Балалыктан өткөн мыкты дары жок окшойт,
келгиле анда, ошол алтын доорубузга бир
кайрылып барып келели. (автор)
АҢГЕМЕ
I
Кызым экөөбүздү дарыгер жайдары тосуп алды. Бул дарыгерге мен көрүнмөкмүн. Кызым көрсөткөнү барган. Дарбазасынын эшигин аяр ачты да, бизди тегерете жылмая бир карап алып, ары көздөй бурулду. Биз артынан ээрчидик. Короосу ушунчалык чоң экен. Жеңил машинеден эле эки-үчөө турат. “Мынча машинени эмне кылат?” – деп ойлоп койдум. Короону аралай өтүп, бир эшикке жеттик. Калгааны ачты да, ичкирге колун жаңсай:
- Эми бутуңарды ушул жерге чечкиле да, аркы бөлмөгө өткүлө, - деди.
Анын мындай буюра сүйлөгөнү мага катуу тийгенсиди.
Чечтик да өттүк.
- Тигиге отургула. – Сол жактагы диванга колун жаңсады.
Биз отурдук. Өзү маңдайыбыздагы үстөлгө отурду. Үстөлгө катарлаш бир чоң телевизор турат. Үстөл үстүндө чөп салынган айнек идиш. “Дарысы ушул болсо керек”. Мен ушинтип ойлоп койдум да, бөлмөнү айландыра бир карап алдым. Көзгө илинчү эчтеке деле жок экен. Жупуну, анан таптаза. Дарыгерге тигилдим. Жашы жетимиштерге таяп калган, мурду коңкойгон, көзү кымыңдап турган, сары чийкил орус киши экен. Көздөрүн кымыңдатып, ишенер-ишенмексен болуп караганы, анан өзгөчө бир бышылдап дем алганы мага негедир кызыктай туюлду.
Биз үн-сөзсүз бир азга отуруп калдык. Анан дарыгер бизди бир сырдуу карап алды да, ошол караган бойдон көзүн күлмүңдөтүп сүйлөп кирди. Ал кандайдыр бир дарт жөнүндө сүйлөп жаткансыды. Кызым түшүнүп жатабы, жокпу – билбейм, улам-улам башын ийкегилеп коёт. Мен эч нерсени түшүнбөдүм, бирок сыр берген жокмун. Кызыма кошулуп, башымды ийкегилеп жаткансыдым.
- Тажатып жиберген жокмунбу? – деди бир кезде дарыгер чочугандай селт этип. – Кой, анда ишке өтөлү. Баштайлы...
Бөлмөнүн ортосунда отургуч турган экен, ага колун жаңсай:
- Тигиге өтүп отуруңуз, чалкалай отуруңуз.
Отурдум. Кыз эмеспи, түтпөй кеттиби:
- Папа, отургучтун кыры башыңызга өткөн жокпу? – деди кызым тынчсыздана.
- Өткөн деле жок. Эчтеке эмес... – дедим мен кайдигер.
Дарыгер бир мени, бир кызымды карап алып:
- Эки колуңузду тизеңизге коюп, алаканыңызды жайыңыз. Койдуңузбу?
- Койдум.
- Койсоңуз – кыймылдабаңыз. Эки көзүңүздү бекем жумуңуз да, эчтеке ойлобоңуз, же жакшы нерселерди гана ойлоңуз.
“Кантип эчтекени ойлобойм? Жакшы нерселерден эмнени ойлойм?” – дегиче болбой, анын үнү өктөм жаңырды:
- Анда баштадык!
Бул үн чыгары менен, “кайсы жакшы нерселерди ойлойм?” – деген ой да башымдан учуп кеткенсиди. Көзүмдү бекем жумган боюнча маңдай жагыма тигилгенсидим. Кызык, көз алдыма жапжашыл жылга тартыла калды. Андан жадырай жылмая түшүп келаткан бир кыз көрүндү. Анын жадыраган элеси гана мени көздөй жылып келаткансыды. Жакындай берди. Жаңыл экен! “Жаңыл!..” – деп мен шыбырагандай болдум. Өктөм үн жаңырды:
- Кыймылдабаңыз!..
Былк этпей калдым. Чын эле, Жаңыл экен. Көзүнүн карегиндей капкара меңи да нур чачып жадырап тургансыйт.
Жаңыл бизде китепканачы болуп иштейт. Дайыма жадырай тосуп алат. Үстүңкү эрдинин сол жагында капкара, кичинекей меңи бар.
- Жаңыл, анан жаңылта алдыңбы? – дечүмүн мен дайыма тамашалап.
- Ооба, - дечү ал ого бетер жадырай, – артымдан шыдыр эле эки уул келген.
- Анда ишке жараган экенсиң!..
Жана эле Жаңылга жолуккам.
- Уулуңду кайда калтырасың, Жаңыл, – дегем, – бала бакчагабы?
- Кайсы уулумду! - деген ал так секирип. – Мен турмушка чыга элекмин да.
- Ой... Мен бая күнү бир кичинекей баланы ээрчитип жүргөнүңдөн...
- Аа... – Ал дагы эле жадырап жылмайып койгон.
- Анда башың бош турбайбы... Бул жердеги жигиттер эмдигиче сени көрбөй, эмне алардын көздөрү...
- Ушул жердегиби?!.
- Деги эле жигиттерди айтам.
- Аа... – Ал жылмайып тим болгон.
Бул жердегилерди анча теңсинбейт окшойт деп ойлоп койгом мен. Анан ушул жадыраган Жаңыл маңдайымдагы жапжашыл жылгадан жадырап мени көздөй жылып келатпайбы. Кызык, эми качан токтойт деп ойлонгонумча, ал жадыраган кейпинде тык токтоп, мени күлүмсүрөп карап калды. Мен да күлүмсүрөгөндөй болдум. Аңгыча болбой кандайдыр бир сырдуу доош угулгансыды да, Жаңылдын арт жагынан түрмөктөлгөн буурул булуттар көрүндү. Алар ойго баткан бирөөнү курчап алып, бери көздөй сүрүп келаткансыйт. Акырын сүрүп келишти да, Жаңылдын сол ийинине кондуруп, өздөрү тегеректеген бойдон жылбай калышты. Мен селт эте, элеске карай жүткүнкөнсүдүм.
- Дагы!.. Сизге эмне болду? Кыймылдабаңыз дебедим беле!..
“Бул ким? - деп ойлоп койдум деңдароо. – Аа дарыгер эмеспи...” Мен макул кыймылдабайм дегендей башымды ийкенгенсидим. Кичине алаксый түштүм да, көп өтпөй тике маңдайымдан билинер-билинбес жылмая жадыраган Жаңылды, анын сол ийнинин үстүнөн буурул булутка чулганган бир элести көргөнсүдүм. Мен аны үңүлө карап, көрө да, тааный да албай жаттым. Бир гана муңайганы, жазгангандай көзүн ала качканы көрүнгөйсүйт, анан ал куду Жаңылдай эле жаш кыз экенин боолгогонсудум. Аңгыча бирөө келип, башымды тегерете кармалап, чачымды тарткылап, быш-быш эте дем ала баштады. Колу ушунчалык жупжумшак экен. Мага жан кире баштагансыды. “Так эле Альнурдай бышылдайт экен” деген ой кетти мага. (Альнур менин неберем. Диванда отурган кызымдын уулу. Көбүнчө менин койнумда жатат, экөөбүздүн жаныбыз бирге). Ушул ой келери менен, чачымды тарткылап, башымды тегерете кармалап жаткан дарыгер экенин туйдум.
- Эми көзүңүздү ачыңыз... – деди жагымдуу үн.
Көзүмдү ачтым. Маңдайымда күлүмсүрөп дарыгер турат. Негедир чарчаңкы көрүндү. Оң тараптагы диванда күлүмсүрөп кызым отурат. Аңгыча дарыгер сүйлөп кирди. Ал мага эмес, кызыма сүйлөп жатты, анда-санда мага карап коёт. Кызым башын ийкегилесе, мен да ийкегилеп коём. Баягы муңайынкы элес дарыгердин сөзүн мага жеткирбей бууп таштагансыйт.
- Анда бүттүк, - деди дарыгер эс алгандай, - сизде корко турган эчтеке деле жок... Эки жумада бир келип турсаңыз болот. Анан... Эмне кылышты кызыңызга айтпадымбы.
Мен билем дегендей башымды ийкедим. Үчөөбүз тең ордубуздан бирдей турдук. Дарыгер узатып чыкты. Шыдыр эле көзүмө короодогу жеңил машинелер чалдыкты. Дагы эле ойлоп койдум: “Мынча машинени эмне кылат жалгыз башына?..” Дарыгер биз менен сыпаа коштошуп, кала берди.
- Кандай... Кичине жеңилдей түштүңүзбү? – деди кичине эле узай бергенде кызым, мага кайрылып.
Мен бүдөмүк ойлордон кутула албай келаткам. Эмне дээримди билбей, мууна түштүм да:
- Тигинин бышылдаганычы, - дедим негедир сүйүнгөндөй, - Альнурдукуна укмуш окшош экен.
- Мен шыдыр эле билдим, - деди кызым негедир жарпы жазыла.
- Эмнени?
- Жакшы нерселерди гана ойлоңуз дегенде, шыдыр эле Альнурду ойлогонуңузду...
Жүрөгүм тыз дей түштү.
- Аа... – деп жылмайымыш болуп койдум.
“Жаңылга айтпасам...” – деп ойлой кеттим анан, өзүмдү алаксыта.
Эртеси Жаңылга жолуктум, ал мени китепканадан узатып чыкты.
- Мен кечээ дарыгерде болдум... – дедим китепканадан чыгарым менен.
Мунун эмнесин мага айтып жатат дегенсип, Жаңыл мени жылмая суроолуу карап калды.
- Ал көзүңүздү жумуңуз да, жакшы гана нерселерди ойлоңуз деди. Мен көзүмдү жумуп, кайсы жакшы нерселерди ойлойм дегиче болбой, кызык, жылмая карап, маңдайымда сен турасың.
- Менби?.. Эмнеге?..
- Билбейм... Дагы тиги... Анан...
Мен сөзүмдү улай албадым. Жаңылдын сол ийнинде конуп калган баягы элести айтайын деп келатып, тык токтодум. Сыягы, Жаңылдын көңүлү сынып калбасын деп ойлодум окшойт.
- Анан?.. – деди Жаңыл жадырай.
- Анан ошол... – дедим мен күлүп.
Экөөбүз тиктешип бир азга буйдалып калдык.
- Жакшы калыңыз... – деди аңгыча, Жаңыл бөлөгүрөк үн менен.
Мен Жаңылды өзүмдү көздөй акырын тарттым да, жүзүнөн сүйүмүш болуп, бирдеме деп шыбырагансыдым.
Шыбыраганда негедир жүүнүм бошой түшкөнсүдү.
Жаңыл үндөбөй ары бурулду, мен бери бурулдум.
Бир аздан соң мен артка бурулуп карасам, Жаңыл эшик алдында туруптур. Мени көрө сала селт эткендей болду да, имаратка учуп кирип кеткенсиди. Анын көзгө илешпеген бул кыймылы, негедир, мага эзелтен тааныш көрүнгөнсүп, жүрөгүмдү бир булкуп алды...
II
- Тая-та-аа! Таята дейм!..
Ыйламсыраган үндөн чочуп ойгондум. Өңүмбү, же түшүмбү деп коём.
- Таята дейм, коё бер дейм!..
Альнур экен. Менин кучагымдан бошоно албай, энтиге колу менен түрткүлөп жатыптыр.
Мен бир силкинип, төшөгүмө отура калдым.
- Эмне болду?!.
- Мени кучактап жатпайсыңбы... Бекем!.. – Ыйламсырай. – Думуктуруп...
- Эмнеге?
- Билбейм. Бекем кучактап, мен да дем алалбай. – Бышактай баштады.
- Дем алалабай...
- Ооба. Бекем кучактап, ыйлап...
- Ыйлап!.. Жинди болуптурмунбу... Кантип эле?..
- Ыйладың. Карачы, көзүңдөн жаш агып жатат. Менин бетиме тамбадыбы. – Бетимди сылагылай кетти:
- Мына, суу...
Колум менен сыйпаласам, чын эле сууланып калыптыр.
“Жин тийген го...” – дедим өзүмчө кобуранып. – Ыйласам... Кызык...”
- Жата бергин. Мен жөн эле. Коркпогун. Алдыңа кетейин десе...
Альнурду маңдайынан сылап, бекем кучактай маңдайынан сүйдүм.
- Анан сен ыйлабайсыңбы?..
- Ыйлап жинди болуптурмунбу...
- Аа...
Санаасы тынгандай, төшөгүнө култ этип кирип кетти. Мен эңги-деңги абалда бир азга отуруп калдым.
- Жатпайсыңбы, таята.
- Аа... Мына жаттым.
Чын эле жаттым. Негедир жеңилденип, эс алып калгандаймын. “Киши ыйлап алса деле эс ала түшөт турбайбы” – деп ойлоп койдум. Көп өтпөй, корккондой селт эттим:
- Эмнеге ыйладым?..
III
Анда биз чоңоюп, а түгүл эр жетип калганбыз. Анткени мектептен келатканда, сумкабызды чана кылып дөңдөн теппей калбадык беле. Ошондогу сумкалардын жанынын бектиги ай!.. Кыш келип, кар жаады дегиче, ичиндеги дептер, китептери менен бирге чанага айланчу да калчу. Мектептен тарарыбыз менен шуулдап дөңгө (үйүбүзгө ушул дөңдөгү жол аркылуу кетчүбүз) келчүбүз да, сумкабызды минип алып, дөңдөн ылдый зуу коёр элек. Сумкаларыбыздын күлүктүгүн айт, бирибиздикинен бири өтөт. Жедеп чарчап, бир жагынан тажап калганда, эсибизге келер элек. Ошондо колубуздагы тоңгон неме чана эмес экендиги, сумка экендиги, анда китеп, дептерлер бар экендиги араң эсибизге келер эле. Анан ата-энебиз көз алдыбызга тартыла калчу да, бир силкинип алып, үйдү көздөй жөнөр элек. Көк муштум болуп келаткан бизден кыштын өзү да үшүп, ичиркенип турчу. Эми ойлосом, айылда өсөсүңбү, же шаардабы, баары бир балалыгың муз үстүндө өтөт экен да...
Ооба, биз анда мындай курактан өтүп калганбыз. Бирок дагы эле көп нерселерден кутула элек болчубуз. (Азыр ошол “көп нерселердин” баары көздөн учуп отурбайбы!) Мына, сабактан кичине эле кечиктиң дейли, эшикти тосуп отурган олбурлуу, анан да мээримдүү дене тарбия мугалимибизге жолукчубуз. Ал мээримдүү бир жылмайып алып, кечиккендердин баарын катарга тизип туруп, мектепти үч же беш айландыра чуркатып чыгар эле. Терезеден бизди карап, өздөрүнчө эле жыргап күлүп жаткандар. Аларды элестеткенде эле, жети өмүрүң жерге кире түшчү. А түгүл алар гана эмес, бүтүндөй аалам, жарык дүйнө сени жымыя карап тургандай сезилип кетер эле. Акыры энтигип калган бизди кайрадан катарга тизчү да, “колуңарды суңгула!” – дечү. Тырмактарыбызды бирден карап текшерчү. Колубуз тазабы – муну да унутчу эмес. Тырмактары өсүп кеткендер, кир келгендер линейкага түшүп, жарданган окуучулардын алдында башты шылкыйтып турар элек. Линейка деген сөз бизге дарга дегендей эле таасир этчү, линейкага чыгыптыр деген даргага асылыптыр дегендей эле сезилчү. Өзгөчө ата-энебизге. “Сенин уулуң, же кызың өгүнү линейкага чыгыптыр го” – деген сөз ата-энебиз үчүн балаң уу ичкен турбайбы дегендей эле туюлчу. Баса, классыбызда тазалык дегенибиз да болчу эмес беле, биз анын текшерүүсүнөн да өтчү эмес белек: чачтарың өсүп кеткен эмеспи, кийимиң кир эмеспи... Эми бул жерде анын баарын тизмелеп отурбайын, жака, аппак жака жөнүндө айтып берейинчи. Биз чоңоюп кетип, сумка-чанадан кутулганбыз дебедим беле, бирок ак жакадан кутула элек болчубуз. Жок, жок, ак жакадан мурда бизди, эркек балдарды, далай жолу дүрбөлөңгө түшүргөн чачтарыбыз жөнүндө кичине айта кетейинчи. Чоңоюп калгандыгыбызданбы, биз деле чачыбызды өстүрүп, аны бирде оңго силкип, бирде солго силкип, же артка, оңго-солго жаткызып, көзгө көрүнгүбүз келчү. Бирок буга жол беришчү эмес. Өстүрүүнүн белгилүү бир чеги бар эле, ошол чекке жеткенде, класс жетекчибиз баш, тазалыгыбыз төш болуп эскерте баштачу: чачың өсүп баратыптыр, алдыргының, алдырбасаң...
Айла жок алдырчубуз, көбүнчө тасырайта кырдырып келчүбүз да, кичине өскүчө, кысынып да, корунуп да жүрөр элек. Эгер эскертүүлөрүнө моюн сунбасак, мындан да өткөн жаман абалга, шылдыңга дейинчи, туш болорубуз белгилүү эле. Эки-үч эскертүү берген соң, класс жетекчи Кенже эжейибиз биздин чачыбызды кыркуу үчүн гана жаралып калгандай болгон кайчысын ала келчү да, эчтекеден бейкапар отурган чачтуубуздун жанына байкатпай келип, чачынан акырын сылап туруп, курч кайчысы менен каршы-терши жүрүп койчу. Анан күзгүсү жок эле ала баш башыңды элестете бер, балдардын, өзгөчө кыздардын шарактаган күлкүсү менен башыңды басып алып, учкан-тейден бойдон үйдү көздөй сызчусуң. Эртеси бул жарык дүйнөгө жаңы гана жаралгандай болуп тасырайып, момурайып отуруп калчусуң. Кызык, тасырайган башыңа аппак жакаң жарашып, экөө бири-бирине дем берип тургандай, а түгүл экөө кадимкидей жарыша дем алып аткандай туюлчу. Эми ушул тасырайган баш менен жарыша дем алган ак жакабызга өтөйүн. Ооба, мектепти бүтөр-бүткүчө ак жака менен жүрдүк. Ак жакабызда бир касиет бар эле – анын түсүнөн да, жытынан да жаратылыштын деми кадимкидей уруп, бизди сергек тарттырып тургандай сезилчү. Аппак жака – бул эркек балдардыкы. Кыздардыкы – аппак жака, аппак фартук, анан аппак бантик эле. Ошондо бизге кыздар өзгөчө бир сулуу болуп көрүнгөнү алардын бүтүндөй аппакка чулганып алып жүргөндүгүнөн болсо керек деп ойлоп койчумун кээде. Балким, чын эле, ушундайдыр. Жок, жок, кеп мында деле эмес болчу. Болгону алар кыздар болчу, ошондуктан сулуу болушчу. Биз сулуулукту өзүбүздүн кыздарыбыз, бирге окуган кыздарыбызды айтып жатам, ушул кыздарбыз аркылуу гана таанып биле баштадык көрүнөт. Чын эле, алар сулуу болушчу, анткени алар кыздар эле. Алар сулуу болушчу, анткени алар биздеги кандайдыр бир сырдуу сезимди – кызганыч сезимин – ойготуп кетишпеди беле. Ошондой аппакка оронгон кыздардын ичинде бир кыз бар эле, бирок ал бизден бир класс ылдый окучу. Атын деле жакшы билчү эмеспиз, класс жетекчи Кенже эжейибиз (ал ушул эжейибиздин бир тууган кайын сиңдиси эле) Күкүн дегенинен улам гана, биз да Күкүн дечүбүз.
Баса, бүт эркек балдарыбыздын атынан айтып жаткан турбайымбы, атын жакшы билчү эмеспиз деп. Балким, башка классташ балдарым билсе билгендир, биз ал жөнүндө сүйлөшүшчү эмеспиз да. Бирок менден бөлөктөрү өздөрүнчө сүйлөшүшкөндүр – мен муну да билбеймин. Өңгөгө билбейм, ошол кыз мага суудай сулуу көрүнөр эле. “Күкүндү карасаңар, - дечү эжейибиз дайыма аны өрнөк тутуп, - качан болсо эле кылдыратып үйдүн ишин кылып жүргөнүн көрөм, бою узун болсо да баскан-турганы билинбейт, анан качан сабакка даярданып таштайт – билбейм, сабакка даярдансаң боло десем, эчак эле даярданып койгом деп күлүп коёт. Басып-туруп эле даярданып коёбу...” Таңдангандай башын чайкап койчу. Чын эле, мактагандай бар эле. Жалаң бешке окучу. Классташтары да макташчу, бир да мугалим баасын көтөрүп койбойт, өзү эле мыкты окуйт дешчү. Жакшы окуганы бир жөн, өйдөдө айттым го, ал өзгөчө бир сымбаттуу да, сулуу да эмес беле. Мен аны теке маңдайынан бир да жолу тике тигилип караганым да жок, бир да жолу аны менен сүйлөшкөнүм да жок. Анда-санда гана кыздарынын арасынан көрүп калчумун. Узун бою, ак жуумал жүзү, кандайдыр бир ийкемдүү кыймыл-аракети, угулар-угулбас назик үнү менен өзгөчөлөнүп турар эле. Анан көбүнчө ойлуу жүргөндөй көрүнчү. Аны менен бир гана жолу чала-була бетме-бет көрүштүм окшойт. Ал учурда бизде, бардык эле мектептерде, Кыздар совети деген комитетпи, уюмбу, айтор бир топ иштешчү, ошол топко алдыңкы окуучу катары Күкүн да мүчө эле. Бир күнү мектептин директору мени атайы чакырып алып: “Жазуучу деген кыраакы болуш керек да (гезиттерге кабар жазганымдан улам мени негедир жазуучу деп коюшчу), - деди буркан-шаркан түшүп, бизде Кыздар совети начар иштеп жатат. Сен билесиңби, айрым кыздар тээтиги өздөрү аты-жытын билбеген мектептин балдары менен кат алыша башташыптыр!.. – Директор өзү да корккондой, бир силкинип алды. – Бул деген!.. Сен дубал гезитиңе сындашын керек! Сөзсүз!..” – “Кантип?” – “Кандай кантип?! Кайра менден сурайт да. Иши начар деп. Таптакыр иштебейт деп. Анан... – Титиреп кетти. – Жанагы каттар жөнүндө ооз ачпагын, эч кимге айтпа! Эгер Районого жетип калса...” Сөзүн улай албай, кайра титиреди.
Мен дубал гезиттин редактору элем, Кыздар совети эмне иш кылышарын, эмне иш аткарышы керектигин оңгулуктуу деле билчү эмесмин. Кээде гана “Кыздар советинде тиги, же бул кыздын тартиби каралып, эскертүү берилиптир” – деп угуп калар элем. Ойлонуп-ойлонуп отуруп, акыры гезиттин жарымына бир кабинеттин эшигин тарттым, үстү жагына “Кыздар совети” деп жазып, каалгага кара кулпунун сүрөтүн илип (анда “Клубду кара кулпу кайтарып турат”, “Кара кулпу кайтарган китепкана” деген сыяктуу макалалар гезиттерге көп чыгаар эле, ушулардан улам башыма ошондой ой келсе керек) ылдый жагына советтин мүчөлөрүнүн тизмесин бадырайта жазып койдум. Арасында Күкүн да бар эле. (Советтин жетекчиси башталгыч класстын мугалими экен, ал мага өмүр бою таарынып жүрүп өттү окшойт жарыктык. Жолуккан сайын эле: “Баягы жоругуңду билесиңби?.. Мен өзүм мугалим болсом, анан окуучуларымдын алдында... Ой, баарыдан да мен сенин жапжакын таежең да, жеңең да эмес белем!” – деп жер муштап калчу. Күлүп кутулчумун. Көзү өтүп кеткенине аз эле болду, ыйманы саламат болсун!) Мектеп дуу түшүп калды. Анын баарын бул жерде айтып деле кереги жок. Дуу басыла электе ошол Күкүн бир күнү эки-үч кыз менен менин алдымдан карпа-күрпө чыга калбаспы, “и-ий” деп алды да, куду кичинекей кыздай жанындагы кыздардын артына барып, башын ката салды. Мен эмне дээримди билбей, делдейип туруп калдым. Ырайын да жакшы көрө албай калдым. “И-ий” дегени жүрөгүмдү бир булкуп алды, жүрөгүмдүн бар экенин мага эскертип кеткендей болду.
Кыйлага турдум да, бери бурулдум, “и-ий” кулагыма жаңырып, буга кошулуп жүрөгүм да бир башкача сого баштагансыды. Кызык, ушул окуядан кийин мен жок издегендей кыздардын арасынан аны издей берчүдөй болдум. Мунумду эч кимге билдирбедим, а түгүл издеп жатканым капысынан оюма түшө калса, мен өзүмдөн өзүм да уялып кетер элем. Баягы күнкүдөй аны бетме-бет бир жолу да жолуктура албадым. Аны мен эл арасынан таппай койдум. Көргөнүм жок деп калп айтпайын, эки-үч кыз менен келатканын (ал көбүнчө ушул кыздар менен жүрчү, ушул кыздар менен жүргөндө гана күлкүсүн укчумун) көп көрүп жүрдүм, бирок караанын гана көргөнүм менен, жүзүн үрүл-бүрүл эле көрчүмүн. Ал мени көрчү беле, же көрчү эмеспи, көзү чалып калса, көңүл бурчу беле, же жокпу – мен муну билбейм. Бирок аны эл арасынан көрбөсөм да, көрбөчү жерден көрүп жүрбөймүнбү.
Өйдөдө айттым го, сумкабызды кышында чанага айландырган кыр (мен аны ылдыйыш деп коёюнчу) бар болчу, мектептен тараганда биз, аркы өйүздүн балдары, ошол ылдыйыш аркылуу үйлөрүбүзгө кетер элек, уу-дуу түшүп. Ушул ылдыйыш түзгө келип такалчу да, анда катар салынган стандарттуу үйлөр бар болчу. Ал үйлөрдөн кийин кайрадан дагы ылдыйыш башталчу. Стандарттуу үйлөрдүн биринде Күкүндөр жашачу. Ал өзгөчө бир узун үй болчу, канча бөлмөдөн турарын биз билчү эмеспиз, бир гана өзгөчө үйдө совхоздун жетекчилери жашарын билер элек. Эки чоң эшиги бар эле: берки башында бир, аркы башында экинчиси. Берки башындагысы так эле биздин ылдыйышыбызды карар эле. Ким кирип, ким чыгып жатканы ылдыйыштан түшүп келатканыбызда бизге даана көрүнүп турчу. Ошол үйдүн кире беришинде жайык тепкичи бар эле. Анда жаз айы келип, баарыбыз жеңил кийинип, өзүбүз да жазга айланып, учуп-жанып калганбыз. Анан бир күнү эле ылдыйыштан шуулдап түшүп келатсак, алдыдагыбыз селт эте тык токтоп, “ой!” деп чочуп кеткендей болду. Ал сүйлөөгө дарамети жетпегендей, ылдый жакка эле колун жаңсайт. Шуулдап келаткан биз да токтоп, ал жаңсаган жакты карап калдык. Эми ойлосом, ар бирибиз “ой!” – деп бир чочуп алдык окшойбуз. Ошол тепкичте жүйүртө басып Күкүн отурат! Же күнөстөп отурганбы, же эс алганы отура калгабы – билбейбиз, айтор тике эле бизди карап отургандай. Аны карап биз да катып калдык. Анан бир кезде эсибизге келгендей бири-бирибизди карашып, Күкүндү карап катып калганыбызды Күкүндүн өзү туюп калгандай, катып калганыбызды билдирбөөгө далалаттангандай, бири-бирибизди таңдана да, жылмая да кайрадан бир тиктешип алдык да, жан киргендей шуулдап түшүп кеттик. Азыркыга чейин башым маң: бүтүндөй мектеп урматтап суктана караган, мыкты окуган, далайлардын жүрөгү туйлап күйүп-жанып турса да, жанына даап басып баралбаган кыз – Күкүн – тепкичте неге отуруп калды экен? Баарынан да мындай отуруш муну менен бүтүп калса эмне, биз эсибизден чыгарып деле коймокпуз. Бирок ал улана бербедиби...
Биз бешөөбүз өлжүрөк болбосок да, тынчыраак, өтө эле тынчыраак балдар элек, шокторубузду 8-классты бүткөндөн кийин эле ар кыл кесиптик окууларга (көбүнчө трактористтик) айдап ийишкен. Азыркылар билишпейт, анда мындай бир эч жерде жазылбаган айныбас мыйзам өкүм сүрчү: 8-классты аяктагандан кийин тандап алуу, иргөө процесси болуп өтчү. Начар окугандар, окууга көңүлү жоктор, анан мектепти тажаткан, кудайдан жөө качкан тентектер өйдөдө мен айткан окууларга айдалып кетишчү да, мектепте жакшы окугандар, анан көбүнчө чын эле момурайган жооштор жана да сыртынан жоош көрүнгөндөр гана калышар эле. Бул мыйзамга ылайык, бир мезгилде эки класс болуп дуулдап жүргөн бизден да далайлары айдалып кетип, бир эле класс болуп калганбыз. Ошол айдалбай калгандардын ичинде берки өйүздөгү эркек балдардан мен, Мурат, Токтожума, Өмүрбек, Турдубек бар эле. Ушул бешөөбүз ылдыйыштан шуулдап түшүп келатып, эмнеге отурганы белгисиз Күкүндү алдыртан таңдана да, суктана да тиктеп туруп, анан муну бири-бирибизге билдирбегендей тымпыя жөнөп калабыз.
Кызык, ошондо Күкүндүн эмне үчүн эшик алдында отургандыгы жөнүндө сүйлөшпөптүрбүз, сыягы, Күкүндү бири-бирибизден купуя кызганып, ал тууралуу сөз кылгандан тартынчубузбу деп ойлоп калам азыр. Бир жолу гана Күкүн жөнүндө ооз учунан сүйлөшкөндөй болдук окшойт. Адаттагыдай эле ылдыйыштан дуулдап түшүп келатсак, алдыда бараткан Мурат тык токтоп: “Омэ-ээй, карасаңар, баягы Күкүн кайрадан отуруп калыптыр го...” – деди таңдана. Мен жанымда келаткан Өмүрбекке суроолуу карап калдым. Ал муну түшүнгөндөй: “Сен бир жума сабакка келбей калганда, Күкүнүң да эшик алдына чыкпай калган, - деди сырдуу жылмайып. Анан аржалактап тамашалай кеткен. – Экөөңөр соо эмессиңер го дейм, ыя... Сүйлөшүп алышкансыңар го, ыя, мен сабакка келбейм деп...” Аны беркилер да коштоп кеткен. Мен болсо: “Ээ, койгулачы, болбогон кепти...” – деп туйламыш болгом. Бирок чындыгында, буга чейин эле, тигилерди билбейм, менин жан дүйнөмдө кандайдыр бир өзгөрүү, өзүмө ээлик бербеген өзгөрүү боло баштаганын мойнума алгым келбесем да, мен туя баштаган элем. Ошол өзгөрүү мени акырын, аста жан алакетке түшүрүп, өзүм миң ойлонуп, миң толгосом да оюма келбеген кылыктарга түртпөдү беле. Мына, анда биз 10-класста окуп, далдайып турсак да, мектеп формасы менен жүрчүбүз, сөзсүз түрдө ак жака тагынчубуз. Ал ак болотнойдон тигилчү. Ак жака дайыма таптаза, аппак болушу керек. Бул болсо биз үчүн өзүнчө бир түйшүктөй сезилчү эле, алакандай болгон нерсени да жуугандан жаман эригер элек. Анан кайдан келди, же кимиси ойлоп тапты – билбейм, айтор, ак жаканын сыртын целлофан менен каптап коюу деген чыкты. Жыргап эле калдык. Күндө жуумай жок, апабыздын, же эже-карындаштарыбыздын колдору бошобой калса, эртең менен эрте карбаластап адырайта көктөй салмай жок.
Ошентип жыргап жүргөн күндөрдүн биринде, эмне экенин өзүм да билбейм, бир күнү эле жакамды тигиле карап калдым, кызык, демейде жалтырап турчу жакам негедир тунарып тургандай көрүнгөнсүдү. Акырын целлофанды алып салдым, жакам өңүнө чыгып, аппак боло түшкөндөй көрүнүп кетти. Мына ушул аппак боло түшкөндөй көрүнгөндө эле, эшик алдында бизди гана телмире тиктеп отургансыган Күкүндүн элеси көз алдыма тартыла калды. Ал күн сайын эшигинин алдына отуруп алып, атайы эле мени гана күтүп жүргөндөй, балдардын арасынан мага эле назар бургандай, бурганда да мени бутумдан башыма чейин тигиле тиктеп жүргөндөй сезилип кетти. Чындыгында, биздин ортобуз кыйла эле алыс болчу, жүзүбүздү элес-булас эле көрчүбүз, анан менин жакам өзгөчө аппак экенин ал кайдан байкамак! Ошентсе да эмнегедир менде мени элирткен бир эңсөө өзүнөн өзү пайда боло калды, ал эңсөө мага канат бүтүрүп салгандай болду. Мен күн сайын ак жакамды аппак кылып жууп жүрсөм, аппак жакам Күкүнгө дайыма өзгөчө бир аппак болуп көрүнүп турса... Ошентип целлофанды сыйрып ыргытып, ак жакамды күндө жуумайга (жуудурмайга дейинчи, биздин айылда эркек балдар кирге колдорун тийгизчү эмес, кир жуу кыздардын энчиси катары каралчу) өттүм. Апам ушунчалык таңданды:
- Саа эмне болду, эмне үчүн сыйрып таштадың? Сүйүнүп жүрбөдүң беле... Эми күн сайын...
- Ден соолукка зыян экен, - дедим апамды толук сүйлөтпөй. – Бир чоң догдур айтыптыр...
- Аа... – Башын ийкеп койду да, көп өтпөй бир нерсени сезгендей күлүмсүрөп. – Эми күн сайын жака кадамай экен да, көзүм да тешилип...
- Өзүм эле кадап алам.
- Кыйратасың... – Эркелеткендей бир карап алды да, эшикке бет алды. Мен кымыя жылмайып, кала бердим.
Класс боюнча мен эле целлофанды сыйрып таштаганымды апам билген жок, а түгүл чогуу жүрүшкөн классташтарым да элес алышпады. Купуя сыр купуя бойдон калды, аны бүгүн гана ачыкка чыгарып отурбаймынбы. А тиги догдур айтты, зыян экен дегенди кайдан ойлоп тапканымды билбейм. Азыр ойлоп көрсөм, чын эле зыян окшойт. Ошентип, целлофандан кутулуп, кандайдыр бир күн жыттанган, ушул сырдуу жыты менен бизди, мени гана дейинчи, күтүп отургансыган Күкүндү эске салган аппак жакам мени биротоло делөөрүтүп учуруп жүргөндөй туюлду. Анан эле бир күнү мектепке жөнөгөнү жатып, күзгүгө карана салсам эле, көйнөгүмдүн жакасы топчуланбай калыптыр, кекиртегимден кичине ылдыйраак жерде капкара болгон бир нерсе турат, кармалап көрсөм – мең экен, кудая тобо-оо, аны ушуга чейин байкаган эмес экенмин. Кичинекей топтомолок десең, көзгө ушунчалык бир сүйкүмдүү көрүнөт десең. Мен мемиреп уктап жатканымда атайы бирөө келип жабыштырып кеткендей. Өзүмчө эле сүйүнүп, бирөөгө бир нерсе айткым келип кетти. Эсиме биринчи эле апам келген окшойт:
- Апа-аа! – дедим көнгөн адатымча.
- Ыя? Эмне болуп кетти?
- Апа... Карасаң... Момуну... Пайда болуп калыптыр.
- Обу жоктонбочу, айланайын, бул кенедей кезиңде эле бар болчу.
- Кенедей кезимден... Мен эми араң...
- Эми араң өзүңдү жакшылап кароого жарап отурсаң, анан эми көрөсүң да...
Апамдын сырдуу жылмайганы мени кандайдыр бир сырдуу нерсеге түртүп кеткендей болду. Мен меңимди, анан көйнөгүмдүн аппак жакасын, анан күрмөмдөгү аппак жакамды алмак-салмак карап турдум да, каттым да калдым. Мындай шайкештик, мындай жуурулушуу бул дүйнөдө болбосо керек. Өзүңөр элестетип көрсөңөр, менин айтууга кудуретим жетпей жаткансыйт, силер кичине элестетип көргүлөчү, көзүңөрдү жуумп алып: бойтойгон капкара мең, анан аны тегерете курчап алып, эркелетип жаткандай болгон аппак жакалар.
- Кой... - дедим мен анан эмне дээримди билбегендей... – Кой... Көрүшү керек... – Селт эте, таң калдым. – Кызык, эмне деп атам...
Уялып кеттим, адам өз оюнан да уялаарын өмүрүмдө ошондо биринчи жолу сездим окшойт. Билип эле турам го: эмнени көксөп жатканымды, бирок ошону өзүмдөн жашыргым келип атпаймынбы, аткени өзүмдөн өзүм уялып жатам да.
- Кой... – дедим кайра, башымды ийкегилеп.
Топчулап кирдим. Эчтеке көрүнбөй калат экен. Ындыным өчө түштү да, топчумду кайра чечип кирдим. Биринчисин чечтим. Көрүнбөйт экен. Экинчисин чечтим. Меңим бадырая түштү. Бирок көкүрөгүм жакжайып калат экен. Көзгө комсоо көрүнүп кетти. Туруп калдым. Кысталыштын бир керемети бар окшойт – башыма бир ой шак дей түштү. Экинчи топчумду почтонун жанынан өтө бергенде чечип салбаймынбы. Көкүрөгүм жакжайбайт. Чечкенимди эч ким деле билбейт. Ушинттим да, топчуланып, анан кайрадан чече баштадым. Экинчисин чечкенде эле, бадырайып чыга келди, а түгүл мурункусунан да чоңоё түшкөндөй.
Шаша-буша күрмөмдү кийдим да, жөнөп кеттим. Аппак жака, бадырайган мең. Эми ойлосом, ушулардын бирин да тээ алыста отурган Күкүн көрдү бекен, көзү жетти бекен, деги эле ал бизди, кысынбай эле айта берейинчи, атайы мени карап отурчу беле? Муну менен эмне ишим бар, ичте оргуштап кайнаган кандайдыр бир нерсе көзүмдү алачакмактатып жатпайбы. Баса, мен өзүм ошондо бизди тигиле карап отургансыган Күкүндүн өзүн жок дегенде бир жолу кадалып тиктегенге жарадым бекен. (Кадала тиктегенге жарабасам да, ырай-пешенесин даана көрө албасам да, анын жан дүйнөсү мага кадимкидей көрүнүп тургандай болчу эмес беле.) Анда бул суроолор башка келмек кайда, жер баспай эле делөөрүп чамгарактап жүрсөң. Кичинекей почтодон өтө бергенде, жанымдагыларга шек алдырбай, көйнөгүмдүн экинчи топчусун чечем да, меңимди бирде оң, бирде сол колум менен аяр сылагылап коём. Муну эч кимиси деле элес албайт болуш керек деп ойлочумун, бирок байкап жүргөндөр да бар экен. Арабыздагы эң баамчылыбыз Мурат эле, бир жолу:
- Ой, сен эмне эле дайыма ушул жерге келгенде көкүрөгүңдү тытмалай бересиң? – деди мага таңдана карап.
Мен селт эте, мууна түштүм:
- Тытмалабай эле... Ылдыйыштан түшкөндө мойнумду кысып кетет окшойт.
- Аа...
Беркилер түшүнүштүбү, же түшүнбөдүбү, айтор, жылмайып тим болушту...
IV
Ошентип, жаркын күндөр жарышып өтүп жаткан. Биз да жалын чачкан көзүбүз менен Күкүндүн сүйкүмдүү жүзүн акырын сылап өтүп жүргөнбүз. Анан эле...
Бир күнү адаттагыдай эле ылдыйыштан түшүп келатканбыз. Күкүн да баягы өз ордунда отурган. Айтор, санаабыз тынч эле болчу.
Алды жагыбыздан бир узун бойлуу киши кыр өйдө чыгып келаткан. Ал жол ортосуна келгенде тык токтоду да, Күкүнгө карап кыйкырып калды:
- Эй, кыз!.. Чоң эле кыз экенсиң, уялбайсыңбы алкинтип отургандан...
Биз катып калдык. Оюбуз учуп кеткендей болду. Башыбыз кеңгирей түштү. Куюн болуп, будуң-чаң түшүрүп кеткендей. Ушул ороло-ороло шуулдап келаткан куюн Күкүндү да ай-буйга келтирбей будамайлап үйүнө алып кирип кеткендей болду. Күкүн заматта көздөн кайым болду да калды. Биз катыган боюнча бир-бирибизди карап тура бердик. Тиги киши жаныбыздан өтүп баратып, өзүнчө кыжына кетти:
- Кыз башы менен талтайып!..
Биз үндөбөй келаттык. Биз эч нерсени сезүүгө жарабай калгансыдык.
Ушул күндөн кийин Күкүндү эшик алдынан көрбөй калдык.
“Эмне үчүн отурбай калды?” – деген суроону эч кимибиз батынып ачык бере албадык. Болгону баягы кырга келгенде, бири-бирибизге суроолуу кадалып тим болот элек. Ошентип биз “эмне болуп кетти!..” – деп ойлогуча болбой, эсибизге келгенче болбой, бүтүрүү экзамени башталып кетти...
Биз бешөөбүз элек дебедимби, өңгөлөрүн билбейм (ой, мен эмнени айтып жатам, төртөө жок да азыр арабызда, төртөө тең чым жазданып жатышпайбы, кайрандарым. Бирөө авариядан кетти, экинчиси тоодон учуп кетти, үчүнчүсү..., төртүнчүсү... Кетишти, куюн будалап учуруп кетишкендей көздөн кайым болушту. А мен алар жанымда жүргөндөй эле айта берейинчи), а менин жүрөгүмдө азыр да, ошол адамдын сөзү сайылып тургандай, жүрөгүм менен бирге бүтүп калгандай болуп турат. Айылга барган сайын, үйдөн чыгып келатканда, тээ аркы өйүздө – так эле бет маңдайымда турган мектебим жакты карап, эч нерсени ойлонбой, дел болуп туруп калам. Эчтеке башыма келбейт, болгону мектепке чейинки жол гана менин оюмду жутуп алып, суналып жаткандай болот. Үйдөн мектепке чейинки жол... Не деген керемет жол: өмүргө тете жол, шаңкайган асмандай чексиз да, наристе доошундай туптунук да, өмүрдүн өзүндөй ушунчалык узак да жана ушунчалык кыска да жол... Анан ойбу, же элеспи, айтор, бир нерсенин көмөгү менен мектепти көздөй тоголонуп, баскан издеримди өпкүлөп баратканымда, дал ошол өйдөлүштүн так орто жерине келгенде, кулагыма кандайдыр бир кыжынган үн жаңыргандай болот да, башым өзүнөн өзү эле оң жакка бурула түшөт, анан мени көздөй уюлгуп келаткан куюнду көрөм да, көздөрүм тунарып, титиреп кетем...
Биз бешөөбүз элек. Ылдыйыштан түшүп келатканда бешөөбүздүн тең Күнүбүз Күкүн эле. Бирок бири-бирибизге билдирчү эмеспиз, не деген бактылуу жандар элек...
Кээде ошол күндөр, Күкүндү көзүбүз күйүп кылыя карап калган күндөр, кайрылып кайра келбестиги негедир эсиме шак дей түшөт да, бир селт этип ичимден кан өтүп кеткендей болот, анан эчтекеге карабай, эч кимди көзүмө илбей, кадимкидей солуктап ыйлагым келип кетет...
V
Дагы эле бешөөбүз келатабыз: мен, Токтожума, Мурат, Өмүрбек, Турдубек. Анан мен алардын бейкапар келатышканын көрүп коркуп кеттим, денем муздай түштү: “Ой, силер эчак өлбөдүңөр беле, анан кайдан... эмнеге...” (Ушул маалда мага өлүм ушунчалык коркунучтуу көрүнүп кетти, титиреп жаткансыдым.) Алар үндөшпөдү, жылмайып коюшту. Баягыдай, баягы эле бала кездериндегидей жылмайышты. Жылмайышканын карап туруп, эңги-деңги боло түштүм: “Булар өлүшпөдү беле, анан эмнеге күлүп атышат, өлгөндөр да күлө алышабы? Деги булар чын эле өлүштү беле?” Ушинтип ойлонуп, аларга карай салдым. Карай салсам – эч кимиси жок, жылмаюулары эле калып, ошол жылмаюулар сүзүлүп бараткан сур булуттай болуп ылдыйыштан солго бурулуп чубалжып бара жатышыптыр... “Ии-ий... – дедим артка кетенчиктей. – Булар кайда баратышат? Эчак эле өлүшпөдү беле? – “Чын эле, кайда баратышат, дагы эле үмтөтүп жүрүшөт ко, ыя, кешиги жоктор!..” Кимдир бирөө ушинтип мыскылдагандай, кекенгендей күңкүлдөгөнсүдү. Тааныш үн. Кайдан уктум эле? Кыйлага турдум окшойт. Таппадым. Кыжынгандай болду. Эмне деп кыжынганын укпадым, бир гана кыжынып атканын туйдум. Денем дүр-рр эте түштү да, анан муздай баштады. “Баягы... – дедим окшойт, - баягы!..” Чын эле, баягы экен. Кырга чыгып келатыптыр. Менин жаныма келгенде, тык токтоду да:
- Сен да келдиң беле? – дегенсиди.
Ооба дегенсип, башымды ийкедим.
- Эмнеге?
- Кандай эмнеге?! – Мен чукчуңдай кеткенсидим. – Мектепке да. Сабак бүттү, келатам...
Ал боору ооругандай, башын чайкап күлгөнсүдү:
- Эй, сенин мектепти бүткөнүң кач-аан!.. Уялбай эле, тигиге келдим дебейсиңби!
- Кимге?
- Тигиге...
Ал колун жаңсагансыды. Мен ал жакты карагансыдым. Эч кимди көбөдүм.
- Эч ким жок тура...
- Жок болсо, эстүү кыз тура.
- Ким?
- Ким болмок эле, силер күн сайын көзүңөр үзүлгөнчө карап өтчү кызчы...
Ичим эңшериле түштү. “Күкүн” – дедим өзүмчө. Жүрөгүм бир булкунуп алгандай болду. Куду баягыдай...
- Сиз... Сиз... – Негедир жүүнүм бошой баштады. – Сиз туура эмес кылдыңыз да... - Менин үнүм каргылдана чыкты.
- Анан аныкы жакшыбы?.. – деди ал актангандай. – Чопчоң эле кыз болсо, анан эшиктин алдына олтуруп алып. Мени көрүп алгыла дегенсип. – Өзүнчө шыбырай кетти. – Талтайып...
Менин жаным күйүп кетти:
- Качан талтайып!.. – дедим титирей. – Ал дайыма эки тизесин тийиштирип отурчу эмес беле. Этеги баарын жаап отурчу, а түгүл буту да көрүнчү эмес.
- Билбейм... – Ал кайрадан жалтактай баштады. – Мага ошондой көрүнгөн. Анын үстүнө мен аялым менен кер-мур айтышып келаткам... Анан кыз кишинин эшиктин алдында отурганы өөн учурап...
- Кер-мур айтышсаң эле!.. – Мен негедир сизден “сенге” өттүм да, туттугуп сүйлөй албай калдым.
Ал мага жакындады да, өзүнө тартып:
- Деги эле кыз кишинин эшик алдында отурганы уят да...
- Андан кийин ал отурбай калбадыбы. Биз аны таптакыр көрбөй калдык да...
- Анда эстүү кыз турбайбы. Бир айтканда эле... – Ал мени аягандай бооруна кысты да. – Болду да, оо, андан бери канча жыл өттү...
- Мен аны таптакыр көрбөй калбадымбы! Ошондон кийин...
- Баары эле көрбөй калышты да... – Ал мени бооруна бекем кысты. Мен негедир эреркеп кеттим. – Сиз айтпай эле койсоңуз болмок да...
- Антпегенде эми... – Өзүнчө кыжына. – Кудай урганда, кайдан айта койдум эле... Маа демектен... – Менин солуктай баштаганымды сезип. – Ой, сен, эмне, ыйлап жатасыңбы!.. Кудай урбадыбы... Мен... Мен... Мени кудай урганда. – Ал мени кучагына дагы бекем кысты да, өзү да ыйлай баштады. Мен ого бетер эреркеп, аны ого бетер бекем кучактап, кайрадан солуктап киргенимде, Альнур тыбырчылап, ойготуп жибербедиби:
- Тая-та-таа! Таята дейм!.. Мени кучактап жатпайсыңбы... Бекем... Думуктуруп...
VI
- Эмнеге ыйладым?..
Ушинтип селт эткеним менен, чын эле жеңилдей түшүптүрмүн. Оор жүктөн кутулгандай, а түгүл башымдан бардык ойлор учуп кеткендей, өзүмдү сергек сезип турдум. Аңгыча эки далымдын ортосу ысып, ага удаалаш бышылдаган доош чыгып, мени ого бетер көкөлөтүп жибергенсиди. Ушул доош – Альнурдун бышылдаганы – бир туруп, дүйнөдө табылгыс кайрыктай, анан эненин алдейиндей туюла берет мага, ал болбосо мен таптакыр уктай албачудай боло берем. Бир туруп, Альнур бышылдаганда мага дүйнө дем алып жаткандай туюлар эле, ушул үчүн гана бул жашоо бардай, ушул үчүн гана жашоонун өзү бүгүн да жашап жаткандай жана мындан ары да улана берерин эскертип жаткандай эле. “Ка-ап, - деп өкүнө кеттим, - көздөрүн карабай калган экенмин да...” Көздөрү тептегерек болуп, уктабайын деп канчалык жанталашканына карабай уйкуга кетип баратканы үчүн бу жарык дүйнөдөн кечирим сурап жаткандай жалооруп карачу, аны карап турганымда жашоо мага ушунчалык таттуу, ушунчалык кымбат сезилип кетер эле. Ушуларды ойлогуча болбой, алсыз шыбыр чыкты:
- Таята, таята...
- Ой!.. – дедим мен чочуп, ары оодарыла. – Сен дагы эле уктай элексиңби?
- Ооба...
- Эми эле уктап атпадың беле бышылдап.
- Калп эле уктап жаткам...
- Эмнеге?.. Уктабай...
- Коркуп жатам.
- Эмнеден?
- Уктагандан...
- Уктагандан... Кудай урбадыбы, уйкудан да киши коркчу беле?
- Сен ыйлап жатпайсыңбы!..
- Качан ыйладым?.. – Эстей койдум да... – Эми киши түшүндө ошонте берет да...
- Ыйлай береби?.. Эч ким урбаса делеби?..
- Ал эми түш да. Түшүндө... Түшүндө киши өлүп деле калат да... – Өз сөзүмдөн өзүм чочуп, титиреп кеткенсидим.
- Өлүп... – деди Альнур, үнү калтаарый.
Өзүмдүн айтып жатканыма өзүм түшүнө бербей, жооткото баштадым:
- Ал эми түш да... Ошол үчүн түш дейт да...
- Анан кантип тирилет, өзү өлсө...
- Ойгонсо эле – тирилип кетет.
- Ойгонсо эле – тирилип кетет... – Альнур негедир сүйүнүп кетти. Анан кыткылыктап, кайталай берди. – Ойгонсо эле тирилип кетет... Ойгонсо эле... Ойгонсо...
Ушинтип кыткылыктап, андан соң булдуруктап барып, бир кезде үндөбөй калды.
- Ану... Ану... – дедим акырын маңдайынан сылагылап.
Ал чукурана, колумду түртүп койду. Мен:
- Болду эми, тоо куласа да туюп койбойт... – дедим, ичим жылып, жүзүнөн сүйүп.
Мен аны элжирей карап, бир азга туруп калдым окшойт. Көңүлүм да көтөрүнкү экенин кадимкидей сезип турдум. Анан эле капысынан мага күтүлбөгөн суроолор биринин үстүнөн бири жаап, мен ошол суроолорду ичимден күбүрөй баштагансыдым:
- Жакшы нерселерди гана ойлогун дегенде, эмне үчүн жадыраган Жаңыл көз алдыма тартылды; ал эмне үчүн өзү жалгыз келбей, бүдөмүк элести ала келди, ал элес чын Күкүндүкү беле, мен анын Күкүн экенин кантип билдим, деги эле Жаңылдын ийнинде бүдөмүк элес бар беле, же жок беле, эгер жок болсо, мен анын бар экенин кайдан билдим? Күкүн эшик алдында эмне үчүн отурчу эле, ал атайы мени гана күтүп отурчу беле; деги ал бизди карачу беле? Токтожума, Мурат, Өмүрбек, Турдубек – булар эмнеге эрте эле өлүп калышты?
Балким, Күкүн чын эле мени күтүп отургандыр, мени бир үн салып коёр деп үмүттөнгөндүр? Баарынан да баягы киши Күкүндү баш көтөргүс кылып какканда, биз эмне үчүн үндөй албадык, тескерисинче, катыдык да калдык...
Ойлорум баш аламан болуп чаташып, туңгуюкка кептелдим да, көңүлүм чөгө баштады.
- Деги мен дарыгерге эмне бардым? – дедим аргам кеткенсип, ого бетер күбүрөй. – Дарыгер эмне үчүн мага ишенбегендей шектүү карады? Менин оорум эмне деген дарт, деги эле мен ооруймунбу? – Эми көңүлүм чөккөнү аз келгенсип, өз оюмдан өзүм корко баштадым. Өз оюңдан өзүң корккондон өткөн азап жок турбайбы – алдастап жаныңды коёрго жер таппай калат экенсиң.
- Бир жанына мынча машинени эмне кылат? – дедим анан булдуруктай, эңги-деңги боло.
Кара түндөй каптап келаткан өз ойлорумдан качып, кайда жашынарымды билбей, бир айла болобу дегенсип, Альнурга жалт бурулуп, тиктеп туруп калдым; ал жүзүндөгү эки уячасын көрсөтө ууртунан жылмайгансыды. Сыягы, түш көрүп жатса керек. Аны ичим жылый карап, кичине алаксый түшкөнсүдүм. Ушу алаксыган тейде уктап кетейин деп далбастап, Альнурга жакын жылдым да, эки көзүмдү бекем жумдум. Көзүмдү жумганда эле, негедир, жайкалган жылганы, андан жадырай түшүп келаткан Жаңылды көрсөм экен деп самай кеттим. Ана көрүнөт, мына көрүнөт деп күтүп жатып, уйкуга кеткен окшойм.
VII
Бирок ошонтсе да, Күкүн менин ак жакамдын күн сайын жаңырып турганын туйду бекен да, мойнумдагы меңимды көрдү бекен...
15.09.2019, саат - 10:02 – 11.07.2020, саат - 13:45