Дооронбек САДЫРБАЕВ: Мүнөз

  • 12.06.2021
  • 5162

АҢГЕМЕ

Областтык телевидениенин эң алгачкы көрсөтүүлөрүн баштап бергени бир топ адис Ош шаарына бардык. Мейманканага жайгашаар замат, мурда Ошту көрүшө элек, Ысык-Көл, Талас, тянь-шандык курбуларым:

- Туз, насип буйурган экен, минтип эли-жериңе келип калдык. Эми бирдеме дейсиңби же ушинтип эле унчукпай коюп кутулуп кетейин деп турасыңбы? — дешип каңкуулашты.

- Эмне, Оштун атактуу базарын көргөзүп келейинби?

- «Конок койдон жоош» деген эмеспи, биз толук бойдон сенин карамагыңдабыз. Кой союп берем десең да, тай союп берем десең да эрк өзүңдө. Такыр эле колуңа эчтеке илинбесе, семизирээк бир күрптү аңтара тартсаң деле макулбуз...

- О кайрандар десе, андай оюңар болсо, айылга жүргүлө! Биер силерге да, мага да бипбирдей.

- Жо, андай эмес... Бизге караганда сенин өз жериң! — дешип курбуларым жаалап кетишти. — Оңой кутулат экем деп ойлобо!

- Болуптур анда ушунчалык эле үмүт этип турсаңар жүргүлө, мени менен базарга, кой болбосо да семизинен тандап туруп тордомо коондон бирди союп берейин!

- Эчтеке жоктон көрө ошонуңа деле макулбуз! — дешип төрт курбум ээрчип алды.

Эки канаты тең керилип ачылуу турган заңкайган теир дарбаза аркылуу коргондун ичине кирээрибиз менен «ар кайсы жердеги үймөктөлгөн коон-дарбыз, килейген-килейген кырк кулактуу казандарда кайнап жаткан ширелүү жыпар жыттанган кызыл көк шорпо, булоосу буруксуп, айтылуу Өзгөн күрүчү менен, гисар коюнун куйрук майына басылган титиреген палоо, кыркалекей тизилген тал себеттерден ашып-ташкан, шиңгилдери чоң кочуш чилги жүзүм, эзиле бышкан жал ыраңданган шабдаалы, уруктары көз мончоктой мөлтүрөгөн тилим-тилим анар, бал даамданган анжир, койчу, ушул өңдөнгөн базар толтура дүрүм-дүйнөнүн аркыл жыттары каңылжарды каптай берди. Ак төөнүн карды жарылып, бышыкчылыктын туу чокусуна чыгып, базар кызып турган учур экен. Эл да быкпырдай кайнап, чоң коргонго батпайт.

- Кана, мейман жигиттер, албасаңыздар да, даамынан эле ооз тийип кетиңиздер, анысы үчүн акы албайбыз! — дешип аларды сатып отурушкандар, ичи-койнубузга киришип, соодасын жүргүзүүнүн аракетинде.

- Ой тобой, укмушуң кургурдуку, биздин мейман экенибизди кандай билип алышты буларың? — деп Орозбек озүнчө таңданып жүрөт.

- Ө-өй, Орозбек Оштун мейманы деп чекеңе жазылып турбайбы? — деп каткыра күлөт Жусуй.

- Булардын баары өзүлөрүн ушул базардын ээсибиз деп эсептеп, ар бир сатып алуучуга мейман катары мамиле кылышат! — деп түшүндүрдүм. — Эзелтен берки быяктын базарларынын өзгөрүлбөс салты ушундай.

- Алактабай, жакшыраак карасаңар туугандар да табылып калат! — деп адамдардын агымын аралап баратам. — Тигине, тээтиги үймөк коондун түбүндө ак калпагы менен бетин калкалап бирөө жатпайбы... Болсо болбоду, ошол тууганым. Жүргүлө, өз тууганымдын коонунан союп берейин...

- Ай, күмөнүм бар! — деп Арсыгул аерге барууга анчалык ынана берген жок. Быяктагылардын французунан өйдө ак калпак кийишет экен, тиги деле кыргыз эмес го...

- Жеринин шарты ушундай болсо, кантишсин? Биердин ысыгына ак калпактан бөлөк баш кийим туруштук бере албаса керек.

Баарыбыз ошол тарапты көздөй бастык. Бир сүйрүйгөн узун коонду жазданып, таар каптын үстүндө жаткан карыянын жанына барып салам айтсак, ал ошол жаткан калыбынан козголбостон алик алды да, калпагын кичине жылдырып бир көзүн ачып, Орозбек кармап турган килейген коонго «үч сом берсеңер болот» деди. Мен карыяны кичине сөзгө салгым келип:

- Аксакал, бир жарым сомго берээр белеңиз? — деп сурадым.

- Мейли, алсаң ал!

- Ка-ап, аттигиниң! — деп Жусуй бир жагынан чыкты. — Ушул турган бешөөбүздүн капчыгыбызды азыр аңтара келсеңиз сокур тыйын чыкпайт, аксакал. Бир жарым сомубуз болсо, сиздин коонуңузду сатып алып жеп кетет болчубуз. Бирок айла канча, бизде андай акча жок. «Пулуң болсо базар, болбосо мазар» деген тура атаганат. Жүргүлө, жигиттер, дагы бир жолу пул тапканда келээрбиз...

Орозбек колундагы коонду ордуна коюп, калгандарыбыз да ага кошулуп базар аралай басып жөнөгөнүбүздө, карыя өйдө болуп, камырабастан калпагын башына кийип, шадылуу колу менен жанагы коонду көтөрүп алды да:

- Ө-өй, токтогула! Бери баскыла! Силерди пул тапканда келет деп, ушуерде күтүп отура бермек белем? Пулуңар жок болсо да мына бул коонду алып кеткиле? — деп айбаттуу унчукту.

Биз кайра келип, сыңар тизелей карыяны тегеректеп отурдук.

- Биз, ушиерден союп жесекпи дедик эле...

- Жей бергиле, силерди бирөө «жебе» деп жатабы?

- Соё турган аспабыбыз жоктугунан ушинтип отурбайбызбы, аксакал...

Карыя, «Кишинин мазесин алып, каяктан келген немелер эле?» дегенсип, биз тарапты анчалык жактыра бербей карап турду да, жайбаракаттык менен маасысынын кончундагы бычакты сууруп чыгып, кын-сыны менен мага узатты. Биз, бири бирибизди тиктешип алып, башталган оюнду үзгүбүз келбей, ошээрде отуруп коонду соё баштадык. Коон даамы бал татыган, ширелүү чыкты. «Ал, алга» келгенде, карыя да жок дебестен биз менен кошо жешти.

- Аксакал, жаныңыздагылар: «Менин дарбызым кант, менин коонум шекер, кетип кала элегимде алып калгыла, арзан берем!— деп тезирээк сатып кетүүгө жанталашып атышса, сиздин минтип жатып алышыңызга жол болсун?

- Ээ, керек киши келип алат да. Ушунун баары, сагызгандай шакылыктап жанагы кемпирдин кылганы!— деп карыя үйүндө жаткан байбичесине ушуерде отуруп ачуулана баштады. — Ошээрде эле, атайы машине менен келгендерге өткөрүп берейин десе болбой, «кымбатыраак сатасың» деп мени биерге жиберип... Анан, момундай элдин арасында ушул сакалым менен жанагинтип кантип кыйкырам? Тааныштар көрүп калышса өлбөдүмбү! Шашпасын, эмдиги жолу андай кыйын неменин өзүн жиберем базарга!

- Ошентиңиз! — деди Орозбек.

- Ошентем эле! — деп карыя Орозбекке олурая карады. — Ошенткенден коркот деп турасыңбы?

- Кудай сактасын, андай ойдон алысмын, аксакал!

Баарыбыздын жылмайып турганыбызды көрүп, карыя кичине уялыңкырай түштү.

- Аксакал, каерлик болосуз?

- Отуз-Адырдан. Эмне чарбаң бар эле?

- «Жер тамырынан эл тамыры көп» деген эмеспи, сураштырып отуруп жек-жаат чыгып калабызбы деген үмүт да? — деди Орозбек.

- Ии... эми өзүңө келдиң, балам. Өзүң кимдин уулусуң?

- Чолпонкулдун.

- Кайсы Чолпонкул?

- «Оттуктагы» кара устачы...

- Андайды укпаган экенмин. Кайсы уруу болосуңар?

- Уруубуз — Бугу!

- Аа... аап барракелде, дурус сөзүң бар экен, балам, анда аркалык турбайсыңарбы,— деди карыя кантсе да таанышына жолуккансып кичине жандана. — Айтканың ырас болсо, биздин жакынчылык жагыбыз жок экен, биз — Мундуз болобуз.

- Анда экөөбүз тууган экенбиз, ата! Мен — Мундузмун! — деп мен бир жагынан чыктым. — Бирок түрүңүз мундуздун базарчы карыяларына окшобойт ко?..

- Ээ, базары курусун, балдар! — деп карыя ымандай сырын жашырбай айта баштады. — Базар-сазарың менен ишим жок, өмүр бою ат жалынан түшпөй мал артынан жүрүп күн көрүп келгем. Жайкысын жайлоо, кышкысын кыштоодон түшпөй дыйканчылык дегениңе шыгым жок неме болчумун. Эки-үч жылдан бери эле «жакада калалычы?» деп кемпирим кулактын кужурун ала бергенинен, жылкыларды өткөзүп берип, быйыл кыштакта калганбыз. Бирөө кулак-мурдумду мулуйтуп кеткенсип, бук болгонума чыдай албай, жаз алды менен өзүмдүн короомо, жайлоого көчүп кетишкен уулум менен кошунабыздын короолоруна, элди туурап коондун уругун тигип койдум эле, мунуң дегеле арсыз неме болот экен, өзүнөн-өзү сайдын ташындай болуп үч короого батпай жайнап жатып калды. Үйдө дагы ушундай үймөктөн бешөө жыйылып жатат! — деп оор күрсүнүп, коондору тарапка башын жаңсап койду. – Быйыл аман-эсен булардан кутулуп алсам, кемпирим үйдөн кууп чыкса дагы, эмдиги жылы жылкыларымды кайра өз колума алам...

- Бул отурушуңузда алдагы үймөктөн бир ай, бир айсыз кутула албайсыз го! — деди Арсыгул.

- Сатылбаса — тураар. Кошунабыздын машине айдаган баласы бар. Кечинде келем деген. Келсе, ошонун машинесине жүктөп алып кетип калабыз...

- Үйгө алып кетесизби?

- Үйгө алып барып башыма урамбы мынча коонду... Жол катары жек-жаат, таныш-туунуштарга таратып берип түгөтүп жиберебиз... Силер да бирден-бирден көтөрүп кеткиле... Өзүңөр эмне чарба менен жүргөн немесиңер?

- Биз, силердин областка телестудия ачканы келдик...

- Ии, телевизор оңдойсуңарбы?

- Жок. Биздин кызматыбыз таптакыр башка.

- Каерден келдиңер эле?

- Фрунзеден.

Бешөөбүздүн сырткы кебетебиз базардагылардан бир аз айырмаланып турганынанбы, же жабыла күлүп бак-бак сүйлөгөнүбүздөнбү, айтоор, бирин-экин базарчылар акырындык менен бизди тегеректешип, астыртан сөзүбүзгө кулак түрө башташты. Муну сезээрибиз менен, бешөөбүз тең ордубуздан туруп, бирден-бирден коонду колубузга алып, базарчыларды туурадык:

- Биздин коондон сатып албасаңар, куду Кокон-Кыштактагыдай болот.

- Кокон-Кыштакта эмне болду эле?..

- Эч ким албай койгонунан бир машине коонду ошээрден таштап атып баса бергенбиз,— деп тамашалуу сөздөр менен сунуш кыла баштадык эле, көпчүлүккө биздин олдоксон жоругубуз кызык көрүндү окшойт, кээлери каткырып күлүп, кай бирлери калп эле урушумуш болушса да биз менен соодалашып отурбастан, сураганыбызды колубузга карматып, бирден-бирден коон сатып алып кетип жатышты.

Карыя, не бир биз сатып жаткан коондору тарапты, не бир элден алып жаткан акчаларды карап да койбостон, кимгедир таарынгандай дулдуюп, өзү менен өзү болуп отурду. Анан, бир чай кайнамдын ортосунда анын коондорун сатып бүтүп, акчасын түптүгөл бойдон колуна карматтык.

- Аксакал, мына бул 3 сом жанагы өзүңүз менен чогуу жеген коондун акысы! — деп мен чөнтөгүмөн үч сом алып сунсам, карыя, «тим кой, албайм» дебестен, мени бир азга олурая тиктеп турду да анан ошол эле камырабаган калыбынан жазбастан, үч сомдукту алып мурункулардын арасына кошту.

Анан сыпайыгерчилик үчүн болсо да, «балдар жардамыңарга рахмат!» — деп койбоду.

Коштошкон да жок. Жерде жаткан таар кабын алып кагып-кагып, төрт бүктөп колтугуна кысты да, жайбаракат баскан калыбында адамдарга аралашып кетти.

Курбуларым, аксакалдын жоругун талкууга алышып, каткыра күлүшүп базар аралай басышты. Мен болсо, эмнегедир бир кызыктай болуп, кыялымда, ымыркай кезиме кайра барып, биздин айылдагы эбак апат болуп кеткен, мүнөздөрү салмактуу, ааламды сел каптаса бир камырап коюшпаган, кадырлуу абаларымдын жоруктарын эстеп, жанагы карыянын карааны үзүлгөнчө карап турдум.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз