Султан Чоро: Күзгүдөгү адам

  • 24.08.2026
  • 196

АҢГЕМЕ

Айыл четиндеги эски чайканада күн сайын бир эле адамдар чогулчу. Алардын ар бири дүйнөнүн бардык маселесин чечип койчудай сүйлөшчү. Ким президент болуш керек, кайсы футболчу мыкты, кайсы жазуучу таланттуу, кайсы ырчынын үнү жок — баары тууралуу кескин өкүмдөр айтылчу.

Бир күнү эле айылга жаңы мугалим келип калды. Шаарда окуп, чет өлкөлөрдө да болуп келиптир ал. Эл аны чайканага чакырып, сөзгө тартмак болушту.

— Айтчы кана, дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөр эмнеси менен кыйын экен анчалык? — деди айылдын сөз бербес Бабырбайы.

— Себептери көп, — деди мугалим. — Бирок алардын мыктылыгы — адамдар бири-бирин угууга үйрөнгөнү.

Чайканадагылар кыраан каткы күлүп жиберишти.

— Угуунун өнүгүүгө кандай тиешеси бар?

— Чоң тиешеси бар, — деди мугалим. — Эгер ар ким өзүн гана туура деп эсептесе, жаңы ой кайдан чыгат?

— Жаңы ойдун эмне кереги бар? Туура ой болсо болду да, — деди бири.

— Анан туура ой кимдики?

— Албетте, меники.

Бул сөздөн кийин баары күлүштү кайрадан.

Мугалим да жылмайды.

— Кызык экен. Бул жерде он киши отурса, онуңар тең өзүңөрдү туура деп эсептейсиңер. Демек, он башка чындык бар болуп калат турбайбы?

Күлкү басаңдады.

— Чындык бирөө эле болот, — деди аксакалдардын бири.

— Туура, — деди мугалим. — Бирок ага жетүү үчүн ар ким өз оюн ортого салып көрүшү керек. А бизде көбүнчө пикир талаш эмес, адам талаш болуп кетет.

— Кантип?

— Бирөө башкача сүйлөсө эле анын оюн эмес, өзүн жаман көрө баштайбыз. "Бул биздин адам эмес", "мунун ою бузук", "муну укпагыла" дейбиз. Ошентип пикирди талкуулагандын ордуна адамды жокко чыгарууга өтөбүз.

Чай үстүндө отургандар унчукпай калышты.

Мугалим сөзүн улады:

— Мен бир кызык нерсени байкадым. Биздин коом күзгүнү жакшы көрбөйт экен.

— Эмне үчүн?

— Анткени күзгү мактабайт. Ал болгону көрсөтөт.

— Ошондо сен кыргыздарды күзгүдөн көрсөтөйүн дегениңби?

— Жок. Күзгү өзүнөн өзү көрсөтөт. Маселе аны караган адамда.

Ошол маалда бурчта отурган жаш жигит сөзгө аралашты.

— Соцтармактар деле ошондой болуп калды го. Ким башкача ой айтса эле жабыла кетишет.

— Анткени көпчүлүк адамдар өз оюн көзкараш катары эмес, өзүнүн бир бөлүгү катары кабыл алат, — деди мугалим. — Сен анын пикири менен макул болбой койсоң, ал муну өзүнө каршы чабуулдай кабыл алат.

— Анан эмне кылыш керек?

— Пикир менен адамды бөлүп үйрөнүш керек.

— Кантип?

— Мисалы, мен сенин оюңа каршы чыгышым мүмкүн. Бирок бул сени жаман көрөм дегенди билдирбейт. Сен да меникине каршы чыга аласың. Бирок экөөбүз душман болуп калбашыбыз керек.

Бир азга тынчтык өкүм сүрдү.

Анан аксакал жай сүйлөдү:

— Бизде илгери да ошондой беле?

— Жок, — деди мугалим. — Илгери кыргыздар кеңешип чечишчү. Дөңдө отурушуп. Ар ким сүйлөчү. Кээде катуу талаштар да болуп келген. Бирок талаштын өзү душмандык эмес эле. Азыр болсо көп учурда адам өз оюнан күмөн саноодон коркуп калды. Анткени жаңылып калса аброю түшөт деп ойлойт.

— А жаңылышуу уят эмеспи?

— Жаңылышуу эмес, жаңылышканыңды моюнга албоо уят.

Бул сөздөрдөн кийин кайрадан жымжырттык орноду.

Чайканадагы чоң күзгүгө күндүн нуру түшүп турган. Баары өз элесин көрүп отурушту.

Мугалим ордунан турарда акыркы сөзүн айтты:

— Коомду күчтөндүргөн бирден бир шарт — баарынын бирдей ойлошу эмес. Коомду күчтүү кылган нерсе — ар башка ойлогон адамдардын бири-бирин угууга жөндөмдүүлүгү.

Үйүнө тараган эл ошол күнү көп сүйлөгөн жок. Бирок көпчүлүгүнүн эсинде чайканадагы күзгү калды. Анткени кээде адам өз жүзүн эмес, өз мүнөзүн көрүп калган күзгүдөн чочуйт экен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз