Эмне үчүн «Биз билбеген Борбор Азияны» окушубуз керек?

  • 01.06.2026
  • 0

11-июнда окурмандардын колуна өзгөчө эмгек тиет. Павел Назаровдун «Биз билбеген Борбор Азия – кенбайлык уюгу!» аттуу китеби жөн гана эскерүү эмес. Бул – биздин тарых тууралуу түшүнүгүбүздү кайра карап чыгууга аргасыз кылган сейрек документ.

Көпчүлүгүбүз Борбор Азиянын XX кылым башындагы тарыхын советтик окуу китептери аркылуу гана таанып келдик. Андагы окуялар бир өңчөй сүрөттөлүп, жеңүүчүлөрдүн көз карашы гана үстөмдүк кылган. Ал эми Павел Назаров ошол окуялардын чок ортосунда жүргөн адам катары таптакыр башка сүрөттү тартат. Анын баяндоосунда Түркстан — географиялык гана эмес, саясый жана цивилизациялык күрөштүн борбору болгон чөлкөм катары көрүнөт.

Бул китептин эң баалуу жагы – анда башка булактардан дээрлик кездешпеген маалыматтар арбын.

Маселен, автор бүгүнкү Кыргызстан менен Казакстан тоолорун, өрөөндөрүн аралап жүрүп, жез, күмүш, көмүр, мунай, алтын жана асыл таштардын кендери тууралуу жазат. Ал Тянь-Шанды кыдырып жүргөндө: «Не деген бай өлкө, жан корчолоп качып бараткан адам да кен байлыктардын уюгуна чалынып жыгылат!» – деп таңгалат. Биз азыр гана стратегиялык байлык деп жүргөн көп кендер тууралуу ал мындан жүз жыл мурда эле сөз кылган.

Дагы бир кызыктуу жагдай – автор кыргыздар, казактар, өзбектер жана тажиктер менен аралаш жашап, алардын тилин, салтын, дүйнө таанымын ичинен байкаган. Анын жазгандарынан көчмөндөрдү «жапайы талаа эли» катары көрсөтүүгө көнгөн империялык түшүнүккө каршы пикирлерди жолуктурабыз. Назаров көчмөндөрдүн дүйнөлүк тарыхтагы ордун жогору баалап, алардын цивилизацияларга тийгизген таасирин кеңири сүрөттөйт.

Китептин дагы бир өзгөчөлүгү – бул жөн гана тарых эмес, укмуштуу окуяларга бай өмүр баяны. Автор болшевиктердин куугунтугуна кабылып, өлүм жазасын күтүп түрмөдө отурат. Кийин Ташкенттен качып чыгып, Пишпекте жашынып жүрөт. Андан соң Нарын аркылуу Кытайга өтүп, Кашкарга жетет. Кийин Каракорум менен Гималайды ашып Индияга чыгат. Мындай окуялар кээде тарыхый эмгектен көрө мыкты детективди эске салат.

Айрыкча кыргыз окурманы үчүн Пишпек тууралуу барактар өзүнчө кызык. Назаров азыркы Бишкек шаарынын жүз жылдан ашуун мурдагы көрүнүшүн, анын айланасындагы тоолорду, өрөөндөрдү, адамдардын турмушун күбөнүн көзү менен сүрөттөйт. Бул биз үчүн кадимки архивдик сүрөттөрдөн кем эмес баалуу күбөлүк.

Китепте дагы бир олуттуу суроо көтөрүлөт: эмне үчүн Борбор Азия сыяктуу бай аймак дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кошула алган жок? Автордун пикиринде, табигый байлыктарды таанып-билбөө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн толук баалабоо бул суроонун жоопторунун бири.

Албетте, Павел Назаров абсолюттук чындыкты айтып жатат деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал өз доорунун, өз көз карашынын өкүлү. Бирок дал ушунусу үчүн анын китеби баалуу. Тарыхты түшүнүү үчүн окуянын бардык катышуучуларынын үнүн угуу зарыл. Советтик версияны көп окуганбыз. Эми ошол эле окуяларга башка тараптан караган күбөнүн үнүн угууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

«Биз билбеген Борбор Азия – кенбайлык уюгу!» – бул өткөндү гана баяндаган китеп эмес. Бул бүгүнкү күнгө да суроо таштаган эмгек.

Биз өзүбүздүн өлкөбүздү канчалык билебиз? Ата-бабаларыбыз жашаган мейкиндиктин тарыхын канчалык түшүнөбүз? Биз ээ болуп турган байлыктардын чыныгы наркын аңдайбызбы?

Павел Назаровдун китеби дал ушул суроолорду берүүгө мажбурлайт.

Ошондуктан бул китепти окуу – жөн гана тарых барактоо эмес. Бул өзүбүздү жана өзүбүз жашаган чөлкөмдү кайрадан таанып-билүүгө жасалган саякат.

P.S. Аталган китептин бетачар аземи 11-июнь, саат 16:00дө “Технопаркта” (Бишкек ш., Горький, 1/2) өтөт.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз