Ги Де Мопассан: Коко

  • 04.11.2026
  • 152

АҢГЕМЕ

Чөлкөмдөгүлөрдүн баарысы Лукастын чарбасын “хутор” деп аташчу. Неге экенин эч ким айта албайт. Ырас, дыйкандарга “хутор” деген сөз байлык жана дөөлөттү түшүндүрчү. Бул чарба чөлкөмдүн эң чоң, эң бай жана эң ыңгайлуу отурукташкан турагы эле.

Жапыз жана назик алма бактарды катуу шамалдан коргоо үчүн далдайган бийик беш катар чынар теректер менен курчалган кең короо, жем жана дан сактоочу тосулган имараттар черепица менен тамы жабылып, оттуктан курулган оттуз аттык зыңкыйган атканалар жана кызыл кыштан салынган хан сарайдай үй көз жоосун алат.

Үйүлгөн көң күнгө какталып, кароол иттер ийиндеринде, перенделер болсо көк чөп үстүндө жымырап жүрүшөт.

Ар күн түштө он беш киши, үй ээлери, кызматчы эркек жана аялдар көк гүлдүү чопо идиште бууланган шорполор куюлган узун ашкана үстөлүн тегеректеп орун алышат.

Мал-жан, аттар, уйлар, чочко, койлор куйруктуу, семиз, дени сак жана таза болучу. А Лукас кожоюн бойлуу, курсактуу киши, күнүнө баарын өзү көзөмөлдөп, баарына өзү кам көрчү.

Короодогу картаң бир ак атты боору ачыган кожойке өз ажалы менен өлгөнгө дейре багам деген. Анткени аны өзү багып ат кылган, өзү чоңойткон, ал ат кожойкеге көптөгөн жакшы өткөн күндөрдү эстетип турчу.

Жөнөкөйлөтүп жөн гана Зидор аталып калган Изидор Дюваль аттуу он беш жашар шум бала ушу майып, сөөгү аркайган картаң атка кам көрүп, кышы бою жем-чөбүн берип, а жайында күнүнө төрт ирет талаа кезип, көк чөптүү жерлерге жайын которуп туруу милдетин алган. Чала аксак макулук ордунан оор буттарынын азабы менен туруп, туягынан жогору тизелерине чейин шыйрактары көк айкы шишик. Такыр таралбаган жалы агарган чачтай, а узун-узун кирпиктери көздөрүнө аянычтуу көрүнүш берет.

Зидор аны чөпкө айдаганда аркан менен жетелегенде, өжөр айбан дагы жайлап басып калчу анда, бала ийилип, бышылдап тартып баратып ашатып сөгөт, ушундай эч нерсеге жарабаган бир макулукту карап жүргөнүн ойлогондо ачуусу төбөсүнө чыгат.

Чарбадагылар тентек баланын Кокого болгон кыжырдануусун көрүп күлүп, ачуусун ансайын козгоо үчүн атты баш кылып, Зидорду төш кылып шакабалашчу. Курдаштары да ага тамашалашчу. Айылда аны Коко-Зидор деп атап алышты.

Күндөн-күнгө бала жинденип, аттан өч алууну каалап жатканын сезди. Ал арык, буттары узун, аябай кир, чачтары куйкум, коюу, катуу жана сайгак бир балакай болчу. Анын акылы кемдей, зор бир азап менен кекечтенип сүйлөчү, кудум тунук ойлор анын жарды акылында өсө албай жаткандай.

Ал көптөн бери ушунча убарагерчилик керексиз бир айбан, эмнеге Кокону багууга жасалып жатканына кейип да, таң калып да жүрөт.

Ишке жарабай шал болгону калган бу айбанды кымбат баа жем менен багып атканын ойлоп, кыжыры кайнап, көп учурда Лукас кожоюндун буйругуна карабай аттын жемин үнөмдөп, ага берилчү жемдин жарымын акырына төкпөй, астына салынчу саман менен чөбүн аяп иштетчү. Анын өсө элек бала акылында жек көрүү күчөп, сараң чарбачынын жек көрүүсү, тымызын, жапайы жана арсыз эле.

Жай келгенде ал кайрадан атты тепкилеп, ургулап талаага айдайт. Айдоо жер кыйла алыс болчу. Балакай ар таңда аябай кыжырдануу менен оор арыштап, буудай аралап кетчү. Жер күрөп аткан адамдар ага тамашалап:

– Эй Зидор, Кокого менин саламым жеткир! – деп кыйкырышчу.

Ал жооп кайтарчу эмес, бирок баратып бир тал чыбык сындырып, жолдун баш аягына дейре картаң атты чапкылап, ат бир азга чөп жей калганда ал тымызын жакындап келип шыйрактарына чапкылачу. Жаныбар качканга, тепкилеп соккулоодон качып кутулууга аракет кылчу, арканды тартып ат майданда чабылгандай тегеренип чуркачу. Балакай болсо ачууланып ургулап, артынан кууп, тиштенип жинденчү.

Андан соң ал жай, артка кылчайбай алыстап, ат болсо шишиген капталдары менен чуркоодон деми кыстыгып, өзүнүн жаштуу көздөрү менен аны узатып калчу. Жаш чарбачынын көйнөгү көздөн кайып болмоюнча арык, сөөктүү башын чөпкө таштабайт.

Түнкүсүн жылуу болуп калгандыктан Кокону сыртка жаткырышчу, тээ жардын кырына, токойдон ары. Бир гана Зидор аны көргөнү келип турду.

Бала ага таш ыргытып да көңүл жазар эле. Ал андан он кадам арыдагы дөңчөгө олтуруп жарым саат ошол жайдан жылбай, учтуу-учтуу таштарды ыргытчу. Ат болсо байланган жеринен касына тиктеп, чөпкө баш ура албай анын кетүүсүн күтчү.

Дайым “эч нерсеге жарабаган атты багып не керек?” деген ой аны тынч койбойт. Ага бул бекерчи неме башкалардын ырыскысын уурдап жаткандай, адамдардын берекесин уурдап аткандай, Кудайдын берекесин да, жада калса өзү, Зидордун ырыскысын да уурдап аткандай сезилет, балакай салыштырмалуу иштейт да.

Ошентип аз-аздан күн сайын балакай арканын тартып, казыгын кагып, оттогон жайын кыскартчу.

Жылкы курсагы ачып, арыктап, кумсарды. Арканды үзүүгө аябай алсыз болгондуктан жылма, жашыл жалбыракка жетүүгө мойнун созуп умтулуп жатты, жагымдуу шилекей агызган жытты сезип турду, бирок жете албады.

Бир күнү эрте таңда Зидорго бир ой келди, бул такыр Кокону токмоктоо эмес. Жөн гана артык бу сөөк неме үчүн алыска барууну каалабады.

Мына, ал кегин алууга келди. Жылкы аны тиктеп чочуп турду. Ал ошол күнү ургулаган жок. Чөнтөгүнө колун салып ары-бери басты. Анын жайын которчудай жүз көрсөттү, бирок казыкты кайра ордуна сайып, өзү ойлоп тапкан бул оюна сүйүнүп басып кетти.

Ат анын кетип баратканын көрүп кишенеп, аны кайра чакырып атты, бирок балакай чуркаган бойдон аны жалгыз таштап кетип калды, талаада, катуу байланган жалгыз абалда, жаагы жетер чөп жок жерге таштап.

Ачкалыктан таноолору тийчүүдөй жерде турган коюу чөпкө жетүүгө аракеттенди. Тизелеп, мойнун созуп, шилекейлүү эриндери менен умтулду. Бул пайда бербеди. Картаң жылкы керелден кечке боор ачытарлык аракеттер жасап алдан тайды. Ачкалык аны жеп, көз алдында талаада жайнаган жапжашыл чөптөрдүн баары андагы айбандык сезимдерди дагы да күчөттү.

Балакай ошол күнү кайта келген жок. Ал токой кезип, чымчыктардын уяларын издеп кеткен.

Ал кайра эртеси күнү көрүндү. Чаалыккан Коко уйкуда болчу. Ал баланы көргөндө ордунан туруп, эми жайы которуларына үмүттөндү. Бирок чарбачы балакай чөп үстүндө жаткан балкага тийген да жок. Ал жакындап келип, жаныбарга карады да муштумдай топурак алып мурдуна ыргытты эле, ал анын ак терисине чачырап кетти. Бала ышкырып кайра кетип калды.

Ат болсо бала көздөн кайып болгончо тигилип турду, жанындагы чөптөргө жетүү мүмкүн эместигин сезип, кайра капталына жатты да көзүн жумду.

Эртеси Зидор келген жок.

Кийинки күнү ал Кокого жакындап келсе, дале созулуп жаткан экен, ал өлгөн шекилдүү.

Аза бою дүр-р эте катып, бир эсе кылганына кубанып, бир эсе баары эми бүткөнүнө таң кала тигилип турду. Буттары менен тээп да, аттын аяктарынын бирин көтөрүп, кайра бошотуп да көрдү, өлүк аттын үстүнө отуруп чөпкө ойсуз көздөрү менен тигилди.

Ал кайра чарбага келди, бирок болгон иш жөнүндө үн каткан жок, ал дагы бир нече саат атты которчу жерде тентигиси келди.

Эртеси күнү ал аны көргөнү барды. Жакындап келгенде каргалар козголуп, учуп кетишти. Эсепсиз чымындар өлүк үстүндө тегеренип, ызылдап жүрүштү.

Кайтканда болгон ишти баарына айтты. Жылкы аябай эле картаң болгондуктан, эч ким деле эрөөн көрбөдү. Кожоюн эки кызматчысына:

– Күрөктөрүңөрдү алгыла да тынчыган жерине көмүп салгыла! – деп буйруду.

Кишилер атты ачкадан өлгөн жерине көмүп салышты.

Көп өтпөй ошол байкуш дене менен азыктанган кубаттуу кыртыштан калың, жашаң чөптөр дүркүрөп өсүп чыкты.

Француз тилинен которгон Исламидин Дооров

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз