Людвиг Бемелманс: Путзи

  • 23.09.2026
  • 88

АҢГЕМЕ

Дирижёр үндү катуулатууну сураган экен деп түшүнұшкөн алар, бирок Некиш колундагы таяк учу менен жамгырдын биринчи, экинчи тамчысын алаканы менен тосуп алыптыр.

Ал оркестрди токтотуп, абал асманга тигилди, анан концертмейстр Фердинанд Лиффлерге кадала тиктеди.

Лиффлер шамал учурган Finlandia[1] симфониялык поэмасынын нота барактарынын артынан колун созуп кууп жүргөндө көрөрмандар кол чатырларын калканчык тутуп, тарап кетишти. Музыканттар аспаптарын көтөрүп, концерттик залдын жаан тийбеген капшытына шашышты. Ал эми маанайы суз Лиффлер мырза кең сценанын артына барып, узун кара пальтосун илгичтен алып, жамгырын силктти.

Ушу тапта Некиш аны таягы менен ныкып калды, туурасын айтканда, Лиффлер мырзанын кәмзүрүнүн жогорку эки топчусунун ортосуна таягынын учун нукуп, бийик платформага жылдырбай такады. Гангофер – урма аспаптарда ойногон музыкант, анын үнүн жаңылбай тааныды: «Лиффлер мырза, сен көтсүң, концертмейстр эмессиң; көтсүң! Бул акыркы жолкуң, Лиффлер мырза; сен жөнөкөй нерсени туура жасай албайсың; бизде азыр тартыштык, Лиффлер мырза, азыр илгеркидей кеңиричилик жок – мен муну сага акыркы мертебе, ийе, акыркы мертебе айтуудамын. Ичкериде! Жамгыр жааганда ичкериде – залда ойнойбуз, күн ачыкта – сыртта ойнойбуз».

Лиффлер мырза үн-сөзсүз абалда калың түктүү, өңү көк калпагын жана өзүнө таандык биринчи скрипканы колуна алып, көчөгө чыкты. Автокөлүк келсе, калаанын башка бөлүгүндөгү «Үч карга» кафесине барат. Береги кичинекей кафе кайнисиники эде.

Лиффлер айым кичинекей кафе бурчунда бамбук жөлөгүчкө жайылган Neue Freie Presse[2] гезитин окуп отурган. Ал кофесин кашык менен аралаштырды.

– Аа, Фидел, - деди ал жана күйөөсүнүн колун кыса кармады. - Сен бүгүн эрте келдиң го. Ал күйөөсүнүн жүзүнөн анын маанайын даана сезди... күйөөсү менен кошо жабык терезеден жамгыр дыбырап жаткан көчөнү карады.

– Кайра сыртта, - деди аял жана Neue Freie Presse[3] гезитинин биринчи бетин ачып, күйөөсүнө абы ырайы жөнүндөгү маалыматты көрсөтүп, окуп кирди. - Венада асманды ала булут каптап, күн анча-мынча бүркөлүшү мүмкүн, бирак Залцкаммергутта чайыттай ачык болот.

– Ичкериде, сыртта, - деп кайта-кайта кайталап да ийди.

Өлүм, өрт, полиция, карыз төлөөгө кудуретсиз деген сөздөр адамдарды кандай селт эткирсе, алдагы эки сөз да эрди-катындын жүрөгүн ошондой кабатыр кылып жатты.

Дүкөндүн ооз жагында, касса аппаратынын жанында Лиффлер айымдын сиңдиси Фрида отурган. Лиффлер айым аны оң колунун сөөмөйү менен көрсөттү.

– Фидел, карачы. Фриданы карачы. Мен сени күтүп отурган чакта, ал үч балмуздак, төрт жаңгак пирогун, эки кремдүү булочка жана эки үлүш шоколадды сугунуп койду. Эми майда пирожныйларга көз артууда.

– Ооба, - деди Лиффлер мырза.

– Ээ, Фидел, дирижёр Некиштен жана ичкери менен сырт деген сөздөн безге сайгандай кооптонуп, жүрөк заада болгондон көрө, бизде да меймандары жана гезит-журналдары бар мына ушул сыяктуу кичинекей рестораныбыз болсо кана?

– Ал мени «көт» деп атады, Некиш айтты, - деди Леффлер мырза.- Бул акыркы жолу, - деди.

– Деги ал өзүн ким деп санайт? Рим Папасыбы? Эгер ошончолук эле акылдуу болсо, эмне үчүн өзү чечпейт? Мен жинди болуп баратам, Фидел, сен оркестр менен концерт бергенде – мен эки күн уктай албайм. Аба ырайы жөнүндө маалыматтарды окуймун, телефон чаламын, эки көзүм тоого кадалып жалдырайм, атүгүл ит чөп жесе, аны карап отурам. Фермерлерден аба ырайын билгенге аракет кылдым, эч нерсе билишпейт экен. Сен эч нерсени так биле албайсың, оногу булуттар – сен аларды каалабасаң да келе беришет. Силер ичкериде ойноп атканда, сыртта жамгыр төгүүдө деп өзүңчө жоромолдогон болсоң да, тилекке каршы, асман шаңкайып ачык турса да, алар сени күнөөлөшөт!

Эрди-катын төрт алаканын үстү-үстүнө коюшканда, стакандай бийик болду. Ушу абалда экөө үн-сөзсүз отурду. Лиффлер айым алдындагы фарфор чыныдагы кофеге тигилген абалында күйөөсүнө назик үн катты.

– Фидел, мен сага бир нерсе айтуум керек.

Жүзү секелек кыздыкындай жайнап, күйөсүнүн кулагына шыбырады.

– Жок, - деди Лиффлер жубайына ишенбегендей карап.

– Ийе! Ооба, Фидел, - деди жубайы.

– Качан? - деди Лиффлер мырза.

– Январда. Январдын ортосунда... Доктор Граусбөрн айтты...

Лиффлер келерки эки концерт болор күнкү аба ырайын туура божомолдогон экен. Күн чакчайып тийди. Сыртта. Некиш кайра Лиффлерге насаат окуп, ага карабай Лиффлер концертке шыпылдай басып, ышкырып келип жүрдү.

Бир күнү Till Eulenspiegel[4] симфониялык поэмасын кайра угуу болуп жатканда Лиффлер чыдабай кетти; ал оюндагысын оркестр мүчөлөрүнө ачык айтты. Алар Лиффлерди далысына тапташып, колун силкилдете кысышты. Ал турсун Некиш өз минбарынан түшүп келип, эки колун Лиффлердин ийинине коюп: «Лиффлер мырза, Лиффлер мырза» деп ийди эки-үч ирет. Кайсы бир күнү оркестр «Liebestod»[5] музыкасын ойногондон кийин Лиффлер жумуштан келсе, сыртта доктор Граусбөрндүн ат чегилген арабасы - ландау туруптур.  

Леффлер тепкич менен жүгүрүп чыгып, конокканага кирип баратса, башка эшиктен – жубайынын бөлмөсүнөн д-р Груасбөрн чыга келди.

– Жубайым кайда? – деди Лиффлер мырза.

– Жок, - деди д-р Граусбөрн. - Жок. Лиффлер мырза, сиздин жубайыңыз жок.

Д-р Граусбөрн колдорун жууду. Лиффлер мырза шору каткан жубайын өпкөнү анын бөлмөсүнө кирип, кайра чыкты.

– Доктор мырза, - деди. - Биз барбайбыз – мен да барбаймын...

Д-р Граусбөрн саквояжын жаап, кадалма манжеттерин билегине ыкчам кийди.

- Бошошпоңуз, Лиффлер. Эркек эмессизби, - деди ал. - Ата болбой калдыңыз...

– Такырбы? – суроолуу тигилди Лиффлер мырза.

- Такыр, - деди д-р Граусбөрн.

Лиффлер мырза өз орундугунун четине көчүк басты.

– Биз карапайым адамбыз, - деди ал бет алдындагы үстөлдү карап. – Биз жашоодон аз гана нерсени сурайбыз. Биздин тилегибиз эле перзент болчу. Биз ага ысым да таап койгон эдек – Путзи, биз эмнеге ат койдук, Энни аталардын пири – касиеттү Жозефке арнап шам да күйгүзгөн.

Ал оор дем алды.

– Жамандык эмнеге башыма түштү? - деди ал. – Кантип ушундай болду? Биз аз гана нерсени сураганбыз.

Д-р Гаусбөрн терезени көрсөттү.

- Бул жакшы, Лиффлер мырза, - деди ал. – Бул буга окшош. Сиз кеч гүлдөчү береги ажайып кичинекей алма көчөттү көрүп жатасызбы? Анын жайнаган гүлдөрүн караңызчы...

– Анан шамал жүрдү, - доктор Гаусбөрн колун абага серпип, ылдый көздөй катуу шилтеди. – Schrumm ушуга окшош... айрым гүлдөр күбүлөт... жамгыр болсо, көбүн күбүйт... - доктор кыска семиз манжаларын жамгырдай дыбыратты – бррр – аяз түшсө, дагы гүлдөрдүн көбүн күбүп салат... гүлдөр алсыз. Сиз түшүндүңүзбү, Лиффлер мырза, эмне айтканымды.

Алар кичинекей көчөттү карап турушту: гүлдөрү тим эле жайнайт, ошого көчөттүн асты аппак.

– Оногу гүл биздин кичинекей Путзи... – деди Лиффлер мырза.

– Ооба, - деди доктор. – Калпагым кайда житип кетти?

Доктор калпагын издеп жөнөдү эле, Лиффлер мырза аны коштоп, тепкич менен шаша ылдый басты.

– Эгер сиз шаарга барчу болсоңуз... – деди д-р Граусбөрн арабасынын эшигин ачарда. Лиффлер башын ийкеп, арабага отурду.

Көчөнүн аягында панар илинген мамыны сырдап жатышыптыр. Чүмбөттүү араба эки жээгине тең дарак тигилген даңгыр жолго бурулду; жаш жоокерлердин колоннасы каршы өттү. Панар мамысынын тушунан өтө бергенде Лиффлер мырза д-р Граусбөрнгө жан-дилинен төгүлдү, бирок доктор баш чайкап:

– Жо, жо-жо, жо-жо, Лиффлер мырза. Мүмкүн эмес, андай болбойт, - деди.

– Биз аз эле нерсени сурадык, - деп күбүрөдү Лиффлер мырза. Анан ар бир сөздү этиеттеп: – жалгыз перзент – башка эч качан – менин байкуш жубайым – сүйүү – үй-бүлө, - деди. Сүйлөп жатып, арабанын эшигинен ылдый салаңдаган жоон кайышты түйүн кылып түйгөнгө аракет кылып жатты.

- Жок, - деди д-р Граусбөрн.

Арабакеч трамвайды жана эки автокөлүктү өткөрүү үчүн тизгин тартып, атты токтотту. Лиффлер мырзанын эки бети кызарып чыккан эде. От алып, күрүлдөгөн моторлордун, автокөлүктөрдүн сигналдары менен трамвайлардын коңгуроолорунун күрү-күүсүндө Лиффлердин «Путзи биздики!» деген үнү жаңырды жана ал бет маңдайындагы жөлөөчү бүктөлгөн кошумча орундукту кол чатыры менен үч мертебе чаап-чаап жиберди. Арабакеч эмне болуп кетти деп, айланасын тегерете карады.

– Путзи? – деп сурады д-р Граусбөрн.

– Биздин чачыла гүл, - деди Лиффлер мырза доктордун саквояжын сөөмөйү менен көрсөтүп.

Д-р Граусбөрн асмандагы кептерлерден көзүн албай, сөз айтпай тунжураган бойдон отурду. Бир кептер фонтанга конуп, суу иче баштады. Фонтандын жанындагы көк майсанда чөп жеп жаткан куу ит жолдун четине жүгүрүп барды. Доктор башын буруп, алгач арабакечке, анан Лиффлер мырзага назар оодарды – концермейстрдин көздөрүнөн шоргологон жаш жүзүн чайып жатыптыр. Доктор колун Лиффлердин тизесине койду.

– Лиффлер, мен суранычты аткарам. Заң-мыйзам жок – ар бир музейдин өз жобосу бар. Кайыдага ылайык, албетте... шишеге салып... эмки дүйшөмбү күнү... Servus[6], Леффлер мырза.

Auf Wiedersehen, Herr Doctor[7].

Ошентип Путзи бир аптадан кийин Лиффлер мырзага жеткирилди. Колу сулуу жазганга чебер Лиффлер мырза шишенин сыртына көзгө сүйкүмдүү этикетка ойлоп тапты. Ал «Биздин кымбаттуу Путзи» деп жазып, анын астына датаны кадимки басмаканада басылган сандай кылып жазып койду.

Келерки жумада Лиффлер мырза кайра жаңылды: сыртта Бетховенди ойноп жатканда жамгыр куйду, Брамсты ичкериде ойноп жатканда күн чакчайып тийип, дирижёр Некиш таякчасын сындырып алды.

– Кетиңиз, Лиффлер мырза, - деди ал. – Мен чыдамкай адаммын, лекин сиз эчен жолу ишти тескери кылдыңыз. Көзүмө көрүнбөңүз, жоголуңуз, сизди кайра көрбөйүн, концертмейстрдин көтү!

Лиффлер мырза үйүнө бет алды...

Путзи бир нече жыл очоктун текчесинде турду. Туулган күнүнө текче гүлгө толот, ал эми Кристмас майрамына ага арнап, текчеге учунда шамы бар кипкичинекей балаты орнотулат. Азыр Лиффлер терезеге жана кичинекей Путзи салынган шишеге телмирип, узак убак отурат. Ойлогону эле: аба ырайы, оркестр, ичкери жана сырт.  

Neue Freie Presse гезитинин аба ырайы жөнүндөгү маалыматы көп учурда натура; өкмөттүн маалыматы анда-чанда туура чыгат. Некиш - ар дайым жаңылыш айтат, ага караганда Лиффлер алда канча туура айтчу, бирок Путзи дайыма туура сүйлөйт, бир нече күн мурда билет...

Муну Лиффлер мырза бир нече айдан кийин байкады. Ал бир нече күн кунт коюп текшерип, андан соң жубайына айтты. Лиффлер блокнот, карандаш алып, блокноттун барактарын ортосунан сызды. Барактын ылдыйкы жарымына «Ичкери», өйдөңкү жарымына «Сырт» деп жазды да, колдорун шашпай ушалап, күтө баштады...

Зальцбургдун көз жоосун алган кооз өрөөнүн курчаган кырка тоолордун бийик чокуларынан топчудай көгүш булут көрүнө электе эле, Путзи аба ырайы кандай болорун билет: ал шишенин түбүнө чөккөн чакта, анын кичинекей маңдайында узун эки бырыш пайда болуп, сол кулагынын үстүндө өскөн жалчыбаган майда түктөр чыйралган жиңгалактай болуп калат.

Эртең чыкчу күн тоонун таза абасына көтөрүлүп, күнү бою чаңкайып ачык турууну убада кылган учурда, Путзинин бети кызыл тору тартып, эргежээлге мүнөздүү жылмайуусу жүзүн чайып, шишенин ооз жагында калкып калар эде.

– Кел, Путзи! – деди Лиффлер мырза блокноту толгондо, аны жана диаграммасын алып, Некашка жөнөдү...

Азыр жамгыр жааган учурда Лиффлер мырза – кайра ичкериде, асман чаңкайып турганда – сыртта.

“Путзинин» автору тууралуу котормочудан маалымат

Жаңылбасам, америкалык жазуучу, художник жана иллюстратор Людвиг Бемелманстын чыгармалары мурда кыргыз тилинде турсун, орус тилинде да жарыяланбаган. Мен ага кокусунан кезиктим – Рей Бредбери туура 75 жыл мурда түзгөн “Бүгүн жана эртең үчүн эскирбес аңгемелер” антологиясынан.

“Путзини“ которуп бүткөндөн кийин икаяны “заманбап фантастиканы адабияттын чоң дайрасына кошууда салымы үлкөн” Бредбери аксакал кандай критерий менен жыйнакка кошкон деген савал башымда “кылт“ этти. Ойлонуп отуруп, китептин мурда окубаган Кириш сөзүнө кайрылдым...

“Бул антология үч жүйөөгө ылайык куралды: фантазияны сейрек жазган авторлордун аңгемелерин табуу үчүн; башка фантастикалык антологияларда пайдаланылбаган аңгемелерди аныктоо үчүн; жана, баарынан да маанилүүсү, сапаттуу аңгемелерди жарыялоо үчүн,“ – деп түшүндүрүптүр Р.Бредбери.

Жогорудагы үч критерийге таянып, Л.Бемелманстын аңгемесин сапаттуу жазылган фантастика деген тыянакка токтодум. Ошонон кийин жазуучунун өмүр жолун серепчилеп жатып, көп кызыктарды ачтым өзүмө.

Балдар үчүн жазылып, өзү көркөмдөгөн тунгуч чыгармасы «Мадлен» (Madeline) балалап отуруп, бардык алты китеби классикага айланган; дүйнөдөгү эң ири жеке менчик кеме флотун түзгөн, легендарлуу опера ырчысы Мария Калластын көңүлдөшү, АКШнын экс-биринчи айымы Жаклин Кеннедиге үйлөнгөн грек миллиардери Аристотел Онассистин яхтасынын балдар бөлмөсүнө дүнүйөсү ташыган магнаттын буйрутмасы менен сүрөт тартып кооздогон.

Ошентип теңир берген талантынын үзүрүн көзү тирүүсүндө көргөн Людвиг Бемелманстын өмүрүнөн айрым шингилдерди окурмандар менен бөлүшкөндү жөн көрдүм.

Тарыхка америкалык жазуучу ирети калган Людвиг мырза Австрия-Венгрия империясынын Мерано шаарында 1898-жылы бельгиялык художник-бизнесмендин үй-бүлөсүндө туулат. (Мерано бүгүн Италияга карайт) Апасы немис. Ошон үчүн болочок жазуучу тырнактайынан француз жана немис тилдүү болуп өсөт. Лекин, адабиятка англис тилдүү жазуучу катары келет.

Ал 1914-жылы атасынын артынан Кошмо Штаттарга аттанып, Нью-Йорктун капчыктуу байлар токточу мейманканаларда түрдүү майда-барат жумуштарда иштейт. Бул жумушун 20-жылдары улантат.

Л.Бемелманс 1941-жылы атактуу «Нью-Йорк Таймс» гезитине берген интервьюда, 16 жашында Түндүк Америкага кетүүсүн бир коогалаң менен байланыштырат. Атап айтканда, Австрияда атасына таандык отелде иштеп жүргөндө, мейманканага караштуу ресторандын улук официанты аны эчен жолу камчылап сабаганын, зөөкүр немени атып салам деп коркутканына карабай, кодулоосун токтотпогондо, анын акесин таанытмак болуп, атып, оор жарадар кылат. Ошондон улам АКШга качып, жан сактагандан башка арга таппайт.

Бул окуя – болочок жазуучу жаштайынан эле айтканынан кайтпаган, көздөгөнүнө жетүү үчүн жанын сеп алдырбай эмгектенген көкмелтей болгонуна далил эмеспи!?

Ал 1917-жылы армияга жалданып, бат эле кенже лейтенант даражасына көтөрүлөт. Кийинки жылы АКШ букаралыгын алат. Ошол кезеңи тууралуу аскерде жүргөндө жазган күндөлүгүнүн негизинде «Кошмо Штаттар менен менин согушум» аттуу мемуар чыгарат, 20 жылдан кийин.

Ага атак-даңк менен колун оозуна жеткирген акчаны - балдарга арналган алгачкы китеби «Мадлен» (1939) алып келет. Париждик бармактай кыздын башынан өткөргөн жоруктары жөнүндөгү автор өзү көркөмдөп-иллюстрациялаган китепти обол бир чоң басма жаратпайт. Бирок бүгүн дүйнөгө таанымал Simon & Schuster басма үйү «жан» деп жарыялап, китеп классикалык адабиятка кошулат.

Ал эми Бемелманс белгилүү жазуучуга айланып, Кошмо Штатардагы көзгө басар журналдар ага кучагын ачат. 1954-жылы «Маделин» ээрчиткен түрмөктөгү «Маделинди куткаруу» (Madeline's Rescue) китеби өтө кадырлуу Калдекотт (Caldecott) медалына татыйт. Себеби, «Маделинди куткарууну» Американын китепканалар ассоциациясынын бөлүмү - Балдарды тейлөө ассоциациясы «балдар үчүн америкалык эң мыкты сүрөттүү китеп» деп аныктаган.

Американын китепканалар ассоциациясы жеңүүчүгө жана сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок баш байгеге жетпей калган китептердин мукабасына алтын же күмүш түстүү атайын чаптама жабыштырат. Бүгүнкү бала эртең – ата-эне болгондо перзентин абал башта өзү сүйүп окуган китептер менен тааныштырары калетсиз.

Автор үчүн мындан артык арман, мындан сара сый барбы?!

АКШда Калдекотт сыйлыгына катар эле «Американын балдар адабиятына эң көрүнүктүү салым кошкон» калемгерге Жон Ньюбери медалы да ыйгарылат. Балдар адабияты боюнча адис-эксперт, америкалык жазуучу Анита Силвинин айтышынча, балдар жазуучулары үчүн экономикалык мааниси боюнча, Калдекотт жана Ньюбери медалдарынан артык сыйлык жок. Алсак, Калдекот медалына эгедер болгон автордун китебинин өтүмдүүлүгү 100 миң – 200 миңге чейин өсөрү турган иш. (Булагы: https://www.publishersweekly.com/)

«Путзи» аңгемесинин авторунун өмүр таржымалында мени таң калтырган жана бир маанилүү фактыны айтпасам кыбам канбайт. Ал эмне дебейсиздерби? Людвиг Бемелманс 1914-жылы АКШга келип, 1962-жылы одүйнө кеткенче Нью-Йоркто жашайт. Лекин, анын сөөгү өлкө байтакты Вашингтондогу Арлингтон улуттук көрүстөнүнө коюлуптур.

Потомак дарыясынын өйүзүндөгү аянты 259 га мазар азыр 400 миңдей адамдын түбөлүк жайы. Анда көмүү укугун алуу АКШдагы бардык 150дөн ашык улуттук көрүстөндөрдүн баарынан татаал.

АКШ борборундагы атактуу көрүстөндө көмүлүүгө татыктуу адамдардын тизмеси Федералдык жол-жоболордун Кодексинде көрсөтүлгөн. Мисалы, АКШ президенти, вице-президенти, АКШ Конгрессинин мүчөлөрү, Юстиция министри, ж.б. чоңдорго мансабы жол салат.

1993-жылдын 30-ноябрына чейин же кийин көз жумган, жакшы кызмат өтөп жүрүп, душман колуна түшкөн согуш туткундары... Ал да түшүнүктүү. Вьетнам согушу кезинде туткунга түшкөн капитан туткундан чыкканда кезектеги аскер даражасы генералга жеткен үчүн ага генерал наамы ыйгарылганын илгери бир жерден окуган же уккан эдем. А көрсө, Арлингтон улуттук көрүстөнүнө аскердик эрдиги үчүн медаль-ордендер менен сыйлангандарды айтпаганда, жок дегенде бир күн нака аскер кызматын өтөгөн ардагерлер да көмүлүүгө укуктуу экен. 

Людвиг Бемелманс армияда үч жылдай кызмат өтөп, кенже лейтенант чинине чейин өскөнүн эске алсак, жазуучунун Америка Кошмо Штаттарындагы эң ардактуу көрүстөндөн жай табышы канонго ылайык эле иш болуптур.

Амирбек Азам уулу

[1] Finlandia – фин композитору Ян Сибелиус (1865-1957) симфониялык поэмасы, алгач 1899-жылы ойнолгон.

[2] Neue Freie Presse – Жаңы эркин пресса, Вена шаарында чыкчу гезит.

[3] Neue Freie Presse – Жаңы эркин пресса, Вена шаарында чыкчу гезит.

[4] Till Eulenspiegel – Тиль Уленшпи́гель, немис композитору Рихард Штраустун (1864-1949) симфониялык поэмасы, 1895-жылы жазылган.

[5] «Liebestod» (Махабаттан өлүү) – Ричард Вагнердин (1813-1883) «Тристан жана Изольда» операсынын (1859) соңку бөлүгүндөгү драмалык музыка.

[6] Servus (немис) – кайыр.

[7] Auf Wiedersehenб Herr Doctor(немис) – Кош болуңуз, доктор мырза.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз