«Түнкү кат»: Эненин трагедиясы жана коомдун жоопкерчилиги

  • 21.07.2026
  • 255

Кээде театрга жөн гана спектакль көрүү үчүн эмес, театр өзүнүн кайрадан дем алып жатканын көрүү үчүн барасың. Бул сапар мен үчүн дал ошондой болду.

Эртелеп Кочкорду көздөй жол тарттык. Кочкор музыкалык-драма театры көптөн бери жаңы спектакль коюлбай калган чыгармачылык тыныгуудан кийин көрүүчүлөрдү жаңы эмгекке чакырды. Мугалимим, театр таануучу Людмила Молдалиева менен бирге бул коюлумга күбө болуу мүмкүнчүлүгү мага да туш келди.

Жолго чыгар алдында уюштуруучулар бул чыгарманы музыкалык-спектакль катары мүнөздөшкөн. Спектаклдин негизине КР эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетовдун “Түнкү кат” пьесасы алынганын укканда, менде дароо суроо жаралды, “Терең психологиялык драманы музыкалык форма аркылуу кантип ачышты экен?”. Ушул суроо спектаклге болгон кызыгуумду дагы да күчөттү.

“Түнкү кат” эненин трагедиясы аркылуу бүтүндөй коомдун көйгөйүн ачып берген психологиялык драма. Майрам эне жалгыз уулунун баңгизатка көз карандылыгынан аны сактап кала албай, акыры өзүнүн психологиялык тең салмактуулугун жоготот. Жаныш Кулмамбетов бул аркылуу бир үй-бүлөнүн гана эмес, азыркы коомдо курч бойдон калып жаткан социалдык көйгөйдү жогорку деңгээлде чагылдырган.

Эненин образы дүйнөлүк адабият менен театрда түгөнгүс тема. Адамзат тарыхындагы эң улуу инсандар да эне мээрими менен жарык дүйнөгө келген. Ошондуктан эненин азабы жеке кайгы эмес, жалпы адамзаттык трагедия катары кабыл алынат. Жаныш Кулмамбетов дал ушул идеяны азыркы коомдун көйгөйү менен айкалыштырып бере алган.

Спектаклди КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумабек Осмонов сахналаштырган. Режиссёр пьесанын негизги идеялык өзөгүн сактап, окуяны мүмкүн болушунча кыска, бирок драмалык чыңалуусу жогору формада сунуштайт. Спектаклдин темпоритми көрүүчүнүн көңүлүн бир да учурга бош койбойт.

Режиссёрдук чечимдин өзгөчөлүгү – башкы каармандын үч актриса аркылуу ачылышы. Майрам эненин образын Чынар Качкын кызы, Апал Жээнбекова жана Макежан Алымкулова аткарышат. Алардын бири негизги монологду алып барса, калган экөө ички абалын коштоп, психологиялык фон түзүп турушат. Бул чечим чыгарманын шарттуу табиятын күчөткөнү менен, театр таануучулук көз караштан алганда образдардын функциялык айырмачылыгы жетиштүү деңгээлде такталбай калгандай сезилди. Эгер үч актриса эненин жаштык, орто курак жана карылык мезгилинин символу катары чечилгенде, сахналык логика дагы да ынанымдуу болмок.

Спектаклдин эң ийгиликтүү табылгаларынын бири, анын сценографиясы. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Бакытбек Тилекматов даярдаган сахна жасалгасы жөн гана окуя өткөн жерди көрсөтпөстөн, каармандардын ички психологиялык дүйнөсүн ачууга кызмат кылат.

Сахнадагы өзгөрүлмө мейкиндик бир учурда оорукананын атмосферасын жаратса, кийинки учурда каармандардын аң-сезиминдеги башаламандыктын символуна айланат. Өзгөчө тор сымал декорация баңгизаттын адамды акырындык менен өзүнө камап алган көзгө көрүнбөгөн туткунун эске салат. Ал эми үстөлдүн үстүндөгү вазадагы жалгыз гүл, бүтүндөй спектаклдин эң таасирдүү символдорунун бири. Ал жалгыз уулун жоготкон эненин жалгыздыгын үнсүз айтып турат.

Спектаклде Кудайберди Бейшенкулов менен Кубан Касымов аткарган элес каармандар реалдуулук менен ички дүйнөнүн ортосундагы чек араны шарттуу деңгээлге көтөрүп, чыгарманын философиялык катмарын тереңдеткен. Бир караган адам бул образдарды түшүнбөшү мүмкүн. Бирок маани берип көргөн адам алардын спектаклдеги ордуна жогорку баа бериши толук мүмкүн.

Ал эми спектаклдин музыкалык чечими мен күткөндөн башкача болду. Башында “музыкалык-спектакль” деген аныктама классикалык музыкалык-драма болот деген ойду жараткан. Бирок сахнада рок топтун жандуу аткаруусу менен өнүккөн өзгөчө атмосфера түзүлдү. Керимбек Аалканов, Сапарбек Аалканов, Рыскелди Бейшембек уулу жана Улан Адыл уулу аткарган музыкалык чыгармалар окуяны коштоп гана тим болбостон, каармандардын ички дүйнөсүнүн үнүнө айланды. Ушундан улам бул коюлумду музыкалык спектаклден көрө рок-драма эстетикасына жакын спектакль катары кароого негиз бар.

Жаныш Кулмамбетов чыгарма аркылуу эненин чексиз азабын көрсөтөт. Бирок спектаклди көрүп отуруп көрүүчүдө дагы бир суроо жаралат, бул трагедиянын башаты эмнеде? Жеке көз карашымда, баланын туура эмес чөйрөгө түшүшүнө үй-бүлөлүк тарбиянын да белгилүү деңгээлде таасири болушу мүмкүн. Драматург бул маселеге түз жооп бербейт. Бирок дал ушул ачыктык көрүүчүнү ойлонууга мажбурлайт жана спектаклдин көркөмдүгүн арттырат.

Кочкор музыкалык-драма театрынын бул эмгеги дагы бир жагынан өзгөчө мааниге ээ. Анткени театр көп жылдык тыныгуудан кийин көрүүчүгө жаңы спектакль сунуштап, чыгармачылык процессинин кайрадан жанданганын көрсөттү. Театрдын дал ушундай оор социалдык теманы тандашы анын көркөм изденүүгө болгон умтулуусун айгинелейт.

Жыйынтыктап айтканда, “Түнкү кат” бир гана эненин трагедиясы эмес. Бул бүгүнкү коомдун көйгөйлөрү жөнүндө көркөм ой жүгүртүү. Спектаклде режиссёрдук чечим, символикалык сценография жана жандуу рок музыка бир бүтүн көркөм система түзө алган. Айрым режиссёрдук чечимдер талкуу жаратышы мүмкүн, бирок эң негизгиси спектакль көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт.

Чыныгы театрдын озуйпасы ушул: ал даяр жоопту бербестен, көрүүчүнүн аң-сезиминде суроолорду жаратып, сахна жабылгандан кийин да узак убакыт бою ой калтыра алышы керек. Кочкор музыкалык драма театрынын “Түнкү кат” спектакли дал ушундай ой калтырган чыгарма болду.

Дастан Чыныбек уулу
Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин театр факультетинин, театр таануу адистигинин студенти.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз