АҢГЕМЕ
Кадыбайды кыл мерген дешет. Качанкы бир каатчылык маалда тоого аң уулаганы жалгыз чыгып, атып алган аңдары менен элин бакчу. Бирок азыр ырасы, токсон эмес, жүз онго толгон курагы. Аска-зоодон кайберен издебей, жер кыдырбай калган убагы. Кылымдан эчак ашса да, акылы мол, кем сөздүү, бирок булчуңу чымыр, кайраттуу.
Жүзгө толгон чагында аш-тойго каттап, эл аралаган маалында жашын сүрүштүргөн ээн ооздордун соболу аны тажатты. Жакпады ага, кылымдан ашык жашаганына чын жообун уккандардын “о-хо-о”, “о-ху-у” дешип, таңыркаша шакаба чегип, ооздорун чоюшат. Бирок ээн ооздордун кебине иренжиген жок. Кыймылы шайдоот. Эми короо-багын аралап – эртели кеч көрүп-билип, бакканы. Билектей гана бою бар. Узак жашаган сырын сураган адамга: “Кишинин акысын жебей, ушак-айыңга чендебей, эч кимге муштум кесебей, ичимдик ичпей, таза жүрсөң – миңге да жетесиң,”– деген сөзү даяр мергендин. Эстутуму тунук. Суроого түз, кыска жооп берип, бузук ою жок. Башкарма болгон кезинде ууруларга бир баш буудай алдырбай, кырманды жалгыз коруп, сагыр-жесирлерге боору ооруп, бүтүндөй дубандын элин бакканы да чындык.
Токсондон оогон чагында өзү багып, өзү токуган күлүгүнө чабандестей шак ыргып минет. Жоргосун текирең таскак салдырып, шамал менен жарышып, чаап кетет. Ошо чакта жок издегендер менен кездешет. Көк бөрү, байге чабыш, ат жарыш, эр оодарыш оюндардан эзели калбайт. Ошентсе да, анын арманы аттын башындай: үйүндө бала турбады. Жараткан бул жагынан ага ырайым кылбады. Соо чагында сыр бербегени менен бозого тоюп алганда, алагүү болуп калганда ичинен сызып, муң-кайгы тартат.
Кейип-кепчип, адамга байкатпай көзүнөн жаш сызылтат. Мындайда Кадыбайдын байбичеси да үнсүз мелтиреп, жер карайт. Кырчылдаган кыз кезинде мергенчинин астанасын аттаса да, байбиченин согончогу канабады. Мергендин андан мурда, оболу алган зайыбынын ичинде түйүлдүк турбай, бөбөгү биринин артынан бири жансыз түшүп, багы ачылбай, баш ачкан тун аялынан да ажырады. Ордо бузар отуз жаш курагында үйлөнгөн ошо жары, болгону жалгыз уул төрөгөн, анык сыягы.
Өрөөндөгү бий чыкмалар чөлкөмдү жаңы ажо аралаары тууралуу кабарды угуп, дүрбөп калышты. Ага сый иретинде сөзсүз жолборс же илбирс ичик жаап, астына аюу талпак төшөө тапшырмасын алышты. Каадалуу мейманга аталган кем-карчты издеп, Кадыбайдын тоодогу боз үйүнө улуу-кичүү эки бий чыкма барышты. Алар: “Аюу талпак, илбирс же жолборс ичик, карышкыр тон, тебетейлик суусар табылса, жалгыз ушу кыл мергенде гана болот. Аюу, жолборс, илбесин, сүлөөсүндүн ийин жолун ошол гана тосот” – деген ойго токтолот. Экөө бирок мергенчини турагынан таппайт.
Даяр оокатка көнгөн немелердин буту Кадыбайды кокту-колоттон издөөгө тартпайт. “Кур дегенде жатар конокко келер” –деген үмүт менен жолун акмалап, жамбаштап жатып калышат.
Кыл мерген күн батарга чукул көк-буурул күлүгүн минип кайтат. Бий чыкмалар: “Улуу тоого чыккан ушул улук. Улар үнүн уккан ушул улук. Уудан кайтса, чарчап-чаалыккандыр”– деп ойлошот. “Чарчоосу менен чаңкоосун чырсылдаган торгой көз таруу бозо жандырар”– деп болжошот. Кадыбайга жүзүн тамылжытар, куйрук кошулган бозо куюп беришет да, дегдеген максатын козгошот.
Кыл мерген бий чыкмалардын ажосуна көрсөтөр жасакерлигин жактырбайт. Бий чыкмалардын курагы эр ортонунда экенин чамалап, аларды эркелете баш чайкап:
–Балда-ар! – деп сылык-сыпаа үн чыгарат. – Ушу бизде жагымпоздук качан калат? Карасаң, жалаң бий-болуш, манап, казы, молдолор менен конокторго бүт айыл жасакерленип, күнү-түнү кызмат кылабыз. Аларга өзүбүз ооз тийбеген уча, казы-карта, чучук, бешбармактан тарта оокат-ашты ченемсиз төгүп, тасмалды ат майдандай кенен жаябыз. Жатар аяк, тырп этмей, турар аягын да сунабыз. Келеринде жарым айлык жолдон күтүп, ыр-бий, шаан-шөкөт, чачыла менен тосуп алабыз. Кайтаарында үйүр-үйүр жылкы, короо-короо бодо, кой-эчкилерди алдына салып, кошомат кылып, алты кырдан ашыра узатабыз. А карапайым адамга бейиштин ашын көрмөк бар да, ичмек жок. Букарага супсак мамиле кылабыз. Бир боор эл болгон соң, алакчылабай, баарын кучагыбызга бирдей тартканыбыз оң. Алардын кайгайын да тарталы. Эл башы дегендерге качангече жүгүнүп, ийилип турабыз? – дейт Кадыбай, тигилердин жалынганына карабай. – Чынында силер самаган аңдардын териси менде калбаган.
Бий чыкмалар биринен бири озуна жүгүнүп, колдорун төшүнө уруп, таазим кылып:
– Бай аке, колуңуз кур калбайт. Бычкан бааңызды таап беребиз. Акыңызга мамыда байлануу турган тээтиги кош жоргону минесиз. Жолборс ичик, суусар тебетей табылса, куттуу төрүбүзгө кайрылып өтөр ажого кийгизебиз. Жок дегенде аюу болсо да, атып бериңиз. Анын талпагын кан сарайына илебиз, – деп жалбарышат.
Кадыбай макул болбойт. Алакандай тегиз жер түгүл таза абалуу, мөлтүр суулуу тоо-токой да жагымсыз жыттарга ууланганын ойлойт. Кыялында мал башы көбөйүп, жайлоо жайдакталган: эт үчүн делинип, бөкөндөр менен сайгактар атылып кырылган. Кен тапмакка асыл жер коңторулуп, тоо-токой мүлдө казылган. Көчкүлөр жүрүп, булактын көзү жабылган. Мөңгүлөр эрип, аскаларда кар турбай, тоодон акактай мөлтүр суу кан буугандай тартылган.
Ушуларга жаны кейийт мергенчинин. “Адам баласы жырткычтан бетер сугалак тура! Жерди оюп, асманды да коруп, аска-зоону жонуп, байлык издегенин кара! Буларың мындай ач күсөндүгү менен биздин гана эмес, адамзатка тыбыра-тибире болчу жети ата өткөн жакындарынан аркы урпактарга да эчтеке койбойт. Жерди кордогон – жердин коруна, элди кордогон – калктын коруна калат. Чөптү кордосоң, көзгө зыян. Сууну барктабаган, кургакчылыктан түйшүк тартат. Кушту түгөткөн, канатынан айрылат. Эмнени кор тутса, ошонун коруна, кусуруна калат”. Ушуну ойлоп көңүлү чөгүп, аң уулоону таштаганын айтат:
– Киши тургай, жаныбарларга да катылбайлы! Алар да кудум адам баласындай жашоого жаралган. Тили жок макулуктарга кол көтөргөн, тукумун куруткан адам оңбойт. Ага өзүм күбө. Кала берсе, бугу-марал, эликтерди туягынан уучтап кармаган мобу колдорум менен оозунан ок учкан, мынабу ак бараңым күбө. Жаныбар аттууну жайраткым келбейт бөөдө. Тоо-таш кезип, аркар-кулжа, жолборс-илбирс, аюу, бугу-марал, элик атып жүрүп, айылды эптеп багыпмын. Жаштык кылып, алаңгазарлык кылып, жаныбарлардын каргышына калыпмын.
– Кандайча? – деп жабыла сурашат берки экөө.
Мерген жашылданган көзүн сүртүнө:
– Оокат-аштын айынан же мени “Бу жоругуңду токтот” деген киши болбоптур, – деди эстеп алып, пенделерге тийгизген керегин. – Сурадыңар, эми айтып берейин! Күндөрдүн биринде, күлүктөй учкан кезимде ээн токойду аралап, кылтагыма эч нерсе илинбей, кур кол кайтып келаткам. Капыстан эле көк-жашыл арча, кызыл карагайлар сейректеп калды да, бопбош турган кең аянтка туш болдум. Айланага карасам, аянттын ар кай жеринде, дөңкөйгөн таштардын четинде күрөң аюунун жону көзгө чалынды. Жанында ээрчиткен эки мамалагы жүрөт. Бөкчөңдөп жүрүп отуруп, жакын бардым. Үйдөй ташка далдаланып, аюуну кароолго алдым. Ал ок-дарынын жытын сезе калдыбы, мени көздөй утурлай келип, “атпа, атпа” дегенсиди, Көзүнө жаш ирмелип, баш чайкап, колдорун ары-бери серепчиледи. Анан мамалактарын колтугуна кысып, качып жөнөдү. Ал менден узаган сайын артына улам бурулуп караганда, көзүнөн жаш куюлуп баратканын байкадым. Эчтекени ойлобой туруп, адегенде аюунун кароолго илинген мамалагын атып сулаттым. Мамалак кыңшылаган бойдон бүк түштү. Кийинки огум анын энесинин жамбашына тийди окшойт. Аюу ачуу чаңырып, өз жамбашын өзү тиштеп алды да, аксаңдап качып жөнөдү. Ошентип, экинчи мамалагын ээрчитип, кутулуп кетти. Өлгөн мамалактын терисин сыйрып алып, үйүмө кайттым.
Арадан жарым ай өткөн жок. Колумдагы чырактай жалгыз уулум ооруп жатты. Үч күн бою ысытмасы басылбай, төртүнчү күнү ал эрмегим колдон учту. Кийин жубайымдын койнунда бала турбады, жансыз түштү. Үч-төрт жылдан кийин үйдө жок экенимди сезгенби, ошол ургаачы аюу түнкүсүн келип, колуктумду жетелеп кетти. Үңкүрүнө камап, түнкүсүн билегинен кармап жатчу экен. Үңкүрүндө адамга керектүү тамак-аштын бардык түрү камдалып коюлган имиш. Зайыбым айласын таап, аюу уктап жатканда, үңкүрдүн оозун тоскон капкакты эптеп жылдырат да, араң качып чыгат. Изин туш келди жашырып жүрүп, босогосуна эки шаты менен араң чыккан башка бийик үңкүргө жетип жашынат. Аюу артынан кууп келгенде, шаты менен үңкүргө чыга бергенде, аялым шатыларды аңтара тээп кулатат. Ошентип, жырткычтан аман калат. Жубайым баш калка туткан үңкүрдүн төбөсүндө бээнин эмчегиндей, кош үрптүү таш бар экен. Ошол эмчектен кадимки сүт даамданган суу тып-тып таамп туруптур. Колуктум бир нече күн ошо бээ эмчектин сүтү менен жанын багыптыр.
Колот-коону аралап, бир нече күн жок издеп жүрдүм. Бийик аскадагы үңкүрдүн оозунан мага кол булгалап, мени чакырган кызыл көйнөк аялымдын караанын көрдүм. Ага жетип барып, үңкүрдүн ылдыйында ары-бери кайсактап жүргөн эне аюуну атып алгам. Анын талпагын кайсы бир башкарма сураганынан ага карматкам. Бир болсо, ошондон кайра сатып алсаңар болот, – деп аңгемесин бүтүрдү Кадыбай мерген.
Ал айткандай бий чыкмалар аюнун талпагын башкарманыкынан таап алышып, ажонун алдына салышкан экен.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR