
АҢГЕМЕ
Малик жолдун ортосуна чыгып алыптыр. Ары-бери өткөп машинелерди токтотом дейби, өзүн боксёр элестетип алганбы, колдорун ары-бери жаңсап, сөгүнүп, жинденип, атасы ачуусу келгенде айтып калчудай, «богун мыжыгып алыптыр». Бул дегени такыр эле өз башына өзү ээ боло албай, оозуна да, денесине да күчү жетпей, айбан сыяктанып калган экен дегени. Эч ким менен иши жок. Шилекейи агып, чаңга бөлөнүп агарып калган ботинкесине улам тамат. Кирдеген көйнөгүнүн этеги жыртылган, учтары шымынын ар кай жагынан самсаалап көрүнүп жүрөт. Көзү... тирүү жандын көзү эмес – бош, кайдыгер. Кимди, кайсыл жакты караганы чала. Улам сөгүнөт, бирөөгө жини келгендей тиштерин кычыратып, кыргызча, орусча аралаштырып сөгүп эле жатат, сөгүп эле жатат...
Чоң жолдун боюндагы бул кичинекей кыштактын эли бири-бирин жакшы тааныйт, өтө ынтымактуу тургундар. Балким, кичине болгондун жакшы жагы ошолдур... Ызы-чууну анча сүйө бербеген айыл тынчтыгы Маликтин «концертинен» бир заматта бузулду да калды. Машинелер ары өтүп бир сигнал берет, бери өтүп бир сөгүшөт. Майда патинке балдар болсо мас кишининин кылыктарына кыткылыкташып, кудум цирк көрүп аткансып кол чаап, айрымдары аны туурап, ары-бери качып ойноп жатышты.
– Апа, тагам келатат, – деди дарбаза тарапка чуркаган Жаныбек. Төртүнчү класста окуган бала негедир сырттагы көрүнүшкө уялып тургансыды. Эртең эми балдар кайрадан анын «алкаш тагасы» жөнүндө айтышат да.
Айнагүл терезесинен кадам сайын жыгылып-туруп зорго келаткан инисин көрүп, зээни кейиди.
– Өлүгүңдү көрөйүн, качан адам болот экенсиң... шерменде кылып бүттүң го мени...
Малик дарбазага жеткиче Жаныбек эшикти ачып, эки колун узатып таекеси менен учурашканы аракет кылды.
– Охо-oо, жээним, кан-даа-айсың? – Малик балага жөлөнө дарбазанын каалгасын араң кармап, ичкери кирди.
– Жакшы, тага. Жүрө бериң. – Жаныбек таекесин колунан жетелей, үй тарапка басты.
Адатта эрин жек көрчүдөй же ага таарынычы бардай ар дайым жини келе өктөм сүйлөгөн Айнагүл иниси Малик ушинтип алжып келгенде эле жумшарып калмайы бар. Муну күйөөсү да, өзү да, баласы да жакшы билет. Апасы мындайда чоң күнөө жасап койгондой жумшарып, атасын айланчыктап эле анын көзүн карап, айтканын жасап, өзү бул үйдө коноктой; ар бир кыймылы үчүн уруксат күткөн момундай.
– Ии, кел, Малик, кандайсың, үка? – Шамшы окуп жаткан гезитин четке жылдырып, араң жанына жеткен кайнисине ордунан турбай кол созду да, өзүнөн арыга «отур» дегенчелик ээк какты. – Жүрөсүңбү? Биз жакка келбей калдың да, үка? Же тоотпой калдыңбы?
– Э-эх, жезде, эмнесин айтасыз. Жыйырма жылдан бери көрбөгөн досум келген экен Кореядан! Сагынычыбызды жазып, кичине майрамдап... Айып этпеңиз эми.
– Эч нерсе эмес, үка, эч нерсе эмес. Дос менен жолукканда болот да. Түшүнөм. – Шамшы ар сөзүнө өзгөчө маани, өзгөчө салмак кошуп, олуттуу ыргакка салып, өзү да олуттуу адам көрүнүп турганына маашырлана сүйлөп жатты. – Бизди ушундай майрамдап алганда гана эстебей, башка убакта да келип турсаң.
– Ии, жезде, сөзүңүзгө туз кирип калганбы аа, какшыгыңыз даамына кире баштаптыр? – Маликке жездесинин сөзү мастыкта өзгөчө катуу тийдиби, заматта “тиштеп” алды.
Колуна жакандос көтөргөн Айнагүл кирди бөлмөгө.
– Отур мындай! – күйөөсүнөн көзүн жашырган Айнагүл иниси үчүн кудум өзүн эринин алдында жаман сезип, кокустан эле Шамшынын астына жаңы төшөк жая калды.
– Алды менен конокко салбайсыңбы төшөктү, катын. Мен өз үйүмдөмүн го. – Эринин бул какшыгы осол абалга салдыбы, бир саамга ордунда катты да:
– Салам ансыз деле, – бурк этти. Иниси шылкыйып келгенинен эле кичирейе түшкөн кургур, жыла басып ашканага кирип кетти. Тил кыска да мындайда. Адаттагыдай тилди агытса кана... Эринин алдында бой көтөрүп, өз туугандарын өйдө койчу намысына азыр катуу доо кетпедиби.
Шамшы андан ары кайниси менен бир нече жолу балдары, иши жөнүндө сурап, маек кургусу келди. Кайтадан эле экөөнүн сөзү үзүлүп, уланбай, ушул абалга жарашпай тургансыды. Дасторкон четинде аракка тойгон мас, экинчи жагында – үйдө аялы менен узактан бери келаткан «түшүнүксүз согушу» дал азыр күчөгөндөй... кайнисине какшыгын токтото албаган Шамшы. Малик да жездесине соо кезде айта албаган сөзүн азыр айтып калганга аракет кылгандай улам тиш кычыратат. Шамшы болсо башка учурда аялына тике карап айта албаган нааразылыгын, таарынычын азыр анын иниси мас келгенде шермендесин чыгара тургандай, ошол үчүн өзүн ишенимдүү сезгендей отурат.
– Ушу майрамың бүтпөйт экен да сенин. – Ичкери кирген Айнагүл инисине кейигендей карады. – Качан болсо шылтооң ушул. Андан көрө балдарыңа каралашпайсыңбы? Байкуш Чынар алардын мектебине кийимин толуктай албай жүдөп жүрөт. Чырактай кыздарыңдан, келинчегиңден ажырадың арактын айынан...
– Эже! Эже-ешкам менин, сен мага акыл үйрөтпөчү, ээ? – Маликтин көздөрү Айнагүлгө канга боёлгондой көрүндү. – Андан көрө мынау “тряпка жездем” экөөң өзүңөрдүн сырты жалтырак, ичинде пок жок жалган жашооңорду эптеп алгылачы! Силер өзү эмнеге бирге жашап жүрөсүңөр дейм да, окшошкон лохтор, аа?
Бир саамга баары тынчтанып калгансыды. Малик болсо жанында жаткан жаздыкка шылкыя жездеси менен эжесине ырсаят.
– Силер кантип эрди-катын болуп жүргөнүңөргө башым жетпейт. Бири-бириңди көргүң жок. Аа, жезде, айтчы...
– Болду, эй, акмак! Токтот! – Шамшы ордунан тура калды. Кусуп жиберчүдөй окшуп отурган кайнисин жеп жиберчүдөй титиреди.
– Аа, намысыңа тийдиби, жезде? Значит, в точку попал! Ёптуаймат! Ха-ха! – Ушул сөздөн кийин эч нерсе болбогондой Малик саамга бир чекитти карап катты да, анан эле башы бир тарабына шылкыя коңурук тартып кирсе болобу!
Бөлмөдөгүлөр баары отурган калыбында бу жердеги жагымсыз тынчтыкты кантип бузууну билбей калышты. Малик бир маалда эч нерсе болбогонсуп көзүн ачты, жанатан бери болуп жаткандын баарына өзүнүн катышы жоктой, мунун баарын уккусу келбегендей телефонун чукулап отурган жээни Жаныбекти алдына отургузуп, үйүндө тоок багып жатканын, күн сайын тооктун тукумун кууруп да, кайнатып да, жарып да ичип тажаганын айтып кирди.
– Анда сиздикине барайынбы, тага? Жумуртка жештен мен биринчи орунду алам!
– Кел, жээним, мен сага эч кимге жасабаган тукум-куурма жасап берем. Билесиң го, тагаң жалгыз жашаса да, тамаркасы – бейиш, жашылча-жемиштин баары өсөт эшигимдин алдында!
Шамшы ошол жини келген кейпинде же ордунан туруп кетерин, же отура берерин билбей, гезитин ачкан бойдон катыды. Ордунан туруп кетейин дейт, бирок «Эмнеге мен кетишим керек? Үй меники болсо» деген ой менен кайра отуруп калат. Отурган менен ойдолоктоп орун таппайт, же эмне дешти билбейт, гезиттен баш көтөрө албады. Бир убакта саатын каранып, кудум бир жакка кечигип бараткандай, ордунан турду да сыртка жөнөдү.
Айнагүл жанатан бери төркү бөлмөдөгү шкафтан Маликке бир түзүк нерсе табалбай айласы кетип жаткан. Күйөөсүнүн эски кийимдерин алда качан инисине берген. Ал болсо кийимди чечкен жеринде таштап, мушташкан жеринде жыртып, баарын жок кылган окшойт. Үйдөн кууп чыгып, келтирбей коёюн десе, бир боору... Кантсин анан, жаванды ачып, той-топурга көтөрүп жүрчү арзан калпак, көйнөктөрдү тандабай бир чоң баштыкка тыга баштады. Өз жашоосу деле жылтырактарга оролгон арзан көйнөктөй көрүнүп турду... Сүйлөнүп да коёт арасында.
– Тажатты ушул. Жүгар болбой кал сен, өлгөнүң артык эмеспи ушинтип адамды жер каратканча... Менин жашоомдон айлан! Акыл айтып коёт да мага. Эмне ишиң бар экен, былжырак! Өзүңдүн жүргөнүң бул, анан менин бүлөмө асыласың!
Ал азыр кайра-кайра Маликти каргап, сүйлөнүп, ыйлап жатканы менен, чындап кимге жини келип турганы түшүнүксүз эле. Аны ушунтип уят кылган инисинеби? Же алда качан бири-бирине болгон сыйы, сүйүүсү түгөнүп, эптеп эле бирге күн өткөрүп жүргөн күйөөсүнөбү? Өз өмүрү үчүн чечим кабыл ала албай, бир чети уулуна кыйылып, бир чети эртеңки күнүнөн коркуп, же кетип кала албай, же жашап кете албай жүргөн өзүнөбү? Жаңы баш кошкондо келбеттүү, чечкиндүү, ар нерсеге өз ою, ачык сөзү, чечими менен Айнагүлгө жаккан күйөөсү жыл өткөн сайын майда иштерде да аялын карап отура берер бош эркекке айланарын кайдан билди? Кан басымы да көтөрүлүп чыкты окшойт. Башы сынып ооруйт.
Айнагүл Маликти канчалык каргабасын, анын айтканы туура экенин түшүнөт. Ошол үчүн жини мурдагыдан көбүрөөк келип турду. Малик мастыкка салып айтса да, аялдын жүрөгүнө катуу тийди. «Чын эле күйөөм экөөбүз кандай турмушту жашап жатканыбызды билебиз да... Өзүбүздү алдап эле жүрөбүз. Кантип ушундай болуп калдык? Өмүрүбүз ушинтип өтүп кетеби? Жасалма текеберленип бой көтөрбөй, бири-бирибизди урматтап, кадырлап эле жашасак болот го?...»
Бул учурда үйдөн эки-үч көчө ары басып кеткен Шамшы да улам жаңы тамекисине от тутантып, ушуга окшогон эле ойлорго чөмүлүп бараткан. Ал кантип аялы экөө алгач институтта таанышканын, аны киного апарганын, гүл кармап күткөн кечтерин эстеди. «Кантип биз ошол сезимдерди жоготуп алдык? Кантип ушу азыркы абалыбызга жеттик? Баарын өзгөртүшүбүз керек...»
* * *
– Малик, тур, мына бул көйнөктү кийип ал, – Айнагүл айылда тойлорго апарып жүргөн арзан көйнөктөрдүн бирин инисине сунду. Үстүндөгүсү айрылып калганына да маани бербеген Малик отурган жеринде көйнөгүн алмаштырып, эч нерсе болбогондой, алдына коюлган сорподон шорулдатты.
– Жаныбек, бар, сабагыңды оку. Эртең дагы эмне шылтоо айтасың мугалимиңе? – Айнагүл уулун өз бөлмөсүнө кууп, Маликке камдаган баштыгына куурулган эт салынган банка, үч-төрт алма, эки нан кошуп койду.
– Банканы сындырып албагын жолдо. Азыр саат бештеги автобустан кечикпей кет үйүңө, – деди инисине.
Малик эжесинин алдында өзүн күнөөлүү сезгендей “макул” дегенсип баш ийкеп жер карайт, башка эч нерсе айткысы келбеди. Мастыгы тараганбы, ордунан турду да темтеңдеп, эшикти көздөй баратты. Башында эжеси кийгизген жаңы калпак, жаңы көйнөк, колунда кийим менен тамак-аш толтурулган баштык.
* * *
Шамшы кайра үйүнө келгенде кеч кирип калган. Очоккана тарапта аялы кечки тамакка даярданып, эт кууруп жаткан көрүнөт. Уулу короо тараптан жүгүрүп келди да, үйгө кирип кетти. Кайрадан эле компьютеринде оюнга отурду окшойт. «Биз эми башкача жашашыбыз керек» деген сезим менен үйүнө келген Шамшы очокканага акырын баш бакты.
– Кайда жүрдүң тентиреп? Эртерек келип, атадай болуп балаңа сабак окутпайсыңбы? Балаң да өзүңө окшоп – бош! – Айнагүл адатындай аңкылдады.
– Дагы эле сабагын окубай олтурабы? Макул, азыр көрөйүн. – Өзүн кайрадан аялынын алдында күнөөкөрдөй, жаш баладай сезген Шамшы алкаш кайниси алда качан эле кеткенин түшүндү.
Октябрь, 2024.