Рэй Брэдбери: Өлүм жана бойго жеткен кыз

  • 06.08.2026
  • 161

АҢГЕМЕ

Алыс-алыста, токойлордун, тоолордун ар жагында бир Кемпир жашаптыр. Токсон жашка чыккыча эч кимге эшик ачпай, өмүрүн бекинип өткөрүптүр — шамал менен жамгырга да, ууру таранчылар менен жарым жылаңач тентек балдарга да эшигин ачпаптыр. Терезесинин капкагына бирөө колун тийгизип койсо эле: «Жогол ары, Ажал!» — деп кыйкырчу экен.

— Мен Ажал эмесмин! — дешчү ага.

Ал болсо:

— Ажал, сени тааныдым, бүгүн кыздын кийимин кийип алыптырсың. Бирок сепкилиңдин ар жагынан кубарган сөөгүң көрүнүп турат! — дейт.

Дагы бирөө келсе, ичкериден кайрадан кемпирдин кыйкырганы:

— Мен сени көрүп турам, Ажал! Кара муну, уста болуп кубулуп алганын! А менин эшигим үч кулпу, эки бекиткич менен бекитилген. Бүт жылчыктарды чаптама кагаз менен чаптап, ачкыч тешиктерди чүпүрөк менен бүтөгөм, морум чаңга толуп, терезе капкактарымды желе басып калган. Менде телефон да жок, ошондуктан түн ортосунда чалып, ажалым келгенин айта албайсың. Кулагыма кебез тыгып алгам: сүйлөй бер, баары бир укпайм. Ошондой, быйпык мурун. Жогол ары!

Шаарчанын тургундары аны таанып-билгенден бери ушундай. Токойдун ар жагындагы алыста жашаган эл ал жөнүндө сөз кылышчу, а балдар кээде жомокко ишенбей, таяк менен чатырын көтөрүп, Кемпирдин: «Ары жогол, капкара кийинген, аппак жүздүү шумдук!» — деген ачуу айкырыгын угушчу.

Эл арасында «Кемпир минтип жүрсө түбөлүк жашайт» деген да сөз бар эле. Чынында да Ажал анын үйүнө кантип кирсин? Үйдөгү эски микробдордун баары эбак кол шилтеп, тынч жерге кетишкен. Ал эми (гезитке ишенсек) ай сайын жаңы ат менен өлкөнү каптаган жаңы микробдор ар бир эшиктин түбүнө коюлган тоо мохунун, шыбактын, тамеки жалбырактарынын жана сарымсак, пияздын жанынан өтө алышмак эмес.

— Ал баарыбыздан көп жашайт, — дешчү жанындагы темир жол өткөн шаарчада.

— Мен алардын баарынан узак жашайм, — дээр эле Кемпир, караңгыда жана жалгыздыкта сокурлар үчүн атайын сатылган карталардан пасьянс жайып жатып.

Мына ушундай.

Жылдар өтүп, эми эч ким — эч бир эркек бала, эч бир кыз, эч бир селсаяк да, жолоочу да анын эшигин какпайт. Жылына эки жолу өзү жетимишке чыккан бакалея сатуучусу эшик түбүнө кагазында сары арстан менен кызыл шайтандын сүрөтү бар, ичинде канаттуулардын жеминен тартып каймак бисквиттерине чейин болушу мүмкүн болгон жаркыраган болот кутучаларды калтырып, үйгө танапташ ызы-чуулуу токойго кирип кетчү. Ошол азык ал жерде кем дегенде бир жума жатчу, аны күн ысытып, ай муздатып, анда бир да микроб аман калчу эмес. Кийин, сонун бир таңда тамак-аш капысынан жок болуп кетер эле.

Кемпир өмүр бою күтүү менен гана алек. Өтө сак күттү — кулагын түрүп, бир көзүн жумса, экинчи көзү менен баарын көрчү.

Ошондуктан, токсон бирге караган жашында, августтун жетинчи күнү токойдон күнгө күйгөн жигит чыгып, анын үйүнүн алдына токтогондо, ал карбаластап калган жок.

Анын кийген кемсели кышында чатырдан шыпырылып түшүп, уктап жаткан жерде үйгөн кардай таптаза, аппак эле. Ал машине менен келген жок, узак жолду жөө басып өттү, бирок дагы эле тың, таптаза көрүнөт. Таянган таягы жок, жылаңбаш жүргөн — күн өтүп кетет деп корккон жок. Быкшып, тердеген да жок. Эң башкысы — жанында ачык жашыл суюктугу бар кичинекей бөтөлкөдөн башка эч кандай жүгү жок. Ал бөтөлкөгө үңүлүп караганы менен, Кемпирдин үйүнө келгенин туюп, башын өйдө көтөрдү.

Жигит дароо эшикке барган жок, Кемпир анын ушу жерде экенин туйсун деп, үйдү шашпай айланып чыкты. Андан соң анын дубалдарды даректүү рентген нурларындай тешип өткөн көзү Кемпирдин көзүнө урунду.

— Ой! — чочуп кетти буудайдын унунан жасалган печеньесин чайнап жатып, оозундагысын жута электе уктап кете жаздаган Кемпир. — Бул сенсиң! Билем, билем, бул жолу кимдин кебетесин кийип келгениңди!

— Кимдин?

— Бышкан дарбыздай жүзү кыпкызыл жигиттин. Бирок сенин көлөкөң жок! Эмне үчүн? Эмне үчүн ушундай?

— Адамдар көлөкөдөн коркушат. Ошон үчүн аны токойдун ар жагына калтыргамын.

— Мен карабайм, бирок баарын көрүп турам...

— Оо, — деди жигит суктануу менен. — Сиздин кандай керемет талантыңыз бар...

— Менин эң чоң талантым — сени эшиктин тиги тарабында кармап туруу!

— Мен сизди багындыруудан качпайм, — деди жигит эриндерин араң кыймылдатып, бирок Кемпир муну укту.

— Сен уттурасың, уттурасың!

— А мен жеңишке жетишкенди жакшы көрөм. Эмне демекчимин... мен жөн гана бул бөтөлкөнү тепкичке калтырып кетем.

Үй дубалынын ар жагынан болсо да жигит Кемпирдин жүрөгү кандай тез согорун угуп турду.

— Токточу! Ичинде эмне бар? Тепкичиме эмне калтырганыңды билгенге акым бардыр!

— Макул, — деди жигит.

— Кана, айтчы!

— Бул бөтөлкөдө, — деди ал, — сиз он сегизге толгон сааттан кийинки биринчи түн менен биринчи күн бар.

— Ка-а-андай?!

— Сиз мени уктуңуз.

— Мен он сегизге толгондогу... түн менен күнбү?

— Кашкайган чындык.

— Бөтөлкөнүн ичиндеби?

Ал бөтөлкөнү жогору көтөрдү — ал жаш аялдын денесиндей сымбаттуу жана жумуру эле. Бөтөлкө ааламды каптаган жарыкты өзүнө сиңирип, жолборс көзүндөгү чоктой ысык да, жашыл да болуп күйүп турду. Жигиттин колунда ал кээде бир калыпта жаркырап, кээде тынчсыздана жалын чачып жатты.

— Ишенбейм! — деп кыйкырды Кемпир.

— Муну коюп, кетип калам, — деди жигит. — Көпкө созбой, бул бөтөлкөдө катылган жашыл ойлордон бир чай кашык жутуп көрүңүз. Ошондо эмне болорун көрөсүз.

— Бул уу!

— Жок.

— Апаңдын ден соолугу менен ант бер.

— Менин апам жок.

— Анда эмне менен ант бере аласың?

— Өзүм менен.

— Ичип жиберсем дароо бутумду сунам да... сенин каалаганың ушу да!

— Сиз муну менен өлүмдөн тирилесиз.

— А мен өлүк эмесмин!

Жигит жылмайды.

— Ошондойбу? — деди ал. — Токтой туруңуз! Тактап алайынчы. Сиз өлгөн эмессизби? Өлгөн жок белеңиз? Деги сиз жашадыңыз беле? Сиз он сегизге толгон күн жана түн, — деди жигит. — Ойлонуп көрүңүз.

— Ал атам заманда болгон!

Кабырдын капкагындай мыктап бекитилген терезенин жанында чычканга окшош бир нерсе кыймылдады.

— Ичип жибериңиз, баары кайтып келет.

Жигит бөтөлкөнү кайра көтөрүп, эликсирди күн нуру тешип өтүш үчүн буруп койду, ал миңдеген жашыл чөптөрдөн сыгылып алынган ширедей жаркырады. Ал жашыл күндүн нурундай бир калыпта, күйүп жаткандай ысык, деңиздей эркин, шар агып да, толкуп жаткандай туюлду.

— Бул сиздин өмүрүңүздүн эң сонун жылынын эң сонун күнү болчу.

— Эң сонун жылы... — деп күбүрөдү ал терезе капкактарынын ар жагынан.

Түштөн токулгандай жеңил, оттуу канаттар жүздөгөн нурларга бөлүнүп, терезе жылчыктарынан кирип, абада каалгып, караңгылыктан эринди, мурунду, көздү жулуп ала баштады. Бирок ошол замат көздүн изи да калбады, бирок кызыгуу өз дегенин кылып, кайрадан жарык нурунан тутанып кетти. Эми өзү каалаган нерсени кармап алган соң, жигит оттуу көпөлөктү түз кармап (жалындуу канаттары гана араң дирилдеп жатты), ошондо алыскы күндүн жашыл оту терезе капкактарынан эски үйгө гана эмес, Кемпирдин жан дүйнөсүнө да куюлуп жатты. Жигит анын тез-тез дем алып, коркунучту басууга, кубанычка жол бербөөгө аракет кылганын укту.

— Жок, жок, мени алдай албайсың! — деп жалбарды ал ушунчалык акырын, шашпай каптаган толкун аны жаап калгандай, бирок суу түбүндө да тырбалаңдап, өмүрдөн ажырагысы келбегенсип. — Сен жаңы кебетеде кайтып келип жатасың! Сен маска кийип келдиң, бирок кандай экенин түшүнө албай атам! Мага илгертен тааныш үн менен сүйлөп жатасың. Бул кимдин үнү? А, баары бир! Тиземде жайган карталарым да чынында ким экениңди жана мага эмнени таңуулагың келгенин айтып турат!

— Болгону жаштыгыңыздын жыйырма төрт сааты.

— Сен мага таптакыр башка нерсени таңуулап атасың!

— Өзүмдү эмес да.

— Эгер мен чыксам, сен мени кармап, муздак, караңгы көргө, чым жууркандын астына катасың. Сени алдап, жылдар бою качып келгем. Ал эми сен эшигимдин түбүндө ыйлап, жаңы айла-амалдарды ойлоп атасың. Бирок убара болбо!

— Эгер сиз чыксаңыз, мен болгону колуңузду өпмөкмүн, жаш леди.

— Андай дебе! Болору болду, өткөн иш өттү!

— Кааласаңыз — бир саатка жетпей, жаштыгыңыз кайтып келет.

— Бир саат жетпей... — деп күбүрөдү ал.

— Токойдо сейилдебегениңизге көп болдубу?

— Өткөндү эстеп эмне? Кемпирге эстеш да кыйын.

— Жаш леди, — деди жигит, — эшикте сонун жайкы күн турат. Бул жерде жана бактардын арасында — жашыл сыйынуу үйүндөй, алтын аарылар килем токууда — кайда карабаңыз, баары жаңы оймо-чиймелер. Эски эмендин көңдөйүнөн бал жалындуу дарыядай агууда. Бут кийимиңизди чечип, жапайы жалбызга чөгөлөңүз. А ошол ойдуңда талаа гүлдөрү... чөпкө сары көпөлөктөрдүн булуту конгондой. Бактардын астындагы аба терең кудуктагыдай салкын, таптаза, аны ичсең да болот. Түбөлүк жаш жайкы күн.

— Бирок мен кандай карыган болсом, ошондой калам.

— Калыс келишим сунуштайм, ишенимдүү иш — биз эң сонун тил табышабыз: сиз, мен жана август күнү.

— Бул кандай келишим, мага эмне берет?

— Ушул мүнөттөн баштап жыйырма төрт узак, бактылуу жайкы саат. Биз токойго чуркайбыз, мөмө терип, бал жейбиз, шаарчага барып, сизге желедей жука, аппак жайкы көйнөк сатып алабыз, андан соң поюзга түшөбүз.

— Поюзга!

— Поюз менен чоң шаарга жөнөйбүз — бул жерден бир сааттык жол, ал жерден тамактанабыз жана түнү бою бийлейбиз. Мен сизге эки жуп туфли сатып берем, бирөөсүн дароо жыртып бүтөсүз.

— Ох, менин сөөктөрүм ооруйт... ордумдан да козголо албайм.

— Сиз басканга караганда көбүрөк чуркайсыз, чуркаганга караганда көбүрөк бийлегенге туура келет. Биз жылдыздардын асманда дөңгөлөктөй айланганын, таңдын атканын көрөбүз. Үрөң-бараңда көл жээгинде сейилдейбиз. Эртең менен эч ким жебеген эң сонун тамакты жеп, чак түшкө чейин кумда жатабыз. Кечинде мына ушундай конфет кутусун алып, поюзга түшүп, кондуктордун компостеринен түшкөн көк, жашыл, кызгылт сары конфеттилерге көмүлүп, жаңы эле үйлөнгөндөй жол бою каткырабыз, шаарча аркылуу эч кимди карабай өтүп, күүгүмдө тынч жытка толо токой аркылуу үйүңүзгө келебиз...

Жымжырттык.

— Мына сага, — деп күбүрөдү ал. — А али эч нерсе баштала элек.

— Ал эми сага мунун эмне кереги бар? Сага эмне пайда? – деди ал бир аздан соң.

Жаш жигит мээримдүү жылмайды.

— Секетим, мен сиз менен жаткым келет.

Ал дем ала албай калды.

— Мен өмүрүмдө эч ким менен жаткан эмесмин!

— Анда сиз... карыган кызсызбы?

— Мен муну менен сыймыктанам!

Жигит үшкүрүнүп, баш чайкады.

— Демек, бул чындык экен... сиз чын эле карыган кыз экенсиз.

Жигит тыңшап калды, ал эми үйдөн бир да үн чыккан жок.

Абдан тынч, бирөө кайсы бир жерде жашыруун кранды араң бурап, жарым кылымга калтырылган суу түтүгү тамчылап иштей баштагандай. Кемпир ыйлай баштады.

— Эмне үчүн ыйлап атасыз?

— Билбейм, — деди ал шолоктоп.

Акыры ал ыйлаганын токтотту, жигит анын тынчтануу үчүн креслодо чайпалып жатканын укту.

— Байкуш кемпир, — деп күбүрөдү ал.

— Мени кемпир дебе!

— Макул, — деди ал. — Кларинда.

— Менин атымды кайдан билдиң? Аны эч ким билбейт!

— Кларинда, эмне үчүн бул үйгө бекинип алдыңыз? Илгертен бери...

— Эсимде жок. Бирок... Мен коркком.

— Корктуңуз беле?

— Кызык. Адегенде жашоодон коркком, кийин — өлүмдөн. Дайыма бир нерседен коркчумун. Бирок мага айтчы! Чындыкты айт! Ал эми менин жыйырма төрт саатым бүткөндө... көл жээгиндеги сейилдөөдөн кийин, поюз менен кайтып, токой аркылуу үйүмө келгенден кийин, сен каалайсыңбы...

Ал аны шаштырган жок, сөзүн бөлгөн жок.

— ...мени менен жатканды? — деп күбүрөдү ал.

— Ооба, он миң миллион жыл, — деди ал.

— Оо, — деди ал араң угула. — Ушунча узакпы.

Ал башын ийкеди.

— Узак, — кайталады ал. — Бул кандай келишим, жигит? Сен мага жыйырма төрт саат жаштык бересиң, а мен сага менин кымбат баалуу убактымдан он миң миллион жыл беришим керек.

— Менин убактымды да унутпаңыз, — деди ал. — Мен сизди эч качан таштабайм.

— Сен мени менен жатасыңбы?

— Албетте!

— Эх, жигит, жигит. Үнүң мага аябай тааныш туюлат.

— Мага караңызчы.

Жигит ачкыч тешигинен тыгын суурулуп, ага көз тигилип калганын көрдү. Жаш жигит талаадагы күн карамаларга жана алардын асмандагы кожоюнуна жылмайды.

— Мен сокурмун, дээрлик эч нерсе көрбөйм, — деп ыйлады Кемпир. — Бирок бул жерде чын эле Уилли Уинчестер турабы?

Ал эч нерсе деген жок.

— Бирок Уилли, сенин кебетең жыйырма бирдегидей көрүнөт, жетимиш жыл өттү, а сен таптакыр өзгөрбөптүрсүң!

Ал бөтөлкөнү эшиктин алдына коюп, өзү арырак, отоо чөптөрдүн арасына турду.

— Сен... — Ал күбүрөнүп токтоп калды. — Сен мени да ушундай жаш кыла аласыңбы?

Ал башын ийкеди.

— Оо, Уилли, Уилли, чын эле бул сенсиңби?

Ал анын бейкапар, бактылуу, жапжаш боюнча турганын, күн анын чачында жана жаактарында жаркырап чагылышып жатканын карап күтүп турду.

Бир мүнөт өттү.

— Эмне кылмай болдуңуз? — деди ал.

— Токтой тур! — деп кыйкырды ал. — Ойлонууга убакыт бер!

Ал тиги үйдүн ичинде, калбырдан кумду өткөргөндөй, бүт өмүрүн тездик менен көз алдынан өткөрүп жатканын туйду, бирок эстей турган эч нерсе жок эле — баары чаңга жана күлгө айланып жатты. Ал анын мээси чыңалып жатканын сезди — эскерүүсү кур убара болуп, калбырда да, өткөрүлгөн кумда да бир да таш жок.

«Чексиз, чексиз чөл, — деп ойлоду ал, — бир да оазиси жок».

Ал ушуну ойлогондо, тиги сестене түштү.

— Кызык, — деп күбүрөдү ал акыры. — Азыр капысынан мага жыйырма төрт саатка, бир күнгө он миң миллион жылды берүү — жакшы, адил жана туура иштей туюлуп кетти.

— Ооба, Кларинда, — деди ал. — Мындан өткөн туура чечим болушу мүмкүн эмес.

Бекиткичтер калдырап, кулпулар шарактап, эшик тарс ачылды. Бир көз ирмемге кол көрүнүп, бөтөлкөнү кармап, кайра жоголду.

Бир мүнөт өттү.

Андан соң пулемёттун атышындай бөлмөлөрдөн келаткан кадамдын дабышы угулду. Аркадагы эшик тарс жабылды. Жогорку терезелер кеңири ачылып, терезе капкактары чөпкө кулады. Мына, Кемпир төмөнкү терезелерге да жетти. Терезе капкактары талкаланып жатты. Терезелерден чаң буруксуду. Акыры кенен ачылган башкы эшиктен бош бөтөлкө учуп чыгып, ташка тийип талкаланды.

Мына, эшик алдындагы верандада анын өзү — канаттуудай тез учуп чыкты. Күн ага нурларын төктү. Сахнада тургандай, караңгы кулисалардын ар жагынан учуп чыккандай сезилди. Андан соң тепкичтерден чуркап түшүп, анын колдорунан кармады.

Жолдо бараткан кичинекей эркек бала токтоп, ага тигилди, андан соң аркасы менен чегинип, кең ачылган көздөрүн андан албай, көрүнбөй калгыча чегинди.

— Эмне үчүн ал мени минтип карады? — деди ал. — Мен сулуумунбу?

— Абдан сулуусуз.

— Күзгүдөн өзүмдү көргүм келет!

— Жок, жок, кереги жок.

— Шаарда баарына жагамбы? Же бул мага гана туюлуп жатабы? Же сен мени тамашалаганыңбы?

— Сиз — сулуулуктун өзүсүз.

— Демек, мен сулуумун. Муну өзүм билем. Ал эми бүгүн кечинде баары мени менен бийлейби? Эркектер мени бири-биринен талашып чакырышабы?

— Баары бири калбай.

Аарылар ызылдап, жалбырактар шуудурашкан жолдо ал капысынан токтоп, анын жайкы күндөй сулуу жүзүн карап суранды:

— Оо, Уилли, сенин дайыма-дайыма мээримдүү болушуңду каалайм — баары бүткөндө да, биз бул жерге кайтып келгенде да.

Ал анын көздөрүнө тигилип, алаканы менен жаагын сылады.

— Макул, — деди ал жумшак. — Макул.

— Ишенем, — деди ал. — Ишенем, Уилли.

Алар жалгыз аяк жол менен чуркап, көрүнбөй калышты, а абада чаң көтөрүлгөн бойдон калды; эшиктер, терезе капкактары, терезелер кенен ачык эле, эми күн ичкериге карай алат, канаттуулар ал жерде уя салып, балапандарын өстүрө алышат, ал эми сонун жайкы гүлдөрдүн желекчелери үйлөнүү тоюндагы жамгырдай учуп, бөлмөлөрдү жана али бош төшөктү килемдей каптайт. Жайкы жеңил шамал кенен бөлмөлөрдү өзгөчө жытка толтурду — Башталыштын жана Башталыштан кийинки биринчи сааттын жыты, дүнүйө жаңыдан жаралгандай, айлана таптаза, а карылык жөнүндө эч ким укпагандай.

Токойдун бир жеринде тез соккон жүрөктөр коёндордун буттарындай тыпырады. Алыста поюз катуу кыйкырып, шаарды көздөй барган сайын күүлөнүп зыпылдап жөнөдү.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз