоодар үндөбөй калат. Кабинеттин жаны учуп кеткендей, дымып калат.
Жоодар көпкө чыдап тура албайт:
– Силер эмне мени укпай жатасыңар!.. – деп кыйкырат ыйламсырап апаларына.
– Угуп эле жатпайбызбы, – дейт Аниса эже жылмая.
– Ооба, сага, укпай жатасыңар. Кагаз карап эле отурбайсыңарбы. Башыңарды көтөрүп, мени карап туруп укпайсыңарбы!
– Жоодар!.. – Мен кыжына кыйкырам.
Тим кой дегендей Аниса эже белги берет.
– Койдум мына, өкмөттүн иши күйүп кетсе да! – дейт Мактым эже кагаздан көзүн алып. – Мына, башыбызды көтөрдүк…
– Силер билесиңерби, – дейт Жоодар жадырай. – Апамдын алаканында тырмактары бар!..
Баарыбыз бир силкине, Жоодарды таңдана карап калабыз.
– Койчу, айланайын, – дейт Мактым эже күлүп. – Алаканда кантип тырмак болсун!..
– Кана, силер алаканыңарды көрсөткүлөчү…
– Жоодар!..
Менин сөзүмө көңүл да буруп койбойт, алакандарын жайган экөөнүн алаканын алмак-салмак сылагылайт да:
– Силердикинде жок экен, а апамдыкында бар, – дейт дердеңдей. – Силердики жыпжылмакай экен.
– Жарыктык киши… – дейт Мактым эже таңдана, – бизди тамтаңдатып… Тырмактары турса, анан алаканы менен…– Жоодарга карап. – Деги сенин апаңдын тырмактары барбы?
– Бар. Тырмагы жок киши да болчу беле?..
– Анда эмне алаканы менен…
– Коркот да!.. Тырмагым менен тырмасам, тытып аламбы деп корко берем дейт…
– Жоодар!..
Жоодар укмаксан болот.
– Кантсе да эне да!..
Аниса эже үшкүрүнө шыпшына кетет.
– Эй,– дейт аңгыча Бөлөкбай отту ого бетер тутантып. – Апаңдын алаканында тырмагы бар экенин кантип билесиң? Эмне, көрүнүп турабы?
– Жатканда аркамды тырмап берет да. Ошондо алаканы менен акырын эле ары-бери сылап коёт. Алаканы бодур-бодур, тырмактан да күчтүү. А силердики жыпжылмакай. Самын таштай…
Баарыбыз таңдана башыбызды чайкап, күлүп калабыз.
– Мен апамдын койнунда жатчумун... – Жоодар өзүнчө эле сүйлөнө баштайт. – Анан ал бодур-бодур алаканы менен...
– Койчу, айланайын! – дейт Аниса эже биресе тамашалагандай, биресе жактыра бергендей. – Килтейген эле бала, анан апасынын койнунда...
– Ооба сага!... – Жоодар моюн бербейт. – Апам мени катын алганыңча койнума алып жатам деген...
– Анан...
– Алып кетишпедиби!...
– Кимдер?
– Булар да!..
Жоодар колун мени көздөй жаңсай кетет.
Мен адатымча өкүм:
– Жоодар дейм!...
– Сен чын эле айылыңды көчүрүп келмей болдуң окшойт, – дейт Мактым эже үнү кардыга, кепти атайы башкага буруп. – Же эмне, биз көчүп барсакпы?
– Кайда?
– Кайда болмок эле, сенин айылыңа да.
– Болбойт го?..
– Эмнеге?
– Силер эч кимин тааныбайсыңар да. Иттерин да. Анан иттер силерди каап… жара тартып…
– Иттериң капса, анда барбай эле коёлу.
– Мейли…
Ушуну менен апасынын тырмагы жөнүндөгү сөзү бүтөт. Өзү да чарчагандай, менин жаныма келип үндөбөй отуруп калат. Кайрадан жымжырттык басат. Жымжырттыкка чыдабай кетеби:
– Жүрү, балакай, кеттик! – дейт көп өтпөй Бөлөкбай ордунан туруп. – Кабинеттерди кыдырып концерт коюп келебиз.
Жоодар ордунан атып турат да, Бөлөкбайдын артынан жөнөйт.
– Бөлөкбай, – дейт Аниса эже олуттуу. – Абайла, бирөөнүн көзү тиет, бирөөнүн сөзү тиет... – Өзүнчө сүйлөнө кетет. – Анын үстүнө быдылдап деле балдардан башкача экен…
Бөлөкбай түшүнөм дегендей башын ийкегилейт да, Жоодарды ээрчитип чыгып кетет.
Бир жолу да ушинтип Бөлөкбай ээрчитип кеткен. Кабинетте Аниса эже экөөбүз эле калганбыз. Ал да, мен да кагаз тиктеп үндөбөй отурганбыз. Бир маалда кулагыма умсунган да, улутунган да үн угулгансыды. Чочугандай башымды шак көтөрүп, Аниса эжени карадым. Бейкапар кагаз тиктегенсип отурат. Бетинен жаш тоголонуп, алдындагы кагазга таамп жатат. Коркуп кеттим:
– Ой, эже, сизге эмне болду?
Эже абдан кайраттуу киши эле:
– Эмне болуптурмун!..
– Ыйлап жатпайсызбы?!
– Ыйлап… – Эже менден бешбетер мени таңдана карады. Анан өзүн жоготуп коюп, эми гана эсине келгендей, көзүнүн жашын сүртүп. – Ыйлап дейсиңби… Кудая тобо, көзүмдөн жаш агып жатканын туйбай калыптырмын. – Мени күнөөлүүдөй карап, башын чайкап-чайкап алды. – Эсиме бир нерсе түшүп кеткен окшойт. – Ойлонуп көпкө турду да, күнөөлүүдөй шыбырап сүйлөп кирди. – Мен анда жашмын, байкең да жаш. Ушу шаарда бир бөлмөлүү квартирада турабыз. Жыл айланбай, мен төрөп салдым. Кипкичинекей кыпкызыл… Итиркейим келет десең. Араң эмизем. Итиркейим эле келет десең… Анан жарым жыл өтүп-өтпөй аныбыз чарчап калды. Айылыбыз жакын эле эмеспи, айылга апарып жашырып келишти. Ишенесиңби, мен эчтеке болгонум жок. Көп өтпөй унутуп да калдым окшойт. Эми азыр… Жоодарды карап отуруп, анын кылыктарын карап отуруп, быдылдагандарын угуп, ошол балам… – Эженин үнү каргылдана кетти. – Ошол эсиме түшчү болду… – Оор үшкүрүп алды. – Анда бала эле экенбиз да… Мен да, байкең да…
Эже ичинен бир нерселерди кобурагансып, башын чайкап-чайкап алды. Мен эжени аянычтуу карап, талып калгансыдым.
Экөөбүз сүйлөшкөндөн корккондой, өз-өзүбүзчө дымып калдык. Бөлмөбүздү оор жымжырттык басып турду. Негедир көкүрөгүм кыжылдап чыккансыды. Башымды көтөрүп, эжени кароого дитим барбады. Ушул маалда Бөлөкбай кирип келди да, бир эжени, бир мени карап туруп, отура кетти. Жүзү тамылжып, көңүлдүү экен.
– Силерге эмне болгон? – деди ал шаңдуу. – Эмне, чарпыша кетип жүз карашпай калдыңарбы? Экөөңөр кыйышпас дос элеңер го?
Мен: «Сен эмнени билесиң, Бөкүшүм!» дегендей, Бөлөкбайды сырдуу карап койдум. Аниса эже башын көтөрүп, сүйлөйүн деп оозун эптеп келатканда, эшик шарт ачылып эдиреңдеп Жоодар кирип келди да, менин жаныма келип, үндөбөй отуруп калды. «Бирдин үстүнөн чыгып» келгенин шыдыр эле туйдум. Ага бирдеме дегиче болбой, эшик кайрадан шарт ачылды да, машинка басуучу Калыйпа деген кызыбыз энтиге дем алып кирип келип, түз эле мени качырып коё берди:
– Агай, балаңызды кой дебейсизби!
– Эмне болду?
– Мени түлкү деп жатат.
Бөлөкбай бырс күлүп жиберди. Кызык, Бөлөкбай кыз-келиндерге оюн-чындан өтө орой, осол мамиле кылар эле, бирок эмне балакети, касиети дейинчи, бар экенин билбейм, аны ошол кыз-келиндердин баары тең жакшы көрүшчү.
– Эй, кыз! – деди Бөлөкбай башын шак көтөрүп. – Машбюроңордо күзгү барбы?
– Бар. Эмне экен?..
– Бар болсо, ошол күзгүгө барып бир каранып койчу.
Кыз таңдана элее бир карап алып чыгып кетти. Машбюро бизге катарлаш эле болчу. Көп өтпөй баягы кыз эшиктен баш кагып, Бөлөкбайга:
– Агай, сизде таптакыр уят жок экен!..– деди үнү дирилдей.
– Оме-ей-ай, – деди Бөлөкбай күлкү аралаш. – Уят дейби, менин уятымды шүк коюп, өзүң эрге тийип алсаңчы…
Тиги кыз дагы бир балээ болуп кетпесин дегендей башын шак тартып алды да, эшикти карс жапты.
Мен жаман көзүм менен Жоодарды карадым. Ал шыдыр эле актанып кирди:
– Мен эчтеке кылганым жок. Самсак байкем жанагы кызга алып барды да: «Мобу эжеңди карачы, эмнеге окшош экен?» – деди. Мен: «Түлкүгө» – дедим. Анан эле…
– Ай! – деди Аниса эже аңгыча мага кайрылып айбаттуу. – Ушул чычкандай немени эзе бересиңби! Бала деген көргөнүн көргөндөй айтат да. Түлкүгө окшош болсо, түлкүгө окшош экен дейт да. Анан… – Чыдай албай кеттиби, күлүп жиберди. – Ченебей таап айтыптыр, чын эле ушунчалык окшош болот экен, ээ…
Эжеге кошулуп, баарыбыз күлүп калдык. Жоодар мени карап, мулуң этип күлүп койду.
5
Жоодардан кабар жок. Анда-санда ишимди токтото коюп, дагы эмненин үстүнөн чыгып жатат экен деп коём. Алдыдагы кагаздарына какая карап Аниса эже отурат. Мурдуна түшүп кеткен көз айнегин улам-улам өйдө жылдырып коёт. Бирде ичинен, бирде сыртынан кобуранып, кобуранган сайын алдындагы кол жазманын авторуна бир кыжынып алып, өз кобуру менен бирде ары, бирде бери жылып Мактым эже отурат.
Эженин кобурунан, кыйшалаңдап ары-бери жыла бергенинен тажадыбы:
– Ай! – деди бир маалда Аниса эже Мактым эжени тикирее карап. – Сен эмне кырчаңгы болгонсуңбу! Кобуранып кыйшалаңдамайынча, эмне, иштей албайсыңбы?..
– Эмне!.. Менин кобуранып кыйшалаңдаганымды бүгүн эле көрө калдыңбы!..
– Уят да. Элүүдөн эчак эле өткөн килтейген эле катын. Анан жинди немече өзүңчө сүйлөнүп, кыйшалаңдап… – Мага колун жаңсады. – Мобу балдардан уялып бүттүм…
– Уялсаң башка үстөлгө көчүп кетпейсиңби…
– Көчүп кайда барам?.. Сенин кобуруң менен кыйшалаңдаганың бүт кабинетте жаңырып турса. – Негедир күлүп жиберди. – Андан көрө ушу сага түтүп келаткан мага ыракмат де…
– Ыракмат… – Мактым эже да күлдү. – Мени атайы кылып жатат дейсиңби. Ушул адатымды таштайын деп канчалык жанталашам десең. Болбойт. Кол жазманы окуй баштаганда эле… Өзүм да сезбей калам. – Кичине тынып алып. – Билесиңби, эми ойлоп көрсөм, тээ мектепте окуп жүргөнүмдө эле сабакка даярданганда ушинтип кобуранып, кыйшалаңдачу экенмин… Ошондо каныма сиңип калган окшойт…
– Сени башынан эле Кудай урган турбайбы.
– Эми урбаган сен кыйынсың да, коммунистсиң, съездге делегат болгонсуң…
– Коммунистке өт десе өтөм да, съездге бар десе барам да…
– Мен да ошону айтып жатпайынбы…
Экөө бир-бирин карашып, күлүп калышты. «Жарашты окшойт…» – деп мен да ичимден жылмайып койдум. Биз баарыбыз жедеп көнүп бүткөнбүз. Экөөнүн чукчуңдашканы да бат, табышкандары да бат, табышкандан кийин кайра чукчуңдаша кетери да бат, көп өтпөй жарашышканы да бат. Сырттан келгендер: «Экөө эми бет карашпай калышты го…» – деп ойлошот, бирок көп өтпөй эле экөөнүн бажакташып сүйлөшкөнүн көрүп, ооздорун ачып калышат.
Мен да а дегенде таң кала берчүмүн. Кийин көнүп кеттим. Экөөнүн чогуу иштеше башташканына жыйырма жылдан ашса керек. Мактым эже университетти бүтөрү менен эле ушул жерде отуруп калыптыр, ошондон бери өзү айткандай, «былк этпей келатат». Авторлордун баарын беш колундай билет. Өлгөндөрүн да, тирүүлөрүн да. Аниса эже кийинчерээк келиптир, мурда бир фабрикада тигүүчү болуп мыкты иштептир. Алган сыйлыктары толтура. Республикадагы мыкты тигүүчү катары, Мактым эже айткандай, «коммунистке өтүптүр, партиянын кайсы бир съездине» делегат болуптур. «Фабрикаңдан быякка телпейип эмнеге келдиң дейм да, – кээде Мактым эже чычалатып калат. – Фабрикаңда жүрө берсең, эмдигиче герой болмоксуң…» – «Геройлукту сага эле бердим! – дейт Аниса эже кебелбей, көп өтпөй какшык ыргытып коёт. – Бир жерде былк этпей иштегендердин герой болуп кеткенин көргөнүм жок…» – «Сен ушул басмада төрөлгөндөн өлгөнгө чейин, – деп Мактым эже кызаңдай баштайт, – төрөлгөндөн өлгөнгө чейин дейм, Бөлөкбай айткандай, «бит карап» жүрүп геройлукту алган бир тирүү жанды көрдүң беле!..»
Чын эле, Аниса эже доораны сүрүп турганда, «телпейип» бит карагандарга жардашканы бул жерге эмнеге келгенин билбейм. Бир сурасам: «Келдик да!» – деп күлүп коюп, анан университеттин филфагын сырттан бүтүргөнүн, бүткөндөн кийин көп өтпөй эле бул бөлүмгө кенже илимий редактор болуп орношконун айтып тим болгон, келген себеби жөнүндө ныпым сөз кылган эмес. Бир нече жыл иштегенден кийин эженин тирикарактыгын, зиректигин байкаган жетекчилер редакторлук кызматты да сунуш кылышыптыр. Эже шыдыр эле баш тартыптыр: «Жетет мага ушул эле… Анын үстүнө сырттан бүтсөм… Килтейген окумуштуулардын жазгандарына кол салып… Жетет маа ушул эле, бардык жагынан жетет…» «Бардык жагынан» деп, сыягы, материалдык жагын айтса керек. Эжеде, чындыгында эч деле материалдык муктаждык жок болчу. Жолдошу республиканын геология тармагында бир чоң бөлүмдү башкарчу. Бул жагынан Мактым эже деле кем калчу эмес, жолдошу ошол мезгилдеги жалгыз университеттин чет тилдер кафедрасынын башчысы, англис тили боюнча жападан жалгыз доцент эле. (Ал мезгилде англис тилин билет деген «Бээжинди чаап келген» дегендей эле кабыл алынчу!) Айтор, эки эжеге тең күйөө жагынан бак айткан экен.
Эки эжекебиз бир-бирине каршы агып келатып, бирок кошулуп кетпей, бир-бирин жанып өткөн эки дайраны эске салчу. Аниса эже шыңга бойлуу, кырдач мурун, чап жаак, эч бир камырабай баскан, кандай маселе болбосун шашпай, сабырдуулук менен чечкен жан эле. Капкара көздөрү менен капкара каштары, анан кара тору жүзү, жүзүндөгү өзгөчө капкара меңи анын келбетине куп жарашып, чырайына чыгарып турчу. Көздөрү абдан курч болчу, дайыма жайнап да, жанып да турар эле, кыскасы, эжеге тике кароо көрүнгөндүн эле колунан келчү эмес. Чачын көрчү эмеспиз, анткени жайдыр-кыштыр башынан мехтен жасалган эркектердин тумагына опокшош баш кийим түшчү эмес. Мен июлдун орто ченинде, күн кайнаган учурда ишке орношкон элем, ошондо ак жайдын чилдесинде эч нерсени кенебей жүргөн тумакчан эжени биринчи көргөнүмдө оозум ачылган. Оюн-чындан: «Эже, чачыңызды бир жолу эле көрсөтсөңүз…» – дей берер элем. «Көрө-өрсүң бир күнү, – деп койчу эже коңур үнү менен. – Жыргаганымдан ушинтип жүрөт дейсиңби, гайморит деген бир балакети бар экен, тумагымды ала койсом эле, какшата баштайт, жанымды коёрго жер таппай калам. Жыйырма жылдай болуп калды, барбаган доктурум калган жок, баары эле: «Жылуу жүрүш керек, же операция, башка жол жок» – дешет. Операциясына ушуга чейин бербей келаткам, жерге кирсин, быйыл беремин… – Мага карап, мээримдүү жылмайып коёт. – Менин чачымды, сенин кулагыңды көрүүгө ашык болгондор көп… «Мен чачымды узун алып жүрөр элем, кулагымды дайыма жаап турчу, ошон үчүн Самсак дубал гезитке шарж жазган: «Кулагын эч ким көрбөгөн…» – деп. Самсактын ушул сабы гезиттин ажарын ачкан, улуу-кичүү дебей анын тапкычтыгына суктанышып, баштарын чайкап калышар эле. Ким билет, балким, бул сап Самсактын чыгармачылык өмүрүндөгү эң оригиналдуу поэтикалык табылга болуп калаар…
Мен Аниса эженин чачын көрбөй калам го, мен көрүүгө үлгүргөнчө, же эже пенсияга кетет, же мен башка кызматка которулам деп ойлоп, үмүтүмдү үзүп койгом. Бул жашоодо капысынан, кокусунан болуп кетчү нерселер көп го, мен да Аниса эженин чачын көрүп калбадымбы…
6
Бир жолу түшкү тамак маалында кабинетте Аниса эже экөөбүз эле калдык.
– Ушу жерде эле тамактанып алалы, – деди эже жылмая. – Түндө бир тойго барып, бирдеме ала келдим эле. Экөөбүзгө жетет… Бир аздан соң: – Анын үстүнө столовойдун тамагынан деле тажап бүткөндүрсүң.
Мен үндөбөй, башымды ийкедим. Эже тамагын заматта жая салды.
– Баса, – деди отурарыбыз менен, – чачыңызды көрө элекмин деп эле далайдан бери менин чачыма ашык болуп жүрөсүң... Азыр көрсөтөйүнбү?
Мен сүйүнүп кеттим чын эле, чачыңыз кандай, эже? – деп сурай берчүмүн:
– Ооба, ооба, анда эле…
Эже ордунан турду да, уялдыбы, терезе пардонун артына барды. Көп өтпөй, чыга келди:
– Мына, сен ашык болгон чачым! – деди жадырай күлүп.
Мен үндөй албай, делдейип эле туруп калдым. Маңдайымда Аниса эже эмес, индеецтер жөнүндөгү кинолордогу чачын жайган айдай сулуу актриса турду. Чачы капкара, далысына жайылган, муну жайнаган капкара көздөрү, жүзүндөгү капкара меңи коштоп, ого бетер ажарын ачып тургансыйт.
– Эже… – дедим эмне дээримди билбей. Чачтарын кармалай кеттим. Чачы ушунчалык кайраттуу экен. – Сиз тим эле… Сиз укмуштуудай сулуу турбайсызбы!..
Ушул маалда, эмне экенин билбейм, бизде иштеген Вера деген орус аялдын эжеге, анан анын кызына суктанганы эсиме шак дей түштү. Ал эженин тыкандыгын, дайыма таптаза жүрөрүн айтып келип: «Аниса эчтеке эмес, анын кызы кандай сулуу эле. Кыргыздардын ичинен андай сулуу бир да кыз көргөн эмесмин!.. Эх, жалько!..» – деп сөзүнүн акырында негедир жашып кеткен.
Мен ушуну эстеп:
– Сиз ушундай болсоңуз, кызыңыз тим эле… – Мен бул сөздүн оозумдан чыгып кеткенин өзүм да билбей калдым. Эмнени айтып алганымды сезе койдум да тык токтоп, бир силкинип алдым.
Эже түшүнөм дегендей башын ийкегилеп алды. Анан ордунан жай турду да, пардонун артына барып, баш кийимин кийип келди.
– Чын эле сулуу болчу, – деди жай гана. Үнү каргылдана түштү. – Акыры ошол сулуулугу түбүнө… – А-а-й эми! – Колун шилтеп койду, анан ойлуу. – Экинчи курста окучу. Бир күнү башым катуу ооруп атат деп калды, доктурга алып жөнөдүм, өзү жалгыз эч жакка барчу эмес. Дайыма мен, мен болбосом дагы бирөө коштоп жүрөр элек. Доктур ары текшерип, бери текшерип: «Жатышы керек, дарыланбаса болбойт, өтүшүп кетет. Сарсаана болбоңуз, жакшылап дарыласа, эки-үч жумада эле сакайып кетет», – деди. Ошентип, жатып калды. Күндө болбосо да, эки күндө бир жолу барып турдум. Күн сайын барганды жаман көрчү, деги эле киши барганды анча сүйө берчү эмес. Сыягы, оорулуу кейпимди эч ким көрбөсүн дегени окшойт. Чын эле, жума өтпөй көңүлү ачылып, күлүп-жайнап калды. Сүйүндүм. Анан бир күнү барсам эле, жүзү муңайым тартып калыптыр. Жүрөгүм шуу дей түштү. «Эмне болду?! Кайра башың ооруй баштадыбы?» – десем, «эч жерим деле ооруган жок, өзүм эле бир кызыктай болуп турам», – деп койду көңүлсүз. Коштошуп жатып: «Мен эртең менен эрте кирип чыгам!» – дедим. Демейде: «Эмнеге келмек элең убара болуп. Келбей эле кой!..» – деп жактырчу эмес. Бул жолу мейли дегендей башын ийкеп кирип кетти. Эртеси эртең менен палатасына кирсем, ордунда жок… Ошондо да жүрөгүм бир булкуп алды. – Эже дымып калды. Жүзүнө тигилдим. Бакырып жиберейин дегенсип, тиштенип араң эле тургансыйт. – Анан угузушту… – деди акырын кайдигер гана. – Түн ортосундабы, же таң агарып келаткандабы, айтор, бир маалда дааратканага барып келем деп чыгыптыр да, барып… асылып алыптыр… Жинди эле болуп калдым. Ыйлаганымды да билбейм, кимден айрылып калганымды да билбейм. Ар кимиси келип кайрат айтып жатышкансыды. Эчтекесин билбейм. Бирок баарын эле жасап жаттым. Ырым-жырымын, айтор, баарын. Бирок кимге жасап жатканымды билбейм… Бир ай өттүбү, эки ай өттүбү, ошол дендароо болуп жүргөн күндөрдүн биринде катуу уктап калган экенмин, эшикти бирөө ачып, ичкери киргенсиди. Башымды көтөрүп карагансыдым. Карасам, кызым келатат. Кучак толо кыпкызыл гүл көтөрүп алыптыр. Баягы муңайыңкы жүзүнүн бири да жок, тим эле жадырайт. «Ай!» – деп алдым да, ордумдан турайын дедим. Тура албадым. Кызым ошол жадыраган кейпинде мени узакка карап турду да, жадыраган бойдон ары бурулуп, акырын сыртка чыгып кетти. Мен ошондон кийин өзүмө келдим окшойт, киши катарына кошулуп, эмне сүйлөп, эмне жасап жатканымды биле баштадым…– Эже муңайыңкы жылмайды. – Кой, эмнеге кирип кеткем, сени да ойго салып. Тамакка карайлы…
Үндөбөй тамактандык.
– Азыркыга чейин башым маң, – деди бир кезде эже башын нукуй, – эстей калсам, дүйнөнү жара чаңыргым келип кетет, – эмнеге өзүнө өзү кол салды экен!.. Өлгөнүнөн да ушул суроо жанымды жеп келет…
– Эми… – дедим кайрат айткым келип. – Эми калган балдарыңызга… Неберелериңиз да бар экен…
– Ошол… Арга канча, ошентебиз да…
Кайрадан дымыдык.
– Канча күн өткөнүн билбейм, мен анда жинден арыла элек болсом керек эле, – деди эже көп өтпөй, – бир күнү эшик чырылдайт. Барып ачсам, бир татынакай орус кыз турат. «Нарсулуунун апасы сизсизби?» – дейт. Мен башымды ийкедим. «Эмне үчүн сабакка келбей жатат? Куратор атайын жиберди. Баарыбыз сарсанаа болуп жатабыз. Эң мыкты окуган кызыбыз…» – дейт. Айттым, ал жок дедим… Ал асманда жүрөт дедим… Кыз кыймылдагандан корккондой мени делдейип карап талыды. Бир маалда эмне болгонун түшүндүбү, ары бурулуп эле бакырып жиберди. Бакырып да баратат, сүйлөнүп да баратат: «Какая красота!.. дейби, «Красота так страшно!» – дейби, айтор, мен түшүнө бербеген дагы көп сөздөрдү айтып, үңүлдөгөн бойдон эшикке атып чыкты окшойт. Мага кызымдын өлгөнүнө эмес, анын сулуулугуна ыйлап кеткендей туюлду…
Дагы дымып туруп калдык.
– Кой, ашык болуп жүргөн чачымды деги көрдүң, – деди эже бир кезде сөздү башкага буруп, таптакыр эчтеке болбогондой, – көрүндүгү чоң болор эми… Сен отура бер, мен өзүм эле жыйнап коём. Менин жек көргөн эки нерсем бар: эркектердин дасторкон жыйнаганы, анан аялдардын эртең менен төшөгүн жайнабай, салган боюнча будалай түрө салганы.
Мен эжеге кошулуп, башымды ийкегиледим. Аны аяп да турдум, кайратына суктанып да турдум. Анан өзүмдөн өзүм эле ойго чөгүп кеттим көрүнөт. Эже мени алаксыткысы келдиби, же өзү алаксыгысы келдиби:
– Эмне мынча илмейип арыксың? – деди күтүүсүздөн.
– Билбейм. Биздин тукумубуз ушундай. Бир да семиз кишибиз жок…
– Койчу айланайын, тукумубуз ушундай деп жүрө бергенде болмок беле? Деги сен физкультура жасайсыңбы?
– Кайдан…
– Эртең менен эрте туруп, ары-бери чуркап, керилип-чоюлуп кой да, анан муздак сууга чайканып кой. Эмне, ушул да татаалбы? Бул баш ооруткан философия деле эмес го…
Мен күлүп, башымды ийкегилеп койдум.
– Ии, баса, – деди көп өтпөй чочугандай. – Сенин илимиң эмне болуп жатат?
– Мен илимдин кандидатымын да!..
– Билем. Мен докторлугуңду сурап атам.
– Докторлук… – Кайпастай кеттим. Докторлукка асылбай эле койсомбу дегенди айткандан, негедир тартындым. – Ойлоно элекмин.
– Ойлонуш керек да!.. Биздин редакцияда келип-кетип жаткан доктор, профессорлор, эмне асмандан түшүптүрбү? Алар деле сендейлерден чыккан да. Мына, ойлоп көрсөң, күнүнө бир эле беттен жазсаң, бир жылдын ичинде үч жүздөн ашуун бетти бүтүрүп салат экенсиң. Эмне, бир бет ушунчалык эле кыйынбы? – Эже демиккендй үндөбөй калды.
«Бир күндө бир эле бет…» Ушинтип шыбырап, биресе таңдангандай, биресе чын эле дегенсип, өзүмчө башымды чайкадым. Кызык, кийин-кийин докторлук ишимди жазып жатканымда, эженин ушул сөзү кулагымда жаңырып тургандай болду.
7
Ким айтканы белгисиз, бир күнү күтүүсүздөн келген кабар бизди гана эмес, бүтүндөй басманы солк эттирди. Аниса эженин гайморитине үч күндөн кийин операция жасалат экен! Аңгыча Аниса эже өзү да кирип келди какайып. Баарыбыз суроолуу элейдик.
Эже үстөлүнө жай отурду да:
– Эмне аңыраясыңар? – деди бизди айландыра карап күлүмсүрөй. – Эчак жеткен экен да, ээ… Ооба, үч күндөн кийин операция кылмай болушту. Кечээ завотделениенин өзү айтты…
– Жинди го… – Мактым эже энтелектеп, улам бирибизди карап. – Атайын даярдабай эле, баса калып…
– Жаткырып алып, атайын даярдагандын эч зарылчылыгы жок экен, – деди Аниса эже олуттуу. – Түз эле үйдөн келе бериңиз деди, эч бир санааркабай… Өзүм болсо не бар, не жок деп, үч күнгө уруксат алып келатам директорго кирип…
«Эми тумактан кутулат экен да…» Мен шыдыр эле ушинтип ойлой кеттим.
– Эчтекени кенебеген ит кыялың бар эле… – Мактым эже адатынча чебелектей баштады. – Гайморит менен ойнобо, ал түз эле мээ менен байланышта болот дейт… Жакшылап даярдан, чоңдордун көбү менен таанышсыңар, алардын баарын ортого салгыла… Кичине кылт этсе эле...
Мактым эже бир титиреп алып, бышактай кетти.
– Эх, бырылдаган жерге киргир, кайдан айта койдум эле… Корко да баштадым, кой кетейинчи. – Ордунан туруп, Мактым эжеге атайын бурулуп. – Кылт этип кетсе, ошол чоңдоруң мени сактап калмак беле!..
– Жинди!.. – Мактым эже ого бетер титиреди. Аниса эже угар-укмаксан болуп, акырын жай эшикти көздөй басты. Чыгып баратып, бизге бурула карап, жакшы калгыла дегенсип, башын ийкегилеп койду.
– Арстан!.. – деди ал эшикти жабары менен Мактым эже суктангандай башын чайкап. – Бу Аниса чын эле арстан!.. – Үнү кардыга түштү да, үндөбөй калды.
Ошентип, баарыбыз биресе санааркап, биресе кызыгып күтүп калдык.
Төртүнчү күн дегенде Аниса эже кирип келди. Баягындай эле. Тумакчан. Ордубузда катып калдык. Кыймылдагандан корккондойбуз. Эже эч бир камырабай жай отурду да:
– Эмне талып калдыңар? – деп койду негедир сырдуу күлүп. Анан ойлуу, акырын. – Болбой калды…
– Эмне болбой калды! – Мактым эже элтеңдеп ордунан тура калды.
– Операция!..
– Кайсы операция?! – Мактым эже турган боюнча элейди. Анан эсине келе калып: – Эмнеге?
– Гайморит эмес экен, бөлөк дарт экен.
Шалдайып эле отуруп калдык.
– Эмне гайморит эмес бекен?.. – Мактым эже дале күйпөлөктөп жатты. – Бир нерсе түшүнсөм Кудай урсун… Деги сен чын эле ооруп жүрдүң беле?..
– Ойноп жүргөм… – Аниса эже тамашалагандай күлдү. Анан баарыбызды тегерете карап: – Меники гайморит эмес экен, башка дарт экен. Акыркы анализимде даана билиниптир. Эч кандай операциянын кереги жок дешти, дагы жакшылап текшериш керек дешти…
– Анан… Жыйырма жылдан бери сени кууратып… – Мактым эже тим эле күйүп кетти. – Жайдыр-кыштыр тумак кийгизип. Жыйырма жыл мурда кайда жүрүшүптүр алар?! – Ойлонуп, бирдеме эсептеп кирди да: – Ой, сен жыйырма жыл мурда отуздардагы жапжаш келин эмес белең! Чүрөктөй…
Мен мындан жыйырма жыл мурунку Аниса эжени элестетип, «Чын эле, чүрөктөй сулуу болсо керек» – деп ойлоп, суктана кеттим.
– Сотко беришиң керек! – деди аңгыча Мактым эже колун силкилдетип чечкиндүү. – Сөзсүз…
– Кимди?
– Догдурларды да.
– Эмне, жыйырма жыл мени өлтүрбөй-этпей, аман-эсен сактап келдиңер деппи?
Мактым эже жооп таба албай, буулуп турду да:
– Эми элге эмне дейм, – деди аргасы түгөнгөндөй эки алаканын жая. – Санаам тынчыбай, операция болот деп баарына айтып койбодум беле…
– Эмне демек элең, болбой калды деп кой да… Олда сенин санааң ай, обу жоктонткон…
– Ай, Аниса, – деди Мактым эже жаракөрлөнө күлүп. – Сенин операция болбой калганың ырас эле болду. Мен сүйүндүм…
– Ии…
– Эгер операция болсоң, анан кичине эле кылт этип калса…
Мактым эже чыдабай бышактап, эшикке атып чыкты.
– Жин тийген го… Килтейген эле катын…
Аниса эже өзүнчө сүйлөнүп кала берди. Анын үнүнөн ыраазычылык десең – ыраазылычылык эмес, муң десең – муң эмес, кандайдыр бир сырдуулук сезилип турду.
8
Мактым эженин кандай жан экенин анча-мынча болсо да билип калдыңар го деп ойлойм, ошентсе да анын сырткы келбетине, жүрүм-турумуна атайы токтоло кетким келип турат. Мактым эже жоон-жолпусунан келген, бети бакжайган, кызыл жүздүү, орто бойлуу аял. Дайыма бир өзгөчө шашып жүрөт, басып келатканда буттары менен эмес, бүт денеси менен былкылдап жылып (учуп дейинчи) келаткандай көрүнөт. Алдынан чыга калсаң, сени биринчи көрүп жаткандай бир селт этип алат да:
– Ии, кандай?.. – деп күлүмүш болуп коюп, шашылыш жөнөп калат. Ал-жайын сураганга үлгүрбөй, таңдана узата карап кала бересиң.
Баса, ал көзү менен да басып келаткандай көрүнөт, көздөрү оң-солго жылып, бир нерседен кооптонгондой өзүнөн өзү эле жалтактап турат.
Ишин дайыма жок издөөдөн баштайт. Отурары менен алдындагы кагаздарын апырык-сапырык кылып, күбүрөнүп-кобуранып, бир нерсе издей баштайт.
– Кечээ эле эң үстүнө коюп кетпедим беле, – дейт бир кезде ордунан ыргып туруп, – эмне жерге кирип кеткенби. – Аниса эженин үстөлүнө мойнун созуп. – Ай, Аниса, сен үстөлүңдөн карап көрчү, кагаздарыңа аралашып кетпесин…
– Аралашып кеткендей аныңдын буту бар беле? – дейт Аниса эже башын көтөрбөй.
– Кичине кыймылдап койсоң боло. Какайгандан какаясың деле, презиудумда отургандай. Ботом, кичине издешип койсоң эмне болот?..
– Деги сен эмне издеп жатасың?.. А дегенде кичине сабыр кылып, өзүңө келип алчы, алактабай… – Аниса эже кыжына кетет. – Килтейген эле катын… Же үстөлүңдүн алдындагы жерди кара, же колуңда мыкчып жүргөн кагазыңды кара да…
Мактым эженин апырык-сапырыгы кайра башталат.
– Ай, Аниса деген кыткылыктаган үн угулат көп өтпөй. – Айтып жүрөм го, сен желмогузсуң, чын эле, желмогуздан да өткөн желмогузсуң ай… Кагазымдын колумда экенин кайдан биле койдуң, ыя?
Аниса эже кичине көтөрүлө түшөт:
– Кыздын сыры төркүнгө маалым да, – дейт какайган кейпинде Мактым эжеге бурулуп. – Сен алактап кирип келип, керектүү кагазыңды колуңа алдың да, муну эсиңден чыгарып жиберип, апырык-сапырыңды баштап ийдиң. Минтип жүрсөң, бир күнү өзүңдү да жоготуп жибересиң го…
– Деги сен желмогузсуң… Көңүлүм тынч болбой жатпайбы…
– Тобо десең, сеникиндей көңүлү тынч киши жок бул дүйнөдө. Мына, күйөөң университеттин бакыйган доценти, андан ректор да чочулап турат дейт. Эки уулуңдун бири Москвадан бүтүп келип, азыр бир чоң мекеменин бир жерин чоюп отурат. Экинчиси дагы Москвада аспирантурада жүрөт, жакында кандидаттыгын жактаганы жатат деп учуп-күйүп жүрөсүң. Эки кудаң тең элге төбөсү көрүнгөн министр. Кайнагаң болсо, республикадагы жападан жалгыз генерал. Анан… Кичине тобо кылыш керек да, килтейген эле катын… Беш көкүл кыздай эбелектей бербей… – Кичине тынып алып. – Мен деле жүрбөймүнбү, тирүүлөй эки жетимди багып, өлүп-житпей эле…
(Аниса эженин күйөө баласы кырсыктап, көп жылга кесилип кетиптир. Анын жети жашар кызы, беш жашар уулу Аниса эженин колунда. Аниса эженин кызы – ушул балдардын апасы – камалып кеткен күйөөсүнө катуу таарынып калганбы, айтор, балдарына анча деле назар бура бербейт. Бүт түйшүктүн баары Аниса эженин мойнунда. Басмадагылардын баары Аниса эжеге суктана да, таңдана да карашат.)
– Мунуң чын… – Мактым эже кичине дердее түшөт. – Деги сен желмогузсуң!..
Мындай көрүнүш, бул болбосо да, буга окшогон көрүнүштөр күн сайын болбосо да, эки күндө бирден кайталанып турат.
9
Эми Мактым эженин иштөө процесси башталат. Бул жөнүндө жогоруда айткан элем, дагы айта кетсем, ашыкча деле болбостур дейм. Мактым эже, эмне экенин билбейм, ишти баштоодон ушунчалык коркоор эле. Жаңы кол жазманы колуна бир алып, бир коюп жатып, акыры барактап кирчү. Барактабай эле, сапырып жаткандай сезилчү. Башынан окуп келатып эле чочугандай токтото коёт да, ортосун алып салып, аягына өтөт. Аягынан кайра башына келет, анан эсине келе калгандай кайра токтотот да, ортосун издей баштайт. «Эми эле колума кармап турбадым беле, кайда житип кетти?..» – деп күбүрөнүп алат да, сапырыгын баштайт. Акыры таап, же жоо кууп келаткандай шашылып редакторлоп кирет, же баштоого даабай өзүнчө кобурап, колун шилтеп коёт. Бул – бүгүн иштей албайт көрүнөм дегени. Анан баштагандан кийин тез эле аягына чыга койсом экен деп эңсейт, айтор, баштай албай жатып, бүтүргүсү келет. Мына, Мактым эже бүт тулку-бою менен кыймылдап иштеп жатат. Ким билет, ушул маалда башындагы мээси, көөдөнүндөгү жүрөгү, айтор, алтымыш мүчөсүнүн баары тең тынымсыз тызылдап жүрсө керек. Кобурап-собураган сайын, денеси да кыймылга келип бирде оңго, бирде солго жылып турат. Кээде кол жазманын автору маңдайында карап тургандай өзүнчө сүйлөнүп, аны көкөлөтүп мактап жатканын көрсөң, кээде: «Ушундай кантип жазсын!..» – деп жекирип жатканын көрөсүң. Сырткы турган турпаты, кулк-мүнөзү нукура кыргыз байбичесин эске салып турса да, өзү кыргыз тил жана адабияты адиси болсо да, бала кезинен бери орустар жана орус чалыштар менен көп аралашып жүргөндүктөнбү, Мактым эже айрым кыргыз сөздөрүнүн маанисин көп түшүнө берчү эмес. Кобуранып-собуранып, туталанып, тердеп-кургап, терин улам-улам аарчый салып, редакторлоп келатып эле, тык токточу да:
– Ушул кантип сөз болсун! – дечү силкине. – Биздин айылда мындай сөз жок, таптакыр уккан эмесмин.
Аниса эже башын көтөрүп, Мактым эжени олурая карап калат.
– Эмне жеп жиберчүдөй карайсың?! – дейт Мактым эже ого бетер туталанып.
Аниса эже сага айла жок экен дегендей, башын чайкап-чайкап алат да, бери бурулуп өз ишине киришет.
– Тим эле жутуп жиберчүдөй карайт!..
Аниса эженин унчукпай койгонуна күйүп кетет.
Анан эси оогондой Бөлөкбайга (негедир Бөлөкбайды баарыбыздан өзүнө жакын тутат) кайрылат:
– Ай, Бөлөкбай, мындай сөз жок да, ээ?
– Силердин айылда болбосо, кыргыз тилинде бар да.
– Чын элеби?..
Мактым эже негедир селт этет да, мага суроолуу тигилет.
Мен чын дегендей, башымды ийкегилейм. Мактым эже кыйлага чайналып турат да:
– Ээ, өлүп кетсинчи!.. – дейт колун шилтеп. – Кыргыз тилинде бар болсо, чийбей эле калтырып коёюн. – Эсине бирдеме түшө калгансып, селт эте Аниса эжени карайт:
– Ай, сен эмне маа таарынып калдыңбы? Чын эле, катуу айтып жибердим окшойт… Анан сен да…
– Таарынмак турсун… – дейт Аниса эже башын көтөрүп күлүмсүрөй. – Сенин эмне дегениңди укканым да жок…
– Эми сен ошондой кыйынсың, – дейт Мактым эже да күлүп. – Коммунистсиң, съездге делегат болгонсуң…
Баарыбыз күлүп калабыз, бөлмөбүз жаркый түшкөндөй болот.
Аңгыча болбой:
– И-ий, өлүп кал, Аниса! – деген Мактым эженин ачуу үнү баарыбызды солк эттирет. – Өлбөсөң, эскертип койбойт белең. Сахардан кечигип кала жаздаган турбаймынбы…
– Өзүң өлүп кет, кишинин жүрөгүн түшүрүп… – Аниса эже көзүнүн төбөсү менен маңдайында отурган мага карап күлүмсүрөйт. – Килтейген эле катын…
– Кой, мен кеттим! – Жанында турган кара сумкасын шып ала коюп, Мактым эже өзү менен өзү сүйлөнө, эшикке бет алат. – Баарын алдым, ээ, кагазымды салдым сумкага… – Чыга берерде бери бурулуп: – Ай, Аниса, мени сахарга, дүкөнгө кетти деп кой. Баары эле билишет да…
Ай-буйга келбей, шуу этип чыгып кетет. Узун коридордо дикилдеп басып баратканын биз кадимкидей туюп турабыз.
– Байкуш… Жаман кыйналып кетти, – дейт Аниса эже чын дитинен боору ооруй, башын чайкай. Бизге кайрылат. – Бу сахар дегениң кандай дарт, ыя, деги айыкчу дартпы?..
Эч кимибиз үндөй албайбыз, анткени бул дартты эч кимибиз билчү эмеспиз. Биз эле эмес, басмадагылардын баарынын тең эле бул оору жөнүндө түшүнүгү жок болчу анда. Эми ойлоп көрсөм, бул дартка чалдыккандар ал кезде өтө сейрек болсо керек. Мен болсо мындай оору бар экенин ушу жерден, Мактым эже аркылуу билдим. Адеп келгенимде Мактым эженин жай-кыш дебей эле көл-шал тердей бергенин көргөнүмдө, биресе таңдансам, биресе боорум ооруган. Өзүнөн сурагандан айбыгып:
– Эже, Мактым эже эмнеге эле тердей берет? – деп сурагам Аниса эже экөөбүз калганда. – Башынан ушинтчү беле…
– Беш-алты жыл болуп калды окшойт… – деген Аниса эже ойлуу. – Сахар дейби, диабет дейби, айтор, мурда мен угуп көрбөгөн бир дартка чалдыгыптыр. Мунуң дарысы табылбаган бир балакет дарт окшойт, өздөрүнүн дүкөндөрү да бар. Тамакты да мүнөздөп ичиш керек экен. – Мени карап, сырдуу күлүп коёт. – Эжеңдин сырын деле билип калдың го, кичине тамаксоороок жайы бар байкуштун, кээде жебе дегенин жеп, ичпе дегенин ичип алып, сахарым көтөрүлүп кеткен окшойт деп ыйлактап калат…
Көрсө, Мактым эже азыркы учурда модага айланып бараткан кант диабети деген дартка чалдыккан экен. Албетте, мен бул жөнүндө мынчалык эзмелеп (силерди тажатып) жазбай деле койсом болмок, бирок анда Мактым эже толук ачылбай калып жатпайбы.
Мактым эжени эс алдырган, ыракатка бөлөгөн кереметтердин бири – бул анын өзүнүн кант диабети жөнүндө айтып берүүсү эле. Биз аны канча жолу укпадык дейсиң, бирок ал муну эч бир этибарга алчу эмес, а түгүл биздин тажап, кыртышыбыз сүйбөй жатканына кымындай да көңүл бурчу эмес. Улам айткан сайын жаңы деталдар менен кошумчалап, бирде наалып, кемшиңдеп бышактап алып, бирде кимдир бирөөнү шылдыңдагансып кыткылыктай кетип, айтор, төгүлгөндөн төгүлө берчү. Мактым эже жеринен сөзгө чоркок жан эле, өзү күбө болуп келген окуяны да жөндөп айтып бере алчу эмес. Анан ушу өз оорусу жөнүндө айта баштаганда эле кандайдыр бир кубулууга дуушар болуп, нукура манасчылардай ээ-жаа бербей кетчү. «Ар кимдин төгүлчү нерсеси болот тура…» – деп ойлоп койчумун мен.
– Бул балээни кайдан жабыштырып алганымды билбейм, – деп баштар эле сөзүн. – Жукпайт дейт, бирок тукум кууйт дейт. Эгер жукпаса, тукум гана кууса, ошол тукумга кайдан жугат бул балакет, башым маң… – Актанып кирет. – Сураштырмак турсун, казып да чыктым, биздин тукумда бул оору менен бирөө да оорубаптыр. Атам да, апам да, бир туугандарым да…
– Сен аны кайдан билесиң! – Аниса эже чыдабай кетип, корс этет. – Балким, оорушкандыр, оорушса да илең-салаң басып жүрүшкөнүнө ыраазы болушуп, онтоп жүрүшүп өтүп кетишти да. Догдурга бир кайрылбай… Кайрылышса да: «Жыгылып калбай, басып эле жүрбөйсүзбү анан…» – деп койду да бул оорунун сырын билбеген догдурларың…
– Таап айттың, Аниса, бул ооруң башка оорулардай жыгып да салбайт экен. Жыгылбагандан кийин, эч ким ишенбейт экен. Мына ушунусу жанды күйгүзөт. Ой, эч ким ишенбейт ооруп жатканыңа, жадагалса өзүңдүн балдарың да. Баягында уулум айтып атпайбы: «Басканыңда жүгүрүп мен жетпей калам, апа, анан сени ким оору десин…» Мунусу чын. Жатып калбайсың. Жаткырбай, бөлөк-бөтөндөргө көргөзбөй туруп, жанды жечү нерсе экен бул балакет… – Мактым эже, угуп жатасыңарбы дегенсип, бизди бир сыйра айландыра карайт да, кичине жашый кетет. – Же бир дарысы болсочу, ооруганда ичип жибере турган. Дарысы ушул – тигини жебе, муну – ичпе; нервденбе… А сен ошо жебе дегенин – жегиң, ичпе дегенин – ичкиң келет дейсиң, ай Кудай ай, кээде баарына кол шилтеп туруп… Нервденбе дейт, кантип нервденбейсиң тирүү туруп, жамандык-жакшылык болот экен, ойлонбой коё албайт экенсиң… –Кимдир бирөөгө нааразы болгондой, колун силкилдете: – Ой, бу түрмө да, түрмөдөн да жаман, түрмөдө кичине каалаганыңды ичип-жешке болот го…
Ушул жерге келгенде, Аниса эже өзүнчө шыбырап алат:
– Алда байкуш тамаксоом ай, эс-дартынын баары эле…
– Мунусу эчтеке эмес, – дейт үнүн каргылданта, – дайыма жаныңда кант ала жүрүшүң керек экен, эгер бирдеме болуп баратсаң жеп ийишиң керек дейт. Жеп ийбесең кете берет экенсиң, уктуңарбы, кете берет экенсиң. – Сыймыктангандай. – Кудайга шүгүр, мен буга жете элекмин… – Бир аз ойлонуп туруп титирей. – Жаныңда болбой калсачы, шашма жаным, алактап-шалактап жатып кантты унутуп калсамчы…
– Ай! –Аниса эженин үнү өктөм чыгат. – Токтот да! Сен баарыбызды оорулуу кылып бүтмөй болдуң!..
Бул сөздү укканда, Мактым эже корккондой бир селт этип алат.
– Оору кадырын соо билбейт деген ушул да, – дейт көп өтпөй, – мен эмне, жыргаганымдан какшап жатат дейсиңби… – Ойлоно калып, ыраазы болгондой, – өкмөттөн айланса болот, бизди түшүнүп, өзүнчө дүкөн ачып, өзүнчө тамак-аш даярдап… Кайра нааразылана: – Бирок ошол тамактарын ичип жаткандабы, өңгөгө билбейм, мага жейин деп ойлой баштаганда эле дары жыттана баштайт… Айла жок… – Алаканын жая, аргасы түгөнгөндөй, бизди жалдырап карап калат… – Ай, Аниса, кой дебейсиңби, – дейт анан эсине келе калгандай, – жанатан бери жебиреп жатып, силерди иштеткен эмес турбаймынбы…
– Эмнеге токтотмок элем, сенин жомогуңду угуп, биз да кичине эс алдык окшойт…
– Тилиңби, сенин тилиңби, – дейт Мактым эже күлүп, – уу да… Уу…
Биз жаңы жаралган дүйнөгө келгендей, кол жазмага тигиле карай баштайбыз. Кызык, Мактым эже канчалык ыйлактап наалыбасын, ал мага, тескерисинче, оорусу үчүн сыймыктанып жаткандай, оорубай калса эле жашоосу токтоп калчудай туюлчу. А түгүл бул оорудан айыгып кетсем, кантип күн көрөм деген өңдүү чочулоо да сезилип тургандай болчу. Анан өзүмчө ойлонуп калчумун: «Чын эле, Мактым эже, бул оорудан таза айыгып кетсе, эмненин күнүн көрөт, кантип жашайт болду экен?..»
Биздин кабинеттен киши үзүлчү эмес, бир автор кетип жатса, экинчиси кирип жаткан болот. Ошолордун ар бирин Мактым эже үзүлө түшүп карачу. Кээде:
– Аниса, сен байкадыңбы, эми эле келип-кеткен автор сахар окшойт, тердеп-кургап… – деп сурай берер эле.
– Анысын мен кайдан билем, анын сахар-махарынын маа эмне кереги бар!.. – деп Аниса эже көбүнчө кагып койчу.
Мактым эже мостоюп ойлуу туруп калчу. Деги эле Мактым эже өз оорусуна окшош ооруларды издегенди адатка айландырып алган эле, анан мага ошол издеп жатып ыракат алгандай, оорусу үчүн сыймыктанып жаткандай сезилип кетчү. Азыр ойлоп калам, чын эле сыймыктанчу окшойт деп…
10
Мактым эжени бир көргөн кишилер, же сыртынан билгендер анын алактап-шалактаган шашмалыгын, өзүнө ээлик бердирбеген жүрүм-турумун карап туруп, «жөн эле обу жоктоно берген неме тура…» деген ойдо калары бышык эле. А чындыгында, анын болгон насили, натурасы ушундай болчу. Жараткан маңдайына жазып койгонбу, же өзүнөн өзү барып урунабы, билбейм, Мактым эже «бирдин үстүнөн чыкпай» коё алчу эмес.
Бир жолу кабинетке дикилдиген бойдон кирип келди да:
– Ким эле?!. – деди алактап. – Соо болбой калды!.. Өлдү!..
Баарыбыз үрпөйө тиктеп калдык.
– Силер деле жакшы билесиңер… Силер эмес, элдин баары жакшы билет… Ким эле, тилимдин эле учунда турат… Атактуу киши… Ким эле, айткылачы!..
– Ай! – Адатынча Аниса эже айбаттуу сүйлөдү. – Деги эмне болду? Эмнеге соо болбой калды?..
– Кесилиштен машине коюп кетти… Дүңк дей эле түштү. Чын эле соо болбой калды… Ким эле?.. Таягы менен бараткан чокулап. Анан эле кесилиштен… Атактуу киши… Сокурчу… Ошол… Өтө атактуу…
– Андай атактуу болсо, – деди Бөлөкбай өзүнө таандык юмор менен: – Кичине тергеп айтсаңыз боло, сокур-сокур деп кыйкыра бербей, жок дегенде азиз деп…
– Ии, айланайын Бөлөкбай, дал ошол – Азиз Салиев!.. Ошону мобу эле кесилиштен уруп кетпедиби…
Бул кишинин ысмын укканда баарыбыз сестене түштүк. Бири-бирибизди суроолуу карап калдык.
– Бирдеме кылсаңар боло!.. – Мактым эже нааразылана буйра сүйлөдү. – Бирөөңөр да кебелип койбойсуңар да…
– Кудай урбадыбы… – деди Аниса эже алаканын жая. – Кебелгенде, биздин колубуздан эмне келет?
– Ай!.. – деп колун шилтеп алды да, Мактым эже телефонго асыла кетти. Эки-үч жерге чалып, акыры издегенин тапты окшойт. Аны менен кичине жайыраак сүйлөшкөнсүдү. Анан: – Өхш! – деди санаасы тынгандай. – Жеңил эле деди, эчтеке деле болбоптур. – Кайра титиреп, үнү кардыга. – Кокус, өлүп калса эмне болмок, ыя?! Өзү сокур болсо, анан өлүп калса… Байкуш… – Бет аарчысы менен көзүн, анан бети ылдый куюла баштаган терин сүртүп, чарчагандай үндөбөй отуруп калды.
– Килтейген эле катын… – Аниса эже жактыра бербей өзүнчө шыбыранды.
– Аниса!.. Угуп жатасыңбы, Аниса дейм, баягы Жатакчы… – деди дагы бир жолу эшиктен кирип-кирбей Мактым эже, же күлүп атканы, же ыйлаганы билинбей.
– Жатак? Кайсы Жатак?! Кишиде жок ат го мунуң?
– Биз менен бүткөнчү университетти. Өз аты бөлөк болчу. Бирөө Жатак деп коюптур, ошондон кийин баары эле Жатак деп калышты. Өз атын унутуп да калдым. Ошолчу. Кечээ базарга барсам жүрөт.
– Базарда элдин баары эле жүрбөйбү…
– Ошол Жатакчы… Мен артынан эле көрдүм. Шыдыр эле тааныдым. Ошолчу… – Күлүп атканы, же эчкиргени белгисиз өзгөчө бир доош менен: – Аялдын туфлисин кийип алыптыр…
– Койчу айланайын, түшкө кирбеген…
– Чын. Ит болоюн, аялдыкы… Баратат эчтекени көзүнө илбей байкуш… Билесиңби, биздеги эң кыйын окуган ошол эмес беле, ошон үчүн Жатак дешкен да, кызыл диплом менен бүткөн. Эми минтип аялдын туфлийин кийип…
– Кызыл диплом?.. Анан эмне?..
– Эмне болгонун кайдан билем… Ичип кетиптир деп уккам. Аялынабы, же дагы бирөөгөбү өчөшүп…
– Эми анда… Муну эми тагдыр дейт. Ким эмне болорун ким билет?!.
– Кандай тагдыр?! – Мактым эже колун силкилдетип ийди. – Ушундай кантип тагдыр болсун! Куда-ай, баарыбыз суктанчу эмес белек… Анан аялдын туфлисин кийип базарда… – Калчылдай: – Кирерге жер таппай калдым… Мени көрүп калбаса экен деп, жалт бурулуп качтым. Жолдо келатам, жүрөгүм алеп-желеп болот ыргып кетчүдөй болуп…
– Анан… – Аниса эже айтсамбы-айтпасамбы деп токтоло калып: – Уялсаң, бир туфлий алып берип койбойт белең!..
– Кантип?! Ой, мен анын жүзүн карай албай койдум деп жатпаймынбы!..
– Эмне, корктуңбу?
– Билбейм… Дитим барбады… Түндө уктагандай деле болгон жокмун. Көзүмдү жумсам эле, Жатак, жок, жок, Жатак эмес, аялдын туфилиси маңдайымда тура калгансыйт…
– Эми аны тагдыр дейт да!.. – Аниса эже көңүл айтып жаткансып умсуна кетти.
– Тагдыр!.. – Мактым эже кыжына ордунан турду. – Бирдеме болсо эле… – Кебинин аягына чыкпай, буркулдап эшикти көздөй жөнөдү.
«Мен буга эмне кылдым?..» – дегенсип, Аниса эже улам бирибизди элее карап кала берди.
Дагы кайсы кабинетке кирип, зээни кейип, аялдын туфлиси жөнүндө айтып жатканы белгисиз, айтор, Мактым эже кармалып жатты. Түшкө чукул гана коридордон дикилдеген доош угулду.
– Айтты-койду дебегиле, – деди Аниса эже башын көтөрүп. – Бул дагы бирдемеге чалынып келатат окшойт.
– Бөлөкбай!.. – деди Мактым эже кирип келип эле демиге. – Эшикти бекит!.. Келатат!.. Машбюрого кирип кетти. Кирип баратканда, мени көзү чалып калгандай болду. Бол, заматта эле бизге жетет!..
Мактым эже ордун көздөй басып да келатты, демиге сүйлөп да келатты.
Бөлөкбай ордунан ыргып турду да, эмне кылам дегендей бизди суроолуу тиктеп туруп, каалгага асыла кетти.
– Бекит деп жатпаймынбы!.. – Мактым эже терин сүртө, буйра сүйлөдү. Кайра сурангандай. – Айланайын Бөлөкбай, бекит дегенде беките койчу жалдыратпай. Келатат дейм!..
– Келатат!.. Ким келатат? – Аниса эже ачуулана кетти.
– Ким эле?.. Узун кишичи биринчи кабаттагы, ошол келатат. Баарын кыдырып келатат окшойт… Буркурайт…
– Буркураса кызуу да… – деди Аниса эже жай гана. – Жетпей жатат да. Келсе… Келип эле жүрбөйбү, бир-эки сом…
Муну укканда, Мактым эже титиреп кетти:
– Бөлөкбай! Бекитсең эми… Көргүм келбейт!..
– Эчак эле бекиткем!.. – Бөлөкбай күлүп, эшикке башын жаңсап койду.
– Аа… – Мактым эже жайланып отуруп калгансыды.
Аңгыча дүкүлдөгөн дабырт угулду.
– Мына, келди!.. – Мактым эже калчылдай ордунан турду да, үндөбөгүлө дегендей бизге белги берип, акырын отуруп калды.
Чын эле келиптир. Котормо бөлүмүндө иштеген таланттуу котормочу эле. Кээде кызуусунда ушинтип кыдырып калчу. Акчасы барбы-жокпу ага карабай, бир сыйра кыдырып чыкмай адаты бар эле. Кирип келчү да, өзүңөр билесиңер да дегендей, үндөбөй тиктеп калчу. Отургандардын бири бир-эки сом бергенден кийин, лам деп ооз ачпай чыгып кетчү. Кызуу болсо да, негедир тартынып, уялып турчу эле. Соосунда ого бетер. Алдынан карпа-күрпө чыга калсаң, эки бети кызарып, кадимкидей уялып кетчү. Коридордо кимдир бирөө менен бажакташып сүйлөшүп турганын көрчү эмеспиз. Келчү да, үстөлүнө отурган бойдон, кагаздан башын алчу эмес. Кээде гана ушинтип…
Эшик тыкылдай баштады. Мактым эже ордунан ары-бери жыла баштады. Эшик тарсылдай баштады. Мактым эже «кыймылдай көрбөгүлө!» дегендей белги берди.
– Мен билем, силер барсыңар… – Үнү ишенимдүү чыкты. – Эми эле эжени…
Мактым эже мени айтып жатат дегендей, көкүрөгүн нукуй кетти.
Такылдатып, түрсүлдөтүп, тиги акыры чарчадыбы, өзүнчө сөгүнүп алып:
– Түшүнбөйсүңөр да! Эх!.. – деди да, ары басып кеткенсиди.
– Өхш!.. – деди Мактым эже эки колун көкүрөгүнө коё.
– Обу жоктонбочу!.. Килтейген эле катын … – Аниса эже сүйлөнүп кирди. – Келсе, эмне, бир-эки сомун алат эле да, чыгып кетет эле… Эми минтип, уят кылып кишини… Бекинип…
– Мен эмне… – деди Мактым эже күнөөлүүдөй. – Кирип келип, баса калат деп жатамбы?.. Билесиңби, мен көргүм келбейт, көргөндөбү тим элеби… – Мактым эже калчылдап кеткенсиди…
– Эмне коркосуңбу?..
– Коркпойм деле… Жок, корккондон да жаман!.. Көргүм келбейт. Мас кишини көргөндөбү, тим элеби… тим эле… Силер муну түшүнбөйсүңөр да!.. – Мактым эже эси оогондой шалдайып отуруп калды.
Биз «түшүнбөйсүңөр да!» дегенди укканыбызда бышкырып жибере жаздадык, Мактым эжени аянычтуу кебетесин көрүп, мостоюп отуруп калдык. Деле түшүнүп болбойт, узун котормочунун эмнесин түшүнбөйбүз да, Мактым эженин эмнесин түшүнбөйбүз!.. Кээде азыр да ушул суроо мени беймаза кыла берет…
11
Жоодардан дале кабар жок. Мактым эже редакторлоосун токтотуп, башка бир нерсе окуп кирген окшойт. Анткени денеси кыймылдабай, оозу эле кыбырап калыптыр. Аниса эже көз айнегин улам-улам өйдө жылдырып коюп, аппак барактарга бирдемелерди бадырайта чиймелеп жатат. Сыягы, кол жазманын саптарын санап жатат өңдөнөт. Саптарды өтө так чыгаруу керек, болбосо чыр-чатак чыгып кетиши ыктымал. Анткени саптардан басма табак куралат, а басма табак дегениң – кызылдай эле акча, тактап айтканда, авторлорго калем акы дал ушул басма табакка жараша төлөнөт. Андыктан Мактым эже айткандай «кичине эле кылт этсең…» Бул боюнча Аниса эже чоңдорго көп жолу чакырылып жүрөт. Эми мынча болду, ушул жерде чоңдорго чакыруу маселесин биротоло кыстара кетейинчи. Чоңдор дегеним – директор менен башкы редактор.
Чоңдор Мактым эжени көп деле чакырышчу эмес. Кандайдыр бир нерсеге нааразы болуп калса, өзү эле чамынып калчу: «Карап турсаңар, мен директорго да кирем, башкы редакторго да кирем. Кирем да, баарын ачык айтам, эмне, бир жеримди кесип алмак беле! Карап турсаңар…» Ушинтип чамынып, чайналып жатып, бир күнү чын эле жөнөп калчу. Кеткенинен келгени бат болуп, бир маалда шашылып кирип келчү, бирок жүзү жайдары.
– Экөөнө тең бардым, экөө тең жок экен…
Көп өтпөй агынан жарыла кетчү:
– Чын эле, жакшы эле кирейин деп чыгам. Анан жолдо ката: «Эх, Кудай, ордуларында жок болуп калышса экен», – деп эңсей берем. Барсам, чын эле жок болуп калышат. Ошондо бир сүйүнөм десең. Эмне үчүн?..
Бөлөкбайды карайт. Ал ийнин куушуруп коёт.
– Жинди болуп баратканың ошол да… Килтейген эле катын!.. – Аниса эженин чындап жини келип кетет. – Өзү өзүмдүн кара башым үчүн киришим керек деп жулунуп баратса, анан жок болуп калышса деп эңсесе… Бул оору да…
– Оору болсо, эми сен кыйынсың да. Сен бир арстан болбодуңбу!..
Аниса эже Мактым эже айткандай, бул жагынан чын эле арстан. Өзү кенже редактор болгону менен, иштин көбүн ал аткарчу. Кол жазмалар биринчи Аниса эженин колунан өтүп, анан бизге жетчү. Эгер эреже-тартипке туура келбесе, бир да кол жазманы кабыл алчу эмес. А авторлордун көбү профессорлор, акын-жазуучулар өңдүү төбөсү көрүнүп калгандар. Алар түз эле директорго киришчү: «Тигиниң кеп жебеген орой неме экен, бир болбогон нерсе үчүн кабыл албай». Анан чакырык. Аниса эже ордунан калбаат туруп жөнөйт. Ушундан тартып, Мактым эжеде жан жок, жанын коёрго жер таппайт.
– Кудай ай, эмне болуп кетет экен, ыя?.. Өзү да башы ооруп араң жүрдү эле… Деги аман-эсен чыкса экен…
Бизди да беймаза кылып, аркы-терки баса баштайт. Аңгыча Аниса эже кирип келет. Ачууланган түрү бар.
– Эмне болуптур!..
Мактым эже ушинтип сурап алат да, өз суроосунан корккондой селт этет.
– Эмне болмок эле, баягы да… – Кыжына. – Мени бирөөсү: «Көзүнүн төбөсү менен караган орой неме экен, кол жазмамды жөндөн-жөн эле албай койду», – деп барыптыр. Анан ошол жерден эле телефон чалып, оройлук кимден кеткенин директордун көзүнчө далилдеп бердим. Өзү кечирим сурады автор.
Мактым эже табасы кана каткыра күлүп, жаш балача:
– Анан… Анан… – дей баштайт.
– Анан ошол… Бирдеме болсо эле, анан, анан… Ии баса, директордун кычуусу канбай калдыбы, шыдыр эле калем акыга өттү. «Калем акы көбүрөк төлөнүп жаткансыйт, сиз жаңылыш санаган жоксузбу?» – дейт. «Мен сапма-сап санайм, бир тамганы ашырбайм да кемитпейм. Бүт жазылуу», – дедим. Десем: «Ошентсе да… Үнөмдөө деген бар эмеспи. Анча-мынча кемирээк» – деп жыландын башын кылтыйтат. Жаным күйүп кетти: «Сиз, эмне, өз чөнтөгүңүздөн төлөп жатасызбы, өкмөт төлөйт да» – дедим түз эле. – Байдын ашын байкуш аяйт… Канча болсо, так ошончо эсептеп берем, ар ким эмгегине жараша алыш керек да. Эч бир кемитпейм, да семитпейм. Мага да жан керек, кемитип койсом сотко берсе, карыганда соттолуп кеткидей алым жок… десем, директордун көзү чанагынан чыгып кете таштады.
– Чын эле ушинттиңби? Эми… – Мактым эже титиреп кетти.
– Эми эмне болмок эле, эчтеке болбойт. Иштен кет десе – кете берем, пол жууп деле күн көрөм…
– Жерге кир десе… – Мактым эже эркелеткендей күлө кетет. – Кичине жумшарсаң боло…
– Жумшарбайм, этпейм. Сен жумшара бер…
– Мен жумшарып бүтпөдүмбү…
Мактым эженин кардыга чыккан сырдуу үнү баарыбызды селт эттирген. Аниса эже да дене-боюн жайып таштагансып, Мактым эжени мээримдүү тиктеп туруп калган.
Мен ушуларды көз алдымдан өткөрүп, өзүмчө эле бир кызыктай, а түгүл карама-каршылыктуу сезимге кабылгандай болдум.
12
Ойлоп көрсөм, менин баяным, азыркылар айтып жүрүшкөндөй, акыркы аялдамага чукулдап калды көрүнөт. Андыктан акыркы аялдамага жеткенче, Аниса эжени да, Мактым эжени да биресе беймаза кылган, биресе алардын эрмегине айланган дагы бир нерсе жөнүндө айта кетишим керек болуп жатат.
Айтпадымбы, биздин бөлүмгө авторлор көп келишээр эле. Өзгөчө китептери жарык көргөн авторлор бизге келип кетишти өздөрүнүн ыйык милдети катары сезишчү. Жөн келишмек беле, бир баштыгын көтөрө келишчү, ал баштыктын ичинде сөзсүз бир бөтөлкө «бирдеме» болор эле. Аны көрбөй туруп туйган биздин көзүбүз шыдыр эле Бөлөкбай жакка бурулчу.
– Аш кыласыңарбы?! – Бөлөкбай таарынгандай, анан ыраазы болгондой мулуңдай кетчү. – Иче элек жатканда эле көздөрү менен атып…
– Айланайын Бөлөкбай, – дечү байкуш Мактым эже кадимкидей жалооруй, – сени ичпе деп эч ким айтпайт, ич, бирок бүгүн «тигиниңдин» жарымын эле ич, жарымын сейфке салып кой. Бирөө сага көп болуп калат. Калганын эртең жумуштан кийин…
– Анда кантип уктайм!.. Уктай албайм да ооналактап…
– Эмнеге?
– Чалажан болуп… Жарымын ойлой берем да…
Мактым эже эмне дээрин билбей, үндөбөй отуруп калат.
Ушул маалда Аниса эже башын чайкап, ичинен сыза Бөлөкбайды карап турган болот.
– Анда ичсең ичкиниң… – дейт Мактым эже, акыры жеңилгендей. – Бирок… Бирок «тигилерге» кошула көрбө…
Аниса эже дале үндөбөйт, Мактым эжени кубаттагандай, башын ийкегилейт.
«Тигилер» деп тергеп айтып жатканы – биринчи кабаттагы художниктер, анан буларга удаалаш жайгашкан бөлүмдөр. Художниктер өзгөчө орунда турат. Алар узун коридордун эң четки бөлмөсүндө жайгашкан. Атайлап эле аларды сүрүп барып ушул бөлмөгө тыгып койгондой болчу. Бөлмөдө иттин сүрөтүн тартса да, куштун сүрөтүн тартса да, көздөрү куду эле корейлерге опокшош болуп калган Ким деген корей сүрөтчүсү баш болгон бир топ художниктер отурчу. Буларга бирөөсүнүн чачы узун, бирөөсүнүн сакалы салпаңдаган, дагы бирөөсүнүн чачы менен сакалы бирдей сырттан келгендер да кошулушчу. Бөлмөсүнө кире калсаң, түтүндү аралап жүргөндөй болчусуң. Эч кимисинин ырайын даана көрө албайсың, издеген кишиңди улам бирин теше тиктеп, араң тапчусуң. Айтор, бул бөлүмдө чылым чегүү боюнча мелдеш өтүп жаткандай. Албетте, мындай түтүндү винонун жыты коштоп турчу. Түшкө жуукпу, түштөн кийинби, айтор, өздөрүнө ылайыктуу бир маалда кайсы бирөөсүнүн бир тонна жүктү көтөрүүгө да кубаты жете турган жип сеткага толтура чоң кара бөтөлкө винолорду бир жагына ооп көтөрүп келатканын көрчүсүң.
Биз буга көнүп бүткөнбүз, эрөөн-терөөн деле алчу эмеспиз. Биз түгүл, кармаган жеринен кан чыгарган, тартипти өтө катуу сактаган директорубуз да акыры жеңилип берген: «Буларды эми эмне кыл дейсиңер, бирөөсүн кетирип, экинчисин алсаң, аның тигинден да өткөн ит болуп чыгат», – дечү директор аргасы түгөнгөндөй алаканын жая. – Буларың адам эмеспи деп калдым, буларың бир башка жандык окшойт… Бирок ишти үзгүлтүккө учуратпай, убагында бүтүрүп берип жатышат да. Бизге ушунусу эле керек да, ыя?.. Мына ушул «жандыктарга», кээде берки бөлүмдөгүлөр да кошулуп кетип, биринчи кабат өзүнчө бир шаңдуу оркестрге айланып калаар эле.
Чынын айтыш керек, анда бир гана художниктер эмес, басмадагылардын көбү эле күүлдөп жүрүшчү. Буларды карап туруп аргасыздан: «Деги биз иштеп жатабызбы, иш жүрүп жатабы?..» – деп ойлоп кетчүсүң. Бирок иш жүрүп эле жатчу. Жүргөндө да кандай… Азыр ушул саптарды жазып жатып, бир нерсеге башым маң: ушул күүлдөп жүргөн адамдар, мазмундук, саясий-идеологиялык каталарды мындай эле коёлу, бир эле орфографиялык катага жол беришсе, өздөрүнүн баштары кетчүдөй мамиле кылышчу. Мындай мамиле-жоопкерчилик кантип калыптанган да, кандайча кан-жандарына сиңип кеткен! Асманга көкөлөп учкуң келет, кусаланып ыйлагың келет…
Биздин Бөлөкбайыбыз да анда-санда ушул күүлдөктөрдүн катарын толуктап калчу. Ошондуктан эки эженин күйүп-бышары да эп.
– Сен Бөлөкбай, – дейт жанатан бери үндөбөй, ичтен сызып отурган Аниса эже акыры, өтө олуттуу, – баарын түшүнөсүң, баарына акылың эле жетип турат, таптакыр эле таштап салбайсыңбы…
– Анда киши катарынан чыгып калам го?
– Бир эсептен мунуң да чын. – Аниса эже башын ийкегилеп, ойлонуп калат.
Мактым эженин чый-пыйы чыгып кетет:
– Кандайча чын?! Анда ичпегендердин баары киши катарынан чыгып калбайбы! Сен, Бөлөкбай, антпе, антип өзүңдү сооротпо… Эмне, ичпей калсаң эле… – Эже туталанып, сүйлөй албай калат.
Бөлөкбай эркелегендей бурк этет:
– Эмне, бирдеме болсо эле мен! Мен, эмне, талаада калып атамбы?!
Мактым эже эмне дээрин билбей, дагы мукактанып туруп калат да:
– Сени ошол талаага кала турган деңгээлге түшүп кетеби деп коркуп жатпайбызбы!..
– Корккондо… – Бөлөкбай сөзүн улагысы келбегендей, мурчуюп үндөбөй калат.
Байкуш Мактым эже дагы эле түтпөй кетет:
– Сени таптакыр ичпе деген эч ким жок, Бөлөкбай. – Бул сөздү айтарын айтып алып, селт этип чочуп кетет. – Ой!.. Андай күн келсе, кана!.. – Ойлонуп туруп калат да: – Бөлөкбай, – дейт калчылдагансып жалооруй. – Мас болуп, темтеңдеп менин астымдан чыга көрбө… Анда мен тим элеби, тим эле!..
– Түү ата!.. – Бөлөкбай ордунан ыргып турат да, эшикти көздөй жөнөйт. Өзүнчө сүйлөнүп да, жанын коёрго жер таппай кайпактап да баратат. – Кудай урбадыбы… Кишинин зээнин кейитип…
Бөлөкбай чыгып кетери менен, Аниса эже башын көтөрүп: «Килтейген эле катын!..» – деп өзүнчө наалып алат да, Мактым эжеге:
– Биз, экөөбүз, Бөлөкбайды жеп өлтүрмөй болдук го… – дейт негедир аянычтуу.
– Ом-ээй ай!.. – Мактым эже не дээрин билбей, оозун ачкан бойдон туруп калат да, Аниса эжеге колун жаңсай: – Мобул эмне дейт, ыя?!
– Үйдөн катыны кулак-мээсин жесе, – дейт Аниса эже эч нерсе укпагандай. – Быякта биз… – Башын чайкап туруп калат.
– Биз, эмне, ага жамандык тилеп жатыптырбызбы?
– Жамандык тилесек, ушинтип тытышып отурат белек экөөбүз…
– Анан эмне?..
Экөө кыйлага үндөшпөй калышат. Мактым эже акыры чыдабай кетет да:
– Эгер Бөлөкбай биле турган болсо…
– Билет, билгенде да… – Аниса эже толук сүйлөтпөй, кебин үзүп алат. – Бөлөкбай түгүл, шаардын жарымы… Элдин баарына жайып… – Өзүнчө сүйлөнө кетет…
– Ом-ээй, ай… Кайра мени жайып дейт да, ыя!.. Жайбаганда эмне, аны иштен айдап чыкса, жакшы беле, ыя?.. – Мактым эже туталана, ары-бери жыла баштайт.
– Анда, чын эле чоң ишке жарагансың… – Аниса эже жеңилгендей кубаттай кетет. – Деги сен Бөлөкбайга келгенде, көп эле ишке жарап жүрөсүң…
Мактым эже жаш баладай мулуюп күлүп коёт.
Бөлөкбай өзгөчө бир жан эле. «Бир жерде көпкө иштей албайм. Негедир тажап кетем, башка жерге кетким келе берет. Ушул жерге эмне үчүн байланып калдым, билбейм…» – деп өзүнө таң калып жатканын мен көп жолу угуп калдым. Мыкты стилист, мыкты редактор болчу. Музыкалык туюму абдан күчтүү эле, музыканы абдан жакшы талдай да билчү. Анын колунан өткөн кол жазма мизилдеп калчу. Өзүнүн кызыл-жаян болуп оңдолгон кол жазмасын көргөн авторлор күйүп кетишер эле, анан Бөлөкбай менен кызыл чеке болушуп талашып-тартышып киришчү. Акыры: «Үйүңүзгө барып, шашпай карап чыксаңыз…» – дечү Бөлөкбай чарчагандай. Эртеси кызыл чеке болуп салгылашып жаткан ушул эле автор кабинетке акырын кирип келип, эки жакты кылыя бир карап алып, анан Бөлөкбайдын колун кыса-кыса кармап жатканын көп эле көрдүм. Бөлөкбай кээде: «Кимиңерде жаңы китептер бар, ыя, болсо маа берип койгулачы, кийин берермин…» – деп калчу. «Эмне эле жаңы китеп сурап басып жүрөсүң?» – деп бир жолу атайы сурап калдым. «Баягында, айлык алганда, достор менен катуу кетип калган окшойм, айлыгымдан көп кемип калыптыр. Тиги (аялын айтып жатканы) калганы кана деп такыганынан улам, китеп сатып алдым, жумушумда турат деп койгом…» – деп тапкан акылына кубангандай күлүп койгон. Мен да баш чайкап күлгөм…
Ушул Бөлөкбайыбыз бир жолу өзүнүн обончу достору менен «катуу кетип калат». Досторунун, өзү айткандай, «сөөктөрүн» улам бирден жеңил машинага жүктөп жөнөтө баштайт да, акыры кокоюп жалгыз калат. Теңселип турган немени милийсалар кармап алат да, Кудай мындай бербеспи деп, соолуктуруучу жайга тапшырып салышат. Кызык, бул кабар эртеси эртең менен эле биздин бөлүмгө жетиптир. Ким жеткиргени белгисиз. Адатта, мындай учурда соолуктуруучу жайдан атайы кат келип, андан кийин чуу башталчу. Бул жолу… Түшкө жуук Бөлөкбайдын өзү келди да, эчтеке көрбөгөн-билбеген кишидей болуп, кымпыйып отуруп калды. Бирок иштин баарын Мактым эже ага чейин эле жайлап таштаган болчу. Кабарды угары менен эле Мактым эже түшүнүп-түшүнбөй учуп жөнөгөн.
– Кудай-ай! – деген бир кезде кирип келип. – Эки-үч жерге чалдым, баары эле: «Каттоодон өтүп калса, иш чатак, биздин колубуздан эчтеке келбейт», – дешет. Эмне, ушинтип Бөлөкбай талаада калабы, анда кызыл чиедей балдары эмне болот?!
– Ай! – деди Аниса эже адатынча. – Жөнү жок жорукту баштабай… Эмне, Бөлөкбай талаада калчу жигит бекен, эгер андай жигиттер талаада калар болсо, экөөбүз ушул жерде отурат белек?! Эчак…
– Омэ-эй, ай! Эч бир кебелип койбойт да. Кайра мени…
– Келбегенде… Сеники эле жетишет да. Үчөөнүн бирөөсүнөн болбосо, бирөөсүнөн…
Аниса эженин оозуна сала бергенби, чын эле ушул сөздү айтары менен телефон чырылдап калды. Өзүнө батпай күйүп-жанып турган Мактым эже: «Бул мага!..» – деп бир кыйкырып алды да, тыңшоорду кулагына такады.
– Ай, Аниса!.. – деди Мактым эже күлүп-жайнап, тыңшоорду коюп жатып. – Желмогузсуң десем таптакыр ишенбейсиң, сен чын эле желмогузсуң! Үчөөнүн бири чын эле ишти бүтүрүптүр. Басмаңарга эч бир кат барбайт деди…
Жонубуздан оор жүктү алып таштагандай, баарыбыз эс ала түштүк. Мунун баарын Бөлөкбай кийин угуп, мулуюп күлүп койгон. Баса, ушул окуядан кийин Мактым эже обончуларды да «тигилердин» курамына кошуп калган. Дагы бир жолу Бөлөкбай бултуңдап кирип келди да:
– Чыгарбаса чыгарбай эле койдум!.. – деп кол жазмасын үстөлгө ыргытып ийип, отуруп калды.
– Саа эмне болду? – Аниса эже көзүнүн үстү менен тигиле карап калды.
– Башкы редактор кол жазмаңдын жарымын кыскарт дейт.
– Эмнеге?
– Келесоо да!..
– Кой, антпе сакалдуу кишини…
– Эже, күйгүзүп жатпайбы анан!.. – деди Бөлөкбай актангандай. – Уксаңыз: «Мурункудай ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам ары жагында» деген Алыкулдун саптары бар, анан тигиниң айтып жатпайбы: «Ушундай кантип болсун, мына мен алтымышка келип калдым, ошондо эмне, мындан ары сүйө албай каламбы?.. «Бул меники эмес, Алыкулдуку да десем, Алыкулдуку болсо эмне экен, ушул бөлүмдү кыскартышың керек дейт…
– Анан?..
– Анан уруша кеттик да, колунан папканы жулуп алып баса бердим!..
Мактым эже ордунан ыргып турду:
– Жулуп алдым!.. Главныйдынбы?..
Бөлөкбай «ооба» дегендей башын ийкеп коюп, эшикке чыгып кетти.
Мактым эже өзүнчө кобуранып ордунан ары-бери жыла баштады. Аниса эже аны жактыра бербегендей бир карап койду. Көп өтпөй Бөлөкбайдын кол жазмасын талкуулоого өттүк. Бул обончулар жөнүндө жазылган алгачкы эмгек болчу. Тактап айтканда, обончулардын чыгармаларын талдоого салынган алгачкы чыйыр. Буга баарыбыз сыймыктанчубуз. Биз эле эмес, бул үчүн бүтүндөй басма сыймыктанууга акысы бар эле. Ушулардын баарын айтып, биздин жан айлабыз кетип турду. Башкы редактор Мактым эженин жакын эле туугандары болсо керек эле. Ушуну эстедиби:
– Кой! – деди Мактым эже чечкиндүү. – Мен кирип чыгайын… Силер, – мага карап, – сен азыркы айткандарыбызды жазып бере сал…
– Жаздырбай эле айтпайсыңбы?.. – Аниса эже элее карап калды.
– Унутуп калам.
– Койчу, айланайын, обу жоктонбой…
– Чын эле… Баары эле эсимде турат, анан кирип барганда башымдан учуп кеткендей болот. Далдырап калам… – Мага карап: – Жаза салчы, кыскача… Кирип баратканда, бир карап алайын…
Аниса эже өзүнчө сүйлөнө баштады. Мен кыскача чиймелей салып, Мактым эженин колуна карматтым. Ал бир терең дем алды да, жөнөп кетти. Баарыбыз күтүп калдык. Мактым эже көп өтпөй жадырап-жайнап кирип келди.
– Бүттү!.. – деди жаш баладай эдиреңдей. – Ал-жайымдын баарын сурады да, акырында: «Эмне жумуштап келдиң эле?» – дейт. Оозума бир сөз келсечи, ошондо колумдагы кагазды көрө коюп: «Эмне, арыз менен келдиң беле?» – дейт. Ушул сөздү угарым менен эле, коё берген экенмин, өзү араң токтотуп: «Ал балаңар кызык бала экен, – деди күлүп, – сөздү толук уга албайт экен. Жакшы жазылыптыр китеби… Анан мен оюн-чындан тамашаласам эле… Кызарып-татарып, колумдан папкасын жулуп алып…» – дейт. Жулуп алып… дегенин укканда, уялганымдан жерге кирип…
– Бөлөкбайдыкы туура эмес!.. – Аниса эже ачуулана сөздү бөлдү. – Сакалдуу киши болсо… Кичине сабырдуу болуш керек да… Эмне, Бөлөкбай жашпы, кыркка чукулдап калды…
Эки эженин кичине чукчуңдаша кеткенинен улам, ушул окуялар көз алдыман чубап өттү. Анан Мактым эженин: «Эгер Бөлөкбай биле турган болсо…» дегенине кошулгандай, башымды ийкелегенсидим.
– Ойлоп көрсөм, – деди Аниса эже оюмду бузуп, – Бөлөкбай деле токтолчу куракка келиптир. Келмек түгүл, өтүп да баратыптыр. – Ойлоно калып. – Токтолгонсуп да баратат… Кээде эле…
– Ошол кээдегиси жаман болуп жатпайбы… Бирдеме десең эле, талаада калдым беле дейт. Ошо талаада калбасын деп жатсак…
– Бөлөкбай талаада калчулардан эмес! – Аниса эже негедир баса сүйлөдү. – Ал намыскөй жигит… – Кичине ойлоно калып: – А дейбиз, бу дейбиз, киши өзү таштайын деп ниет кылбаса, биздин айткан-койгонубуз… – Мактым эжени карап чочугандай. – Андан көрө, айтчы, өзүңдүкү кандай эле?..
– Кандай өзүңдүкү?!
– Күйөөңдү айтам да… Жаш чагында…
Мактым эже, негедир кызаңдай кетти:
– Элден мурда өзүңдүкүн айтчы…
– Өзүмдүкүн айтсам, – деди Аниса эже сыймыктангандай тилин таптап. – Анда геолог эмес беле, балкасын алып он беш күн тоо аралап жоголуп кетчү да, келери менен эле киришчү… – Колун көкүрөгүнө коюп, таңдана. – Азыр ойлоп, жүрөгүм түшөт, ошондо кантип тирүү калды деп… Үйгө жашик-жашик кылып пиволорду жыйып койчу да, иче баштачу… – Башын чайкай кетти.
– Азырчы?..
– Азыр таш балакетин ичеби… Өзү чоң мекеменин бир жерин чоюп отурса… Чындыгында, мурда эле көңүлү чаппай калган… Ошон үчүн айтып жатпайынбы, өзүнүн ниети болбосо деп…
Мактым эже табасы канып жаткандай, өзүнчө эле жыргап укту да:
– А мен болсо, ушу жай айы келбей эле койсо деп тилечүмүн, – деди ойлуу. – Жай келдиби, бүттү, башталчу. Бу тууганы келет, тиги таанышы келет, баламды окууга өткөрүп бер деп. Анан ресторан… Түн жарымында келмей оолжуп… Баса, кандидаттык минимум дегендери да бар эмеспи… Тепкичтен чыгып келатканында эле билчүмүн, шайы кандай экенин… Жүрөгүм менен билчүмүн. Анан тим элеби… – Сөзүн улай албай титиреп кетти.
– Ал эми бир келип-кетчү учур экен да… – Аниса эже жооткото кетет. – Азырчы?..
– Азыр эмне… Баягы ал-күч жок. Баягы келчүлөр да жок… Кээ-кезде тегерек-четибиздеги орус профессор достору менен баш таңып калат. – Күлүп. – Эмне балакети бар экенин билбейм, орус профессор достору жабышат да турушат…
– Алардын канында бар да!.. – дейт Аниса эже табышмактуу. Анан өзүн кубаттагандай башын ийкегилей кетет.
Экөө тең чарчагандай үндөшпөй калышат.
– Ии, баса!.. – дейт Мактым эже чочугандай башын шак көтөрүп. Анан негедир, айтсамбы-айтпасамбы дегендей кыйылып калат да, жооп күтө аны элее тиктеген экөөбүздү алмак-салмак карап алып. – Келиним айтат, – дейт ойлуу күлүмсүрөй, – апа, Марс баягында, Москвада диссертациясы талкуу болгондо, арак ичкен дейт…
– Марсың ким?..– дейт Аниса эже таң калгандай.
– Улуу балам да.
– Аа… Эми ботом, талкуусу жакшы өтсө, кичине ичип койсо эмне болмок эле… Анын эмнесин… Өзүнчө кыжына кетет. – Азыркы келиндер…
– Ошентсе да… – Мактым эже мостоюп ойлуу мелтиреп калат.
Кайрадан жымжырттык басат.
– Өзү ниет кылбаса… дегенимден улам, – дейт бир кезде Аниса эже жымжырттыкты бузуп, – бир окуя эсиме түшүп жатат… Биздин айылда бир аял бар, менин жакын эле абысыным болот. Оо, азыр ал ханга да салам бербейт!.. Кезинде мына ошол ичти. Чубуртуп биринин артынан бирин төрөгөнүн айт да, анан ичкенин айт!.. Бир жолу өзүнүн абысыны: «Ичкениңди койбойсуңбу, эл-журтка шерменде кылып бүтүрдүң!..» – дейт. «Мени тыйганды сага ким коюптур!.. – дейт тиги кайра беттен алып. – Мен, эмне, сеникин ичип жатамбы?!. Ичсем да, менин тогуз дипломум бар, ошолордун өмүрүн тилеп ичем, алар мени өлтүрбөйт… А сенин эмнең бар, университеттен алган дипломуңдан бөлөк эчтекең жок!.. «Ошондо тиги абысыны буркурап боздогон бойдон безип жоголот.
– Чын эле, тогуз диплому бар беле? – Мактым эже элее карап калат.
– Кайдагы диплом!.. Тогуз баласын айтып жатат да!..
– Укмуш айтыптыр… Тим элеби, укмуш…
– Анан эмне болду дебейсиңби… Бир күнү жедеп тажашкан го, баары чогулуп төркүндөрүн чакырып, уялганыбыздан жер үстүндө баса албай калдык, аман-соосунда алып кеткиле деп, баягы абысынымды балдары менен кошо төркүндөрүнүн колуна салып беришет… Кечкурун кайнатасы эшикке чыкса, буудайдын баштары бир башкача кыймылдайт дейт. Барып караса, баягы абысыным бейкапар уктап жатат, а тогуз баласы аны тегеректеп отуруп алыптыр… Канчалык ичпесин, балдарым дегенде тим эле үзүлүп турчу байкуш… Ошондо эле кайнатасы сакалынан жашын шорголотуп, келинин балдары менен кошо үйгө алып кириптир. «Экинчи кетиребиз дегениңерди кулагым укпасын!..» – деп жер сабаптыр. Анан эмне болду дебейсиңерби… Ошол абысыным азыр оозуна эчтеке албай калды. Бир жолу атайы кызыгып сурадым: «Кантип таштадың? Дары мененби...» – десем, ойлонуп калды да: «Кайдагы дары!.. – дейт. – Дары менен болсо, эчак эле… Өзүм эле ниет кылдым… Балдарым да чоңоюп калыптыр деп…» Эми көрүп ал, баарынан да балдарынын күйүмдүүлүгүн айт, «апалап» тим эле тегеренип турушат… Анан кээде ойлоп калам, ичкен кишилердин балдары ушундай сезимтал, күйүмдүү болуп калабы деп… Деги түшүнүп болбойт. – Чочугандай күлүп: – Ии, баса, унутуп бараткан турбаймынбы, баарынан кызыгы баягы буркурап боздоп кеткен абысынын, арданганбы, ошондон жыл айланбай боюна бүтүптүр, азыр бала-чакалуу. Азыр абысынымды жеңекелеп көкөлөтүп турат…
Мына ушундай дегендей, Аниса эже айландыра бир карап алат.
Ушул маалда баягы таарынгансып чыгып кеткен Бөлөкбай кирип келет да, баарыбызды тегерете бир карап алып, ордуна отура кетет. Көп өтпөй:
– Эмне, ушул жерге түнөйсүңөрбү? – дейт күлүп.
Аниса эже аны ормоё карап калат.
– Иш бүттү да… – Бөлөкбай колундагы саатын сөөмөйү менен сайгылай кетет.
Баарыбыз кыймылдай баштайбыз. Эшикке чыгып баратканда же Аниса эженин, же Мактым эженин биресе буйругандай, биресе жалооругандай үнү кулагыбызга шак этет:
– Бөлөкбай, байка, айланайын!..
Коридорго чыгарым менен Бөлөкбайдын: «Эмне экенин билбейм, ушул жерге эле көпкө байланып калдым…» – деп таң калганы эсиме түшөт. Бөлөкбайды байлап турган күч ушул Аниса эже менен Мактым эже болсо керек деп ойлоп коём анан. Ал канчалык укмаксан болбосун, же буркулдап таарынбасын, баары бир эжелердин ак дилинен күйүп-бышып жатканын сезчү. Энелер мээримине Күн деле туруштук бере албайт го, Бөлөкбайды дал ушул мээрим көп нерседен калкалап, коргоп турду окшойт. Анан менин башыма капысынан мындай ой келе калчу: Аниса эже менен Мактым эжени бейишке чыгарса, дал ушул Бөлөкбай чыгарар. Негедир бул оюма жолдо ката кудуңдап кубанып барар элем.
13
– Ии, баса, – деди бир маалда Мактым эже башын көтөрүп мага, – кичүү уулуңдун ичи эмне болду? Катыбай калдыбы?..
«Эже чарчай, тажай баштаган окшойт…» – деп ойлоп койдум. Анткени бул жөнүндө төрт-беш күн мурун эле сөз кылган элек.
– Катыбай калды. Ыракмат…
– Аа… Ошентсе да… Жакшылап карагыла эми… – Мактым эже кайрадан кол жазмага тигиле кетти.
«Чын эле, тажай баштаган экен». Ушинтип ойлоп, башымды ийкегиледим.
– Эгер кайрадан кармаса, – деди Аниса эже көз айнегин өйдө жылдырып: – Жазганбай эле айта бер. Биз…
«Бу эже да тажай баштаган окшойт».
Өзүмчө ушинтип ойлоп, жылмайып алдым. Негедир ичим жылып чыкты. Эки эже эки тоодой көрүнүп кетти. Иштегим келбей калды. Өзүмчө ойго чөктүм. Бир күнү эки көзүм кызарып жумушка келгем.
– Көздөрүңө эмне болгон!.. – деди Аниса эже тынчсыздана. – Эмне, ооруп жатабы?
– Ооруган деле жок. Уктабай чыктым, ошондон го?..
– Эмнеге уктабай…
– Кичүү уулум таң аткыча уктай албай, онтоп…
Сөзүмдү улай албадым, үнүм кардыгып кетти окшойт. Чын эле ымыркайдын онтогону ушунчалык жаман экен, жүрөгүңдү ийне менен сайгылап жаткансып, жан айлаңды таппай калат экенсиң!..
– Онтоп дейсиңби?! – Мактым эже ордунан тура калды: – Ошо жаңы эле төрөлгөн бала да онтойбу?
– Онтобой коймок беле, – Аниса эже сүйлөнө кетти. – Тирүү жан болгондон кийин… – Мага бурулуп: – Эмнеге онтоп жатат дейт?
– Билбейм… Ичи катып дейби…
– Ооба… ооба… – Мактым эже ордунан ыргып турду. – Унутуп калган экенмин да, менин балдарымдыкы да кичинекейинде ушинтип ичтери… Анан эмне кылчу элем?.. – Ойлонуп туруп калды да: – Мен азыр… – деп алып эшикке жөнөдү.
Заматта эле кайра кирип келди:
– Машинистка келинден сурадым. Баякында эле төрөбөдү беле. Менин кызымдын да ичи катат дейт. Сабиз берсе эле…
– Сабизди, эмне, бүкүлү берет бекен?! – Аниса эже негедир кекеткендей сүйлөдү.
– Ыя?! Бүкүлүбү… Ии, ошонусун сурабай калыптырмын, – деди Мактым эже күнөөлүүдөй. – Мен азыр эле… – Ордунан турду.
– Ай!.. – Аниса эже Мактым эжеге токтогун дегендей белги берди. Ал жактыра бербегендей ордуна отура кетти. – Жөн эле эбелектей бербей… – деди Аниса эже олуттуу. – Мен азыр… – Телефон чала баштады! – Ай! Бизде иштеген бир балабыздын эмчектеги баласынын ичи катып… – Дагы көп нерселерди айтып келип, тыңшоорду койду да, иш бүттү дегендей жайдары отуруп калды.
– «Ай!» – дегениң ким, тим эле приказ бердиң го… – деди Мактым эже таңдана.
– «Ай!» дегеним – күйөөм, – деди Аниса эже күлүп. – Күйөөмө приказ бербегенде, анан кимге?..
– Желмогузсуң!..
Бир-эки сааттан кийин эле кабинетке узун бойлуу, сымбаттуу киши кирип келген. Биз менен баш ийкешип учурашкан соң, Аниса эже:
– Алып келдиби? – деди.
– Ооба. Мына… – Пакетти берди да, биз менен коштошуп чыгып кетти.
Аниса эженин жолдошу экенин биз суратпай эле билдик. Эжеге түспөлдөшүп да кетет экен. Менин эсиме эженин кызы түшүп, жүрөгүм бир мыжылып алды.
– Ме, келинге бергиниң, – деди Аниса эже пакетти мага сунуп. – Керектүүлөрдүн баары ичинде. Кандай бериш керек экени да жазылган…
– Эже, акчасын…
Аниса эже колун шилтеп койгон.
– Кайсы дары керек экенин кантип билди күйөөң? – деген Мактым эже таңдана.
– Биз, күйөөм экөөбүз тең доктур болуп бүткөнбүз. Аптекачылардын баары тең экөөбүздү таанышат. Таанышпай коюшмак беле, апта айланбай эле же уул неберем, же кыз неберем сасыктумоолоп калса…
– Аа, байкуш… – Мактым эже өзүнчө кобурана кетти. – Сага да убал болду… – Аягандай шыпшынып койду.
Мындан кийин Аниса эжеге канча жолу кайрылбадык. Шыдыр эле телефонго асылчу. Биз ыңгайсыздана кысынып-кымырылсак:
– Эмне, алдында машинеси турат, жөө басып жатыптырбы… – деп койчу.
Мен ушуларды эске түшүрүп, Аниса эжеге биресе суктангандай, биресе таңдангандай карап калдым. Эже элес албады, ичинен күбүрөп, бир нерселерди санап жатыптыр…
– Быдылдак жоголду го?..– деди ушул маалда Мактым эже кайрадан башын көтөрүп.
«Эже, чын эле, тажай баштаган экен».
– Эмне, сагынып кеттиңби? – Аниса эже санаганын тык токтотуп, карандашын үстөлдүн четине жылдыра салды.
«Бу эже да тажаган экен».
14
– Сагынбай коёмбу… – деди Мактым эже ойлуу да, сырдуу да. Муну Аниса эженин жүрөгү сезди окшойт, Мактым эжени ормоё тиктеп калды. – Билесиңби, Аниса, – деди көп өтпөй Мактым эже жанагындай эле ойлуу, – мен кыргыз тилин унута баштаптырмын…
– Дөөдүрөбөчү… – деди Аниса эже анча этибар албай. – Өзүң кыргыз тили менен адабиятын редакторлоп жүрүп… Анан… Кайдан билдиң деги?..
– Жоодардан. Быдылдактан. Ал сүйлөгөндө менин бала чагым сүйлөп жаткандай боло берет мага. Баары тааныш, ушинтип биз да сүйлөчү эмес белек бала чакта. Азырчы… Анын бири жок… – Мактым эженин үнү дирилдеп кетти. – Сөздөрүнүн курчтугун, таамайлыгын карачы, тим эле көзгө сайып көрсөтүп турат. – Кичине тынып алды да: – Жоодар сүйлөп жатканда, менин көз алдыма кайненем тартыла калчу болду…
Мактым эже таптакыр өзгөрүп кеткендей, мен да, Аниса эже да элейип эле аны тиктеп калдык.
– Кайненемдин, – эне дей берейинчи, – тили кандай курч, так эле. Бир эле сөзү менен ордуңдан тургус кылып койчу… Анан…
– А Жоодар мага кайнатамды эстеттирчү болду. – Аниса эже кепти жулуп алды. – Жоодардын өткүрдүгү, тапкычтыгы, шардыгы дагы… Кайнатам бала чагында куду Жоодардай болсо керек. – Мага кайрыла кетти. – Мен Бөлөкбай экөөңөргө кан-какшап жүрбөймүнбү, бирдеме чиймелеп жүрөсүңөр, жазсаңар ушу менин кайнатамды жазгыла деп. – Суктангандай башын чайкай кетти. – Чыныгы эркек, эркектин эркеги. Мен мындай эркекти такыр учурата элекмин, эми да учурата албайт окшойм. Нукура эркек!.. – Үндөбөй туруп калды.
– Кишинин оозунан кепти жулуп алма адатың бар, ээ… – деди Мактым эже нааразы боло.
– Жулуп албаганда, анан эмне кылам, үч сөздү айтып-айтпай туруп эле, «ананга» өтөсүң…
– Эми сен кыйынсың да… Мен ошо (эне дей берейинчи дегени эсинен чыгып кетти окшойт) кайненемди айтып берейинчи, унутуп кала элегимде… Ошо кайненем укмуш киши эле. Жок, биринчи кайнатамды айтып алайынчы. Байкуш атам бир сонун киши эле да. Кампачы эмес беле. Кампасына барчу да, келчү. Андан башка эчтеке менен иши жок. Барат, келет, болду – ойлуу отурганы отурган. Бир да баласы аны тартпаптыр, Кудая тобо… «Ата, мындай кылбайлыбы десең, ии… – деп башын ийкеп коёт, көп узабай: «Ата, мындай кылганда болбойт экен, андай кылбайлыбы» десең, кайра эле ии… – деп башын ийкей кетет. Эмне кыларыңды билбей, айлаң кетип калат. Бер жакта аңдып турган кайран кайненем: «Ой, аны эмне кыласыңар, билгениңердей жасай бергиле!..» – деп шыбырачу. Кайнатама катуу айта алчу эмес. Коркчу кадимкидей. Башын өйдө көтөргөндө, кайненем жалтактап үндөбөй калчу, же акырын жылып эшикке жөнөчү. Деги кайнатам алтын киши эле… Оо, кайненем, кайненем, тим эле күйүп турган от болчу. Өзүң деле жакшы билесиң, тегерек-четтерибиз бүт эле орустар эмес беле. Анан кайненем эмне кылат экен дебейсиңби… – Мактым эже маашырлана күлүп алат. – Ошол орус кемпирлер болуп, пенсия алышканда бир-эки сомдон чогултушуп, уюшуп алышып вино ичишчү экен… – Мактым эже кайрадан кыткылыктай кетти.
– Вино!.. – Аниса эженин бети бырыша түштү. Анткени оозуна эчтеке алчу эмес. – Койчу айланайын, кантип эле…
– Ооба, кадимки эле чоң кара бөтөлкө вино… Эми быягын угуп турбайсыңбы… Бул жоругу генерал акеме жетет, анда республиканын аскер башчысы эмес беле. Уят да… Анан волгасы менен заматтта жетип барат.
– Апа, – дейт, – ушунуң уят эмеспи, орус кемпирлер менен вино ичишип…
Муну укканда кайненем көпкө үндөбөй, тикирее тиктеп турду дейт. Анан:
– Эй! – деп кыйкырат анан ошо тикирейген тейинде. – Сен жанагы айт-дуваңдан башканы билбей калган экенсиң да, ээ!..
– Айт-дуваң эмне?
– Жер тепкилеткенден башканы билбей калган турбайсыңбы… Ооба, вино ичем… Мен жашашым керек да, жашаш үчүн кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүш керек, алыш-бериште, карым-катышта болуш керек… Жамандык болот, жакшылык болот дегендей… Же, тиги дудук атаңды керээли-кечке тиктеп отура беришим керекпи… Эмне, ошентип отуруп элден чыгып калайынбы, ыя!..
– Ошентсе да… Уят эмеспи, кээде ичип алып, орус кемпирлерге кошулуп көчө жаңырта ырдайт экенсиң!
– Анан эмне, ыйлайынбы!..
– Деги сен билесиңби, апа, мен киммин?!
– Билем, генералсың!.. Мен орус кемпирлердин баарына мактанам, уулум генерал деп…
– Тү-үү ата, өлтүргөн турбайбы!.. Эми… – Уулунун жаны кашайып, колун силкилдетет, а түгүл сөөмөйүн көзүнө кезегенби, айтор, кыйкырып-өкүрө баштайт. – Мен деген аскерлердин эң чоңу болсом, анан өз энем ичип жүрсө… Ой, менден чоңдор да бар, анан сенин виноң аларга жетсе… Ушу сөздү укканда, тим эле тирүүлөй өрттөнүп кеттим дечү эле байкуш кайненем. – Мактым эже кемшиңдей кетет да, өзүн токтотуп: – Анан көрүп ал, айкырыкты салат. «Сен уяттан коркпой эле өзүңдөн, кызматыңдан коркуп келген турбайсыңбы, ыя!.. Уяттан корксоң, ушу ата-энем жалгыз калышты эле, эмне кылып күн көрүп жатышты экен деп бир келип коёт элең да, ушу карыш турган жерден. Сага кызмат менен жанагы орус катыныңдан башканын кереги жок да, ыя!.. «Кантсе да генерал акем эстүү жан эмеспи, бул сөздү уккандан кийин үндөй албай, волгасына түшөт да кетет… Байкуш кайненем ушуну эстегенде, дайыма калчылдап кетер эле… Анан… Дагы эмнени айтайын дедим эле… Ии, баса, кайненем өлгөндө генерал акем баарынан катуу өңгүрөп ыйлады дешти жаш баладай… Азыр ойлоп калам, сыягы, ошондо баягы винону эстесе керек деп… – Мактым эже, үнү кардыга түшүп, кебин улай албай үндөбөй калды.
– Ай, Мактым, сен кайда кетип калдың? – Аниса эже негедир ачуулана кетти. – Кайненең кайнатаңдан кийин кетпеди беле… А сен…
– Ооба, кайнатам мурда кетти, эки жылдан кийин кайненем… – Бир нерсе эсине түшкөндөй күлүп жиберди. – Кайнатамдын кантип кеткенин силер билесиңер да…
Чын эле, аны баарыбыз билчүбүз. Кээде эскерип, же күлөрүбүздү, же кайгырарыбызды билбей калар элек. Бир күнү, негедир, Мактым эже кечигип, жумушка келбей жатты. Баарыбыз таңдандык. Анын бир жолу да кечиккенин көрө элек болчубуз. Эрте келсе да отурбай жатып, элеңдеп саатын карачу. Саат онго чукул телефон чырылдады. Аниса эже ордунан тургусу келбедиби, акырын көз кыйыгы менен мени карады. Мен туруп барып, тыңшоорду алдым.
– Ай, ким!.. – деди Мактым эженин демиккен, ыйлактаган үнү. – Аниса барбы, берчи те…
Мен сөзүн толук укпай, Аниса эжеге бере салдым.
Аниса эже экөө бир топко сүйлөшүштү окшойт. Аниса эженин ырай-пешенесине, үнүнө караганда жакшы кабар эмес көрүнөт.
– Кайнатасы коркутуп жатыптыр, – деди Аниса эже бизди айландыра карап. – Катуу дейт… – Негедир жактыра бербегендей. – Килтейген эле катын… Кичине сабырдуу болбойбу, жөндөн-жөн бырбыңдай бербей… Ал киши деле токсонго чукулдап калса керек, анын балдары Мактым экөөбүз деле минтип пенсияга кеткени калбадыкпы…
Бир саат өттүбү, же өтпөдүбү, Мактым эже кирип келбеспи жайдаңдап. Биз элейип тиктеп калдык.
– Ой, кызык, уксаң бооруң эзилет! – деди Мактым эже жаш баладай жадырап. – Уксаңбы, тим элеби… Баратабыз да баарыбыз үңүрөйүп, өкүрүктүн үнүн кай жерден угуп калабыз деп… Үйгө жакындадык, ың-жың билинбейт. Кирсек, кайнатам төрдө калыңдап салынган төшөктө чалкасынан жатат шыпты тиктеп. Бери жагында башын мыкчып онтоп кайненем отурат. Кете берген экен да дептирбиз… – Жок!.. – Маашырлана күлө кетти. – Көрсө… Мына үзүлөт деп жаткан кайнатам кайненемди таягы менен жыга чааптыр!.. Муну билерим менен эле кол жазмам эсиме түшүп, сүйүнүп кеттим, бүгүн тапшырышым керек эле да!.. Ай-буйга келбей эле быякка учтум. Дагы эмне болуп кетет деп, тигилер калышты…
Биз, ишенер-ишенбестигибизди билбей, бири-бирибизди суроолуу тиктеп туруп калдык. Ушул маалда телефон шыңгырады.
– Аниса, алчы телефонду… – Мактым эженин үнү калтаарый чыкты.
Кучунашы кармап турганбы, Аниса эже корс этти:
– Өзүң ал!..
– Ээ… – Мактым эже колун шилтеп койду да, алды. – Ыя, эмне дейсиң?! Качан? Кантип эле!.. – Тыңшоорду таштап ийди да, бизди тегерете карап, мостоюп туруп калды. Анан буркан-шаркан түшүп ыйлап кирди. – Үзүлүп кетиптир… Сен кетериң менен эле дейт… Мен келесоо!.. – Кара сумкасын алды да, үңүлдөгөн бойдон жөнөп кетти.
Оозубузду ачууга үлгүрбөй, мостоюп биз кала бергенбиз.
Азыр ошондогу көрүнүш көз алдымдан түгөл тартылып өтүп кетти.
– Ошентип, үзүлгөндө кайнатамдын жанында болбой калбадымбы!.. – деди Мактым эже көзүнүн жашын сүртүп.
– Өзүңдөн көр!.. Эми ыйлактап… Кичине кармала турсаң болмок да, килтейген эле катын, билишиң керек эле да!..
– Кайдан билиптирмин… Кемпирин жыга чапса, анан кантип эле өлүп калсын дедим да… Анын үстүнө дал ушул күнү кол жазманы тапшырышың керек болчу. Кечиктирсең… – Билесиң да дегендей, Аниса эжеге карап койду.
– Анчалык эле күйүп баратса, мага берсең, мен деле…
– Сени алкылдап беттен алабы деп…
– Эй! – Аниса эженин жаны күйүп кетти. – Мен жөндөн-жөн эле беттен ала бербейм, ошого жеткирсеңер гана…
– Аныңды билем дечи, ошентсе да билбейм, тартындым окшойт…
Бир азга дымып калдык.
– Ай, Аниса, кийин мен кайненем менен сырдашпадымбы… – Мактым эже кайра жадырай түштү.
– Ии, эмнени?..
– Кайнатамдын кыркылыгын өткөрүп, жайлашып калгандан кийин бир күнү кайненеме өзүм жалгыз барып калдым. Жалгыз калган эле да үйдө, мени көрүп сүйүнүп кетти. Анан чай ичип отурганда аста сурадым: «Апа, өмүрү кол көтөрбөгөн атам сени ошондо эмне чаап ийди?» Кайненем кичине ойлоно калды да: «Мен жерге кирейин, менден кетип калды окшойт… Бир кезде эле атаң балдарынын аттарынан чакырып, жөөлүй баштагандай болду. Мен жанына барып: Эмне деп жатасың, эмне керек»? – дедим. Ал алсыз үнү менен: Сагалы… Сагалы… – дегенсиди. – Мактым эже түшүндүрө кетти. – Өзүңөр билесиңер да, Сагалысы менин генерал акем да. Анан Сагалы дегенде эле менин эсиме баягы «вино» шак дей түштү да, жүрөгүмдү бир мыжып алды, ушунчалык кектеп калган окшойм, мени Кудай алганда. «Сагалың кармалып жатат, келеби-келбейби генерал неме… Анын үстүнө орус катыны менен…» – дегиче болбой эле, башыма бир нерсе шак дей түштү да, көзүмдөн от чачырап, отуруп калдым… Эсиме келип, башымды көтөрсөм, атаңдын таягы жатат жанымда… Мен анын кулак-мээсин далай жолу жегем да, баягы винону улам-улам айтып, тигинин орус катынын какшап… Байкуш кайненем! – Мактым эженин үнү кардыга чыга баштады. – Кайнатамды эстегенде эле ушу акыркы күнкүсүн улам-улам айтып, өзүн жей берчү. Өлгүчө өзүн жеп жүрүп өттү окшойт. Чанда жок акылдуу киши эмес беле, бир күнү минтет: «Ошондо атаң экөөбүз тең өлүп калсак эмне болмок катыгүн, баарыңарды жер каратып, шерменде кылып…» – Мактым эже чыдай албай кеттиби, бышактап кирди.
– Болду эми! – деди Аниса эже боору ооругандай. – Обу жоктонбой, кайра тобо дебейсиңерби, жатып калбай силерди кыйнабай, балдарынын алдына…
– Ошентсе да ичиң күйөт экен, биринин артынан бири кете берсе…
– Учуру келсе, баары кетет да. – Аниса эже ойлуу туруп калды да, кошумчалай кетти. – Аман жүрсөк, баарыбыз кетебиз…
Мактым эже да, мен да селт эте түштүк.
– Андан көрөк, сен муну айтчы, – деди Аниса эже ыңгайсыздана, кепти башкага буруп. – Анан кайненең таштап салдыбы?
– Эмнени?
– Баягысынчы… виносун…
– Таштаган жок… – деди Мактым эже, негедир көңүлсүнбөгөндөй акырын. – Ичип эле жүрдү окшойт, бирок мурункудай эмес. – Бир аз тынып алды да: –Эми ойлосом, аны эки жыл өлтүрбөй кармаган ошол виносу болду окшойт… – Кайрадан бышактай баштады.
Аниса эже үндөбөдү, Мактым эжени ойлуу да, сырдуу да карап калды.
15
– Эми көксөң суугандыр, – деди Аниса эже кыйладан кийин, Мактым эжени карап, – бышактап эле атасың, бышактап эле атасың… Ии, баса, сен бир он ооз кошок үйрөнүп алсаң боло, жөн эле үңүлдөп ыйлай бербей. Көзгө жаман өөн көрүнөт экен, килтейген эле катын…
Кызык, демейде кыйкырып чыкчу Мактым эже бул жолу үндөбөдү. Угар-укмаксан болуп койду. Ал маркумдардан бошоно албай жатты өңдөнөт.
– Көксөңөр сууса, мен да көксөмдү суудуруп алайын. – Аниса эже өкүм сүйлөдү. – Кийинчерээк эле көкүрөгүмдү тээп чыга берчү болду… Айттым го, кайнатам эркектин эркеги эле. Чын эле… – Башын чайкай кетти. – Бир көргөндө эле көкүрөгүңө уюп калчу. Кишини эмес, кандайдыр бир катылып, бугуп жаткан купуя сырды көргөндөй болуп калчусуң. Анан, негедир, өзүңдөн өзүң элең айбыгып турчусуң. Өзүнүн турган турпаты эле сени жазгантып коёр эле. Мына, менин күйөөмдү башка балдарына караганда өзүнө жакын көрчү, кээде экөө тамашалашып да калышар эле. Бирок ушул күйөөм кайнатамдын көзү өтөр-өткөнчө бир да жолу башын өйдө көтөрүп, ага каяша айтканга жараган жок. Анан үйгө келгенде, менин кулак-мээмди жечү: «Атамдын ушул кылганы туура эмес да, ыя?! Ушуну өзү деле сезбейби, сакалдуу эле киши!..» – «Жана эле өзүнө айтпасыңбы, үйгө келип күңкүлдөбөй…» – «Айтканда эми… Чынымды айтайынбы, андан корко берем… Атамда бир балакет бар… Кичинекейибизде деле кагып-сокчу эмес. Анан эмне экенин билбейм… Кээде ойлочу болдум, атам чын эле кишиби, же…» Күйөөм ушинтип актанып кирчү. Кайненемди мен жакшы деле билбей калдым, айылга деле тез-тез каттап турчубуз, айына жок дегенде эки жолу. «Аа… Келдиңерби…» – деп күлүмүш болчу да, тамак-ашына киришип кетчү. Кайнатам экөөнүн бир жолу да кер-мур айтышканын көргөнүм жок, коё турсаңар, кер-мур айтышканын эмес, жөн эле сүйлөшкөнүн да укканым жок. Кайненем эч ким менен иши жоктой, өз жумушун жасай берчү. Кээде гана кайнатам аны көзүнүн төбөсү менен бир карап коёрун мен байкап калдым кийинчерээк.
– Көзүңдүн төбөсү менен караганды, көрсө, сен ошол кайнатаңдан үйрөнгөн экенсиң да, ээ… – Мактым эжеге жан кире баштагансыды.
– Үйрөнсө эмне экен, сыныктан башканын баары жугуштуу дейт. Коё турсаң, сөзүмдү бөлбөй… Эми ойлосом, экөөнүн өзүнчө тили бар экен өздөрү гана түшүнө турган, башкалар таптакыр түшүнбөгөн, баштары жетпеген… – Ичи жылый, башын чайкай кетти. – Жарыктык киши ай, басып келатканда үйдөнбү, же сырттанбы, алдынан бирдеме чалдыгып калса, чакабы, чайнекпи... айтор, эмне болсо да эңкейип алып, же жылдырып койчу эмес: «Ушуну алып коёр тирүү жан калбаган экен да!» – деп бир кыйкырып алып, керилип туруп бир тепчү да, артын карабай басып кетчү. Анан огороддо ары-бери басып жүрүп, кыйладан кийин үйгө кирер эле… – Жадырай күлүп. – Эми жоруктарын айтып отурсаң, биринен бири өтөт, биринен бири кызык. Күлөсүң да, ыйлайсың… Бир жолу шаарга үрөй учурган суук кабар жетти: «Атаңар апаңардын бутун сындыра чаап, апаңар төшөктөн тура албай жатат». Ошондо шаардагы (баары эле шаарда эмеспи) балдар-кыздарынын чындап жиндери келди: «Атамдын бул эмне кылганы!.. Улгайып, бир-бирин сыйлашып турар чагында…» Баарыбыз бармай болдук, чабуулга катуу даярдандык. Чын эле, баарыбыз бардык. Эзели күндүз жатмак турсун, кыңкайып көрбөгөн байкуш кайненем жатат төшөктө, эки көзүн жалдыратып. Суракты менин күйөөм (улуусу да) жүргүзө баштады:
– Эмне болду?
– Сынып калды.
– Эмне болуп сынып калды? Өзү элеби?..
– Өзү эле сынып калды окшойт.
– Ай, апа, качанкыга чейин жашырып жүрүп өтөсүң?! – Күйөөмдүн жаны күйүп кетти. – Балээнин баары сенин өзүңдө… Жашырып… Эмне менен чапты?
– Таягы менен…
– Таягы кайда?
– Билбейм. Ала кетти окшойт…
– Чаап эле кетип калдыбы?
– Жок, шакшак койгон акемди ээрчитип келип, шакшактатып туруп, жакшылап таңдырып берип кетти.
– Кыйратыптыр!.. Анан?..
– Анан мен кеттим деди.
– Кеттим! Кайда?..
– Билбейм. Жумгалга дейби…
– Жумгалга! Ой, Жумгалга суутуп коюптурбу, ушул кычыраган кышта…
– Билбейм. Жумгалга деди.
– Көрдүңөрбү!.. – Күйөөм калчылдай, бизди тегерете бир карап алды. – Ага жин тийиптир… Бутун сындыра чаап, төшөккө ороп коюп… Өлсүн деген да!..
– Койчу, балам, кантип ошентсин?.. – Кайненем титиреп кетти.
– Өлмөксүң да! Баса албасаң. Жалгыз болсоң. Кыш. Тоңуп…
– Өлмөк эмесмин… Эл-журт бар да… Айыл-апа…
– Тү-үү ата!.. Уктуңарбы, бул кайра болушуп жатпайбы…
– Болушканда эми… Атаңар да…
«Атаңар да…» Алсыз, акырын чыккан ушул сөз сөөгүбүздөн өтүп, чучугубузга тийгендей болду.
Бири-бирибизди карашып, үндөбөй туруп калдык. Анан өз ара кеңешип, үйгө кичүү кызын калтырып, шаарга жылдык. Жолдо ката бул окуяны кеп салып, бир мостоёбуз да, бир каткырып күлөбүз.
Кайнатам кайда, тээ ала жазда, араң келди. Кемпирине эмне дегенин билбейм, бизге:
– Таякелерге барып, учурашып келдим, – деди эчтекеден сыр бербей, эч нерсе болбогондой. – Ашуунун ачылышын күтүп жаттым…
Эмне дейбиз, бирибиз да баш көтөрүп, үндөй албадык. Айтып жүрөм го, анда адамды бир көргөндө эле өзүнө арбап алчу бир балакет касиет бар болчу… – Эже таңдангандай башын чайкап койду.
– Ии, билесиңерби, – деди көп өтпөй, – менин бул дүйнөдө эң жек көргөн нерсем эмне эле дебейсиңерби. Геолог катын. Ушунчалык жек көрчүмүн, аял башы менен эркектерге аралашып, тоо-ташты аралап жүрсө, колуна балкасын көтөрүп алып… Үй бетин көрбөй, балдары менен да, күйөөсү менен да иши жок… – Эже жипкирип алды да, аргасы түгөнгөндөй кыжына күлүп жиберди. – Биздин жалгыз уулубуз эле бар эмеспи, ошол Москвадан бүтүп келип, иштеп калды. Жарым жыл өтпөй келиптир: «Мама, мен үйлөнөйүн деп жатам», – дейт тарткынчактай. Сүйүнүп кеттим: «Ырас болгон тура… Кимге?»
– Кызык го, кызга да. – Кызга болгондо, эркекке болмок беле. Аның эмне деген кыз? Каяктан? Ата-энеси кимдер? Кесиби эмне кызыңдын?..
– Желмогуз… – Мактым эже шыбырай кетти. – Карачы, баарын териштирип. Сот эле…
Мактым эженин кыжынган шыбыры кулагынын сыртынан кетти окшойт.
– Десем, эмне деди дебейсиңерби, мама, анын жеринин, ата-энесинин мага эмне кереги бар, сүйсөм болду да, кесиби – геолог, – дейт. Башымдан муздак суу куюп жибергендей эле болду. Денемден да муздак тер чыгып кетти окшойт. «Ыя!..» – деп бир кыйкырып алдым да, дел болуп эле туруп калдым. Дел болуп катып турам да, ичимден өзүмдү табалап коём: «Мына, ушуну көрмөксүң!.. Сага чала!..» «Саа эмне болду?!» – деп уулум коркуп кетти. – «Эчтеке… – дедим сыр бербей. – Сүйүнгөндөн да. Ырас болгон тура, папаңа айт…» Шыдыр эле айткан окшойт, күйөөм заматта жетип келди. Мен шыдыр эле келинибиздин геолог экенине асыла кеттим. «Геолог болсо эмне экен, – деди эч бир камаарыбай, а түгүл сыймыктана кетти. – Мен да геологмун, кайра жакшы да, бир үйдөн эки геолог… Андан көрө кайда алып келет, ошону ойлойлу… Айылга атамдыкына алып барсын, болбосо бир балээге калабыз. Анын үстүнө Акылбек кичикейинде анын колунда жүрбөдү беле».
Мен мурда эле ушинтип ойлоп, а түгүл өзүмчө төлгө тутуп жүргөм, сүйүнүп кеттим. Уулубузга айтсак: «Мага баары бир…» – деп койду. Чын эле ага баары бир да, катын алса болду да. Ошол күнү эле күйөөм экөөбүз жетип бардык. «Эмнеге келип калдыңар?..» – дегендей кайнатам сырдуу карап койду. Кантсе да, кыраакы киши да, бир нерсени туйгансыды. Чай ичип эшикке чыгышты, мен да ээрчип алдым. Мени сырдуу тиктеп койду. Огород жакка бастык, бир кезде ыгы келип калды окшойт:
– Ата, – деди күйөөм үнү калтаарый, – Акылбек уулуң аял алам дейт, келинди биринчи ушул үйгө, сенин үйүңө алып келем дейт…
– Ыя!.. – Кайнатам ушинтип алды да, бир күйөөмдү, бир мени карап алып:
– Анда эмне карап турасыңар!.. – деди кекеткендей үнүн өктөм чыгарып кайран киши. – Жайлоодон ак боз бээни алып келгиле да, чалып жибергиле!.. Айыл-апага кабар бергиле!..
– Азыр элеби?.. – деди күйөөм алактап.
– Анан качан?!
Ушинтти да, ары басып кетти. Айласы түгөнгөндөй, эми эмне кылам дегенсип, мени бир карап алып күйөөм атасынын артынан кетти. Кужулдашып көпкө турушту. Күйөөмдүн жанталаша чыккан үндөрү мага угулуп турду: «Ата, түшүнсөң… Келин келе элек, качан алып келет, азырынча бул да белгисиз… Анан күндүн ысыгы бул болсо, өзүң билесиң, азыр жай чилдесинин кайнап турган учуру… Анан… Жылкынын эти бир күнгө жетпей жыттанып…» Айтор, күйөөм тыягына бир чыгып, быягына бир чыгып жатып, акыры көндүрдү окшойт.
– Ай, Аниса, – деди Мактым эже чыдамы кете тынчсызданып. – Анан келинди ошол кайнатаңдын үйүнө алып бардыбы биринчи…
– Анан кайда?! – Аниса эже негедир ачуулана кетти. – Ой, мен жанатан бери эмнени айтып жатам!..
– Мен да ошону билейин деп жатам!.. – Мактым эже нааразы боло түштү.
– Кайран киши!.. – Аниса эже үшкүрүп алды да, алсыз шыбырады. – Эртең эмне болот менен иши жок бир көк жал эле… Көк жал…
Мактым эже Аниса эжени көпкө тиктеп турду да:
– Ии, жаман өлүгүңдү көрөйүн, – деди күлкү аралаш, – мени айтып коёт дагы. Өзүң эмне ыйлап атасың?..
Аниса эже үндөбөдү, кыйладан кийин гана башын көтөрүп:
– Ыйладымбы?.. – деди таңдана. – Эгер ыйласам, мен буга ыйлаганым жок. Кыйлага ойлуу мелтиреп турду. – Карылык дегениң баары бир өз билгенин кылат экен да. Оору экен да. Кайнатам да кийин төшөк тартып жатып калды. Таптакыр турбай калган жок дечи, бирок жаны жер тартып турганы билинчү. Төрдө төшөк пайда болду, ал күн-түн дебей жыйналбай калды. Кайнатамдын эң жек көргөнү күндүз жыйналбай калган төшөк эле. Эми өз төшөгү жыйналбай калды. Бирок эшикке тез-тез кирип-чыгып турчу. Баягы айбатынан такыр жазбаса да, кичине жумшара түшкөнүн сезип жүрдүк. Баарынан кызыгы, мурда бир басып келбеген биздин үйгө апта сайын дебейин, жарым айда бирден каттачу. Биздин үйгө эле келчү, башка балдар-кыздарыныкына барчу эмес. Кыязы, улуу баласын, менин күйөөмдү, башкалардан жакшы көрчү окшойт. Жана эле айтпадым беле, чын эле өзүнө жакын тутчу. Келчү да, түнөчү эмес, кечинде эле автобусуна түшүп кетип калчу. Күйөөм машинасы менен жеткирип коёюн десе, таптакыр болчу эмес: «Өзүм эле кетем, – дечү, ал-күчтөн тая электигин көрсөтүп, – мени жаман көндүрбө…» «Эмнеге эле келип жатат?» – деп биз таң калабыз. Ошентип жүргөнүбүздө бир күнү: «Ушу жерде бир ипподром бар деп угам, – деп акырын сөз чыгарып калды. – Ат чабыш болот деп угам, куш да салат экен. Бүркүт да бар дейт. Эгер ыгы келсе, бир барып… «Бары бар, – деди күйөөм толук сүйлөтпөй. – Бирок күн сайын эле иштебейт ал. Майрамдарда, салтанаттуу күндөрдө гана оюн-тамашасы болот. Калган күндөрү…» – «Ошентсе да…» – деп койду кайнатам умсуна. Бир жолу келгенинде: «Иштебесе да бир көрсөтүп келчи… Көрүп, көксөөм суусун…» – «Ата, азыр ал жер бек. Барган менен бизди киргизбейт. Мына, жакында майрам болот. Ошондо сөзсүз алпарам. Керээли-кечке болобуз, көксөөңдү суудурмак түгүл, тажатам!..» – деди күйөөм оюн-чындан. Кайнатам башын ийкегилеп, үндөбөдү. Негедир нааразы болуп калганы билинип турду… – Аниса эже, Мактым эже экөөбүздү селт эттирип, эчкирип жиберди. – Ошол акыркы келиши экен, төрт-беш күндөн кийин эле, кабар келди… – Бет аарчысы менен көзүн сүртүп алды да: – Мунусу эчтеке эмес, баарынан кызыкты төшөгүн жыйнаганда көрбөдүкпү. Кайнатамдын төшөгүнүн алдына бир чоң боз кийиз салынчу, төшөктөрдү алмаштырганда, ошол кийизге кол тийгиздирчү эмес. Бир жолу тегерек-четин тазалап коёюн деп жакындасам, башын акырын көтөрүп, жөн кой дегендей чайкап койгон. Анан ошол кийиздин бир чети улам эле өйдө көтөрүлүп баратканын көрүп, таң кала берчүбүз. Кийин кийизди ача салсак, айланайын, жайнаган эле сүрөт! Бүркүттөр, куштар, карышкыр алганы бараткан бүркүт. Тыягында түлкүлөрү жүрөт куйруктарын булактатып. Колуна куш кондурган мүнүшкөрлөр. Бүркүтүнүн томогосун алып жиберип, көк тиктеген бүркүтчү. Марага жакындап калган күлүктөр… Деги койчу, өзүнчө эле бир музей… Байкуш кайнатам, ар кайсы гезит-журналдардан кесип алып, кийиздин алдына иреттеп коё бериптир. Буларды көргөнүмдө денем бир «дү-рр» этип алды да, көзүмдөн жаш атып кетти. Түз эле барып, күйөөмдү беттен алдым: «Сенин балалык милдетиңди аткарганың кайсы, жок дегенде иштебесе деле, бир жолу апарып көрсөтүп койбойт белең. Сөөгү ыраазы болуп калат эле го. Кур шылтоолорду айтып…» Күйөөм менден да жаман болуп турган окшойт, жер карап үңкүйгөн бойдон тегеренип-тегеренип кетти… Жумгалдан бир короо таякелери өкүрүп түшүштү, айылды титиретип. Ошолор айтышты, баягы барганында бир жолу да ат үстүнөн түшпөптүр… Кичинекейинде, жигит кезинде деле тайларында көп жүргөн экен: «Атаңардын жаны күлүк аттар, анан бүркүттөр… болчу, тоону эле эңсеп турчу» – деп бизди ого бетер ыйлатты. Анан ушул Чүйдүн алакандай айылында камалып, кантип чыдап жүргөнүн билбейм… Өзүнүн да, мүнөзүнүн да бир жанда жок башкача болуп калганы да… – Сөзүн улоого дарамети жетпедиби, же улагысы келбедиби, Аниса эже күтүүсүздөн тык токтоду да, алдындагы кагаздары менен алышымыш болуп кетти.
Мактым эже Аниса эжени таңдана бир карап алды да, алдындагы кагазына үңүлдү.
Кабинетти кайрадан жымжырттык басты.
16
Мен да өзүмчө ойго чөктүм. Эжелерди угуп отуруп, төгөрөктүн төрт бурчун төрт чалып келгендей болдум окшойт.
Бирин бири жанып өтүп, бири өйдө, бири ылдый агып жаткансыган эки дайра. Сырткы турпаттары да, кулк-мүнөздөрү да таптакыр эки башка. Бирок бир өзөктөн, тамырдан өнүп чыккан сыяктуу. Ичиндегилерин кээде төгүп алышат, бирок канчасы төгүлбөй калганын ким билет! Ушулардын баарын ичтерине батырып, и-ий деп койбой, бу дүйнөдө жумуштарынан бөлөк эч нерсе жоктой, чайпалбай да төгүлбөй жүрүшөт. Өздөрү мына эртең пенсияга кетерин билишсе да, өздөрүн өздөрү ушул басмага түбөлүк байлап койгондой, басма үчүн түбөлүккө жооптуу болуп жаралып калгандай. Мен ушуларды ойлоп отуруп, өзүмчө шыбырай кеттим: «Булар кетишсе, басма жетим калат го…»
Экөө ичтериндегисинин баарын төгүп алышып, биресе эс ала түшүшкөндөй, биресе чарчап шалдырап калышкандай, дале кагаздарына ойлуу тигилип отурушат. Ушул маалда коридордон дүпүлдөгөн дабыш угулду. «Келатат!..» – деп шыбырап, кулак түрүп калдым. Чын эле, Жоодар менен Самсак удаалаш кирип келишти.
– Мунуң дагы катырды! – деди Самсак мактангандай мага. – Тим эле ит кылды!.. – Күлкүсүн араң тыйып: – Бу жерде бир атаң отурат, сага сонун-сонун жомокторду жазып берет. Жүрү, саламдашып коёлу деп, кабинетке кирип барсак эле, Дүйшөн Сулайманов аксакал өзү жалгыз отуруптур, аны көрөрү менен эле бул: «Маймыл!..» – деп кыйкырып ийбеспи. – «Чунак бала, кайсы маймылды айтып жатат. Кана, маймыл?..» – деди Дүйшөкем элее. Мен эптеп жайкап койдум: «Дүйшөке, мен буга маймыл жөнүндө жомок айтып келаткам, ошону…» – дедим да, мунун оозун колум менен басып алып, сыртка учуп чыктым.
Дүйшөн аксакал маймылга түспөлдөш эле, мен аны элестетип күлкүм да келди, ыңгайсыздана да түштүм. Эч ким үндөбөгөн соң, Самсак эки жагын элеңдеп карай кетти да, кабинеттеги абалды түшүнгөндөй:
– Кой, мен Дүйшөкөмө барып, кайра бир жайкап коёюн. Аксакал кишинин көңүлү ооруп… – деп сөзүн бүтүрбөй чыгып кетти.
Жоодар кандайдыр бир коркунучту сезгендей, бир Мактым эжени, бир Аниса эжени үрпөйө карап алды да, менин жаныма акырын басып келип (апасы оюндагысын аткарбаса, жер тепкилеп ийчү):
– Ыйлабагыла дейм!.. – деди кандайдыр жалооруган ачуу үнү менен жерди бир тээп. – Чоң кишилер ыйласа, мен коркуп кетем!.. – Мени кучактап калды.
Экөө селт эте баштарын көтөрүшүп, бир-бирин сестене карап калышты.
Менин жүрөгүм дүкүлдөп бир башкача сого баштады…
17
Ушул окуядан кийин бир жыл өттүбү-өтпөдүбү, так эсимде жок, биз а дегенде бетинде меңи бар апаны, андан кийин ага куйрук улаш эле бети кызыл апаны пенсияга узаттык. Эки учурда тең Жоодардын жалооруй чыккан ачуу үнү кулагыма жаңырып тургансыды. Чын эле, чоң кишилер эмнеге ыйлашат! Кандай коркунчтуу…
22.08.2020, саат 16:45 – 03.10.2020, саат 12:20
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR