Жыл сайын өтүүчү “Жаңы ысымдар” XI эл аралык студенттик театлар фестивалы быйыл 14–18-апрель аралыгында СССР эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналып өткөрүлдү. О.э. жаштардын өнөрүн, аракетин жана изденүүсүн көрсөткөн аянтча болду.
Бул фестивалда ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер өздөрүнүн спектаклдерин көрсөтүштү. Ар биринин чыгармасы өзүнө ылайык, өзгөчө болду. Кээси жөнөкөй окуяларды терең мааниде жеткирсе, башкалары сахнаны кызыктуу ыкмалар менен колдонууга аракеттеништи. Жалпысынан, жаштар театр аркылуу өз ой-сезимдерин жеткирүүгө аракет кылганы.
Актёрлордун айрымдары ролун ишенимдүү, табигый аткарса, кээси толкундануу илебин жеңе албаган ашыкча аракеттери да байкалды. Бирок бул түшүнүктүү, анткени булар – жаңыдан өсүп келаткан жаштар. Ошентсе да алардын аракетинде чын дилден жасалган иш, үйрөнүүгө болгон каалоо байкалып турду. Ошол эле учурда бул фестиваль студенттер үчүн өздөрүнүн окуу процессинде алган билимдерин, агай-эжейлеринен үйрөнгөн чеберчилигин жана топтогон тажрыйбасын сахна аркылуу толук кандуу көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду.
Фестивалда спектаклдерден тышкары, көркөм окуулар, пьесалар жазылып, айрымдары сын-пикирлерин билдиришти. Жаштар үчүн бул жакшы тажрыйба. Алар бир гана сахнага чыгып тим болбостон, театрды ар тараптан түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Эң жакшы жагы, бул фестиваль жаштарды жакындатты. Ар кайсы өлкөдөн келген студенттер бири-бири менен таанышып, сүйлөшүп, тажрыйба бөлүшүштү. Бул келечекте да бирге иштешүүгө жол ачышы мүмкүн.
Уюштуруу жагы да ойдогудай даярдалып, баары алдын алынып, катышуучуларга шарттар түзүлдү. Көрүүчүлөр да жакшы таасир алып кетишти.
Фестивалдын алгачкы спектакли дүйнө элине белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасынын негизинде Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Б.Ибраев атындагы театр окуу жайынын 3-курсу, режиссёр Гүлайым Каниметова койгон спектакль менен башталды. Режиссёр жаштар менен дыкат иштеп, чыгарманы ашыкча татаалдаштырбай, көрүүчүгө түз жеткирүүгө аракет кылган.
Спектаклдин негизги күчү актёрлордун оюну болду. Башкы каарман Сейденин ролун аткарган Таттыбүбү Андабекова образды ишенимдүү жеткирди. Ал Сейденин ичиндеги коркуу, күтүү, сүйүү жана кыйналуу сезимдерин табигый көрсөттү. Айрыкча күйөөсү кайтып келгендеги абалында анын көз карашы, үнүнүн өзгөрүшү көрүүчүгө өзгөчө таасир берди.
Ысмайылдын ролундагы Умар Эшимкулов да оюн аркылуу өзүн көрсөтө алды. Анын сахнадагы токтоо, оор абалы сезилгени менен, бирок образ толук ачылбады. Себеби, Ысмайыл терс каарман катары адамдык алсыздыкты, коркоктукту жана жоопкерчиликсиздикти ачып берет. Айтматов бул образ аркылуу окурманды ойлонууга чакырып, “адам кандай болушу керек?” деген суроону коёт. Спектаклде бул идея көрүнгөн жок, Ысмайыл (Умар Эшимкулов) бул спектаклде башында жана аягында гана кездешип, эпизоддук роль менен гана чектелди.
Жалпысынан студенттер ролдорун чын дилден аткарышты. Айрым жерлерде толкундануу байкалганы менен, алардын аракетинде чынчылдык сезилип турду. Каармандардын тагдырын жөн гана айтып бербестен, өзү аркылуу өткөрүүгө аракет кылышты.
Фестивалда бул эмгек бааланып, режиссёр Гүлайым Каниметова “Чыгармачыл жаштардын устаты” номинациясына татыды. Ал эми Сейденин ролу үчүн Таттыбүбү Андабековага “Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деп ыйгарылды.
Фестиваль Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын алдындагы театралдык студиясынын “Капчыгай” спектакли менен уланды. Сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, ичинен ойлондурган, мааниси бар чыгарманы Константин Сергиенко жазган, сахнага алып чыккан режиссёр Вячеслав Виттих.
Сахнада негизинен иттер көрсөтүлөт. Бирок бул жөн гана жаныбарлар тууралуу окуя эместигин спектакль башталгандан эле байкоого болот. Ар бир ит – өзүнчө мүнөз, өзүнчө тагдыр. Алар аркылуу адамдын жашоосу, мүнөзү, коомдогу орду көрсөтүлөт. Спектакль жай ыргакта өнүгөт, бирок ошол эле учурда көрүүчүнү акырындык менен ойлонууга түртөт.
Спектаклде иттердин дөңгөлөк сүйрөгөнү өзгөчө мааниге ээ. Бул жөн эле көрүнүш эмес, ар ким өз жүгүн көтөрүп жашаганын көрсөткөндөй таасир калтырды.
Намыскөйдүн ролун аткарган Алан Авдеев өзгөчө көзгө урунду. Ал өз кыймылы, үнү аркылуу намыскөй, бир аз курч мүнөздү так бере алды. Бул ролу үчүн ал “Экинчи пландагы эркектин ролу” номинациясына татыды.
Спектаклде өзгөчө эсте калган жагдай – иттердин көздөрү жабылышы. Бул көрүнүш жөн гана эффект болбостон, бир нерсени көрбөй коюу же көргүсү келбөө деген ойду туюнтту. Ошондой эле “ит деген иттей болуш керек” деген сөз көрүүчүнү ойлонтпой койбойт. Бул сөз аркылуу адам өзү кандай болуп калды деген суроо жаралат.
Жалпысынан “Капчыгай” тынч өтсө да, ичинен мааниси бар спектакль. Ал катуу эмоция менен эмес, жай ойлонтуу менен таасир берет. Студенттердин изденген аракеттери көрүнүп турат.
“Белкиндин повесттеринин негизинде атылган ок” спектакли фестивалда өзгөчө таасир калтырган эмгектердин бири болду. Аны Орусиянын театралдык искусство институту – ГИТИС сахнага алып чыкты. Режиссёр Василий Буткевич классикалык чыгарманы жөн эле айтып бербестен, аны сахнада башкача, жаңыча формада көрсөтүүгө аракет кылган.
Спектакль Александр Пушкиндин “Белкиндин повесттери” циклинин негизинде коюлган. Бул чыгармада негизги тема – адамдын намысы, өч алуу, ичи тардык жана чыныгы адамдык сапаттар.
Жерге тартылган чийин аркылуу мейкиндик бөлүнүп, актёрлор ошол “чек” ичинде гана образда болушу керек деген ой берилген. Сыртынан караганда бул кызыктуу, ал актёр менен көрүүчүнүн ортосунда өзүнчө шарт түзөт. Башында бул ыкма көңүлдү бурат, бирок спектакль жүрүшүндө ошол идея толук кармалып тура албай, баштапкы күчү бир аз солгундап кеткендей сезилет. Ошентсе да спектаклдин негизги күчү студенттердин ишинде болду. Жаш студент-актёрлор өз ролдорун жөн гана айтып бербестен, каармандардын ички абалын көрсөтүүгө аракет кылышты. Ар биринин кыймылы, үнү, карашы сахнадагы кырдаалды түшүндүрүүгө жардам берди.
Фестиваль жыйынтыгында бул спектакль 2-орунга татыды. О.э. “Экинчи пландагы аялзатынын ролу” номинациясында Соня Широкова Мария Гавриловнанын ролу үчүн сыйланды. Ал ролду жумшак, сезимтал жана ишенимдүү алып чыккандыгы менен өзгөчөлөндү. Повесттин негизги кызыгы – Мария Гавриловна сүйүү, күтүү, коркуу жана тагдырдын күтүүсүз бурулуштары аркылуу өтөт. Ошондуктан ал образ көбүнчө “ичинде чоң сезимдер кайнаган, бирок сыртынан тынч көрүнгөн кыз” катары чечмеленет.
“Кашаба” спектакли фестивалда эң күчтүү спектаклдерден болуп, 1-орунга татыды. Бул эмгек КР эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде коюлуп, режиссёр Жаңылай Исакова сахналаштырган.
Спектаклди Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин театр факультетинин 5-курсунун студенттери аткарышты. Алар бул эмгек менен жөн гана окуу ишин эмес, толук кандуу чыгармачылык эмгекти көрсөтө алышты. Негизги каарман – Кашаба аттуу карышкыр. Ал бала кезинде адамдардын колуна түшүп, үйдө чоңойот. Башында мээрим көргөндөй сезилгени менен, кийин ал өз ордун жоготуп, адам менен жаратылыш ортосунда “ортодо калган жандыкка” айланат. Акыры кайра токойго кайтууга аргасыз болот.
Спектаклдин өзөгү анын берген суроосунда. Бул жөн гана жаныбар тууралуу окуя эмес, “ким кимди өзгөртөт, адамбы же табиятпы?” деген суроо. О.э. “чын айбан ким?” деген ой да ачык берилет.
Сахнада актёрлор көп сөздүүлүккө таянбай, дене кыймылы жана эмоция аркылуу иштешти. Кашабанын образы аркылуу жалгыздык, ишенимдин бузулушу жана эркиндикке болгон умтулуу жакшы ачылган. Башкы ролду аткарган Аскат Болотбек уулу бул оор образды ишенимдүү алып чыккан. Жалпы чыгармачылык жамаат ар бири спектаклдин жалпы дүйнөсүн толуктап, адам жана табият ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтүүгө аракет кылышты.
“Гамильтон” мюзикли фестивалда эң көп көңүл бурдурган спектаклдердин бири болду. Аны Т.Жүргенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенттери сахналаштырып, дүйнөлүк деңгээлдеги мюзиклди өз күчтөрү менен жандандырышты. Режиссёр Еслям Нуртазин белгилүү Бродвей чыгармасын жаңы шартта, жаштардын энергиясына ылайык сахналаштырган.
Бул мюзикл негизинен Лин-Мануэль Миранданын дүйнөгө белгилүү “Гамильтон” чыгармасынын негизинде коюлган. Сахнада Америка тарыхы, көз карандысыздык үчүн күрөш жана ошол мезгилдеги адамдардын тагдыры ырга, кыймылга жана музыкага жуурулушуп берилди.
Спектаклдин эң күчтүү жагы – анын энергиясы. Башынан аягына чейин ыр, рэп, бий, жандуу кыймыл биригип, тынымсыз “жашап” турду. Бул жөн гана тарых айтып берүү эмес, толук кандуу музыкалык жашоо сыяктуу.
Башкы каарман Александр Гамильтондун ролун Айкын Бекмухамбет аткарып, каармандын өжөр, аракетчил, эч нерседен артка тартпаган мүнөзүн ишенимдүү чагылтты. Ошол эле учурда анын ички чыңалуусу сезилип турду. Бул ролу үчүн ал “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясына татыды.
Айрыкча студенттердин ортосундагы энергия, бири-бирине жооп берип ойногону спектаклди жандуу кылды. Достук, атаандаштык, сүйүү жана саясаттагы карама-каршылыктар баары музыка менен коштолуп, көрүүчүгө жеңил кабыл алынса да, терең таасир калтырды. Бул спектаклдин дагы бир өзгөчөлүгү – музыкалык коштоосу бай: рэп, хип-хоп, классикалык мюзикл стили, лирикалык ырлар – баары аралашып, бир бүтүн тилге айланды. Көрүүчү бир эле стилди эмес, бир нече музыкалык дүйнөнү бир сахнада көрдү.
Негизинен, бул туюнтма Бродвей сахнасында режиссёр Томас Кайл койгон “Гамильтон” мюзиклинин көчүрмөсү десек ашыкча болбойт. Бирок эң башкысы, студенттер ошол дүйнөлүк деңгээлдеги эмгекти өз мүмкүнчүлүктөрү менен алып чыгып, чоң тайманбастык көрсөтүштү. Фестивалда биринчи орунду да ушул спектакль алды. Бул алардын эмгегине, даярдыгына жана сахнадагы энергиясына берилген татыктуу баа.
“Эшик артында” спектакли фестивалда оор, бирок абдан маанилүү теманы көтөргөн чыгармалардын бири болду. Аны Түркиянын Мимар Синан көркөм өнөр окуу жайынын студенттери сахналаштырып, режиссёр Беркай Эрдоган чыгарманын психологиялык жагын терең ачууга аракет кылган. Спектакль Вольфганг Борхертнин чыгармасынын негизинде коюлган. Окуянын өзөгүндө согуштан кайтып келген Бекман аттуу жоокер. Ал согуштан аман кайтса да, тынч жашоого кайтып келе албайт.
Спектаклдин эң негизги ою: “согуш бүтсө да, адамдын ичиндеги согуш улана берет”. Бекман үйүнө кайтып келсе да, аны эч ким түшүнбөйт. Ар бир жабылган эшик (адамдар менен сүйлөшкөн эпизоддору), бул анын четке кагылганын билдирет. Ошентип ал акырындап жалгыздыкка түшүп, коомдон бөлүнгөн адамга айланат.
Сахнада бул абал абдан тынч, бирок оор атмосфера менен берилген. Кара мата, жабык мейкиндик, кысылган кыймылдар – баары каармандын ичиндеги басымды көрсөтөт. Бирок кээ бир учурда сахнадагы кара мата студенттердин эркин кыймылына тоскоол болуп, оюн бир аз чектелгендей сезилди.
Бекмандын ролун аткарган Эмре Гюркайнак каармандын ички оордугун жакшы алып чыккан. Ал көп кыйкырбайт, көп аракет да кылбайт, бирок анын үнү, көз карашы аркылуу адамдын сынган абалын сездирет. Бул образдын эң күчтүү жери да ушул: тынч ойногону менен, ичинде катуу кыйналуу бар.
Каан Чученоглу, Эльбадан келген кыз (Газель Гольчини), Майор (Чаган Кылычаслан), Режиссёр каарманы (Каан Эркан), Крамер айым (Айтен Оздаш), ар бири спектаклдин дүйнөсүн толуктап турушту. Алар Бекмандын жалгыздыгын дагы күчөтүп, анын коом менен байланышы үзүлгөнүн көрсөтүштү.
Студенттер бул оор теманы ишенимдүү алып чыгышты. Калыстар да белгилегендей: бул окуу жай жыл сайын өсүп, такшалып, тажрыйба байытууда. Ошентип алар “Мыкты ансамбль” номинациясына татыктуу болушту.
“Тагдыр эшиги” спектакли фестивалда жөнөкөй көрүнгөнү менен, ичинде терең ой камтыган эмгектердин бири болуп, Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институту студенттери сахнага алып чыгып, режиссёр Фаррух Эгамбердиев сахналаштырган.
Спектакль Шароф Бошбековдун пьесасынын негизинде даярдалган. Окуя эки кошуна адамдын жашоосу аркылуу ачылат. Алар бири-бирине жакын жашаса да, ички дүйнөсү таптакыр башка. Биринчиси тынч, сабырдуу, экинчиси башкача ой жүгүрткөн, ички тынчтыгы жок адам. Ушул карама-каршылык аркылуу спектакль адам мамилесиндеги түшүнбөстүктү көрсөтөт.
Режиссёр бул чыгарманы ашыкча кооздобой, жөнөкөй сахна менен берген. Эки эле актёрдун катышуусу спектаклди оор эмес, тескерисинче, көңүлдү түз образга бурган формага айланткан. Бул жерде декорация эмес, актёрдун өзү негизги курал болгон. Эки каармандын ортосундагы диалогдор сүйлөшүү эле эмес, ар бир сөздүн артында айтылбаган ой, жашыруун нааразычылык жана ички чыңалуу бар. Кээде алар тынч сүйлөшсө, кээде кайчы чыгып, конфликт күчөйт.
Студенттердин эң күчтүү жагы – дене кыймылы жана тыныгууларды туура колдонушу болду. Кээ бир учурда үнсүз аракеттер сөздөн да көбүрөк маанини берет. Бул режиссёрдун да чоң талабы болгон көрүнөт.
Шахзода Тургунова аялдын ролун аткарып, образды жөнөкөй, бирок ишенимдүү ачып берди. Анын мүнөзү аркылуу жашыруун сезимдер, ичте айтылбай калган ойлор көрүүчүгө жетет. Бул рол үчүн ал “Аялзат ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясы менен сыйланды.
Жалпысынан спектаклди жөнөкөй формада, бирок терең мазмунда өттү дешке болот. Режиссёр ашыкча эффектке барбай, негизги көңүлдү адамдын ички дүйнөсүнө бурган. Студенттер да ошол ойду кармап, образдарды ашыкча жасалмасыз, табигый алып чыгышты. Жыйынтыгында, “Тагдыр эшиги” спектакли фестивалда 2-орунду ээледи. Бул жыйынтык алардын эмгеги, сахнага болгон жоопкерчилиги жана жөнөкөй формада терең ой бере алгандыгы үчүн татыктуу баа болду.
“Каткелди” спектакли фестивалда эң күчтүү, жүрөккө жакын эмгектердин бири болуп, Башбайгени татыктуу жеңди. Аны Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин театр факультетинин 3-курстагы студенттери сахнага алып чыгышты. Спектакль Роза Айтматова жана Асан Ахматовдун эмгеги боюнча даярдалып, режиссёру Ботот Тентимышов согуш мезгилиндеги айыл турмушун чагылдырган.
Спектаклдин негизинде согуш мезгилиндеги адамдардын кайгысы, үмүтү жана тиричилиги көрсөтүлөт. Окуянын өзөгүндө Каткелди аттуу бала турат. Ал фронттон келген каттарды элге жеткирип жүрөт. Сыртынан караганда жөнөкөй иштей сезилгени менен, ар бир кат бир үй-бүлөнүн тагдырын алып келет. Ошондуктан Каткелди жөн гана почтальон эмес, адамдардын кубанычы менен кайгысын алып жүргөн бала.
Каткелдинин ролун Лутфулло Бектурсунов аткарып, образды өтө жөнөкөй, табигый алып чыккан. Ал ашыкча эмоция кылбай, бирок көз карашы, жүрүшү аркылуу чоң жоопкерчилик көтөрүп жүргөн баланын ички дүйнөсүн жакшы көрсөттү.
Мемигүлдүн образын Гүлназ Уланбек кызы аткарып, спектаклдин эмоционалдык жагын күчөттү. Анын “мен да согушка барам” деген сөзү көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Бул жөн гана фраза эмес, ошол мезгилдеги адамдардын кайраты, намысы жана айласыз чечими катары угулду.
Тылдагы аялдар, жоокерлер жана жалпы элдин көрүнүштөрү спектаклдин фонун түзүп, согуш мезгилиндеги оор турмушту жандуу көрсөтүштү. Жалпысынан студенттер бул спектаклди чынчылдык менен, ашыкча жасалмасыз ойношту. Эң күчтүү жагы, алардын бир ансамбль болуп иштегени. Ар бир кат, ар бир көрүнүш аркылуу көрүүчү согуштун оордугун эле эмес, адамдардын үмүтүн да сезди.
Ошондуктан “Каткелди” жөн гана спектакль эмес, адам жүрөгүнө тийген, ойлондурар чыгарма катары кабыл алынып, Башбайгеге татыктуу болду.
“Таштабачы, апаке!” спектакли фестивалда эң жүрөккө тийген, оор теманы көтөрдү. Аны Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин театр факультетинин 2-курсунун студенттери сахналаштырган. Чыгарманын автору Айгиз Баймухаметов, ал эми режиссёрлору Адилет Дамир уулу жана Асамидин Арыналиев.
Спектакль 16 этюддан түзүлүп, ар биринде өзүнчө баланын тагдырын ачат. Балдар үйүндө чоңойгон өспүрүмдөрдүн жашоосу көрсөтүлүп, алар сыртынан тынч көрүнгөнү менен, ичинде канчалык оор сезимдер жашаганы ачылат. Бул жерде ата-эне мээрими жетпеген балдардын жалгыздыгы, күтүүсү жана “таштап кетпесең экен” деген ички үнү негизги орунда.
Фарит (Калыс Муратбек уулу) образы өзгөчө эсте калды. Ал кээде катуу, кээде түшүнүксүз көрүнгөнү менен, ичинде чоң боштук бар. Бул каарман жөн гана татаал мүнөз эмес – ал оорукчан, жашоого алсыз, корголбогон бала. Анын тагдыры спектаклде абдан оор аяктайт, балдар үйүндөгү чыңалган абалдын ичинде Даяндын (Даниел Кебеков) колунан терезеден кулап, каза болот. Бул көрүнүш спектаклдин эң оор, эң жүрөк өйүткөн учуру көрүүчүлөрдү катуу ойго салат. Ушул ролу үчүн Калыс Муратбек уулунун “Экинчи пландагы эркектин ролу” номинациясын алышы толук негиздүү.
“Экинчи пландагы аялзатынын ролу” номинациясы менен Айназик Аскатбекова “Таштабачы, апаке!” спектаклиндеги Розанын ролу үчүн сыйланды. Роза мээримдүү, түшүнүктүү, балдардын тагдырына кайдыгер карабаган аял. Ал катуу сүйлөп, буйрук берген каарман эмес, тескерисинче, жылуу сөзү менен таасир эткен адам. Айрыкча Илязга жол көрсөтүп, “университетке тапшыр, колуңдан келет” деп ишеним бергени анын адамдык сапатын көрсөтөт. Роза бул жерде жөн гана каарман эмес, балдар үчүн үмүт берген, ишеним жараткан образ. Айназик Аскатбекова бул ролду ашыкча жасалмасыз, жөнөкөй жана ишенимдүү алып чыккан. Анда жумшактык, кыймылында токтоолук бар. Ошол аркылуу ал Розанын мээримин, ичиндеги камкордукту көрүүчүгө жеткирет. Анын оюну көзгө уруна бербегени менен, акырын таасир берип, эсте калган образ жаратты.
Студенттердин эң күчтүү жагы – ансамбль болуп иштеши. Бири-бирин сезип, толуктап, сахнада бир бүтүн дүйнө жарата алышкан. Ашыкча жасалма эмоция жок, бардыгы мүмкүн болушунча чыныгы сезимге жакын.
Жыйынтыгында, “Таштабачы, апаке!” спектакли фестивалда 3-орунду ээледи. Бул алардын эмгегине, чынчыл оюнуна жана коомдогу оор маселени ачык көрсөтө алганына татыктуу бааланды. Бул спектакль жөн гана көрүлүп унутулчу чыгарма эмес, көргөндөн кийин көпкө ойлондурган, жүрөктө калган эмгек десек болот.
“Винета же чөккөн шаар” спектакли фестивалда онлайн форматта көрсөтүлгөнүнө карабай, өзүнүн идеясы менен көңүл бурдурган иштердин бири болду. Аны Азербайжан Мамлекеттик Маданият жана искусство университетинин студенттери сунуштап, режиссёр Микаил Микайлов сахналаштырган.
Чыгарма Юра Зойфердин пьесасынын негизинде даярдалган. Окуя чөгүп кеткен, бирок өздөрү аны байкабай жашаган шаар тууралуу. Сыртынан караганда адамдар кадимкидей эле жашап жүргөндөй сезилет. Бирок чындыгында алар чоң кырсыктын ичинде экенин түшүнүшпөйт. Режиссёр бул чыгарманы түз эле көрсөтпөстөн, символикага таянган. Башкача айтканда, ал “шаар чөгүп кетти” дегенди түз айтпай, адамдардын жүрүм-туруму, абалы аркылуу көрсөтүүгө аракет кылган. Бул ыкма спектаклди кызыктуу кылат, бирок ошол эле учурда көрүүчүдөн ойлонууну талап кылат.
Калыстар белгилегендей, спектаклдин идеясы күчтүү. Ал бүгүнкү күнгө да тиешелүү, адам кээде айланасында эмне болуп жатканын байкабай, өзү көнгөн жашоосу менен эле алек. Ушул ой жакшы берилген.
Соңунда “Винета же чөккөн шаар” спектакли фестивалда 3-орунду жеңди. О.э. режиссёр Микаил Микайлов “Мыкты эксперимент” номинациясы менен сыйланды. Бул алардын жаңы форма издеп, башкача жол менен ой айтууга аракет кылганына берилген баа.
“Жаңы ысымдар” эл аралык студенттик театр фестивалынын деңгээлин аныктаган күчтүү, кадыр-барктуу калыстар тобу болду. Ар бир мүчө театр тармагында чоң тажрыйбасы бар, искусствону терең түшүнгөн адис катары фестивалдын сапатына чоң салым кошту.
Калыстар тобунун төрагасы, КР эл жазуучусу, театр таануучу, искусство таануу илимдеринин кандидаты Жаныш Кулмамбетов, КР эл артисти, профессор, көркөм окуу жана сахна кеби боюнча адис Калича Сейдалиева, белгилүү сүрөтчү, түрк дүйнөсүндө таанылган Садыр Ниязакунов, театр таануучу, ГИТИСтин окутуучусу Елена Медведева (Орусия), Азербайжандан философия жана искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, театр таануучу Исрафил Исрафилов, Өзбекстандан философия илимдеринин доктору (PhD), доцент, Искусство таануу институтунун өкүлү Анвар Исмоиловдор болду.
Ушундай күчтүү, ар тараптуу калыстар курамы фестивалдын жогорку деңгээлде өтүшүнө чоң салым кошту. Алар ар бир эмгекке жөн гана баа бербестен, терең талдоо жүргүзүп, жаш таланттарга багыт берип, алардын өсүшүнө дем бере алышты.
“Жаңы ысымдар” фестивалы быйыл да ар түрдүү, мазмуну терең, бири-бирине окшобогон спектаклдерди чогулткан чоң чыгармачыл аянтча болду. Ар бир окуу жай өз үнүн, изденүүсүн алып келип, сахнада жаштардын кандай деңгээлде өсүп жатканын көрсөтө алды.
Жалпысынан фестиваль бир нерсени так көрсөттү, жаштардын изденген, ойлонгон, айта турган сөзү бар. Ар бир спектакль идеалдуу болбосо да, ар биринде чындык, аракет жана өсүү бар. Эң негизгиси – бул фестиваль жөн гана сынак эмес – тажрыйба, жолугушуу жана келечекке кадам. Сахнада жаңы ысымдар пайда болууда. Балким бүгүн көргөн ушул студенттер эртең чоң театрдын жүзү болуп чыгат.
Фестиваль бүткөнү менен, андагы ойлор, көргөн образдар дагы узакка чейин эстен кетпей, көрүүчүнү кошо “ойлонууга” алып жүрөт.
Жашасын, театр!
Жашасын, “Жаңы ысымдар!”
Дастан Чыныбек уулу
Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин театр факультетинин, театр таануу адистигинин 2-курсунун студенти.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR