Жузеппе Верди: Кайгыны ырга айланткан гений

  • 20.07.2026
  • 326

Жузеппе Вердинин өмүр баяны жөн гана улуу композитордун таржымалы эмес. Бул адам тагдырынын эң караңгы туңгуюктарынан өтүп, ошол кайгыны дүйнөлүк искусствонун асыл мурасына айландырган адамдын баяны.

Жузеппе Верди 1813-жылы Италиянын түндүгүндөгү Ронколе деген чакан кыштакта жарыкка келген. Ал ак сөөктөрдүн эмес, жөнөкөй мейманкана кармаган дыйкан үй-бүлөнүн уулу. Кийин өзү да ушул тегин эч жашырбай, тескерисинче, сыймыктануу менен эскерчү.

Тагдыр аны жаштайынан эрте сынайт. Милан консерваториясына тапшырганда кабыл албай коюшат. А бүгүн дүйнөдөгү эң атактуу музыкалык окуу жайлардын бири ошол эле консерваториянын алдында Вердинин эстелиги турат. Кээде тарыхтын тамашасы ушундай тура.

Бирок жаш Верди багынбайт. Жеке сабактарды алып, тынымсыз эмгектенет. Анын талантына ишенген соодагер Антонио Барецци жардам берип, кийин кызы Маргаритага үйлөнөт. Жаш үй-бүлө бактылуу көрүнгөн. Бирок дал ошол мезгилде Вердинин өмүрүнө кара булут үйрүлөт.

Адегенде наристе кызы чарчап калат. Андан көп өтпөй уулу көз жумат. Эки наристесин жоготкон ата-эненин жүрөгү али канап бүтө электе, 1840-жылы сүйүктүү жубайы Маргарита да дүйнөдөн кайтат. Ошентип, эки жылга жетпеген убакытта Верди бүтүндөй үй-бүлөсүнөн ажырайт. Өзүнүн кийинчерек айтканы боюнча, анын үйүнөн биринин артынан бири үч табыт чыккан. (Classic FM)

Ошол күндөрү Верди «Un giorno di regno» («Бир күндүк падыша») аттуу күлкүлүү операнын үстүндө иштеп жаткан эле. Бул чыгарма комедиялык мүнөздө эле. Өзү болсо кайгыдан кайышып турган кези. Көз жашы кургай элек адам элди кантип күлдүрө алмак?

Верди кийинчерек ошол мезгилди эскерип: «Үй-бүлөмдөн ажырап, жан дүйнөм жараланып турган кезде келишимди бузбоо үчүн комедия жазууга мажбур болдум» деген. (Викисклад)

Опера сахнага коюлуп, бирок таш-талканы чыкканча жемеге кабылат. Чыгарманы көрүүчүлөр жактырбайт. Сынчылар таламайга алышат. Спектакль токтотулат. Композитор оркестр жайында отуруп алып, залдагы нааразы үндөрдү өз кулагы менен эшитет. (Википедия)

Бул сокку анын үй-бүлөлүк трагедиясынан кийинки дагы бир катуу сокку эле.

Верди чыгармачылыкты биротоло таштоону чечет. Эгер ошол чечиминде калган болсо, адамзат «Риголетто», «Травиата», «Аида», «Отеллону» эч качан укмак да эмес. Бирок тагдыр ага дагы бир мүмкүнчүлүк берет.

Театр жетекчиси Бартоломео Мерелли ага жаңы либретто сунуштайт. Бул «Набукко» эле.

Башында Верди кол жазманы окугусу да келбейт. Бирок улам барактап отуруп, туткундагы еврейлердин мекенин сагынган ырын окуганда жүрөгү титирейт. Ошол эле сагыныч, ошол эле жоготуу, ошол эле кусалык анын өз жан дүйнөсүндө да жашап жаткан.

1842-жылы «Набукко» коюлары менен бүтүндөй Италияда уу-дуулар дүрбөйт. Верди бир түндүн ичинде атактуу болуп чыгат. Эл аны жөн гана композитор эмес, улуттук рухтун үнү катары кабыл алат. Айрыкча «Va, pensiero» хору эркиндикти самаган италиялыктардын гимнине айланат заматта. (Classic FM)

Вердинин генийлиги эмнеде? Моцарт асманга окшош болсо, Верди жерге окшош.

Ал адамдын эң жөнөкөй сезимдерин — сүйүүнү, кызганычты, өкүнүчтү, намысты, жалгыздыкты — укмуштуу бир музыкалык күч менен бере алган. Анын каармандары кудайлар эмес, тирүү адамдар.

«Риголеттодо» атанын азабы, «Травиатта» сүйүүнүн курмандыгы, «Отеллодо» көрө албастык бар. «Аидада» мекен менен сүйүүнүн ортосундагы трагедия камтылган.

Вердинин музыкасы философиядан мурда жүрөккө жетет. Балким ошон үчүн ал бүгүн да тирүү.

Бир кызыгы: жаш чагында жазган комедиясы ийгиликсиз аяктагандан кийин Верди бир да жолу комедия жазбайт. Элүү жылдан ашуун убакыт өткөн соң гана, сексенге таяган кезинде «Фальстаф» аттуу комедиялык операсын жаратат. Ал эми бул жолу чыгарма чоң ийгиликке жетет. Тагдыр ага жаштыгындагы жараны кеч болсо да айыктырууга мүмкүнчүлүк бергендей... (Имдб)

1901-жылы Верди дүйнөдөн кайтканда Италия чоң аза күтүп, композитордун сөөгүн акыркы сапарга узатууга миңдеген адамдар чогулушкан. Эл анын «Набуккодогу» атактуу хорун өздөрү ырдап узаткан дешет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз