АҢГЕМЕ
Азамат Айдананы биринчи жолу университеттин китепканасынан көргөн.
Кыздын сулуулугу көзгө дароо урунар эле, бирок Азаматты өзүнө тарткан анын жүзүндөгү назик кайгы болчу. Кээ бир адамдар күлүп турса да көздөрү муңайып турат эмеспи. Айдана ошондой кыз эле.
Экөө акырындап жакындашты. Китеп, кино, театр жөнүндө сүйлөшүп жүрүп эле, сүйүүнү кеп кылып калышты көбүрөк...
Бир күнү экөө шаар четиндеги сейил бакта отурушканда:
— Билесиңби, кээде адам тагдыры өзү кылбаган күнөөлөр үчүн жазалангандай сезилет, — деди Айдана.
— Сенин эч кандай күнөөң жок.
— Аны кайдан билесиң?
— Анткени мен сени сүйөм.
Айдана жылмайып гана койду. Ошол жылмаюу Азамат үчүн дүйнөдөгү эң чоң бакыт болчу.
— Театрга баралычы, — дечү Айдана.
— Азыр ким театр көрөт?
— Ошол үчүн баралы.
— Эмнеге?
— Анткени дүйнөдө акча таппаган, бирок адамды адам кылып турган нерселер бар.
Азамат анда бул сөздүн терең маанисин түшүнгөн эмес.
Күздүн акыркы күндөрүнүн бири. Азамат Айдананын үйүнө келди. Эшик кулпулуу экен. «Күтө турайын» деп короодогу отургучка олтурду. Кеч кирип калды. Бир маалда каалгасы ачык терезеден аялдардын үнү угулду.
Адегенде кадимки эле таарынычтай сезилди. Бирок күтүлбөгөн сөз Азаматты селт эттирди.
— Ооба! Ооба, сен сойкунун кызысың! — деди аялдын үнү титиреп. — Мен сени кимден төрөгөнүмдү билбейм!
Унчукпай калган тынчтыкты кыздын ыйлаганы бузду.
— Апа...
— Ук! Бүгүн баарын ук! Жылдар бою жашырдым. Бирок бүгүн угасың!
Азамат ордунан тура калды. Кетип калгысы келди. Бирок буттары жылбады.
— Сен мени азыркыдай көрүп жүрөсүң. Чарчаган, картаң аял катары. Бирок мен бир кезде театрдын жылдызы элем, кызым...
Аялдын үнү акырындап жумшара түштү.
— Зал толо көрүүчү болчу. Эл гүл көтөрүп келчү. Кол чаап турушчу. Мен сахнага чыкканда эл ордунан турган учурлар болгон.
Айдана үн каткан жок.
— Бирок гүл курсак тойгузбайт экен.
Терезе тараптан оор үшкүрүк угулду.
— Токсонунчу жылдар келгенде театрдын эшиги ачык болгону менен казынасы бош калды. Айлыгыбыз бир мүшөк унга жетчү эмес. Айлап берилчү эмес. Эл мурдагыдай спектакль көрбөй калды. Баары базарга чуркады.
Аял токтоп калды.
— Мен болсо артист элем. Соода кылганды билчү эмесмин. Атаңар экөөбүз ажырашып кеткенде... Иниң экөөң кичинекей элеңер... – Үнү каргылданып чыкты. — Кээде үйдө бир кесим нан калчу эмес. Экөөңөр уктап жатканда отуруп алып ыйлаган күндөрүм канча.
Азамат терезеден көрүнбөгөн караңгылыкка тигилип калды.
— Эл сүйгөн актриса болчумун. Көчөдө таанып, сүрөткө түшүшчү. Бирок ошол эле күнү үйгө келип, балдарыма тамак таба албай отурчумун.
— Анан?.. — деди Айдана шыбырап.
— Анан турмуш мени сындырды! Түшүнөсүңбү?! – үнү буулугуп угулду.
Узакка созулган жымжырттык орноду.
— Бир күнү бирөө... сунуш айтты. Бир түн үчүн менин бир айлык маянама тең акча сунуштады.
Айдана буркурап ыйлап жиберди.
— Жок, апа...
— Ооба. Мен макул болдум.
— Эмнеге?
— Анткени эртеси силер ачка ойгонбошуңар керек болчу.
Аял эми өзүн актабай сүйлөп жаткандай эле. Тескерисинче, өкүм чыгарып жаткандай туюлду.
— Мен жалгыз эмес элем, кызым. Ошол жылдары канча мугалим базарда араба түрттү. Канча инженер көмүр сатып калды. Канча акын... жазуучу сөөк аңдыган ит кейпине түштү... Ачка калды эл...
— Бирок сен...
— Ооба, мен сойку болдум.
Бул сөздү ал ушунчалык түз айтты, Айдана да, сыртта турган Азамат да денеси дүркүрөп кеткендей болушту.
— Бирок мени ошол жолго түрткөн ким эле? Театрда өмүрүн өткөргөн адамдар эмнеге кайырчы болуп калды? Эмнеге элдин рухун багып келген өнөрпоздор өз балдарын бага албай калды?
Үнү улам катуулай берди.
— Эмнеге сахнада Шекспирди ойногон артист көчөдө нан сураган абалга жетти? Эмнеге бир күндө чыккан жеңил ырлар миллион тапты да, өмүрүн искусствого арнаган адамдар унутулду?
Терезеден аялдын ыйлаганы угулду.
— Мен өзүмдү актап жаткан жокмун, кызым. Болгону сен билип алгының... кантип чоңойтконумду силерди. Кээде адам күнөөкөр болбой туруп да күнөөлүү көрүнүп калат.
Азаматтын көздөрүнө жаш тегеренип кетти муну угуп. Анын алдында бүтүндөй бир доор тургандай болду. Театрдын муздак грим бөлмөлөрү. Айлыгы берилбеген артисттер. Курсагы ач балдар. Үмүтү сынган адамдар.
Жана ошол адамдардын арасында сулуу актриса. Эне. Аял. Адам.
Бир аздан кийин эшик ачылды. Айдана сыртка чыкты. Көздөрү кызарып кетиптир. Азаматты көргөндө селт эте түштү.
— Сен... качан келдиң?
— Бир топ болду.
Кыздын өңү кубарып кетти.
— Баарын уктуңбу?
— Баарын.
Айдана башын жерге салды.
— Демек... эми мени жек көрөсүң.
Азамат акырын анын колдорун кармады.
— Жок.
— Мен сойкунун кызымын.
— Сен чыныгы эненин кызысың.
Айдана үн катпай калды.
— Сени жарык дүйнөгө алып келген, ачкадан сактап калган, өмүрүн курман кылган аялдын кызысың.
Кыздын көздөрүнөн жаш агып кетти.
— Бирок менин атам ким экенин билбейм...
— Анын ким экени маанилүү эмес.
— Анда эмне маанилүү?
Азамат анын көздөрүнө тик карады.
— Сенин ким экениң.
Кыз ыйлап жиберди.
Азамат аны кучагына кысты. Ошол учурда терезенин жанында турган аял экөөнү көрүп турду.
Көп жылдан бери биринчи жолу жүрөгүндөгү оор жүктөн бошонуп, жеңилдегендей болду. Анткени адамдардын тагдырын коом жаралай алат, бирок адам жүрөгүн сүйүү гана айыктырат тура.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR