АҢГЕМЕ
– Ыйык никеңерди кыйууга молдо келди, – дешти.
Үй бурчунда ак жоолукту башынан улам сыйрып салган кыздын колдору көк ала, сыйрылган. Үйдөгүлөрдүн баары ага бейтааныш.
Кызды сомодой жигиттер улактай бөктөрүп, улкуп-жулкуп эле машинеге тыгышкан.
Ал улам жырткычтан корунгансып, жанына эч кимди жакындатпады. Бирок кемпир-кесектер аны улам жоолук салып жүдөтүштү. Кыз өжөрлөнүп улам силкинет аларга.
Көп өтпөй молдоке келди.
Арыда кемпир-кепшелер кобуранат улам:
– Ыйлап-ыйлап басылат…
– Ии ботом, бизди деле ала качып келишкен, өлбөдүк ко…
Колунда тесме чубурткан молдону тиктеген кыз кекенип отурду ичинен: “Алланын аты менен нике кыйгыдай ким экенсиң?!”
Молдо кобуранды жанындагыларга:
– Курандын, пайгамбардын, ыймандын сөзүнөн чыкпайбыз…
– Макул эместигимди укпай туруп нике кыйуу – ыймандын атына жамынган зомбулук эмеспи? – деди кыз молдону суракка алгансып.
Баары тил-ооздон калды. Баары кыздын оозун тиктеп, төбөдөн чагылган ургандай селейишти.
– Мендей миңдеген кыздардын көз жашынан коркпой нике кыйуу – Алланын осуяттарын булгабайбы?! – кыздын көзү – от, сөзү – чок туюлду.
Кемпирлердин келмелери ооздон учту. Жакаларын уучтады.
– Мынабул апалар! – деди сөөмөйү кемпирлерге сайылган кыз: – Адам тагдырын аябас силер да зомбулукка, кылмышка тилектешсиңер! Мыйзам алдында, Кудай алдында баарыңдын күнөөңөр кечирилгис! – деди өкүм үнү.
Жырткычтар менен кармаша тургансып ордунан обдула турду кыз:
– Агер ак жоолукту менин көз жашыма карабай салабыз десеңер – ушул да салтпы?! Молдоңор менин макулдугума карабай нике кыйса – бул да динби?! Ушул жердеги апалар мени зөөкүрлөр ала качып келгенин салт десеңер – ушул да акылбы, наркпы?!
Баарын калтыратты бул сөз. Абаны да калтыратты кыздын үнү. Кылымдарды калтыратты.
Тарыхты бүжүрөгөн бечарага айлантты чечкиндүү кыздын үнү.
Март, 2025-ж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR