Рамис Рыскулов: Сулуу аял эмес, сулуу ойнош – генийдин үлүшү

  • 07.08.2026
  • 261

Кишиден жогору адам

Кишиден жогору адам болорун немис элинин улуу философу Фридрих Ницше айтканына көп мезгил болду. Ницше элди абдан эзүү керек деген, ошондо кишиден жогору адам пайда болот. Эл эзилбеген доор аз болгону маалым. Фашисттер менен согуш жылдары совет эли кандай жапа көрбөдү? Ошондой кыйын мезгилде менин жети жашымда апам өлсө, тогуз жашымда өгөй энеме мени таштап, атам Армияга жөнөдү. Согуштан кайтып келбеди. Мен атам барда сабакты жакшы окучу эмесмин. Тырышып кийин жакшы окудум.

Чоң ата, чоң энемдин колунда калдым. Өгөй чоң энем багып жүрдү. Ата-энем барда деле алар мени баккан кездер болгон. Капастагы бөдөнөнү көрсөтүп, чоң атам алып калам десе болбой, түштүккө атам менен кеткем.

Үчүнчү класстан баштап, отуз сотых короону чоң атамдын менден эки ай улуу баласы экөөбүз күрөчүбүз. Уйга чөптү оруп келчүбүз. Уйдун богунан көң жасачубуз. Сүт бышырган кездерим да көп болчу. Кээде эрте туруп уйду бадага кошчубуз. Эртең менен чоң апам эрте ойготчу. Торпокту шиберлүү жерге алпарып аркандачумун. Кээде Эсен аркандачу. Кулунун мен откозуп, айылдын четинде ойноп отурчумун. Ошол бээни уурдап кетишти.

Биздин боз үйүбүз бар эле. Эки кап буудай жана дагы бир нерселерге тогоп алмашып, казактардын колуна кетти. Биздин колхоздун кампасы турган жерге жакын жайда туулупмун. Башта биздин колхоз «Кызыл Жылдыз» аталчу. Азыр Кызыл-Туу кыштагы. Биздин айылда онунчу класска чейин окуткан окуучулардын жатаканасы согушка чейин болгон экен.

Эң көп айыл-кыштактан балдар-кыздар келип окушчу экен. Согуш чыккандан кийин онунчу класстын боз уландары текши фронтко жөнөтүлдү. Бир сонун мезгил өкүм сүрүп жаткан болчу. Жаштар шаңдуу сандуунун ичинде жашап жаткан.

Күмүш эжекемдин тамынын төбөсүндө көп китеп менен дептер жатчу. Алып окуп көрсөк, ал учурда педтехникумду ким бүтсө, билимдүү деп эсептелген экен. Ошону билдик.

Биз үйүндө турган жездем Үмөтбек кыргыз тилинин морфология менен синтаксисин жазган киши болучу. Ал китеп жазып жатканда мен жанында кээде узакка карап турчумун. Атам Рыскул мени мойнуна так көтөргөн эмес, эркелеткен эмес. Мени жерден так көтөрүп мойнуна Сагынбек деген апамдын бөлөсү айылдын батыш жагындагы үйүбүзгө келип эркелеткен, абдан маңдайы жарылганча кубанган. Мен аны ээрчип үйүнө барсам, онго жакын кыз отурат. Энеси алардын ичинен бирин келин кылып ал, – деди. Энеси жана Сагынбек экөө кимисин тандаарын билишпей, ары кетишти, бери кетишти. Бирок Сагынбек эч кимисин үйгө кийирбей армияга жөнөп кетип, ошо боюнча келбеди.

Ушул «Кызыл Жылдыз» аттуу колхозго жылдыздын киши келгенин ойлоп, анын бир айдан ашык убак өткөнчө биздин айылдан башка жакка кетпей жашап жүргөнүн ойлоп, ушунда бир сыр барбы деп ойлойм. Мен бала чакта биздин айылдын үч жеринен суу агып өтчү. Биздин үйдүн жанындагы сууда чоңдугу билектей балыктар кармалган убактар болчу. Азыр суу тоодон келбей, каналдан келип, ал баштагы кезинен өзгөрүп кетти. Айылдын башында да, аягында да тегирмен бар эле. Эки көлмө бар болчу.

Цыган аялга бал ачкызсам, жашыруун илдетиң бар, ошон үчүн бактысыз экенсиң деди. Таап айтты дедим. Гений болуш үчүн аябай бактысыз болуу керек. Мен аябай бактысыз жашадым, дээрлик бала чагыман, туурасын айтканда, алты жашыман баштап. Бактысыз киши өзүн бактылуу сезиш үчүн көңүл кубанткыч нерселерди ойлоп таба баштайт экен. Мен ошенттим. Эң эле болбосо талаага чыгып же үйдө киши жокто ырдайм.

Өзүңдү канчалык төмөн сезсең, ошончо бийик нерсени самап, дегдөөң бийик болот экен. Кудуктун ичиндеги бака жылдызды көрө албагандай.

Он алты жашымда өзүмдү эки курдай машиненин астына ыргууга обдулуп, анан тим болдум. Өзүмдү жубатуу үчүн ыр жазууму аябай күчөттүм. Ырдагы ийгилигим мени жубатты. Абдрасул Кылычев деген акынды билер элем. Ал өзүн поезддин астына ыргытып, каза тапты. Эми ошону туураймбы дедим. Ал киши ырымды текшерип, жакшы баа берген. Ырга өмүрүм арнап, күн-түн ыр жазып, чоң ырахаттарды сезчү болдум. Турмушту жандай сүйүп кеттим. Он алты жашымда республикага атагым чыкты.

«Эки энем» аттуу ырым он алты жашыман баштап, алиге ырдалып келатат. Дүйнөдө эрмеги болгон киши эч кейибейт. Ыр эрмек болду.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз