Саади Ширази: Падышанын каалоосу тилемчиникинен да көп (икаялар)

  • 22.07.2026
  • 155

Башы мында>>>

29-ИКАЯ

Инсандардан ким бактылуу, ким бактысыз? Бирөөлөр жерде сүйрөлүп жатса, бирөөлөр тактыда чалкалап жатат. Бираз сабыр кылсаң көрөсүң, алардын баары чирип топурак болгонун. Ошол кезде кул менен падышанын эч бир айрмасы болбой калган сыяктуу эле, такыбалар, алымдар жана түркөйлөрдүн абалы да бирдей.

Оомат колдо турганда баркын бил, анткени мал-мүлк колдон чыгат бир күн.

Эгер вазирлер падышадан корккондой Аллахтан коркушканда, периште болуп кетишмек.

Жашоо чөл шамалы сыяктуу көз ачып жумганча өтөт, кетет. Жакшылык, жамандык баары өтөт, эч бири калбайт. Заалым бизге зулум кылдым деп ойлойт. Анын зулумдугу да өтөт, бирок өз мойнунда түбөлүккө калат.

Душманга жакшылык кылууда артта калба, ит оозун бир кесим эт менен жаап кой.

Орой киши сылык киши менен уруша кетип, аны акаарат кылып сөгө баштады. Ошондо сылык адам ага: “Мен сен сөккөндөн да жаман адаммын. Менин жамандыгымы менчелик биле албайсың” - деди.

Эч кимдин көңүлүн оорутпа, анткени жашоо жолу таштак. Алдыда эмне болорун билбейсиң.

Ар кимдин ишин бүтүрүүгө жардам бер, сенин да бүтүшү керек болгон иштериң чыгат.

Душмандын өлүмү мени бактылуу кылар сүйүнүчтүү кабар эмес. Анткени өлүм бардыгыбыз үчүн каш-кабактын ортосунда.

Эгер инсандардын ырыскысы акылы сыяктуу болсо, анда шексиз түркөйлөр ачкадан өлмөк. Түркөйлөрдүн ушунчалык көп ооматтуулары бар, алардын көптүгү акылдууларды таң калтырат.

Бактылуулук менен мамлекеттик иш – иш билүүгө байланыштуу эмес. Анын баары жараткандан. Жогорку мартабага жетүү үчүн акыл менен зээн жетиштүү эмес. Түркөйлөрдүн сый-урматка бөлөнгөнү, алымдардын баркы жок болуп кордолгону көп болгон. Ойчул, окумуштуунун өмүрү кыйынчылык менен өтүп, кайгы менен өлсө, башка жакта акмактын бири колу менен миңдеген адамдардын башын сылайт (башкарып, тагдырын чечет).

Сулуулукта Жусуп пайгамбар эң акыркы чек болсо, ал түрүү сууктукта акыркы чек сыятуу эле.

Дайыма жаман жерлерде жүргөн адамды ким дос кылсын. Сасыган ооз ичкен сууну иче турган адам барбы? Кайда?

Бийлик, бакыт, этибар, тыюу салуулар, уруш, ызы-чуу булардын баары убактылуу. Сен өткөн күндөрдү жакшылык менен эстегин, сенини атың да түбөлүккө калсын.

  •  

Алым киши жөнүндө жакшы ойлоп, жакшы күмөн кыл, жашыруун тараптарын аңдыган тыңчы болбо.

Каабанын дарбазасынын жанынан бир тилемчи көрдүм. Буркурап ыйлап мындай деп жаткан экен: “Оо Жараткан! Мен сага кылган ибадаттарымы кабыл кыл дебейм. Болгону менден мээримиңди аяба”.

Олуялар чынында жогорку даражага жеткен инсандар. Себеби алар душмандарын да капа кылышпайт. Эй, достору менен да арасы жакшы болбогон киши! Сен бул оор жолго кандай киресиң? Сага башка бирөөнүн айбын айтып келген адам, сенин айыбыңды башкага жеткирбейт деп ойлобо.

Адамдын тышкы көрүнүшүнөн кулк-мүнөзү билинбейт. Каттын ичиндеги жазууну сыртынан окуу мүмкүн эмес. Эй, жакшы тарабын ар кимге көрсөтүп, айыптарын жашырган адам. Көрүлгөндү да, көрүлбөгөндү билген Аллахтан бул кылганың менен эмне алмакчысың?

Өжөр адам өзүнөн башканы көрбөйт. Анын көзүндө башкалардан бөлүп турган парда бар. Эгер анда кудайды көргөн көз болсо, эч кимди өзүнөн төмөн көрбөйт эле.

Эй, тышкы сулуулугума алданган адам, ичимдеки жамандыктардан кабарың жок сенин. Тоос кушу аябай кооз болгондугунан аны баары жактырса да, бирок ал да өз шыйрагына ичи чыкпайт.

Кээде сүйгөнүмү эч тоскоолдуксуз көрсөм, кээде ага болгон жолдон адашам. Бир көрүнүп, бир көрүнбөй коюу, дал ушул ашыктын жүрөгүн жаралаган нерсе.

Жамаат угууну каалабай турса, сөз сүйлөгөн адамдын сөзсүз жүрөгү сыгылат. Сүйлөгөн адамга шык берген элдин каалоосу болот. Ал сүйлөө күчүн угуучулардан алат.

Чөлдө көч учурунда балдын түбүндө уктоо аябай жагымдуу, бирок ал үчүн жаныңден кечишиң керек.

Оорулуунун жанында бир адам таң атканча ыйлады. Күндүз оорулуу тирилди, тирүү адам өлдү. Канчалаган чымыр денелер кабырга кирди, башка жакта үмүтү үзүлгөн оорулуулар айыкты.

Жүзү адамдарга бурулган сопулар, кыбылага аркасы менен намаз кылышат экен көрсө.

Кербендегилердин жалынып жалбарганына таш жүрөктүү ууру көңүл бурбайт.

59-ИКАЯ

Узак убакыт дат басып чирип жаткан темирди сырдасаң да кайра жакшы болуп калбайт, ага убакытты бош коротпо. Мыкты катуу ташка кагуу мүмкүн эместей, жүрөгү караргандарга да вааз-насааттан пайда жок.

Эгер оор күндөрдө кыйынчылыксыз жашагың келсе, жакшы күндөрүңдө муктаждарды кубандыр. Бир муктаж сенден жалбарып бир нерсе сураса бер, болбосо заалымдар аны сенден күч менен алат.

Түндүн канчалык узундугун түнү бою уктабаган көздөрдөн сурагыла.

Маарифат нуру кириш үчүн ичиңди тазала. Көп ичип-жеш ырыскыга тоскоол. Ашказаның оозуңа чейин толуп турса, акылмандыкка жер калбаган экен.

Тобо менен Аллахтын каарынан кутуласың, бирок элдин оозунан кутула албайсың.

Эгер жүрөгүңдө тынчтык болбосо, жалгыз калсаң да тынчтык таппайсың. Аллахтан башка бардыгын жүрөгүңдөн чыгарган болсоң, дүйнө иштери менен алектенип жатсаң да аны менен биргесиң.

Эгерде төөлөрдө да сүйүү болсо, сүйүү сезими жоктор эшек сыяктуу.

Сен көргөн баардык нерсе жаратуучусун эстейт. Бирок сен муну түркөйлөргө түшүндүрө албайсың. Гүл үстүндө Аллахты эстеген жалгыз эле булбул эмес, анын ар бир тикени Аллахты зикр кылган өзүнчө тил.

Чынында дүйнөнүн жакшылыктарынын жоктугу да балээ, көптүгү да балээ. Бул дүйнөдө дүнүйөнүн өзү сыяктуу балээ барбы? Анын бары да, жогу да инсанды кайгыртат.

Эгер байлыкты кааласаң топукту сура, башка эч нерсе сураба, ушунун өзү чоң бакыт. Байлар этек толо алтын чача турган болсо ага кызганба, кедейлик да чоң жакшылык. Кедейлердин сабыры, байлардын жоомарттыгынан жакшы. Себеби мунун акыбети сураксыз бейиш.

Кишинин карды – желдин түрмөсү сыяктуу, аны көпкө тутуу акылдуу кишинин иши эмес. Көпкө кармап эмне кыласың, коё бер, чыксын, кетсин. Билбейсиңби, анын ойго жүк болгонун.

Дайыма Аллах менен болоюн, башкаларга алагды болбоюн деп тоо-ташка качат элем. Бирок ушул абалыма кара, кече инсандардан качат элем, бүгүн эшектер менен убакыт өткөрүп жатам.

Достор менен түрмөдө болуу – чоочун бирөөлөр менен бакчада болгондон жакшы.

Жаман аялдан сактан. Оо Аллах, бизди тозок отунан сакта!

Бирөө карышкырдан койду куткарып калды. Кеч кирип, караңгы болгондо бычагын алып, койдун мойнуна такады. Кой онтогон абалда: “Мени куткардың да... эмне кылдың? Карышкырдын ордуна өзүң карышкыр болдуң”.

Эй, үй-бүлө жоопкерчилиги мойнундагы киши, эч качан толук эркин жашоону кыялданба. Бала-чака, күнүмдүк турмуш көйгөйү сенин жыргал жашооңо тоскоол болот. Эртели-кеч Жаратканга ибадат менен алек болоюн деп ниет кылам. Бирок кечинде эле эртең балдарым эмне жейт деп ойлоном. Акырында эртең мененки кыялыман эч нерсе калбайт.

Эй, гүл жүздүү! Бүт бар-жогуму сен үчүн сарптадым. Чындыгында зирек куш мен элем, сен мени тузака түшүрдүң.

Дүнүйөнү жаман деген канча молдо, шейх, алым болсо, аларга кара – бул жалган дүйнө аларды балга конгон чымынга айлантты.

Алар элге “Дүйнө мүлктүн артынан чуркабагыла!” дешет, бирок өздөрү дүнүйөгө башчы болушту. Бир алымдын сөзү, кылгандарына дал келбесе, анын сөзүн эч ким укпайт. Алым жаман жолго түшпөгөн адам. Элге айтканын өзү кылбаган адамга алым делбейт.

Терең деңиз таш атуу менен булганбайт, жаман мамилеге таарынган алым илимден өксүк калган бирөө.

Сага бирөө жамандык кылган болсо, Аллах да сени кечириш үчүн аны кечир. Акыры топуракка айланбайсыңбы, топурак боло электен мурун топурак боло кал. Өзүндө инсандык сапаты жок бирөө, урушта кутурган пилдин башын жанчса да эр жүрөк боло албайт. Адам баласы топурактан жаратылгандан. Эгер адам топурактай жөнөкөй боло албаса, анда адам да боло албайт.

Түрү суук бирөөгө кийгизилген кооз кымбат баалуу кийимдер да жаман көрүнөт. Байлыгыңын зекетин бер, себеби буталган жүзүм да жакшы түшүм берет.

  •  

Бирөө бөлтүрүк багып чоңойтту, кийин ал ээсине кол салды.

Тамакты жашоо жана ибадат кылуу үчүн жеш керек, жеш үчүн жашаба. Аз тамактанууну адат кылган адам, белгилүү убакыт ач калса эч нерсе болбойт. Ал эми көп тамактангандардын абалы тескерисинче, ач калса бир күндө күчтөн таят. Оозуңан аша турганчалык көп да жебе, ач калып кыйнала турганчалык аз да жебе.

Ашказан көп тамакты аш кыла албай ооруп калар болсо, ага эч кандай дарылоо жардам бербейт.

Акмактарга кошамат кылып нан таптың, ырыскың артты да, бирок намысың тебеленбедиби? Тилемчилик менен келген кирешени пайда деп эсептебе! Кирешең артканы менен, аброюң азайды.

Арстан ачтыктан ийининде өлгөнү жатса да иттен арткан нерсени жебейт.

Мышыктарда канат болсо, бүтүн таранчылар тукум курут болмок.

Кээ бир алсыздар болот, бираз күчкө толсо коло көтөрүүгө алсыз бирөөнү издей баштайт. Пас, төмөн киши жогорку мартабага жетсе, сен анын зыянынын жыйынтыгы деп бил. Плантондун мындай сөзү бар: “Кумурсканын учканы, анын өлүмүнө болгон ишарат”.

Бирөөгө байлык бербеген Аллах, анын абалын сенден жакшы билбейби?

Жанында суусу жок адамга чөлдө берметтин, баалу таштын керег жок. Себеби ал жерде алтын менен чопонун баасы бирдей.

Кыштактагы бир алачыка падышанын келүүсү анын аброюн түшүргөн жок. Бирок бир карапайым адамдын башына падышанын көлөкөсү түшсө, анын төбөсү көккө жетти.

Соодагерлердин бири чөлдө улоосунан жыгылып бутун сындырып алды да: “Ачкөз адамды же топуктук, же кабырдын топурагы тойгузат” деди.

Өзү Аллахтан суранат, тилемчиге эч нерсе бербейт. Мындай сараң адам албетте, максатына жетпейт.  

Топтогон алтының менен күмүшүң сага эч пайдасы болбойт. Күч-кубатың барда аларды таратууга аракет кыл. Кыштары алтын менен күмүштөн болсо да, баары бир күн башкага калат.

Тилемчилик кылган кол жактырылбайт, бирок уурулук кылып кесилген колдон жакшы.

Эй, үйүнө, дүкөнүнө байланып калган адам! Мындай болсоң чийки бойдон каласың, жетилген адам боло албайсың. Эгер акылың болсо өлүп кала электе чык, саякатта, дүйнө кез.

Байлар кайда барса ал жерде казаны кайнап, төшөгү салынуу. Бирок кедей өз жеринде да мусапыр.

Пазилеттүү илим ээси болгон адамдар, таза алтын сыяктуу, кай жерге барса да кадыры бийик. Бирок түркөй тектүү бирөөнүн кадыры жок. Алар тек гана өз өлкөсүндө гана жарамдуу акчага окшойт.

Бираз сулуулук, көп байлыктан жакшы. Күлүп турган жүз жаралуу көңүлдөрдүн дарысы, кулпуланган жүрөктөрдүн ачкычы.

Алтының жок болсо эч кимди кыстап мажбурлай албайсың, алтының болсо күч-кубатка керек муктаж эмессиң. Балбандык бир тыйынга татыбайт, мага акчадан кабар бер. Бир кишилик алтын, он кишилик кубаттан жакшы.

Чектен ашкан каалоо жана ачкөздүк инсандын көзүн көр кылат. Булар кушту да, балыкты да тузака түшүрөт.

Бирөөгө жамандык кылсаң, артынан ага жүз жолу жакшылык кылсаң да, ошол кылган жамандыгыңдын жазасын аларыңды унутпа! Себеби, ок жарадан чыгат, бирок оорусу жүрөктөн чыкпайт.

Душманыңды талкаласаң да, толук өзүндү бош койбо, сак тур.

Биринин көңүлүн оруткан болсоң, билип кой: сенин да көңүлүң бир күнү ооруйт. Сен чепке таш атсаң, чептен сага да таш атышат.

Жыландын мүнөзүн үйрөнгөндөн кийин да ага эч ишене албадым. Маңыроолорду анын сырткы кооздугу алдайт. Дос кейпиндеги душмандын берген жарасы оор.

Акчасы, байлыгы жок балбандын кор болгонун кара. Билек толо күчтөн арпадай алтын жогору тура.

Тагдырга айла жок деп акылдуу адамдын жалкоолук кылганы жарашпайт.

Крокодилден корккон суучул, суудан баалуу асыл ташты ала албайт.

Мергендин астынан күндө чөө чыга берет деп ойлобо, күндөрдүн биринде арстан менен беттешип калышы мүмкүн.

Тилемчиликке көнгөн адам өмүр бою башкалардан бир нерсе үмүт кылып өтөт. Анын бою акча сурап ийилип жүрүп бүкүрөйсө, берешен адамдын бою асманга карай көтөрүлөт.

Кулак өмүр бою музыка укпай жүрө алат. Ансыз деле музыка укса эмне болмок. Көз да сулууктан баш тарта алат. Мурун да жыпар жытсыз жашай алат. Жаздыкка да куштун париктеринин өтө кереги жок. Башыңын алдына жаздык ордуна таш кой, эч нерсе эмес. Эгерде жаныңда жаткан сулуу жок болсо да, бираз жаман болгону менен эч нерсе эмес. Бирок ашказанга келер болсок, ал жокчулукка, ачтыкка эч көнө албайт. Тынчтыгыбызды бузган мына ушул эси жок.

Душман көзү менен карасаң, бирөөнүн өнөрү аябай чоң жамандык болуп көрүнөт. Саади гүл болсо, душмандардын көзүндө тикен болот.

Душмандар айткандын баасы жок. Алар такыба адамдарды деле уятсыз деп айыпташат.

Күндүн нурунан уялган көздөргө, күн канчалык нур чачып турса да жаман көрүнөт.

Эч качан дартыңы душманга айтпа, сыртынан ай жаман болуптур деп, ичинен ырас болуптур деп сүйүнөт.

Сен унчукпасаң, сага эч ким каршы чыкпайт. Эгер унчуксаң, сенден далил сурай башташат.

Аят жана хадисти кабыл кылбаган бирөөгө берилер жооп унчукпай коюу гана.

Эки акылдуу киши оңою менен урушпайт. Бири алым, экинчиси түркөй болсо да ушундай эле болот. Түркөй түркөйлүк кылып оройлук кыла баштаса, алым адам аны тынчтандырууга аракет кылат. Эки такыба адам бири-бирин жактырбаса да урушканга жол беришпейт. Бирок эки тарап тең акылсыз болсо, анда аларды чынчыр менен байлап койсоң да жулуп кетишет.

Сөз канчалык таттуу, жан эргиткен, туура жана жагымдуу болбосун, бир жолу айтылгандан кийин кайра дагы кайталаба. Себеби эң даамдуу тамакты деле кайра-кайра жесең – жагымсыз.

Бирөө сүйлөп жатканда сөзүн бөлбө. Себеби сөздүн башы жана аягы болот. Акылдуу киши башкалар сүйлөп бүткөндөн кийин сөз баштайт.

Падыша сырын башкаларга жайган адам, өз башы менен ойногон болот.

Эки жүздүү достордон тажадым. Менин ордумда ким болсо да тажамак. Кемчиликтерими жетишкендик катары көрүп, бардык тикендерими гүл дешет.

Үнү жагымсыз адам жыйналышта куран окуп жаткан эле. Жөнөкөй бир адам андан: “Куран окуганыңа канча акча алысың? - десе ал: “Аллахтын ыразычылыгы үчүн окуп жатам – деди эле, жөнөкөй адам ага: Аллахтын ыразычылыгы үчүн окубай эле койчу”- деди. Мындай куран окулар болсо Исламдын сулуугу калбайт деп корком.

  •  

Падышанын алдында кадыры жогору адамды бүтүн дүнүйө жактырбаса да жакшы мамиле кылат. Бирок ал адам падышанын көңүл сыртында калса, бардыгы аны жек көрөт.

Жаратылгандардын эң сулуусу Юсуфту жек көрүү менен караган, аны түрү суук көрөт. Бирок сүйүү көзү менен карай турган болсо, маймылды хури, шайтанды периште көрөт.

Мени өткүр кылычың менен чапсаң да этегиңден колумду албайм. Дартыма даба болор, корголой турган сенден баш барар жерим жок.

Ашыктык, арзуу үстөмдүк кылган жерде такыбалык менен сопулукка жер жок. Ар тарабы балчык болгон жерде этегиңи таза алып жүрүү жөндөмдүүлүктү талап калат.

Дүйнөнүн бүтүн илимдерин билген бирөө, эгер бирөөгө ашык болсо, тамганы да унутуп калат.

Сүйүктүүнүн чатырынын жанында өлгөн ашык адамга таң калба. Ал жерден жанын куткарып качып кеткен ашыкмын дегенге таң кал.

Эй, нур жүздүү! Элестериң эсимден кетпей, ушунчалык сени эстөө менен алек болгонумдан өзүмдү унуттум. Сени арзуу кылган көздөрүмө каршы тараптан ок жаадырышса да сени карабай коё албайм.

Сени жактырбаган бирөөгө ар бир кылганың кемчилик көрүнөт. Бирок чыныгы дос андай эмес. Эгер бир жакшылыгың, жетимиш кемчилигиң болсо, дос бир жакшылыгыңы көрөт.

Өңү суук бүрөө чогулушка келип шамды өчүргөнгө аракет кылса, аны кууп сал. Бирок келген илеби балдай таттуу, күлгөнү толгон айдай бирөө болсо, анда анын жеңинен кармагын да шамды өчүр.

Жарганат күндү жакшы көрбөйт имиш. Жакшы көрбөсө көрбөсүн, анын күнгө зыяны барбы?

Айрылуунун даамын татуудан мурун жолугуунун баркын билбептирмин. Жолугуунун канчалык бактылуулук экенин түшүндүм, бирок эми кеч.

Кел! Кел! Мени өлтүр. Сен үчүн өлүү – сенсиз жашагандан жакшы. Мени жакшы күндөрдө капа кылып, эми жарашуу үчүн келдиңби? Жаштык күндөрүңдүн түнү келиптир, мен түндү күндүзсүз эмне кылайын?

Эй, көктөм! Жашыл жалбырактарың саргарды. Менин да сагыныч отум өчтү. Бүгүн артык эски элестер калбады. Бирге болуум менен айрылуумун айрымасы жок мага. Сени кимдер кааласа аларга бар, менин сага болгон кызыгуум калбады.

Күнөөдөн кутулуу мүмкүн болсо да, душмандын жаман күмөнүндөн кутулуп болбойт.

Жүрөгүмдө ушунчалык чаңкоо бар, бүтүн деңизди ичсем да моокумум канбайт.

Эгер мүмкүн болсо жүрөгүңү бир нерсеге байлаба, себеби бир жолу байлангандан кийин айрылуусу кыйын.

Дени соо адам оорулуунун абалын кайдан билсин. Сен абалыңы аларга айтып кыйналба. Өмүрүндө аарынын ийнесинин даамын татпаган адамга аары жөнүндө сөз айтуу бекер. Жүрөгүмдүн ооруганын башканыкы менен салыштырба. Туз бирөөнүн алаканында болсо, туз менин жарамда.

Арабдарда мындай макал бар: “Сүйгөнүңдөн жеген таяк, жүзүмдүн даамындай таттуу”.

Уяты жок бирөө башканын абийрин төккөндөн кыжалат болбойт. Элүү жыл топтогон абройду, кичинекей нерсе жок кылып кетет.

Мени күнөө кылууга түрткөн экин нерсе: Жаман тагдырым жана кем акылым. Эгер мени жазалай турган болсоңор мен ылайыктуумун. Бирок кечиримден үмүт кылам.

Колуңдү дарактын мөмөсүнөн тарт деп узун бойлууларга айт, кыска бойлуунун ансыз да колу жетпейт.

Эски замандарда жүрөгү таза, тектүү бир жигит, сулуу кызга ашык болгон экен. Экөө бирге кайыкта баратса, кайык толкунга кабылып оодарылып кетет. Узактан бул абалды көрүп турган куткаруучу дароо жетип келип, жигиттин колунан кармайт. Анда жигит ага сен алгач сүйгөнүмдү куткар дейт. Сууга тумчугуп өлүп бараткан жигит: “Оор учурларда сүйгөнүн унуткандардан сүйүү жөнүндө сураган бош иш” – деген экен. Эскиден чыныгы ашыктар сүйгөнү үчүн жанын курман кылууга дайым даяр эле. Сүйүүнүн баянын кел Саадиден ук. Сага эң назик тарабын үйрөтсүн. Эй, жигит! Бирөөгө ашык болсоң ошону менен топук кыл, башкаларга көз артпа.

  •  

Тишин алдырып жаткан адамдардын канчалык кыйналганын билесиңер. Бирок бул жан чыккан менен салыштырса жеңил болуп калат. Ойлонсоң, сенден тиш эмес, азиз жаның чыгып жатат.

Сулуунун оозу сарымсак жыттанганы – түрү сууктун колундагы гүлдөн жакшы.

Жылдар өттү, атаң эстен чыкты, унутулду. Балаңдан жакшылык күткүдөй сен атаңа эмне жакшылык кылдың эле?

Баргың келген жерге жеткиң келсе, сөзүмү ук, чуркаба, шашпа. Ат чуркап тез чарчап жолдо калат. Төө акырын жүрөт, бирок күнү-түн жүрөт.

Картайганда жаштыктан колуңду тарт, эми аны жаштарга кой.

Картайгандардан жаштыктын шаттыгын издебе, аккан суу кайра артка кайтып келбейт.

Көңүлү ооруган эне уулуна: “Эй, көзүмүн нуру! Наристе кезиңи ойлосоң мага мынтип тилиңи узатпайт элең. Ал убакта сен алсыз, мен күчтүү, бүгүн болсо мен алсыз сен күчтүүсүң”.

Бир аксакалга “эмнеге үйлөнбөйсүз?” деп сурашканда, “кемпирлер менен тил табыша албайм” дептир. Акчаң, байлыгың бар анда жашын ал дешсе: “Мен картаң карыя болуп туруп кемпирлерди жактырбай жатсам, жаш аял мен сыяктуу чалды жактырабы?”.

  •  

Мечиттин эшеги Каабага барса да эшек бойдон кайтат.  

Башкарып көнгөн адамдарга башкалардын буйрук бергени, сый-урматка көнгөндөргө андан ажырап калуу аябай оор тиет.

Атаңдын акыл-насаатын ук, тарбиясын, байлыгын коротсоң он күндө түгөнөт.

Жаштыгында адепке тарбияланбаган бирөө, адепсиздиктен кутулууну оюна түгүл оозуна да албасын. Дарак жаш учурунда ийилет, кургап чирисе ийилбейт, балта менен гана ийге келтирүүгө болот. Эгер ийге келтирем десең, жаш талдар гана ийилет. Жыгач отунду түздөйм деп убара болбо.

Эгер мугалим жумшак болсо, окуучулары көчөдө ойнойт. Мугалимдин ачуусу – атаңын мээриминен жакшы. Муну акылыңдан чыгарба!

Кирешең аз болсо, акчаны аз каржыла. Бошуна эч коротпо. Тоолорго жамгыр жаабаса быр жылда жолборс соолуп, арыктайт.

Алтын менен күмүш канчалык таштан чыкса да, ар бир таштан эле алтын менен күмүш чыга бербейт.

Каабанын үстүнө жабылган килем жибектен болгону үчүн баалу эмес, Каабага жакын болгону үчүн баалуу.

Адепсиз, уятсыз баланын канчалык чоң балээ болгонун билесиңби? Акылмандар, энелердин мындай бала төрөгөнүнөн көрө жылан төрөгөнү жакшы дешкен. Эненин ичиндеги бир тамчы суу кырк күндө инсан кейпине келсе, кырк жашына келген адамда акыл менен адеп жок болсо, аны кантип инсан дейсиң!

Дүнүйөнү колго алуудан бир пайда жок. Колуңан келсе бир бечаранын көңүлүн алууга аракет кыл.

Толук так билбеген нерсени сүйлөбө. Жаман сөздөргө жооп берүүдөн кач.

Маанилүү ишти адис болбогон адамга тапшырба. Эч ким баш оордуна бут көрбөсүн.

Кол алдыңдагы кулуңду кордобо, аны райымы менен көңүлүн ал. Кыямат күнү кул эркиндикте болуп, кожоюну чынжырда болгону кандай жаман.

Берешендерде акча, акчалууларда берешендик жок.

Эртеңкиге акчасы жок адамдын башы ооруп уйкусу качат. Кумурскалар деле кыштын камын жайда көрөт.

Суусаган адамдын түшүндө баардык жер булак көрүнөт.

Ач ит бир кесим эт тапса, бул Салих пайгамбардын төөсүнүн этиби же Дажжалдын эшегинин этиби деп отурбайт.

Топон суудан өрдөктүн коркуусу болбойт.

Өмүрүн бош өткөзгөн адам, колундагы алтынын берип, ордуна эч нерсе албаган адам сыяктуу.

Жүрөгүңдү миңдеген досу бар сулууга ачпа, мындай сулууга жетүү кыйын.

Чогулуштарда ачык айтылбаган сөздү, жекечеде да сүйлөбө.

Отту өчүрүү мүмкүнчүлүгүң болсо дароо өчүр. Эгер алоолонуп кетсе, бүт дүйнө жанат. Душманды бир ок менен жок кылуу колуңдан келсе, ага жаасын колго алганга мүмкүнчүлүк бербе.

Эгер досуң душманың менен достошсо, анда анын достугуна ишенбе.

Душманды алсыз ойлоп алданба, себеби ар сөөктө бир чучук, ар көйнөктүн ичинде бир жигит бар.

Жөргөмүшкө камкордук кылуу, инсандарга зулум кылуу болуп саналат.

Адам баласына бой көтөрүү, текебердик сыяктуу нерселер жарашпайт. Текеберленгидей сен дагы Шайтанга окшоп оттон жаратылдың беле?

Сөзүң таасир этерине толук ишенгенде гана сүйлө.

Душмандын сөзү менен досту капа кылдың. Карасаң кимди таштап, кимдерге кеттиң?

Акылсыз бирөө эшекке сүйлөгөндү үйрөтүү үчүн өмүрүн каржап жаткан эле. Муну уккан акылман бирөө ага: “Эшектигиң мынчалык болбойт, жетет токтот. Эй, түркөй! Эч убара болбо, эшекке сүйлөгөндү үйрөтө албайсың, андан көрө андан унчукпай отурууну үйрөн” деген экен.

Сенден да билимдүү бирөө сүйлөй баштаса, ал сүйлөп жаткан маселени андан жакшы билсең да ага каршы чыкпа.

Илимине амал кылбаган, кош сүрүп дан экпеген адамга окшойт.

Бирөөнүн сөзүн жакшылап уксаң, анын илиминин даражасы билинет. Бирок адамдын ичиндегини биле албайсың, канча убакыт өтсө да анын мүнөзү, табияты түшүнүксүз.

Кулагыңа насаат кирбесе, жок дегенде сага карата сын айтылып жатканда унчукпа.

Таштын үстүндө жылан, сенин колуңда таш туруп аны өлтүрүү же өлтүрбөөнү ойлонгонуң – эркиң жоктугу.

Ок аткан адам шашпашы керек. Себеби жаадан чыккан ок, артка кайтпайт.

Түркөйлөрдүн арасында калган алым үчүн билермандар мындай деген экен: “Ал сокурлардын арасында калган сулуу жек каапырлардын колунда калган Куран сыяктуу”.

Шексиз күнөөкөр түркөй – такыбалыгы жок алымдан жакшы. Түркөй билимсиздигинен чыкса, несипсиз алым баарын билет эле.

Иштесең да, иштебесең да сен үчүн бөлүнгөн ырыскы сеники. Арстан менен жолборско боюңу урсаң да ажалың жетпесе кабатырлануунун кереги жок.

Сен кандай күнү-түн ырыскыңы кубаласаң, ажалың да сени күнү-түн дал ошондой кубалайт.

Акмактардан бирөө мартабалуу бирөөнү жамандап жаткан. Ага: “Эй, адам! Сен бактысыз болсоң, бактылуу болгондордо эмне күнөө?” дедим.

Ичи тар адамга Аллахтан балээ тилебе. Анын балээси ансыз да ичинде. Мындай балээси бар адамга душмандык кылуунун кереги жок.

Бирөөдөн: “Илимине амал кылбаган алым эмнеге окшойт” деп сурашканда, “Балсыз аарыга” деген экен. Бал бербеген эшек аарыдан мындай өтүнүшкөн экен. “Бал бербегенден кийин, жок дегенде ийнеңи сайбачы”.

Дүйнөдөгү жазаланып, туура жолго келбеген адам акыретте азап тартат.

Түрк тилинен которгон Ислам Нурдинов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз