Айдай Бекбоева: Акмаржан

  • 22.06.2026
  • 0

Кичинекей Акмаржандын көп китептери бар. Ар бир китеп анын жан дүйнөсүнө жаңы боёк кошчу. Бүгүн жер эне жөнүндө китеп окуду. Анан колуна шляпасын кармалап, ойго чөмүлдү.

— Жер эне кандай кооз, ээ. Миң түркүн гүлдөр өсөт, — деп өзүнчө шыбыранып, анан көзүн жумду...

— Курбуларым көрүшсөчү... – көзүнөн жаш тегеренди.

— Сен эмнеге ыйлайсың? — деди мээримдүү үн.

— Эмнеге мен башка балдардай боло албайм? Дарылануу качан бүтөт? — деди титиреген үн менен.

Бир азга жымжырттык өкүм сүрдү.

— Эми мени менен эч ким ойнобойт! Мен эми аларга кызыксызмын. Чачым да жок.

— Ыйлаба, сен өзгөчө сулуусуң! — деп үн кайра угулду. Мен өз нурумду сага белекке берем. Сенин каалооңду аткарат. Өзүң танда!

— Ай, иий! Кандай сонун! Мен өзүм болгум келет, — деп Акмаржан жадырай түштү.

Анан дагы бири… дагы бири…  

Көп өтпөй анын башында чач эмес, түрдүү гүлдөр термелип турду.

Кызык, Акмаржан кубанса — гүлдөр бажырайып ачылат, ал капаланса — баары жабылып калат.

Акмаржан алгач бул сырды эч кимге айткысы келбеди.

— Узун, кыска, тармал... маанилүү эмес.

— “Карагыла! Мен, мен каалагандай! Карагылачы! Кандай болсом, ошондоймун!”

— Мен жөн гана өзүммүн, — деди Акмаржан.

Эшикке чыгып, асманды карап, терең дем алды. Күн нуруна жылмайды.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз