Мамасалы АПЫШЕВ: Халтура, плагиат, жалган даңк

  • 20.11.2026
  • 302

ЖАНА КРИЗИС ЖЕ АЗЫРКЫ АДАБИЯТТЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Эгемендик орноп, сөз эркиндиги кадыресе жагдайга айлана баштаган чакта, алгач улуттук адабиятыбызды жапырт каптаган кризис убактылуу эле көрүнүш сыяктуу сезилип келгендиги маалым. Эл турмушу оңолуп, өлкө экономикасы жанданары менен бирге, адабий жашоонун араң жан агымы дагы, күргүштөп күч алып кетпесе да, жок дегенде кайрадан жандуу процесске айлана баштайт деген купуя үмүт чыгармачыл коомчулуктун ички ишениминде эч качан өчпөй, бүлбүлдөп, жанып келгендигин танууга болбос.

Асыресе, жаңы кылымда чейрек кылымдан ашуун убакытты артка калтырган улуттук адабиятыбызда урунттуу кубулуштар орун алдыбы? Адабиятыбыздын жаңыча өнүгүү багыттарын айкындай ала турган, ар кандай жанрлардагы мыкты үлгүдөгү изденүүлөргө сугарылган, жакшы чыгармалар азыноолак санда болсо да жаралдыбы? – деген суроолорду кабыргасынан коюп, аларга акыйкат, калыс жоопторду издей турган мезгил эбак бышып жеткен.

Бирок адабий коомчулук ачуу чындыкчыл, өзү үчүн абдан жагымсыз болгон жооптордон улам артка качып, тайсалдап келгендиктен, бул багыттагы көрүлүүчү чаралардын кыйла эле кечеңдеп кеткенин да моюнга алуу зарыл. А адабий кризис мезгил өткөн сайын ого бетер тереңдеп, учурдагы адабиятыбыздын араңжан агымы алсыз гана жылжып калып, кезд-кезде токтоп калган, булганч чөөттөр сымал болуп калгандыгын байкоо кыйын деле эмес!..

Эми ал биротоло сасыган сазга айланып кете электе, кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл экендиги талашсыз. Жок дегенде өздөрүн профессионал адабияттын өкүлүбүз деп санап жүргөн чөйрөдө! Албетте, эгерде улуу “Манас” эпосу баштаган улуттук руханий байлыгыбыздын учурдагы уландысы такыр эле жакырланып, же биротоло үзүлүп калышын каалабасак!..

Азыркы биротоло орноп, алтургай тамыр жайып бараткан жасалма, жалган “критерийлерден” толук арылып, курч суроолорду кабыргасынан коюп, адабий коомчулуктун басымдуу бөлүгү үчүн абдан жагымсыз болгон, талылуу, көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоо керек. Чындыгында көркөм адабияттын табиятын жакшы түшүнбөгөндөргө, сырттан кайдыгер карагандарга жана да азыркы жасалма параметрлер боюнча берилген бааларга ишенгендерге, азыркы адабият мурдагыдай эле өрчүп-өнүгүп, алтургай эгемендик деми менен гүлдөп-өсүп кеткендей туюлушу да мүмкүн.

Арийне, реалдуу, объективдүү критерийлер менен карап чыгып, олуттуу “электен” өткөрүү аракети адеп башталары менен эле, айрым тар чөйрөлөрдө абдан көкөлөтүп, ашкере макталып жаткан чыгармалардын көбү жөнөкөй эле “көркөм чыгарма” деп атоого да татыбай турган деңгээлдеги, ачык эле халтуралык, же жасалма жылмаланган (лакировкаланган), чыгарма сымал, эптемей бир нерселер экендиги дароо ашкере болот.

Өздөрүн “жазуучу”, же “акын” атап алышкандардын жана алар чыгарып жаткан китептердин саны жагынан алып караганда, учурдагы “алабият” дүркүрөп өсүп жаткандай сезилиши да мүмкүн. Андай жазмакерлердин көбү элдир-селдир, эптеп жазышкандар, ал эми алардын китептеринин басымдуу бөлүгү, олуттуу критерийлер менен караганда, тек гана сырты кооздолгон макулатура экендигин эске ала турган болсок, адабий кризистин чыныгы себептери ачыкка өзү эле чыгары түшүнгүктүү. Андай сын-пикирлерди, чыныгы көркөм адабият талап кылган олуттуу мамиленин ордуна, азыркы кезде жеңил-желпи (кеңири жайылган шоу оюндары сымал) кошоматчыл, саткынчыл, эки жүздүү мактоолор гана басымдуулук кылууда.

Профессионал адабий коомчулукка мурдатан эле тиешелүү, жедеп калыптанган көз караштар жана критерийлер дагы “жаңы”, жасалма, көңдөй “чен-өлчөмдөр” менен алмашылып жатат. Ошол тар чөйрөлөрдүн өкүлдөрү азыркы кезде жалпы коомчулукка таңуулап жаткан чыныгы адабиятка жана анын өнүгүү табиятына такыр жат болгон жасалма (саткынчыл, кошоматчыл, тууганчыл, жердешчил, уруучул ж.б.д.у.с.) “критерийлерден” улам, эч ким окубаган жана окурманга жетпеген китептердин, четинен жең ичинен сатылып келген жана эбак эле баркы кеткен мамлекеттик сыйлыктар менен наамдардын арааны жүрүп жатканын жашырууга болбойт.

Андай саткынчыл, жасалма мактоолор ошол халтурщик акын-жазуучулардын жаңы бир халтурасын чүргөй салып, китеп сымак бир нерсесин сыйтамак уюштуруу менен коштолгон презентациясында айтылса, же ачык эле ар кандай жолдор менен сатып алган сыйлык-наамдарын “жууп”, же юбилейин белгилеп жаткан чакта, анын “өзүнө жараша” тар чөйрөсүндө “жарыяланса”, муну түшүнүү менен кабыл алса деле болот. А биз олуттуу адабий коомчулукта жана расмий деңгээлде чындыкты жалган жасалма критерийлер менен алмаштыруу аракеттери кеңири жайылып бара жаткандыгы жөнүндө сөз кылуудабыз!..

Чыгаан адабий сынчы Кадыркул Даутов көзү өтөрдөн бир жылча мурда мага, өмүрүндө тогуз жолу гана тойго барганын, анын ичинен да үчөө бир эле адам - Байдылда Сарногоевдики экенин айткан эле. “Алардын чайын ичкен соң, сөз беришет, халтура чыгармасын макташың керек, ошондуктан, өзүм жактырбаган акын-жазуучуларга барчу эмесмин” деп моюнга алган!..

Азыркы таптагы халтурщиктердин өздөрүнүн убактылуу, “жалган чындыктарын” таңуулооого болгон аракеттерин өзгөчө жандалпастык менен улантып жатышкандыгы, бир жагынан күлкү келтирсе, экинчи жагынан жийиркенич гана жаратары анык! Учурдагы адабиятыбыздагы өнүгүү тенденцияларынан улам, өзүнөн өзү жарала калган “жалган чындык” аттуу оксюморонду мен бекеринен тырнакчага алган жокмун.

Себеби, алар профессионалдык критерийлер менен бир аз болсо да кабардар, чыныгы адабияттын мыкты үлгүлөрү менен аздыр-көптүр тааныштыгы бар чөйрөдө өз “чындыктарын” орното алышпаса дагы, жок дегенде көркөм табитке чукак, интеллектиси төмөн, караңгы окурмандар катмарында өзүнчө “олуттуу пикирлерди” түзүүгө умтулуп жатышкандыгы түшүнүктүү.

Дегеле, масштабдуу алып караганда, бул байкуштардын (ал халтураларды жараткандардын да, аларды жабыла мактап жаткандардын да!) андан башка “аудиториясы” чектелүү экендигин эске алып, мындай жасалма аракеттерге деле кеңпейилдик менен карап, түшүнсө болот. Арийне, ал убактылуу, жасалма “чындыктар” жаралган жеринде, дал ошол замат эле өлүп, канчалык жасалма жол менен мактап-даңкташпасын, баары бир ал халтуралык чыгармалар өздөрүнө “татыктуу баасын” алчу учур да келет. Табигаттын эч ким, эч качан жокко чыгара албай турган улуу мыйзамы дал ушундай...

Азыркы кризистүү кырдаалдагы бир гана өкүнүчтүү жагдай – учурдагы адабиятыбыздын (мурдагы союз маалында жакшы өнүккөн улуттук адабияттардын катарына кошулуп, бардык жанрларда бир катар шедеврлерди да жаратууга үлгүргөн кыргыз адабиятынын!) майдаланып, жедеп өтө төмөнкү деңгээлге түшүп калгандыгы болууда. Азыркы “Эл акыны”, “Эл жазуучусу” деген наам “ээлеринин” адабий кечелериндеги баналдуу, тантык комплименттер чыныгы адабият деген эмне экендигин да билишпеген жана да өмүрүндө бир дагы китепти аягына чейин окуп чыкпаган адамдардын алабарман, алакөөдөн мактоолору менен коштолот.         

“Биздин райондун эли Сиз менен сыймыктанышат!”, “Сиз биздин уруудан чыккан чыгаан акынсыз (же жазуучусуз)!” – деген сыяктуу... Ушундай “адабий кечеге” барып алганыңа ичиңден өкүнүп, анын ушунчалык пас деңгээлине эрксизден түкүрүнөсүң. Мындан ары да ушул эле “темпте” жүрүп олтурушса, ушундай жапайы, чаласабат түшүнүктөрү менен улуттук адабиятыбыздын масштабын жакында өздөрүнүн “колхоздук-айылдык” деңгээлдерине чейин деле түшүрүп салышабы? - деген кооптонуу да жаралбай койбойт...

Туура, мындай булганч, сасыган “критерийлер” адабиятыбызда кечээ, же бүгүн эле орун ала калган жок. Чабал чыгармалар, же ачык эле халтуралык чыгармалардын, ал тургай айрым плагиаттык белгилери бар “көркөм чыгармалардын” жарыяланып кетиши мурдагы учурларда деле кез-кезде болуп келген. А бирок эч убакта азыркыдай массалык түрдөгү көрүнүшкө айланган эмес. Андай жагымсыз фактылар тигил, же бул деңгээлде байкалып калса, дароо эле кескин түрдө сынга алына турган.

Эки жүздүү жалган мактоолор, же сындап коюп жаман көрүнүп калам деп коркуу - айрым бир коньюнктурага жакын, кошоматчы адабий сынчы сөрөйлөргө гана мүнөздүү сапаттар болчу. Башкача айтканда, халтурага, же ачык байкалган плагиатка өз учурунда бөгөт коюу, жалпы адабиятты таза сактоого болгон изги далалат коомчулукта күчтүү эле.

Ушуга байланыштуу эрксизден эске түшкөн бир окуя: өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында акын Эгемберди Эрматовдун “Ак дил” ырлар жыйнагына кирген «Эгер сени алдап кетсе досторуң…» - деген ыры Александр Пушкиндин: «Если жизнь тебя обманет…» деген ырынын (“жашоо” деген сөздү гана «досторуң» менен алмаштырып койгону болбосо), котормосу экендигин байкап, авторго эскертсем, ал туура кабыл албай: “Сен дайыма бир жамандык издеп басып жүрөсүң!” – деп чычалаган эле.

А мен баёлук менен, автор бул ырды которуп, бирок байкабай калып өз ырларынын арасына кошулуп кетсе керек!? – деп ойлогон элем. Пушкиндин эң кыска, жүрөк толкуткан терең лирикалуу ырларынын бири, ошентип, Эрматовдун «Ак дил» жыйнагына (кыргызча же верлибр эмес, же ак ыр эмес) жарыяланган.

Терс жоопту уккан соң, дароо бир нерседен шекшип, балким, мен чын эле жаңылышып калгандырмын деп ойлоп (автор айткандай, “жамандык издегендиктен” улам эмес!), анын ырларын эсиме түшкөн дүйнөлүк поэзия үлгүлөрүнүн призмасы аркылуу кайрадан карап чыктым. Жогорудагы Пушкиндин “которулган” ырындай мазмуну “бүкүлү” бойдон сакталбаса да, орус тилдүү чыгаан акындардын көп ыр саптары (мисалы: Марина Цветаеванын “Если душа родилалсь крылатой...” дегени бир ырында «Эгер калсаң кош канатчан жаралып...” деп, “Как верблюды в иглу пролезли” деген сабы башка ырында “Төө болгун да көзүнөн өт ийненин..» - болуп) Эрматовдун ар кыл ырларына “чачылып, сиңип” кеткенин көрдүм!

Дегеле, “ийненин көзүнөн өтүү” (түпкү теги “Библияга” такалган: байлар үчүн бейишке кирүү азап) делген идиоманын табияты кыргыз тили үчүн жат экендиги талашсыз. Кыргыз андай мааниси “эч мүмкүн эмес” идиомаларды калькага айлантпай эле, “биттин ичегисине кан куюу” деген сыяктуу аналогиялуу учкул кептери менен берет! Андан ары “жамандык издебеш” үчүн, Эрматовдун ырларын дыкаттык менен карагым келбеди. Болгону, ал мен жактырган акындар тизмесинен чыгып калды!

Өзгөчө белгилеп коюу керек: Эл акыны Эгемберди Эрматов кийин депутат кезинде чыгарган жети томдук чыгармалар жыйнагына (Э.Эрматов. Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы. – Б., Бийиктик, 2011.) ал ырын кийирбептир! «Ак дил» жыйнагындагы бардык ырларын биринчи томго киргизип, жалгыз гана «достору (!) алдап кеткен» ырын “унутта” калтырган... Арадан дээрлик жыйырма жыл өткөн соң орун алган бул, орустар айтмакчы, “красноречивый факт” эч кандай комментарийге муктаж эмес!

Объективдүү баалаганда, улуттук поэзиянын өнүгүшүнө кеңири көз чаптырган адабиятчы минтип “биттин ичегисине кан куйган” акындар аз эмес болушканын аңдабай коё албайт. Өткөн кылымдын 50-жылдарынан 90-жылдарына чейин адабиятка келишкен, учурунда акын катары таанылып, бирок кийин көп өтпөй унутулган акындардын ырлар жыйнактарын барактап олтурсаң, бир кызык «кубулушту» байкайсың. Алар өз ырларынын аталышынын астына кашаа ичиндеги майда тамгалар менен: «Пушкиндин мотивине», «Лермонтовдун мотивине», же «Гейнени туурап», “Байронду туурап» (ж.б.д.у.с.) деген “деликаттуу эскертүүлөрдү” өтө көп беришкен.

Ал ырларды салыштырып окусан, жогоруда аталган авторлордун ырларынын абдан начар деңгээлде жасалган котормолору, же эпигондук көчүрмөлөрү экендиги, өз алдынча жүзү жана акындык “үнү” жоктугунан дароо эле унутулушканы айкын болот. Балким, адегенде байкуш акын чын дилинен улуу акындарга таасирленип, аларды которууга бел байлагандыр. Бирок алардын котормочулук чеберчилиги жетпей, ишке ашпай калып (Пушкинди, Лермонтовду, Гейнени, Байронду ж.б. эмнеге мынчалык өзүңдүн пас деңгээлиңе түшүрүп салгансың?! – деген ачуу сынды уккусу келбей), айрым саптарын оңдоп, бир аз өзгөртүп, эптеп оригиналдуу ырга окшоштуруп койгон чыгар?! Муну далилдеш үчүн эч кандай котормочулук, же филологиялык экспертизанын зарылдыгы жок...

Өздөрүнүн чыгармалары түгүл, жада калса ысымдарын да адабий чөйрө ичинде (кеңири окурмандар аудиториясын сөз кылбай эле кой!) жакшы билбеген “Эл акыны” жана “Эл жазуучусу” деп аталып жүргөн жазмакерлер эмне үчүн башка чыгаан акын-жазуучулардын чыгармаларын уурдаганга аракет кылышат, же байкатпай, жарым-жартылай плагиаттыкка барышат? – деген мыйзамченемдүү суроо өзүнөн-өзү жаралат.

Биринчиси: албетте, ошондой бийик деңгээлдеги чыгарманы жаратууга өздөрү алсыз экендигин билишкендиктен улам. Экинчиси: ички жан-дүйнөсүн кыйнаган, жазбай коё албай турган өз темасы жоктугунан. А эң негизгиси: эмне жөнүндө жазышты жана кантип жазышты да билбегендиктен улам!..

Мындай “руханий кылмыштар”, же ар кандай деңгээлдеги (майда жана чоң) плагиаттыктар жугуштуу жаман илдет катары, эгемендик доорунда ого бетер кулач жайганы түшүнүктүү. Анткени, китеп продукциясын басмага даярдоодогу алдын ала карап чыгуу, редакциялоо, көзөмөлдөө жок. Бардык кол жазмалар саман-топону аралашып, мазмунуна, деңгээлине карабай чыгарыла берет. Даамсыз, начар, сапатсыз жасалган тамак-аш деле желбей, дароо таштандыга ыргытылгандай эле процесс жүрүүдө. Болгондо да, элге эң маанилүү руханий азык болуууга милдеткер болгон тармакта!

Ошентип, ал сырты китеп, ички мазмуну макулатура болгон продукциялар чыгары менен кайсыл бир райондун же чоң колхоздун аймагында гана таркап, ошол бойдон кумга сиңгендей дайынсыз кетүүдө. Алардын ичинен өтө сейректери гана профессионалдуу, олуттуу критерийлер менен карагандардын сын элегине кокусунан кабылып калышы мүмкүн.

Мындан төрт-беш жыл мурда менин колума Жеңишгүл Өзүбекованын чакан ырлар жыйнагы тийип калды. Мурда бул автор жөнүндө “дурус драматург” деген пикирди уксам да, ырлары кандай деңгээлде болду экен? - деп кызыга барактадым. Көзүмө дароо эле чалдыкканы, акындын өз иниси – белгилүү актёр Асылбек Өзүбековго арнаган ырындагы:

«Сен менин байгеге кошкон тулпарымсын,
Сен менин учурган шумкарымсын” - деген ыр саптары казактын кайталангыс акыны Мукагали Макатаевдин:

“Ұшырған сұңқарыңмын
...Бәйгеге өзің қосқан Тұлпарыңмын” - деген ыр саптарын эске салганы болду! Андан ары окугум да келбей калды. Балким, бул кокусунан эле болгон дал келүүдүр? - деп ойлоп, эки элдин жакын менталитетин, саяпкерлик, мүнүшкөрлүк өнөрлөр эки элде тең кеңири жайылганын эске алайын десең, “Анасы бар адамдар эш кашан картаймайды! – деп кыргыздар өз элдик ырындай ырдап жүрүшсө, мындай “кокусунан” дал келип калууга ишениш кыйын.

Ырас, адеп там-туң баса баштаган бала да алгач ата-энесине жетелетип баскан сымал, жаш, жаңы үйрөнчүк акын да адегенде өзү сүйгөн башка акындарды туурап ыр жазат, ыр куроонун адепки техникалык сабактарын өздөштүрөт.      Жада калса улуу Касым Тыныстанов деле алгачкы ырларында «Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!» деп, «Оян казак, ойлан казак» деген ырларга таасирленип баштаган. Арийне, табиятынын таланттуу акын тез эле телчигип, нукура оз алдынчалыгы сезилген ырларды, "Жаныл-Мырза» сыяктуу шедеврди жараткан.

Азыркы кезде «мен» деген биринчи жакты “сен” деген сөзгө алмаштырып коюу аркылуу эле, мазмуну ошол бойдон калса да, сырткы формасын бир аз болсо да өзгөртүп, башка акындардын ыр саптарын өзүнө “ыйгарып алуу” адаты кээ бир акындар үчүн көнүмүш өнөкөткө айланып бара жатат. Арийне, олуттуу адабиятты түшүнгөн, табити кылдат, кругозору кең окурман Жеңишгүл Өзүбекованын «тулпары» менен “шумкары” Мукагали Макатаевдин чыныгы шумкары менен тулпарынын “клону” экенин дароо байкайт!

Кээде түркүн чыгармалардагы кайсы бир жалпы идея, же бир ой кокусунан окшош болуп калышы да ыктымал. Бирок ал ой ар бир акындын өз жүрөгү аркылуу өтүп, анын өзүнө гана таандык болгон көркөм образга айланганда гана, жаңы поэтикалык туунду жаралат. Маселен: Александр Пушкиндин «Поэт - ты царь. Живи один…», казактын улуу акыны Магжан Жумабаевдин «Акында адамзаттан дос болмайды, / Тек гана сырын айтат ал каламга…», же кечээ жакында эле көзү өткөн, орустун бизге замандаш болгон чыгаан акыны Юрий Кузнецовдун «Я в поколенье друга не нашел, / И годы не восполнили утраты» деген саптары мааниси боюнча үндөшүп турса да, алар биринин ырын экинчиси “кытып” алып, плагиаттык менен ыр жазган деген ой жаралышы мүмкүн эмес!

Даматургия жана проза жанрларында деле “кылдат плагиаттыктар” жасалган учурлар көп кездешет. Тектеш элдердин сахналарында ийгиликтүү жүрүп жаткан спектаклдин каармандары кыргызча жаңы ысымдарды “алып”, ал пьесадагы топонимикалык аталыштарга кыргызча жаңы атоолор берилип (айрым сценалары бурмаланган соң), плагиаттык чыгарма табигый жүзүн пластикалык операция жасап, өңүн өзгөрткөн кылмышкер болуп чыга келет!

Азыркы айрым “Кыргыз эл жазуучуларынын” өтө чабал, чайналган, окуп чыгуунун өзү машакаттуу түйшүккө айланган, көркөм чыгарма сымал бир нерселеринде кез-кезде «жылт-жулт» эте калган абзацтары да жолугуп калышы мүмкүн. Ал пассаждарды кылдаттык менен, терең көңүл коюп, кайталап окуганда, (дал жогорудагы поэзиядагы мисалдардай!) алар сага бир нерсени эске салып жаткандай, “эски тааныш” текстти кайрадан окугандай “көркөм ассоциациялар” жаралат. Дагы бир аз талдап көргөн соң, ал эпизоддор Чыңгыз Айтматовдун, Валентин Распутиндин ж.б. классик жазуучулардын чыгармаларынан (айрым бир сөздөрүн өзгөртүү жолу менен!) уурдалып, көчүрүлүп алынганы айкындалат!..

Мындай уятсыз, бети жок плагиаттык чыгармалар эмне үчүн дароо ашкереленбей, көз жаздымда калып жатышат? - деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени, андай жазмакерлердин чалажан, эптеп-септеп кураштырылган узун сүйлөмдөрүн аягына чейин чыдап окуп чыгууга эч кимдин эрки да жетпейт. Үстүртөн гана көз жүгүртө барактап, ар кайсыл жерлерине олуп-чолуп көз чаптырган соң, көңүлкош ары таштап салышат.

Окулбай, макулатурага айланганы деле ал халтурщиктер үчүн убактылуу болсо да “утуш”. Себеби, эгерде дыкат окулса, алардын китептери тек гана халтура эмес – плагиат, же халтура менен плагиаттын “чебер симбиозу” экендиги ашкереленип, адабиятка аруу, ыйык мамиле жасашкандардын арасында жек көрүндү мокочого айланышы мүмкүн!

Андай “чыгармалар” жөнүндо учуру келгенде өзүнчө кеңири сөз кылабыз. Азыр конкреттүү мисалдарды келтирбегенибиздин себеби, прозалык тексттердеги конкреттүү плагиаттыкты далилдеш үчүн өтө көлөмдүү тексттерди параллелдүү түрдө салыштырып чыгуу зарыл болгондуктан, абдан көп орун талап кылынат...

Натйыжада, ал китептер окулбаса да, мамлекеттик сыйлыктарды алган бойдон кала беришет. Улуу адабий сынчы Кенешбек Асаналиев учурунда даңкы таш жарган халтурщик жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин кезектеги ошондой чыгармасы жөнүндө: «бул романды окуп чыгуунун өзү эрдик го?» - деп таң кала, макаласынын аягында «шестьсот пустых страниц» деп ачуу өкүм чыгарган.

Адабий коомчулук кээде калыстыктан тайып, халтурщик акын-жазуучуларды бийикке көкөлөтө даңктап, ал эми чыныгы шедеврлерди жараткан улуу жазуучуларды, тескерисинче, куугунтуктап, кодуланган учурлар дайыма болуп келген. Буга улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун тагдыры күбө. Биринчиден, ал шедеврлердин ошол кездеги коомдук-саясий агымга каршы келгендиги, ашкере өз алдынчалыгы, экинчиден, ал улуу таланттарга көрө албастык менен ачык эле бут тосууларды уюштуруу жогорудагы “даңктуу халтурщиктердин” уюмдашкан күчтөрү тарабынан тымызын түрдө ишке ашырылган.

Айрым учурларда “коомдук пикир” деп аталган утурумдук, эрчиме, өзгөрүлмөлүү түшүнүк жалпы коомчулукту да (демейде “толпа” деп аталган катмарды) кошо азгырып, жетелеп кетүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан, коомчулук адилеттиктен тайган, чындык жалганга убактылуу “жеңилип берген” жагдайлар да көп жолугат. Ал тургай, көркөм адабиятка олуттуу эле мамиле жасаган адамдар (же адабий коомчулуктун ичиндеги азыноолак сергек күчтөр!) да кошо “адашкан” учурлар деле кездешпей койбойт.

Мисалы, кыргыз роман жанрынын негиз салуучусу атыккан Түгөлбай Сыдыкбековдун эскерүүсүндө замандашы, улуттук жазма адабияттын баштоочуларынын бири Узакбай Абдукаимовду: “Сен роман жаза баштадым деген кезде Шүкүрбек Бейшеналиев торпок минген бала эле, азыр атактуу жазуучуга айланды. А сенин романың дале бүтө элек!?” – деп келекелей тамашалаганы бар.

А чындыгында, Шүкүрбек Бейшеналиев кийин “атактуу жазуучу” болгон кезинде деле, баягы “торпок минген баланын” деңгээлинде кала бергени, ал эми улуттук прозадагы алгачкы толук кандуу, шедевр-роман “Майдан” – Түгөлбай Сыдыкбековдун өзүнүн эң мыкты делген борпоң романынан да жогору турары – азыр талашсыз чындык!

Дал ушундай эле комикалуу жагдай казак адабиятында да орун алыптыр. Өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Ильяс Есенберлиндин “Көчмөндөр” романын талкууланганда, Хамза Есенжанов аттуу ошол кездеги “даңктуу жазуучу”: “Бул ортозаар жазуучунун романын эмне эле мынча кызуу талкуулап жатасыңар?!” – дептир. Есенжановдун “Ак жайык” (“Яик – светлая река”) аттуу казак жерине совет бийлигинин орношу тууралуу жазылган килтейген коньюнктуралуу романы Мамлекеттик сыйлыкты алып, кошоматчы сынчылар аны “казак адабиятындагы Мухтар Ауэзовдун “Абай жолунан” кийинки эле жетишкен эң чоң бийиктик” деп даңктап жатышкан кез эле. Сыягы, ошол жалган, эки жүздүү мактоолорго халтурщик жазуучу өзү да абдан ишенип алса керек!

Дагы бир аз эле убакыттан соң, мезгил өзү баарын өз-өз ордуна койду. Хамза Есенжановдун көбүртүп-жабыртып, жалган даңкталган романы ошол бойдон дароо унутулду. Ал өзү “ортозаар жазуучу” деп санаган Ильяс Есенберлиндин романы казак улутунун гана сүйүктүү китебине айланып тим болбой, кийин башка тилдерге да которулуп, кайра-кайра басылса дагы, күнү бүгүнкүсүндөй жашап келе жатат...

Адабий сындын мурдатан калыптанган критерийлерин да коньюнктурага жараша өзгөртүп, чымынды пил кылып көрсөтүү далбасасы өзүнө жараша шылдыңдуу күлкүнү жана жийиркеничти гана жарата алат. Өзүн адабиятчымын деп санап жүргөн бирөө республикалык телеканалдан ортозаар бир чыгарманы “тарыхый роман” деп атады. Сыягы бул “адабиятчы” “тар чөйрөдө” гана колдонууга ылайыктуу болгон “жаңы” жана “универсалдуу критерийлерди” ойлоп тапса керек!

Ал чыгармада кечээ жакында эле көздөрү өткөн Күлүйпа Кондучаловага замандаш инсандар жүрсө, анда бул документалдуу, газеталык очерк сымал “нерсе” кайдагы “тарыхый роман”? Тарыхый чыгарма деп атоо үчүн бери эле болгондо жарым кылым мурдагы мезгилди камтып, эмгеги, ишмердиги эл оозунда аңызга айланган инсандардын доору чагылдырылышы керек го?!

Албетте, учурдагы адабий кризистин өтө эле тереңдеп кетишинин орчундуу себептеринин бири – адабий сын жана адабият таануу жанрлары да абдан солгундап, башка жанрлардай эле кризис сазына батышы менен байланышкандыгы анык. Соңку кылымда самандай сапырылып, биринин артынан бири чыгып жаткан халтруалык чыгармалардын дарегине карата эч кандай сын пикирлер айтылбай, тескерисинче, жогорудагыдай “жалданма, сатылма” мактоолорго маарып жатышы - олуттуу адабий сын жана адабият таануу жокко тете болуп калгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Башкасын айтпаганда да, улуттук адабиятыбыздын сыймыгы деп эсептелип келген Чынгыз Айтматовдун эң соңку романы - “Тоолор кулаганда” жөнүндө (ыраматылык Кеңешбек Асаналиевдин макаласын эске албаганда) бирин-экин гана супсак макалалар жарыяланган. Ал эми өз кызмат абалдарын ашкере шылуундук менен пайдаланган жана көркөм адабияттын табиятын чайкоочулук деңгээлде түшүнгөн жазмакерлер табигый таланттан куружалак калышканы менен, “соодагерчилик” жөндөмдүүлүктөрү абдан жогору экендигин иш жүзүндө көрсөтүшүүдө. Халтураларын дүңгүрөтө мактатып, буюрутма жалданма макалаларды жаадырышып, мамлекеттик сыйлыктарды алышып...

2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө (100 жылдык мааракесине туш келген учур!) туура жыйырма жыл толот. Дүйнөлүк адабияттагы жазылбаган мыйзам ушул: жазуучу дүйнөдөн кайткандан кийин жыйырма беш жыл, же чейрек кылым өткөн соң гана анын чыгармалары өздөрүнүн чыныгы нарк-насилине жараша татыктуу баасын алып башташат. Башкача айтканда, ар кандай субьективдүү жана жеке адамдык факторлордон (сыйлык-наамдар, ээлеген кызмат абалы, ж.б.д.у.с. утурумдук көрсөткүчтөргө) көз карандысыз болгон, эч кимге жана эч нерсеге баш ийбеген катаал сынчынын элегине – мезгил сынына коюлган жаңы доору башталат.

Эгемендик доорунда Москва жана орус адабий коомчулугу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын өгөйлөп, четке түртүп салышканы аз келгенсип (буга түшүнүү менен кароо керек: эбегейсиз чоң орус адабиятында Айтматовго замандаш, андан мыкты, көп кырдуу жазуучулар арбын!), соңку кездерде анын дарегине мурда эч качан айтылбаган сын пикирлер да айтыла баштады. Алардын ичинде конкреттүү факт жүзүндө айтылган, өтө олуттуулары да бар.

Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстанда жарыяланган эң алгачкы ортозаар аңгемелеринен башка, кийин атын чыгарган дээрлик бардык чыгармалары “Новый мир” журналына жарыяланганы маалым. Бул журналдын проза бөлүмүнүн башчысы, адабиятчы Игорь Виноградов, журналдын башкы редактору - улуу акын Александр Твардовский жөнүндө эскерүүсүндө Чыңгыз Айтматовго да токтоло кеткен: “Менин архивимде (...) Чыңгыз Айтматовдун “Жаныбарым, Гүлсары!” повестинин колжазмасы жатат. (...) Сиз ал колжазманы көрсөңүз болмок: андагы адепки башталгыч варианттан ашып барса жарымы гана калган. Анда тири укмуштай алсыз сценалар, фрагменттер, сүрөттөп жазуулар, ж.б.д.у.с. абдан эле көп болчу.

Айтматов абдан маанилүү көркөм таланттуу киши болгондугу шексиз, ал өзүнчө айрымаланган образдуу ой-жүгүртүү шыгына ээ болчу, бирок ошол аң-сезиминде жаралган образды сөз менен берүү, жасоо ыкмасына чындыгында жетишерлик эгедер эмес эле. Анын үстүнө, орус сөзүн да анча жакшы билчү эмес. Повестти толугу менен кайрадан жазып чыгууга туура келген – адегенде Евгений Герасимов, андан кийин Сац, жада калса мен өзүм да ал чыгармага бир аз колкабыш кылдым... Натыйжада – бул таанымал чыгарма Айтматовдун эң мыкты чыгармаларынын бири болуп калды.” (Игорь Виноградов, «Он остался одной из самых светлых личностей в моей жизни». Журнал «Континент», № 144, 2010-жыл).

Бул кыйытып айтылган, өтө деликаттуу сындын мазмунун жөнөкөй тилге “которо” турган болсок: Чыңгыз Айтматов табиятынан таланттуу болсо да, чабал жазуучу эле, биздин редакциянын кызматкерлери анын колжазмаларын түп-тамырынан оңдоп, толугу менен өзгөртүп, кайрадан жазып чыгып, абдан күчөткөн соң гана басчубуз (же орустун таамай лакабында айтылгандай: из карася делали порося!) дегенди билдирип турбайбы?!

Кыргыз адабий коомчулугу (ириде – адабий сынчылар жана адабият таануучулар) мындай сынга чычалабай, түшүнүү менен кабыл алышы керек. Урунттуу юбилей алдында мурдагыдай дүңүнөн эле айтыла берчү, жеңилбаа дежурный мактоолорду кайталай бербей, андай сындардын кайсыл жактары туура, кайсыл жактары туура эмес экендигин терең талдоого алуу зарыл.

Жазуучунун көзү өткөн соң, жеке архивинен табылган романдары (“Снег и золото”, “Земля и флейта”) эмне үчүн жарыяланбай калышкан? 1970-жылы Александр Твардовский кызматтан алынып (журналдын Айтматовдун “Ак кемеси” басылган санына кол койгон соң!), анын командасы толугу менен кеткен. Жаңы редакция кызматкерлери жогорудагыдай “кара жумушту” жасашмак да эмес. Анткени, совет доорунда бардык эле басмалар жана редакциялар айрым одоно сөздөрдү алып салуу, же алмаштыруу сыяктуу техникалык редакциялоо менен чектелишчү.

Же балким, өтө олуттуу (тигил жерин оңдоңуз, бул жерин кыскартыңыз, кээ бир эпизоддору жасалма, ишенимсиз болуп калган, кайра жазып чыгыңыз, ж.б.д.у.с.) эскертүү-замечаниялары менен, ал колжазмаларды авторго кайтарып беришкендир? Эми биз бул жөнүндө кийинки муундагы редакция кызматкерлери (Игорь Виноградов сыяктуу!) өз эскерүүлөрүн жарыялашса гана билебиз!

Эриксизден, бир аз эле убакыт мурда болгон окуя эске түшөт. Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» романынын айрым главалары аны орус тилине которгон жазуучу Леонид Соболев тарабынан жазылган. Ауэзов аларды кайра казак тилине которуп, оз романына кошкон деген маанидеги архивдик материалдардын негизинде жазылган макалалар сериясы казак коомуна чуу салып, адабий процессти кыйла жанданткан. (Вячеслав Огрызко, «Литературная Россия», № 2018 / 28, 27.07.2018) «Чего мы не знаем об «Абае» и его великом певце?»).

«Мен роман туруш-турпаты менен жоктугун көрдүм, эми аны кайра жазып чыгуу керек. (…) Бирок роман жазылган да, эми аны биротоло чийип салып, же жаңысын жазыш керек, же ушул колдо бар колжазманын негизинде кайра оңдоп, кээ бир жерлерин күчөтүү керек.» (РГАЛИ, ф. 618, оп. 15, д. 7, л. 33).

Леонид Соболевдин Мухтар Ауэзовго минтип нааразыланганы, ж.б.д.у.с. архивдик материалдар жарыяланган соң, Ауэзовдун 50 (элүү!) томдук чыгармалар жыйнагынын редактор-түзүүчүсү Турсын Журтбай дагы “Абай жолунун” 1943-47-жылдарда басылган варианты кийинки кайра оңдолгон, 1949-51-жылдарла чыккан версиялардан жана 1953-жылы кайрадан жазылган варианттан айрымасы бар экенин моюнга алган.

Айта кетер нерсе, бул толук чыгармалар жыйнагында “Абай жолунун” бардык варианттары жана Ауэзовдун мурда жарыяланбаган чыгармалары, жекече мүнөздөгү каттары жана анын замандаштарынын эскерүүлөрү, бул романдын жаралыш тарыхы дагы кеңири чагылдырылган.

... Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 2028-жыл “Чыңгыз Айтматовдун жылы” деп жарыяланганына бир жылга жакындады. Ал Жарлык иш жүзүндө кандай аткарылууда? Бул мамлекеттик деңгээлде белгилене турган 100 (жүз!) жылдык мааракеге даярдыктар кандай жүрүүдө? Кандай жаңычыл жана заман талап кылган иш-чаралар камтылат?

Эгерде бул ирет да, көнүмүш адат менен, Чыңгыз Айтматовдун эчен ирет кайталап басылган айрым чыгармаларын үтүр, чекитин өзгөртпөй, саналуу тираж менен кайра басып чыгаруу менен эле чектелер болушса, анда Абдылдажан Акматалиев баштаган “айтматовтаануучулар” өздөрүнүн провинциалдык, дилеттанттык деңгээлдерин дагы бир ирет “тастыктап” гана тим болушары анык.

А чындыгында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу дал азыркы жүз жылдык юбилейлик мааракенин алдында жасала турган жана да кийин кеч болуп калышы мүмкүн болгон маселелер бышып жетилгендигине көз жумуп коюуга болбойт. Алардын эң башкысы – Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын толук түрдөгү көп томдук академиялык басылмасын даярдап чыгаруу иштери азыртан баштап колго алынышы керек. Демейки эле көндүм болгон аш-той жана баягы эле жадатма кайталанган дежурный сөздөр менен чектелүүгө болбойт.

Кол жазмаларды жазуучунун жеке архивинен башка, “Новый мир” журналынын архивинен, Москвадагы РГАЛИден (Росссия Мамлекеттик Адабият жана Искусство архиви), жазуучунун замандаштарынын жеке архивдеринен көчүрмөлөп алса болот.

Расмий жарыяланган маалыматтарга караганда, Чыңгыз Айтматовдун 200 жылдык юбилейлик иш-чараларына республикалык бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнүптүр. Демек, финансылык, же башка бир чарбалык маселелер жаралышы мүмкүн эмес.

Жазуучунун бардык чыгармаларынын (эң алгачкы аңгемелеринен баштап, эң соңку чыгармасына чейин!) адепки кол жазмаларынын түпнускалары жана да кийинки оңдолгон бардык редакциялык варианттарына чейин толугу менен төкпөй-чачпай, тиешелүү атайын адистердин кеңири комментарийлери менен коштолуп, сөздүн чыныгы маанисиндеги академиялык басылма даярдалышы зарыл. Ошондо гана кыргыз улуттук адабият коомчулугу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык юбилейин татыктуу белгиледи деп айтууга болот.

Ноябрь, 2026-жыл.

Бишкек ш.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз